Редакцияот 16.07.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

 

2025-жылдын 16-июлу № 418

  

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын

№ 3, 32, 38, 39 жана 51 мекемелерин жоюу жөнүндө

 

 

 

Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын ишинин натыйжалуулугун өркүндөтүү жана жогорулатуу максатында, “Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-статьясына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (мындан ары – ЖАМК) төмөнкү мекемелери жоюлсун:

– Чүй облусу, Ысык-Ата району, Новопокровка айылы, Логвиненко көчөсү, 25 дарегинде жайгашкан ЖАМКнын № 3 түзөтүү мекемеси – катуу режимдеги абагы;

– Бишкек шаары, Ленин району, Деповская көчөсү, 76 дарегинде жайгашкан ЖАМКнын № 32 түзөтүү мекемеси – жатак-абагы;

– Чүй облусу, Кемин шаары, Набережная көчөсү, 1 дарегинде жайгашкан ЖАМКнын № 38 түзөтүү мекемеси – жатак-абагы;

– Талас облусу, Бакай-Ата району, Ɵзгөрүш айылы, Манас көчөсү, 261 дарегинде жайгашкан ЖАМКнын № 39 түзөтүү мекемеси – жатак-абагы;

– Ысык-Көл облусу, Балыкчы шаары, Океев көчөсү, 179 дарегинде жайгашкан ЖАМКнын № 51 түзөтүү мекемеси – жатак-абагы.

2. Жогоруда көрсөтүлгөн мекемелерди жоюу жол-жобосун жүргүзүү боюнча жоюу комиссиясы (мындан ары – жоюу комиссиясы) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

 

3. Жоюу комиссиясы:

1) мекемелердин финансылык милдеттенмелери, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна болгон карыздары боюнча маселелерди чечсин;

2) жоюулуучу мекемелердин мүлкүн эсепке алууну жүргүзсүн;

3) мекемелердин жоюу балансын даярдасын;

4) Кыргыз Республикасынын жарандык жана кылмыш-жаза аткаруу мыйзамдарына ылайык башка чараларды көрсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы:

1) мекемелердин кызматкерлерин бошотуу жана кызматкерлеринин андан ары кызмат өтөө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык зарыл болгон төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу маселелерин чечсин;

2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык финансылык, товардык-материалдык баалуулуктарды өткөрүп берүү маселелерин чечсин;

3) жоюулуучу мекемелердеги соттолгондорду конвой менен коштоп жүрүүдөгү коопсуздук чараларын камсыз кылуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын тиешелүү мекемелерине которсун;

4) мекемелерди жоюу жана ЖАМКнын № 3 түзөтүү мекемеси – катуу режимдеги абагынын аймагында жайгашкан № 1 кесиптик окуу жайын кайра жайгаштыруу менен байланышкан башка иш-чараларды белгиленген тартипте өткөрсүн;

5) мекемелердин жоюу балансын бекитсин;

6) өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

7) бул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

5. Бул токтомду ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын тиешелүү жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде жүзөгө ашырылсын.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 53 (3709) жарыяланды 

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

 

А.А. Касымалиев