Загрузка документа…
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Базар-Коргон шаардык кеңешинин II чакырылышынын
кезекcиз VII сессиясынын
2025-жылынын 28-марты №1
« Базар-Коргон шаарынын участкалык шайлоо комиссияларынын курамын жана резервдерин түзүү боюнча тиркемесин бекитип берүү жөнүндө»
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы А.Нарматовдун 12.03.2025-жылкы чыгыш 10/10 сандуу катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, регламент жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын кезексиз VII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Базар-Коргон шаарынын участкалык шайлоо комиссияларынын курамы жана резерви тиркемеге ылайык аймактык шайлоо комиссиясына сунушталсын.Тиркеме №1
2. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы А.Нарматовго жүктөлсүн.
3. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, регламент жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Жалиловго милдеттендирилсин.
Төрага |
К.К.Анарбеков |