Загрузка документа…
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-июлундагы № 415 токтомуна)
Кыймылсыз мүлктүн кадастрдык наркын
аныктоо тартиби жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыймылсыз мүлктүн кадастрдык наркын аныктоо тартиби жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) кыймылсыз мүлк объекттеринин кадастрдык наркын белгилөө эрежелерин аныктайт жана ыйгарым укуктуу орган тарабынан кыймылсыз мүлктүн кадастрдык наркын аныктоого арналган.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик кыймылсыз мүлктүн реестрин түзүү жана кадастрдык наркын аныктоо боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп саналат. Кыймылсыз мүлк объекттеринин кадастрдык наркын аныктоо адистештирилген программалык камсыздоону (мындан ары – АПК) колдонуу менен жүргүзүлөт.
3. Мамлекеттик кадастрдык баалоо өзүнө төмөнкү негизги жол-жоболорду камтыйт:
– кезектеги жылдын 1-январына карата абал боюнча кадастрдык баалоо иш-чараларын өткөрүүнү;
– кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине (мындан ары – КУБМР) жаңы катталган кыймылсыз мүлк объекттеринин жана КУБМРга кадастрдык наркынын өлчөмүнө таасир этүүчү өзгөртүүлөр киргизилген объекттердин кадастрдык наркын аныктоону;
– кадастрдык наркты аныктоого карата сын пикирлерди кароону.
2-глава. Негизги түшүнүктөр
4. Бул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
мамлекеттик кадастрдык баалоо – ыйгарым укуктуу орган тарабынан кыймылсыз мүлктү кадастрдык (массалык) баалоонун жол-жобосу;
кыймылсыз мүлктү массалык баалоо – окшош кыймылсыз мүлк объекттеринин топторун баалоо процесси;
наркты аныктоонун модели – кыймылсыз мүлк объекттеринин тобунун кадастрдык наркын аныктоо үчүн пайдаланылуучу эрежелердин, методдордун жана (же) математикалык формулалардын топтому. Наркты аныктоо модели баа түзүүчү факторлордун, баалоонун альтернативдүү методдорунун негизинде түзүлүшү мүмкүн же ар бир объекттин наркын жекече аныктоону билдирет;
баа түзүүчү фактор – наркынын көлөмүнө таасир этүүчү же таасир этиши мүмкүн болгон кыймылсыз мүлк объектинин (баалоо объектинин жана аналогунун) мүнөздөмөсүнүн сандык же сапаттык (тексттик) сыпаттамасы;
баалоо объекти – кадастрдык наркы баалоонун учурдагы жол-жобосунун алкагында аныкталуучу, КУБМРда катталган кыймылсыз мүлк объекти;
аналог – ачык жеткиликтүү жарыяланган бүтүмдүн баасы жөнүндө же сатуунун сунушталган баасы жөнүндө жазуу аркылуу рыноктук наркынын көлөмү жөнүндө анык маалыматтар бар болгон кыймылсыз мүлк объекти;
баалоого карата кирешелүү ыкма – кыймылсыз мүлктү эксплуатациялоодон (ижаралоодон) күтүлгөн кирешелерди алардын учурдагы наркына которуу жолу менен кыймылсыз мүлктүн кадастрдык наркын аныктоонун жол-жобосу;
баалоого карата чыгымдуу ыкма – эскирүүнү эсептен чыгаруу менен кыймылсыз мүлктү калыбына келтирүүнүн наркын эсептөө жолу менен кыймылсыз мүлктүн кадастрдык наркын аныктоо жол-жобосу;
калыбына келтирүүнүн наркы – бирдей материалдарды, технологияларды жана көлөмдүк-пландоо чечимдерин колдонуу менен бааланып жатканга окшош кыймылсыз мүлк объектин түзүүгө баалоо жүргүзүү датасына ылайык келген рыноктук баалардагы чыгымдардын суммасы;
салыштыруу ыкмасы – кыймылсыз мүлктүн окшош объекттери боюнча бүтүмдөрдүн (сунуштардын) бааларын салыштырууга негизделген кадастрдык наркты аныктоо ыкмаларынын жыйындысы;
КНСК – кадастрдык нарктын салыштырма көрсөткүчү;
ЖРСК – жер рентасынын салыштырма көрсөткүчү;
КУБМР – кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестри;
кадастрдык баалоо иш-чарасы – кадастрдык баалоо боюнча иштер жүргүзүлүүчү жылдын 1-январына карата абал боюнча КУБМРда катталган бардык объекттердин кадастрдык наркын белгилөөгө багытталган жол-жоболордун комплекси;
санариптик тематикалык карталар – геомаалыматтык системанын жардамы менен түзүлгөн жана объекттердин жыйындысынын электрондук түрдө графикалык сыпатталышын камтыган маалыматтык катмарлар. Санариптик тематикалык карталар баа түзүүчү факторлордун маанисин аныктоо максатында түзүлөт;
баалоо объекттеринин жылдык тизмеги – кадастрдык баалоо боюнча иштер жүргүзүлгөн жылдан кийинки жылдын 1-январына карата абал боюнча актуалдуу кыймылсыз мүлк объекттеринин тизмеги;
КМБ – кыймылсыз мүлк бирдиги;
кадастрдык баалоонун натыйжалары – баалоо объекттеринин жылдык тизмегине киргизилген кыймылсыз мүлк объекттеринин кадастрдык наркын камтыган электрондук документ;
градиенттик күчөтүү – жыйынтык модели бир катар алсыз моделдердин (көбүнчө чоң эмес “чечимдердин дарактарынын”) суммасы катары түзүлгөн, алардын ар бири мурунку моделдердин каталарын ырааттуу түрдө оңдогон бириктирүү методу;
“чечимдердин дарагы” – бул чечимдерди кабыл алуу үчүн дарак сымал түзүлүштү колдонгон машиналык үйрөнүү модели. Ал белгилердин мейкиндигин региондорго бөлөт, белгилерди маанилериндеги шарттар боюнча ырааттуу түрдө бөлүү менен акыркы чечимге жеткенге чейин улантат;
баалоо зоналаштыруусу – кадастрдык нарк аныкталган датага карата кыймылсыз мүлктүн типтүү объекттери менен бүтүмдөр (сунуштар) жөнүндө рыноктук маалыматты алардын жайгашкан жерине жана колдонуудагы жана келечектеги өнүгүүсүн эске алуу менен пайдалануунун түрүнө жараша системалаштыруу;
адистештирилген программалык камсыздоо (АПК) – бул татаал маселелерди чечүүнүн алгоритмдерин ишке ашыруучу программалардын жыйындысы.
3-глава. Ыйгарым укуктуу органдын функциялары
5. Ыйгарым укуктуу орган:
– мамлекеттик кадастрдык баалоонун негизги жол-жоболорун камсыз кылат;
– мамлекеттик жана муниципалдык бийлик органдары менен өз ара аракеттенүүнү уюштурат;
– тиешелүү аймакта кадастрдык баалоо үчүн зарыл болгон маалыматтарды чогултат.
4-глава. Кыймылсыз мүлк объекттерин бөлүштүрүү
6. Кыймылсыз мүлк объекттери максаттуу багытынын формасына жараша төмөнкүдөй сегменттерге бөлүнөт:
1) турак жай багытындагы кыймылсыз мүлктөр:
– жеке турак үйлөр;
– батирлер;
– жер участоктору;
– калганы;
2) өндүрүштүк багыттагы кыймылсыз мүлктөр:
– өндүрүштүк объекттер;
– жер участоктору;
3) коммерциялык багыттагы кыймылсыз мүлктөр:
– коммерциялык объекттер;
– жер участоктору;
4) социалдык багыттагы кыймылсыз мүлктөр:
– социалдык объекттер;
– жер участоктору;
5) маданий багыттагы кыймылсыз мүлктөр:
– маданий багыттагы объекттер;
– жер участоктору;
6) административдик багыттагы кыймылсыз мүлктөр:
– административдик объекттер;
– жер участоктору;
7) айыл чарба багытындагы кыймылсыз мүлктөр:
– айыл чарба объекттери;
– жер участоктору;
– жер үлүштөрү;
8) кыймылсыз мүлктүн башка объекттери:
– имараттар, курулмалар;
– жер участоктору.
7. Ушул Жобонун 4-главасында көрсөтүлгөн сегменттер кыймылсыз мүлк объекттеринин тизмегин жана рыноктук маалыматты талдоонун натыйжалары боюнча өзгөртүлүшү/толукталышы мүмкүн.
Ар бир баалоо объекти, ошондой эле ар бир аналог мамлекеттик кадастрдык баалоо жүргүзүүдө кыймылсыз мүлк сегменттеринин бирине кирет. Кыймылсыз мүлктүн ар бир сегменти үчүн кадастрдык наркты аныктоонун моделдерин түзүүгө карата өзүнүн методологиялык ыкмалары белгиленет.
5-глава. Кезектеги жылдын 1-январына карата абал боюнча кадастрдык баалоо иш-чарасын өткөрүүнүн этаптары
8. Рыноктук маалымат базасын даярдоо, ал төмөнкүлөрдү камтыйт:
– кадастрдык баалоонун мурдагы этабынан кийинки мезгилде кыймылсыз мүлк объекттери менен жасалган бүтүмдөр жөнүндө маалыматтарды чогултуу;
– кадастрдык баалоонун мурдагы этабынан кийинки мезгилде кыймылсыз мүлк объекттерин сатуу жөнүндө сунуштар тууралуу маалыматтарды чогултуу;
– жерди баалоо зоналары боюнча маалыматтарды чогултуу.
9. Баалоо зоналаштыруусу ыйгарым укуктуу орган тарабынан ушул Жобонун 6-главасына ылайык чогултулган рыноктук маалыматтын негизинде жүргүзүлөт.
Баалоо зоналаштыруусунун максаты конкреттүү баа зоналарында көрсөтүлгөн кыймылсыз мүлк рыногунун ар кандай сегменттериндеги рыноктук баалардын түзүлгөн деңгээли жөнүндө маалыматты текст жана графикалык түрдө берүү болуп саналат.
Баа зонасы мейкиндиктеги аймакты билдирет, анын чек араларында бир сегменттин объекттери негизинен окшош техникалык мүнөздөмөлөргө ээ жана салыштырма баалардын диапазонунун алгылыктуу чектеринде рыноктук баага ээ.
Баа зоналарынын чек аралары кварталдардын, калктуу конуштардын, муниципалдык түзүлүштөрдүн чек аралары менен же тарыхый жактан түзүлгөн аймактардын чек аралары менен дал келиши мүмкүн.
Жетиштүү рыноктук маалыматы бар ар бир баа зонасы жана кыймылсыз мүлк рыногунун ар бир сегменти үчүн орточо салыштырма рыноктук баа жана рыноктук баалардын кыйла ыктымалдуу диапазону (1 кв. м/сом) белгиленет. Баалоо зоналаштыруусунун натыйжалары картанын тематикалык катмары түрүндө берилет.
Баалоо зоналаштыруусу жетиштүү рыноктук маалымат бар кыймылсыз мүлк рыногунун сегменттерине карата гана жүргүзүлөт.
Баалоо бөлүштүрүүсүнүн жыйынтыгы боюнча баа зоналары жана аянт бирдигине эсептелген орточо рыноктук баалардын салыштырма көрсөткүчтөрү (1 кв. м үчүн баа/сом) белгиленет.
Эсептөөлөрдө пайдаланылуучу маалыматтар картографиялык материалда чагылдырылат.
Бааларды зоналаштыруу кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык кыймылсыз мүлк бирдиктерине код берүү принциптерине ылайык белгиленген кварталдардын, кварталдардын бөлүктөрүнүн алкагында белгиленет.
Бир баа зонасы бир же эки жана/же андан көп кварталдардан, кварталдардын бөлүктөрүнөн турушу мүмкүн.
10. Баа түзүүчү факторлордун маанисин аныктоо үчүн баштапкы материалдарды даярдоо, анын ичинде:
– санариптик тематикалык карталарды түзүү, актуалдаштыруу. Санариптик карталарды түзүүдө маалымат булактары катары ыйгарым укуктуу органдын индекстелген каттоо карталары, расмий геомаалыматтык порталдардын маалыматтары (Дарек регистринин геомаалыматтык системасы, мейкиндиктик маалыматтардын улуттук инфраструктурасынын порталы, мамлекеттик жана муниципалдык геомаалыматтык системалар) кызмат кыла алат. Расмий геомаалыматтык порталдарда маалыматтар жетишсиз болгон учурда Google, OSM, 2GIS же Яндекс карталар сыяктуу жалпыга жеткиликтүү булактарды колдонууга жол берилет;
– дарек маалымдамаларынын негизинде статистикалык таблицаларды даярдоо. Мындай таблицалар калктуу конуштардагы калктын саны жөнүндө маалыматтарды, калктуу конуштун инфраструктурасынын камсыздалышы, муниципалдык түзүлүштө эмгек акынын деңгээли жөнүндө маалыматтарды жана башка статистикалык маалыматтарды камтышы мүмкүн. Статистикалык таблицалар КМБга мүнөздүү баа түзүүчү факторлордун маанисин аныктоо үчүн колдонулат;
– айыл чарба багытындагы жер участокторунун кадастрдык наркын аныктоо боюнча техникалык көрсөтмөлөрдө каралган көлөмдө жер рентасын капиталдаштыруу методу менен айыл чарба багытындагы жерлердин кадастрдык наркын аныктоо үчүн зарыл болгон маалыматтарды чогултуу.
11. Аналогдор жана баалоо объекттери үчүн баа түзүүчү факторлордун тизмеги баалоо объекттерине мүнөздүү касиеттерди жана алардын наркынын көлөмүнө тышкы чөйрөнүн таасиринин даражасын талдоонун негизинде аныкталат.
Баа түзүүчү факторлор объекттин жайгашкан жери менен шартталган физикалык мүнөздөмөлөрүн жана тышкы параметрлерин сүрөттөй алат.
Физикалык мүнөздөмөлөрдү сүрөттөгөн баа түзүүчү факторлордун маанилеринин булагы болуп КУБМР маалымат базасы саналат. Мындай баа түзүүчү факторлорго объекттин аянты, дубалдардын материалы, кабаты жана башкалар кирет.
Тышкы параметрлер баалоо объектинен кандайдыр бир кызыкчылык туудурган чекитке чейинки аралык, калктуу конуштун социалдык көрсөткүчтөрүнүн (саны, эмгек акынын деңгээли, кылмыштуулук ж.б.) фактору, ошондой эле объекттин инженердик камсыздалышы (электр энергиясы, суу менен камсыздоо жана башкалардын болуусу) сыяктуу факторлордун маанилеринин булагы болуп саналат.
Объект же объекттердин тобу үчүн кандайдыр бир фактордун маанисин аныктоо мүмкүн болбогон учурда мындай факторлордун мүмкүн болуучу маанилери жөнүндө негиздүү божомолдорду жасоого жана анык маалыматтарды алганга чейин мындай жол берүүлөрдү колдонууга жол берилет.
12. Ушул Жобонун 4-главасында көрсөтүлгөн сегменттердин бирине кыймылсыз мүлк объекттеринин тизмегинен ар бир аналогду жана баалоо объектин киргизүү КУБМР маалымат базасында камтылган объекттерди пайдалануунун багыты жана формасы жөнүндө маалыматтардын негизинде жүргүзүлөт.
13. Түзүлгөн сегменттердин алкагында баалоо объекттеринин топторун түзүү.
Объекттерди сегменттердин ичиндеги топтор боюнча бөлүштүрүү баа түзүүчү факторлордун маанилеринин негизинде жүргүзүлөт.
Кыймылсыз мүлк объекттеринин топторунун сандык жана сапаттык курамы кыймылсыз мүлк рыногун талдоонун негизинде аныкталат.
14. Объектилердин түзүлгөн топторунун ар бири үчүн кадастрдык наркын аныктоо ыкмасын жана методун тандоо юридикалык жана/же иш жүзүндө багыты боюнча пайдаланууга, ошондой эле кыймылсыз мүлк рыногун талдоонун жыйынтыгы боюнча аныкталуучу колдо болгон рыноктук маалыматтын жетиштүүлүгүнө жана аныктыгына жараша жүзөгө ашырылат.
Колдонууга мүмкүн болгон ыкмалардын жана методдордун сыпаттамасы ушул Жобонун 6-главасында берилген.
15. Ар бир топ үчүн кадастрдык наркты аныктоо модели ушул Жобонун 6-главасында көрсөтүлгөн ыкмалардын бири менен түзүлөт. Наркты аныктоо модели ушул баалоо тобу үчүн тандалган баа түзүүчү факторлордун маанилеринин негизинде баалоо тобуна кирген объекттердин наркынын көлөмүн сөзсүз белгилөөгө тийиш.
16. Ар бир баалоочу топто кадастрдык наркты аныктоонун тийиштүү моделине алардын баа түзүүчү факторлорунун маанилерин коюу жолу менен баалоо объекттеринин кадастрдык наркынын көлөмү аныкталат.
17. Баалоо объекттеринин кадастрдык наркын аныктоонун жыйынтыктары жөнүндө отчеттук документтерди даярдоо жана анын формасын иштеп чыгуу ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат. Кадастрдык наркты аныктоонун натыйжасы ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында электрондук таблица түрүндө жарыяланат жана КУБМРга берилет.
6-глава. Кадастрдык наркты аныктоонун моделдери
18. Наркты моделдөө үчүн массалык баалоо ыкмасынын кандай болбосун: салыштырма, чыгымдуу жана кирешелүү методологиясы колдонулушу мүмкүн.
19. Салыштырма ыкма төмөнкү моделдерге негизделген:
– статистикалык моделдөө;
– кыймылсыз мүлктүн эталондук объекти;
– КНСКнын негизинде.
20. Чыгымдуу ыкма салыштырма бирдиктин моделине жана/же салыштырма көрсөткүчтөр боюнча курулуштун сметалык наркына негизделет.
21. Кирешелүү ыкма жер рентасын капиталдаштыруу моделине негизделет.
22. Массалык баалоо методун колдонуу мүмкүн болбогон учурда кадастрдык наркты аныктоо жекече эсептөөнүн алкагында жүзөгө ашырылат.
Рыноктук наркты жекече аныктоонун негизинде баалоо модели “Баалоо иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболоруна ылайык колдонулат.
23. Статистикалык моделдөөнүн модели көз каранды өзгөрмө (кадастрдык нарк) менен көз карандысыз өзгөрмөлөрдүн маанилеринин (баа түзүүчү факторлор) жана/же “чечимдердин дарактарынын” үстүнөн градиенттик күчөтүүнүн негизинде регрессиялык талдоонун ортосундагы байланышты көрсөткөн математикалык формула болгон көп факторлуу регрессиялык моделге негизделет.
24. Статистикалык моделдин конкреттүү түрүн тандоо рыноктук маалыматтар жана баа түзүү мыйзам ченемдүүлүк көз карашынан алганда статистикалык маанилүүлүк жана түшүндүрмөлүүлүк критерийлери боюнча жүзөгө ашырылат.
25. Кыймылсыз мүлктүн эталондук объектинин негизиндеги модель кыймылсыз мүлк объекттеринин тобуна баа түзүүчү факторлордун орточо же мүнөздүү маанилерине ээ болгон кыймылсыз мүлк объектинин наркынын салыштырма көрсөткүчүнүн чоңдугуна (ушул Жобонун 7-пункту) жараша түзүлөт. Баалоо объекттеринин кадастрдык наркы баа түзүүчү факторлордун маанилерине карата колдонулуучу бардык түзөтүүлөрдү эске алуу менен аныкталат.
26. КНСКнын негизиндеги модель статистикалык моделдөө методун жана сунушталган топто рыноктук маалыматтын жетишсиздиги боюнча кыймылсыз мүлктүн эталондук объектинин методун колдонуу мүмкүнчүлүгү жок болгон учурларда колдонулат. КНСКнын негизиндеги модель жетиштүү рыноктук маалыматы бар башка топтордун баалоо натыйжаларына таянат.
27. Салыштырмалуу бирдиктин модели кыймылсыз мүлк рыногу өнүкпөгөн же жок болгон капиталдык курулуш объекттеринин кадастрдык наркын аныктоо үчүн колдонулат. Салыштырмалуу бирдиктин модели кыймылсыз мүлк объекттерин сатып алуу, калыбына келтирүү же алмаштыруу үчүн зарыл болгон чыгымдарды аныктоого негизделген. Бул моделди колдонуу үчүн объекттерди курууга тиешелүү чыгымдар жөнүндө актуалдуу жана анык маалыматтар керек.
(1) Кыймылсыз мүлк объектинин рыноктук наркын (Кон) аныктоо моделин чыгымдуу ыкма менен төмөнкүдөй формула катары көрсөтүүгө болот:
Кон = ТКН * (1– ЖЭ/100) * Инвк,
мында:
ТКН – объектти толук калыбына келтирүү наркы, сом;
ЖЭ – жалпы эскирүү, %;
Инвк – инвестордун кирешеси, бирд.
Толук калыбына келтирүү наркы төмөнкү формула боюнча эсептелет:
ТКН = КНСКбаз * Ки * Кст * Р, мында:
КНСКбаз – кадастрдык баалоо боюнча иш-чараларды өткөрүү процессинде аныктала турган, 1-тиркемеге ылайык типтүү объектти куруунун наркынын салыштырма көрсөткүчүнүн базалык мааниси;
Ки – шаар куруу, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын баалоо иш-чарасы өткөрүлүүчү жылдын 1-январына карата маалыматтарына ылайык кадастрдык баалоо иш-чарасынын датасына карата салыштырма капиталдык салымдардын индекси;
Кст – кадастрдык баалоо боюнча иш-чараны өткөрүү процессинде аныктала турган, 1-тиркемеде көрсөтүлгөн жана 3-тиркемеге ылайык аныкталуучу базалык көрсөткүчтүн дубалынын материалынан баалоо объектинин дубалынын материалынын айырмасын эсепке алган түзөтүү коэффициенти;
P – баалоо объектинин өлчөө бирдиктеринин саны – квадрат метр, куб метр же узундук метр;
Инвк – инвестордун кирешеси, кадастрдык баалоо иш-чарасы өткөрүлүүчү жылдын 1-январына карата абал боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик ставкасынын өлчөмүндө кабыл алынат.
2) Жалпы эскирүүнүн көлөмүн аныктоодо эскирүүнүн төмөнкүдөй бардык түрлөрүн эске алуу керек:
– физикалык;
– функционалдык;
– тышкы.
Объекттин физикалык эскириши (Физэ) кыймылсыз мүлк объектинин же анын компоненттеринин убактылуу фактор (табигый эскирүү) же эксплуатациялоо шарттары менен байланышкан пайдалуулугун жоготуусу, бул нарктын жоголушуна алып келет.
Физикалык эскирүүнүн өлчөмү төмөнкү формула менен аныкталат:
, мында:
Ух – баалоо объектинин иш жүзүндөгү (хронологиялык) колдонулган убактысы;
Впм – имараттын пайдаланылган ченемдик мөөнөтү дубалынын материалына жараша 2-тиркемеге ылайык аныкталат.
Колдонууга жарактуу кыймылсыз мүлк объекттери үчүн физикалык эскирүүнүн чеги 60 % өлчөмүндө белгиленген. Эгерде кыймылсыз мүлк объекти авариялык абалда болсо жана бул документ менен тастыкталса, анда физикалык эскирүүнүн көлөмү 80 % деп кабыл алынат.
Функционалдык эскирүү (Фунэ) бааланып жаткан кыймылсыз мүлк объекттеринин наркын жоготууга алып келген мындай жоготуу болгон шартта, аны алмаштыруучуга салыштырмалуу бааланып жаткан кыймылсыз мүлк объекти мүнөздөлгөн кемчиликтерден улам пайдалуулугун жоготууну билдирет.
Башка көлөмдү аныктоо документ менен ырасталган учурларды кошпогондо, функционалдык эскирүүнүн көлөмү 0 % өлчөмүндө кабыл алынат.
Тышкы эскирүү (Тышэ) каралып жаткан кыймылсыз мүлк объектине карата экономикалык факторлордон же жайгашкан жердеги факторлордон келип чыгып, кыймылсыз мүлк объектинин өз наркын жоготуусуна алып келген кыймылсыз мүлк объектинин пайдалуулугунун жоголушун билдирет.
Тышкы эскирүүнүн (Тышэ) көлөмү кыймылсыз мүлк рыногунда баанын деңгээлине таасир этүүчү социалдык-экономикалык факторлорго ылайык аныкталат. Тышкы эскирүүнүн көлөмү кайсы болбосун аймактык бирдик – калктуу конуш, айыл аймагы, район же көчө үчүн белгилениши мүмкүн.
Жалпы эскирүү төмөнкү формула боюнча аныкталат:
ЖЭ = (1-(1-Физэ/100) * (1-Фунэ/100) * (1-Тышэ/100)) * 100%
28. Ушул Жобонун 8-главасында белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен айыл чарба багытындагы жер участокторунун кадастрдык наркынын көлөмүн аныктоо үчүн жер рентасын капиталдаштыруу методун колдонуу сунушталат.
29. Кадастрдык нарк кыймылсыз мүлк объектине чектөөлөрдү эсепке албастан аныкталат.
30. Кезектеги мамлекеттик кадастрдык баалоо Бишкек жана Ош шаарларында кыймылсыз мүлк объекттерине акыркы мамлекеттик кадастрдык баалоо жүргүзүлгөн жылдан тартып төрт жылдан кийин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тиешелүү чечим кабыл алган учурда – эки жылдан кийин жүргүзүлөт.
7-глава. КУБМРда жаңы катталган кыймылсыз мүлк объекттеринин жана кадастрдык нарктын көлөмүнө таасирин тийгизүүчү, алар боюнча КУБМРга өзгөртүү киргизилген объекттердин кадастрдык наркын аныктоо
31. КУБМРда жаңы катталган кыймылсыз мүлк объекттеринин кадастрдык наркын аныктоо, алардын кадастрдык наркынын өзгөрүүсүнө алып келген КУБМРдагы маалыматтарды өзгөртүү кадастрдык баалоонун акыркы этабын жүргүзүүнүн алкагында белгиленген кадастрдык наркты аныктоонун моделдери боюнча жүзөгө ашырылат.
32. КУБМРда жаңы катталган кыймылсыз мүлк объектеринин кадастрдык наркын аныктоонун, алардын кадастрдык наркынын өзгөрүүсүнө алып келген КУБМРдагы маалыматтарды өзгөртүүнүн датасы болуп, мамлекеттик кадастрдык баалоо жүргүзүлүүчү жылдын 1-январы саналат.
33. Кадастрдык наркын аныктоо зарыл болгон объекттердин тизмеги күн сайын түзүлүп, кадастрдык наркты аныктоо үчүн АПКга өткөрүп берилет.
34. Объекттердин кадастрдык наркы 3 жумуш күндүн ичинде аныкталат жана КУБМРга киргизилет.
8-глава. Айыл чарба багытындагы жерлердин кадастрдык наркын аныктоонун өзгөчөлүктөрү
35. Рынок өнүккөн жер участокторунун кадастрдык наркы кирешелүү же салыштырма ыкманын негизинде, баштапкы маалыматтардын көлөмүнө жараша белгиленет.
36. Кирешелүү ыкманы колдонуу Айыл чарба багытындагы жер участокторунун кадастрдык наркын аныктоо боюнча техникалык көрсөтмөлөр (мындан ары – Техникалык көрсөтмөлөр) менен жөнгө салынат.
37. Техникалык көрсөтмөлөр Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан иштелип чыгат жана тиешелүү буйрук менен бекитилет.
9-глава. Кадастрдык наркты аныктоо боюнча
сын пикирлерди кароо
38. Кыймылсыз мүлк объектинин мүнөздөмөлөрү жөнүндө маалыматтардын анык эместигине тиешелүү кадастрдык наркты аныктоого байланышкан сын пикирлер (мындан ары – сын пикирлер), эгерде мындай маалыматтардын анык эместиги ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталса, анык эмес маалыматтарды кыймылсыз мүлк объектинин мүнөздөмөлөрү жөнүндө анык маалыматтар менен алмаштыруу жолу менен эске алынат.
39. Кыймылсыз мүлк объектинин иш жүзүндө пайдаланылышын туура эмес эсепке алынышы боюнча сын пикирлер берилген документтер (же документтердин көчүрмөлөрү) же анын иш жүзүндө пайдаланылышын ырастаган мындай документтерге шилтемелер болгон учурда каралат.
40. Кадастрдык наркты аныктоодо пайдаланылган кыймылсыз мүлк объектинин мүнөздөмөлөрү жөнүндө маалыматтардын анык эместигине байланышкан сын пикирлер берилген документтерди (же документтердин көчүрмөлөрүн) же мындай маалыматтарды берүүдө алардын анык эместигин ырастоочу мындай документтерге берилген шилтемелерди эске алуу менен каралат.
41. Текшерүүнүн жыйынтыгында пайдаланылган маалыматтын анык эместиги (же наркты аныктоо үчүн маанилүү мүнөздөмөлөрдүн жоктугу) тастыкталса, эгерде мындай маалымат анын кадастрдык наркына таасир этсе, кыймылсыз мүлк объектинин наркына тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилет.
42. Эгерде табылган ката башка кыймылсыз мүлк объекттеринин, анын ичинде коңшу, чектеш, бир типтеги объекттердин кадастрдык наркына таасир этсе, өзгөртүүлөр ушул бузуу тиешелүү болгон бардык объекттерге киргизилет.
43. Кыймылсыз мүлк объекттеринин укук ээлери кадастрдык баалоонун натыйжалары жарыяланган күндөн тартып 6 айдын ичинде кыймылсыз мүлктүн иш жүзүндө пайдаланылышынын туура эмес эсепке алынышын ырастаган жана/же кыймылсыз мүлктүн кадастрдык наркын аныктоодо пайдаланылган маалыматтардын анык эместигин ырастаган документтерди берүү менен 4-тиркеменин формасы боюнча тиешелүү арыз менен ыйгарым укуктуу органга кайрылууга укуктуу.
44. Кыймылсыз мүлк объекттеринин укук ээлери кыймылсыз мүлк объектинин кадастрдык наркынын көлөмү менен макул болбогон учурда, кадастрдык баалоонун натыйжалары жарыяланган күндөн тартып 6 айдын ичинде көз карандысыз баалоо отчетун берүү менен ыйгарым укуктуу органга тиешелүү арыз менен кайрылууга укуктуу. Ыйгарым укуктуу орган кыймылсыз мүлк объекттеринин укук ээлеринин арыздарын кароо үчүн атайын комиссия түзүүгө укуктуу. Комиссиянын иштөө тартиби ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.
45. Кадастрдык нарктын көлөмүн кайра кароодон баш тартылган учурда, ыйгарым укуктуу орган кыймылсыз мүлк объектинин укук ээсине баш тартуунун себебин көрсөтүү менен жазуу жүзүндө жооп берүүгө милдеттүү.
Кыймылсыз мүлктүн кадастрдык наркын
аныктоо тартиби
жөнүндө жобого
1-тиркеме
Типтүү объектти куруунун наркынын
салыштырма көрсөткүчүнүн базалык мааниси
№ | Кыймылсыз мүлктүн түрү | Калыбына келтирүүнүн наркы, сом/м2 |
1 | Турак үйлөр |
|
2 | Дүкөндөр |
|
3
| Соода борборлору (жалпы аянты 5000 кв. м ашык) |
|
4 | Соода жана оюн-зоок борборлору |
|
5 | Жабык базарлар |
|
6
| Ашканалар, тез татым, чайканалар жана сыра барлары |
|
7 | Ресторандар жана кафелер |
|
8
| Кеңселик жана административдик имараттар |
|
9 | Банк имараттары |
|
10 | Мейманканалар |
|
11 | Гараждар, бокстар, устаканалар, ТТС |
|
12 | Май куюучу станциялар |
|
13 | Маданият мекемелери |
|
14 | Дарыканалар |
|
15 | Билим берүү мекемелери |
|
16
| Коомдук багыттагы башка турак эмес жайлар |
|
17 | Өндүрүштүк корпустар, цехтер |
|
18
| Өнөр жай багытындагы көмөкчү имараттар жана курулмалар |
|
19
| Административдик-тиричилик, административдик-өндүрүштүк корпустар |
|
20 | Кампалар, сарайлар |
|
21 | Жашылча сактоочу кампа |
|
22
| Ангарлар, жеңил модулдар, бастырмалар, күнөскана |
|
23 | Ооруканалар |
|
24 | Ат майдандары |
|
25 | Поселкалык милиция бөлүмү |
|
26 | Бала бакчалар |
|
27 | Айыл өкмөтүнүн имараттары |
|
28 | Уй сарайлары |
|
29 | Кой короолору |
|
30 | Канаттуулар фермалары |
|
31 | Ат сарайлары |
|
32 | Инкубаторлор |
|
33 | Чочко короолору |
|
34 | Аэропорттор |
|
35 | Автобекеттер |
|
36 | Темир жол вокзалдары |
|
37 | Музейлер |
|
38 | Театрлар |
|
39 | Филармония |
|
40 | Китепканалар |
|
41 | Концерттик залдар |
|
42 | Маданият үйлөрү |
|
43 | Цирк |
|
44 | ФАП |
|
Кыймылсыз мүлктүн кадастрдык наркын
аныктоо тартиби
жөнүндө жобого
2-тиркеме
Имараттын тышкы дубалдарынын материалына жараша колдонуу мөөнөтү
Тышкы дубалынын материалы
| Имараттын колдонуу мөөнөтү, жыл |
Кыш | 150 |
Бетон | 150 |
Башкалар | 100 |
Саман | 30 |
Металл конструкциясы | 100 |
Шлакоблок | 125 |
Жыгач | 30 |
Кум блок | 125 |