Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖЕР КОДЕКСИ
2025-жылдын 18-июлу № 149
(КР 2025-жылдын 18-июлундагы № 150 Мыйзамы менен колдонууга киргизилди)
Ушул Кодекс Кыргыз Республикасындагы жер мамилелерин, жерге болгон укуктардын пайда болуу негиздерин, ишке ашыруу жана токтотуу тартибин жана аларды каттоону, которууну (трансформациялоону) жөнгө салат, ошондой эле жерге мамлекеттик, муниципалдык жана жеке менчик шарттарында жер-рыноктук мамилелерин өнүктүрүүгө, жерди сарамжалдуу пайдаланууга жана аны коргоого багытталган.
I бөлүм. Негизги жоболор
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдары
1. Кыргыз Республикасында жер мамилелери Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Кодекс, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдору жана Кыргыз Республикасынын жер пайдалануу чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.
2. Башка ченемдик укуктук актыларда камтылган жер укугунун ченемдери ушул Кодекске ылайык келүүгө тийиш.
3. Ченемдик укуктук актыларда камтылган жер укугунун ченемдери Жер кодексинин жоболоруна карама-каршы келген учурда ушул Кодекстин жоболору колдонулат.
4. Жер казынасын, токой жана суу ресурстарын, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн, атмосфералык абаны пайдалануу жана коргоо боюнча мамилелер Кыргыз Республикасынын тиешелүү чөйрөлөрдөгү мыйзамдары менен жөнгө салынат.
2-берене. Ушул Кодексте колдонулуучу түшүнүктөр
Ушул Кодексте төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) айыл чарба багытындагы деградацияланган жер тилкелери - максаттуу багыты боюнча натыйжалуу пайдаланууга мүмкүн болбогон абалга чейин баштапкы пайдалуу касиеттерин жоготкон жер тилкелери;
2) Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фонду - айыл чарба жерлеринен түзүлгөн (жайыттарды кошпогондо) жана мамлекеттин менчигинде турган жер тилкелери;
3) айыл чарба жана/же токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу - айыл чарба же токой жерлерин айыл чарба жана токой чарба өндүрүшү менен байланышпаган жерлердин башка категорияларына же түрлөрүнө берүүдө же которууда төлөнүүчү сумма;
4) айыл чарба жерлери - айыл чарба продукциясын өндүрүү үчүн пайдаланылуучу жер тилкелери, атап айтканда айдоо (сугат, кайрак), кысыр аңыз, көп жылдык өсүмдүктөр (бакчалар, мөмө бакчалар, жүзүмзарлар, питомниктер, тыт жыгачтары) ээлеген жерлер, чөп чабындылары жана жайыттар;
5) айыл чарбалык эмес жерлер - бардык категориядагы жерлерге таандык болгон жана жерлердин төмөнкү түрлөрүнөн турган жер тилкелери: короо-жайлары; дача участоктору; токой жерлери (токойлор, токой тилкелери); дарактардын жана бадалдардын алдындагы жерлер; суу алдындагы жерлер (саздар, дарыялар, өзөндөр, көлдөр, суу сактагычтар, көлмөлөр, каналдар, коллекторлор, мөңгүлөр); жолдордун, мал айдоочу жолдордун, курулуштардын (имараттар, курулмалар, силос жана сенаж үчүн сактоочу жайлар, тундургучтар, убактылуу мал туруучу жайлар, курулуш аянтчалары, урандылар), короолордун, көчөлөрдүн алдындагы жерлер; талкаланган жерлер; башка жерлер (кумдар, таштак жерлер, жарлуу жерлер, жарлар, чуңкурлар, дөбөлөр, шагылдуу жерлер, жер көчкүлөр, эшилме жерлер, чополор, аскалар, көрүстөндөр, ошондой эле таштанды төгүлүүчү жайдын алдындагы жерлер кирет);
6) алынбай калган пайда - жарандык жүгүртүүнүн кадимки шарттарында менчик ээси же жер пайдалануучу алышы мүмкүн болгон, бирок алынбай калган кирешелер;
7) асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлери - кыртыштын бонитетинин баллы 20дан ашпаган же тоют бирдигиндеги түшүмдүүлүгү гектарына 0,8 центнерден аз болгон (чөп чабындылары жана жайыттар үчүн), мелиорациялык жактан ылайыктуу эмес жана аларды жакшыртуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү талап кылган айыл чарба жерлери;
8) атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - Министрлер Кабинети) тарабынан аныкталуучу жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган;
9) багбанчылык-дача участогу - айыл чарба продукциясын өстүрүү жана дача курулушу үчүн ушул Кодекс колдонууга киргизилгенге чейин жарандарга берилген жер тилкеси;
10) байланыш курулмалары - байланыш каражаттарын, линиялык-кабелдик байланыш тутумдарын жайгаштыруу үчүн түзүлгөн же ыңгайлаштырылган, капиталдык курулуш объекттери катары, ошондой эле андай болуп эсептелбеген инженердик инфратүзүм объекттери (анын ичинде мобилдүү уюлдук байланыштын базалык станцияларынын жабдуулары, антенналык-мачталык курулмалар, антенналык-фидердик түзүлүштөр, байланыштын линиялык-кабелдик курулмалары);
11) башкы план - шаардагы жана айылдагы калктуу конуштардын аймактарын өнүктүрүүнү келечектүү шаар курулушун пландоо жөнүндө шаар куруу документтеринин түрлөрүнүн бири;
12) бөлүп берүү тилкеси - эксплуатациялоо жана реконструкциялоо үчүн зарыл болгон линиялык курулмалардын (автомобиль жолдорун, темир жол линияларын, темир жолдорду, мунай-зат түтүктөрүн, газ түтүктөрүн жана башка түтүк өткөргүчтөр) жана алардын конструкциялык элементтерин жайгаштыруу үчүн арналган жер тилкелери (жердин категориясына карабастан);
13) жайыт - мал жаюуда тоют түрүндө жана башка максаттар үчүн пайдаланылуучу чөп баскан айыл чарба жерлеринин түрү;
14) жайыттарды башка максаттарга пайдалануу - жайыт ресурстарын мал жаюудан башка максаттарга пайдалануу, аларга аңчылык кылуу, балчылык, дары чөптөрдү, мөмө-жемиштерди жыйноо, чөп жана отун даярдоо, пайдалуу кендерди казып алуу, жеңил конструкциядагы байланыш курулмаларын орнотуу, сүттү жыйноо жана баштапкы кайра иштетүү пункттарын жана малды жасалма уруктандыруу пункттарын орнотуу, туризм жана жарандардын эс алуусу кирет;
15) жер тилкесин бөлүү - ыйгарым укуктуу органдын чечиминин негизинде анын чек араларын белгилөө жана бекитүү менен жер тилкесин бөлүү (бөлүп берүү);
16) өстүрмө жайыттар (маданий) - үстүртөн жакшыртылган, тоют өсүмдүктөрүн себүү жолу менен жакшы жайыт чөбү өстүрүлгөн, үзгүлтүксүз кароо жүргүзүлгөн жана жер семирткичтер чачылган, малды кашаалап (өлчөмдөп) жаюу жүзөгө ашырылган жайыт тилкеси;
17) узак мөөнөттүү пайдалануудагы жайыт жерлери - Кыргыз Республикасынын райондорунун жана облустарынын мурдагы колхоздоруна жана совхоздоруна узак мөөнөттү пайдаланууга берилген (1999-жылдын июнуна чейин) башка райондордун жана облустардын административдик аймагында жайгашкан жайыт жерлери;
18) жайыт пайдалануучулар - жайыт пайдаланууга укугу бар Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактары;
19) жайыт билети - мал жаюу үчүн жайыттарды пайдаланууга укук берүүчү документ;
20) жайыттарды башкаруу жана аларды пайдалануу боюнча план - мамлекеттик менчикте турган жайыттарды башкаруунун жана пайдалануунун 5 жылдык планы;
21) жайыт инфратүзүмү - жайыттын муктаждыктары жана малчылардын жашоосу үчүн арналган имараттар, курулмалар, көпүрөлөр, жолдор, мал туруучу жана сугаруучу аянтчалар, койлорду дары сууга чөмүлтүүчү чуңкурлар, кашарлар жана тосулган жерлер, ошондой эле жайыттарды карап күтүү жана иштетүү үчүн зарыл болгон башка кыймылсыз мүлк;
22) жайыттарды пайдалануунун ар жылдык планы - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын башкаруусундагы жайыттардын уруксат берилген жана макулдашылган пайдалануусун аныктоочу план;
23) жайыттарды үстүртөн жакшыртуу - жайыт жерлеринин үстүнкү катмарын бузбастан, өстүрмө жайыттарды түзүү жолу менен жайыттарды жакшыртуу боюнча иш-чаралар;
24) жайыттарды жакшыртуу - жайыттардын түшүмдүүлүгүн жана сапатын жогорулатууга багытталган иш-чаралардын тутуму;
25) жайыт инфратүзүмүн жакшыртуу - жайыт инфратүзүмүнүн объекттерин реконструкциялоого, оңдоп-түзөөгө, реабилитациялоого, курууга багытталган иш-чаралар.
26) түп-тамырынан жакшыртылган жайыттар - чымды жок кылуу жана андан кийин шалбаалантуу жолу менен өстүрүлгөн чөп өсүмдүктөрү баскан айыл чарба жерлери;
27) жер фонду - Кыргыз Республикасынын чегиндеги бардык жерлер;
28) жер тилкеси (жер участогу) - туюк чектерде белгилүү бир аянттагы жер бетинин бөлүгүн билдирген кыймылсыз мүлк;
29) жер казынасын пайдалануу үчүн берилген жерлер - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын, концессиялык келишимдин, продукцияны бөлүштүрүү жана мамлекеттик каттоо жөнүндө макулдашуунун негизинде пайдалуу кен иштетүү жана инфратүзүм объекттерин (жолдорду, вахталык кыштактарды жана жеңил конструкциядагы кампаларды, электр берүү линияларын (ЭБЛ) жана жер казынасын пайдалануу максатында гана пайдаланылуучу башка инфратүзүм объекттерин) куруу үчүн жер казынасын пайдалануучуга берилүүчү, бурчтук чекиттеринин тик бурчтуу координаттар тутумундагы графикалык документте аныкталган жер тилкелери;
30) жер категориясы - бир эле максаттуу багыты боюнча пайдаланылуучу же пайдаланууга арналган жер;
31) жер тилкесине болгон укук - жер тилкесине болгон менчик укугу же жер тилкесин мөөнөтсүз (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) же мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугу;
32) мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган жер тилкесин пайдалануу укугу - мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган жер тилкесин мөөнөтсүз (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) же мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугу;
33) жер тилкесине болгон менчик укугу - Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Кодекс жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен таанылуучу жана корголуучу Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактарынын өзүнө таандык жер тилкесине ушул Кодексте белгиленген чектөөлөрү менен өзү каалагандай ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укугу;
34) жер тилкесинин укук ээси - жер тилкесине болгон укугу Кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде катталган жеке же юридикалык жак;
35) жер тилкесине болгон укуктарды берүү - ыйгарым укуктуу орган тарабынан мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган жер тилкесин жеке жана юридикалык жактарга менчикке же пайдаланууга берүү;
36) жерлердин түрлөрү - айыл чарба же айыл чарбалык эмес жерлер;
37) жер пайдалануучу - жер тилкесин пайдалануу укугу мөөнөтсүз (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) же мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилген же өткөрүлгөн жеке же юридикалык жак;
38) мамлекеттик жерди пайдалануучу - жер тилкесин мөөнөтсүз (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) же мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга алган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, мамлекеттик ишканалары, мамлекеттик мекемелери;
39) муниципалдык жерди пайдалануучу - жер тилкесин мөөнөтсүз (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) же мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга алган муниципалдык ишканалар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мекемелер, уюмдар;
40) жер-кадастрдык документтер - айыл өкмөтү, район, шаар, республикалык маанидеги шаарлар жана жалпысынан республика боюнча жерлердин жайгашкан ордун, сандык жана сапаттык абалын өзүнө камтыган электрондук жана/же кагаз түрүндөгү маалыматтар, ошондой эле жер тилкелеринин максаттуу багытын өзгөртүүчү укук белгилөөчү документтер;
41) жерлерди коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган - райондук мамлекеттик администрациялар жана жерди контролдоо жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү органдар;
42) жеңилдетилген типтеги объект - функциялык багытына жана инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошулуусуна же мындай кошулуунун жоктугуна карабастан убактылуу курулманы же убактылуу конструкцияны, жер тилкеси менен бекем байланышпаган аянтчаны билдирген стационардык эмес же капиталдык эмес объект;
43) жерди рекультивациялоо - бузулган жана булганган жерлердин биологиялык өнүмдүүлүгүн жана чарбалык баалуулугун калыбына келтирүүгө багытталган инженердик-техникалык, мелиоративдик, агротехникалык жана башка иш-чаралардын комплекси, анын ичинде кыртыштын булганышынын кесепеттерин жоюу, кыртыштын күрдүүлүк катмарын калыбына келтирүү жана коргоочу токой бактарын түзүү жолу да каралган;
44) жерлердин максаттуу багыты - жер тилкесине болгон укукту күбөлөндүрүүчү документтерде, келишимде же укук белгилөөчү башка документтерде көрсөтүлгөн максаттарда жер тилкелерин пайдалануу;
45) жол жээгиндеги тилке - автомобиль жолунун бөлүнгөн тилкесине эки тарабынан жанаша жайгашкан, алардын чектеринде жол кыймылынын коопсуздугунун талаптарын, ошондой эле автомобиль жолун реконструкциялоонун, капиталдык оңдоп-түзөөнүн тиешелүү шарттарын, өнүгүү келечегин эске алуу менен анын сакталышын камсыз кылуу максатында аларды пайдалануунун өзгөчө режими белгиленген жер тилкелери;
46) имараттар жана курулмалар - жер менен бекем байланышкан, алардын багытына өлчөмдөш эмес зыян келтирилбесе козгоого мүмкүн болбогон ар кандай курулуштар жана курулмалар, анын ичинде көп батирлүү үйдөгү батирлер, турак эмес жайлар;
47) кадастрдык баалоо - мамлекеттик кадастрдык эсепке алууну жүргүзүү, жер салыгынын ставкаларын эсептөө, айыл чарба жана токой чарба жоготууларынын жана зыяндарынын ордун толтуруу максатында объекттердин кадастрдык наркын аныктоо жана жерлерди пайдалануунун натыйжалуулугун белгилөө үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кыймылсыз мүлк объектинин наркын баалоо;
48) кадастрдык план - кыймылсыз мүлктүн идентификациялык кодун, жерлердин категориясын, чарба жерлеринин түрүн, максаттуу багытын, аянтын, кыймылсыз мүлктүн жайгашкан жерин жана дарегин, масштабдагы кыймылсыз мүлк бирдигинин графикалык сүрөтүн (планын), жер тилкесинин координаттарын, кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды жана укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө маалыматтарды, укук ээси жөнүндө маалыматтарды камтыган, жер тилкесине болгон укукту күбөлөндүрүүчү документ;
49) коомдук жана мамлекеттик муктаждыктар - улуттук коопсуздукту, айлана-чөйрөнү жана тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоону, социалдык, өндүрүштүк, транспорттук, энергетикалык, инженердик жана архитектуралык-курулуш инфратүзүмдөрүн жайгаштырууну жана тейлөөнү камсыз кылуу, пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин ишке ашыруу менен байланышкан керектөөлөр;
50) короо-жай тилкеси - мамлекеттик бийлик же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жеке турак үй куруу жана үй чарбасын жүргүзүү үчүн (багбанчылык, чарбак) жарандарга бөлүнгөн жер тилкеси;
51) көп батирлүү үйдүн жанындагы жер тилкеси - жашыл бак-дарактарды, чарбалык, балдар жана спорт аянтчаларын, катуу тиричилик калдыктарын чогултуу үчүн жабдылган аянтчаларды жана чек аралары Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен аныкталуучу башка жер тилкелерин кошуп алганда, үйгө жанаша аймакты өзүнө камтыган жер тилкеси;
52) көп жылдык бак-дарактар ээлеген жерлер - мөмө-жемиш продукциясын алуу үчүн арналган, жасалма жол менен өстүрүлгөн бак-дарактар, бадалдар (токой аянтысыз) үчүн пайдаланылуучу айыл чарба жерлери;
53) күнөскана - бул айыл чарба өсүмдүктөрүн (жашылча, бакча, декоративдүү, тропикалык, субтропикалык жана башка өсүмдүктөрдү) өстүрүү, көбөйтүү жана сактоо, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына каршы келбеген башка максаттар үчүн арналган курулма;
54) Кыймылсыз мүлккө болгон укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестри (УБМР) - кыймылсыз мүлк бирдиктери, колдонулуп жаткан жана токтотулган укуктар жана укуктарга болгон чектөөлөр, ошондой эле укуктары жергиликтүү каттоо органдарында катталган укук ээлери жөнүндө тутумдаштырылган маалыматтардын жыйындысы;
55) кысыр аңыз - мурда айдоо катары пайдаланылган жана күздөн баштап бир жылдан ашык убакыт бою айыл чарба өсүмдүктөрүн себүүгө пайдаланылбаган жана буулантып айдоого 3 жыл ичинде даярдалбаган айыл чарба жерлери;
56) Кыргыз Республикасынын субъекти - ушул Кодексте белгиленген чектөөлөр менен жер тилкесине тигил же бул укуктар жана милдеттенмелер таандык болгон Кыргыз Республикасынын аймагында катталган жеке же юридикалык жак;
57) кыртыштык-мелиоративдик абал - айыл чарба продукциясын өндүрүү үчүн жер кыртышынын сапаттык абалын баалоо;
58) ыйгарым укуктуу орган - ушул Кодекстин 17-24-беренелеринде көрсөтүлгөн органдар;
59) мамлекеттик жер кадастры - Кыргыз Республикасындагы жерлердин табигый, чарбалык мүнөздөмөлөрү жана укуктук режими, алардын категориялары, жайгашкан жери, өлчөмдөрү, жер тилкелеринин чектери жөнүндө маалыматтардын жана документтердин тутумдаштырылган жыйнагын, чарба жерлеринин курамынын, жерлердин санынын, сапатынын жана аларды баалоонун тексттик баяндамасын билдирген мамлекеттик жер кадастрларынын бирдиктүү тутумунун курамдык бөлүгү;
60) мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуу - бул мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорунун тараптарынын укуктарын, милдеттерин, жоопкерчиликтерин жана аны ишке ашыруунун башка шарттарын аныктоочу мамлекеттик жана жеке өнөктөштөрдүн ортосундагы кызматташтык;
61) мал айдап өтүүчү жол - мал айдап өтүү үчүн арналган жол;
62) өзгөчө корголуучу жаратылыш жана тарыхый-маданий аймактардын жерлери - жаратылышты коргоочу, илимий, маданий, эстетикалык, ден соолукту чыңдоочу жана тарыхый-маданий жактан артыкчылыктуу мааниге ээ жаратылыш комплекстерин, же табигый, же болбосо жасалма жол менен келип чыккан айрым жаратылыш объекттерин камтыган, жалпы улуттук кенч болуп саналган, чарбалык иштен толук же жарым-жартылай, туруктуу же убактылуу алып салынган, коргоонун жана пайдалануунун өзгөчө режими белгиленген аймактардын жана/же акваториялардын жерлери;
63) өзгөчө баалуу жерлер - интенсивдүү пайдаланылуучу айыл чарба жерлери (сугат айдоо, кайрак айдоо, көп жылдык мөмө-жемиш бактары ээлеген жерлер (бакчалар, мөмө бакчалары, жүзүмзарлар, питомниктер, тутовниктер) кысыр аңыздар, өстүрмө жайыттар, түп-тамырынан жакшыртылган жайыттар, түп-тамырынан жакшыртылган чөп чабындылары), коргоочу токойлор жана аларга теңештирилген бак-дарактар ээлеген жерлер, шаар четиндеги жана жашыл зоналардагы жерлер, илимий-изилдөө мекемелеринин жана окуу жайларынын тажрыйбалык-эксперименттик талаалары (полигондору);
64) жайыттардын оптималдуу жүгү - жайыт чөптөрүнүн ботаникалык курамына, анын өндүрүмдүүлүгүнө жана жайыттын экологиялык бүтүндүгүнө зыян келтирбестен мал жаюуга мүмкүн болгон аянт бирдигине бөлүнгөн мал башынын саны;
65) рыноктук нарк - бүтүмдүн тараптары бардык маалыматтарга ээ болуу менен акылга сыярлык иш-аракет кылган, ал эми бүтүмдүн баасынын чоңдугуна эч кандай өзгөчө кырдаалдар таасир этпеген учурда, баалоо объектинин атаандаштык шартында ачык рынокто ээликтен ажыратылышы мүмкүн болгон эң ыктымалдуу баа;
66) рекреация объекттери - менчигинин түрүнө карабастан пансионаттар, курорттор, эс алуу үйлөрү, конок үйлөрү жана эс алуу, ден соолукту чыңдоо, туризм үчүн пайдаланылуучу башка объекттер;
67) сервитут - башка жактын менчигинде же пайдалануусунда болгон жер тилкесин максаттуу пайдаланууга адамдын чектелген укугу;
68) техникалык-экономикалык негиздеме - жер тилкесинин менчик ээси тарабынан даярдалуучу жер тилкелеринин которуунун (трансформациялоонун) максатка ылайыктуулугун негиздеген трансформациялануучу жер тилкесинин техникалык жана экономикалык параметрлерин камтыган документ;
69) укуктук зоналарга бөлүү - шаардагы жана айылдагы калктуу конуштардын айрым бөлүктөрүнүн ландшафттарын функционалдык пайдаланууга, курууга жана уюштурууга милдеттүү талаптарды жана чектөөлөрдү камтыган шаардагы жана айылдагы калктуу конуштардын аймактарына курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежелерин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу жаатындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын иши;
70) универсалдуу укук улантуу тартибинде жер тилкесине болгон укуктун өтүшү - юридикалык жакты мурастоодо же кайра уюштурууда жер тилкесине укук улантуучунун укугунун пайда болушу;
71) чөп чабынды - чөп чабуу үчүн тутумдуу түрдө пайдаланылуучу айыл чарба жери;
72) чек арага чектеш аймак - анын чегинде чек ара режими белгиленген жана иштеген Мамлекеттик чек арага жанаша административдик-аймактык бирдиктин (райондун, шаардын, айылдын) чегиндеги аймак;
73) чек ара тилкеси - Мамлекеттик чек арага жанаша аймактын бир бөлүгү, анын чегинде Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган кирүүнүн, убактылуу жашоонун, орун которуштуруунун жана жумуштарды аткаруунун өзгөчө режими киргизилет;
74) чет өлкөлүк жак - жер-укуктук мамилелеринде тарап катары чыгуучу чет өлкөлүк катышы бар юридикалык жак, чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам;
75) чет өлкөлүк катышы бар юридикалык жак - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн: бир же андан көп чет өлкөлүк жеке. юридикалык жактарга толугу менен таандык болгон; же жазуу жүзүндөгү контракт, акциялардын көпчүлүгүн сатуу укугу, аткаруучу же байкоочу органдын мүчөлөрүнүн көпчүлүгүн дайындоо укугу аркылуу бир же андан көп чет өлкөлүк жеке, юридикалык жактар тарабынан контролдонуучу жана башкарылуучу; же болбосо акцияларынын же акционерлеринин добуштарынын кеминде 20 пайызы чет өлкөлүк жарандардын, чет өлкөдө туруктуу жашаган жарандыгы жок адамдардын же чет өлкөлүк юридикалык жактардын менчигинде турган юридикалык жак;
76) чыгымдар - коомдук жана мамлекеттик муктаждыктар үчүн алып коюуга байланыштуу жер тилкесинин укук ээси тарткан чыгымдар, буга үчүнчү жактардын алдындагы милдеттенмелердин мөөнөтүнөн мурда токтотулушуна байланышкан чыгымдар да кошулат;
77) шаар куруу документтери - райондук пландоо долбоорлорунун документтери, башкы пландар, чек коюуну деталдуу пландоонун, кварталдарды куруунун, шаар куруу түйүндөрүнүн жана калктуу конуштарды пландоо түзүмүнүн башка элементтеринин долбоорлору;
78) шаардагы жана айылдагы калктуу конуштардын аймактарында жер пайдалануу жана куруу эрежелери (мындан ары - жер пайдалануу жана куруу эрежелери) - шаар куруу регламенттерин киргизүү аркылуу кыймылсыз мүлк объекттерин пайдаланууну жана курулуштук өзгөртүүлөрдү жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар;
79) электрондук мамлекеттик жер реестри - жер-каттоо, жер-эсепке алуу, жер-баалоо маалыматтарынын жыйындысы;
80) компенсация - укук ээсине бирдей маанидеги (тең баалуу) жер тилкесине болгон укук түрүндө же акчалай компенсация түрүндө же болбосо бул түрлөрдүн айкалышы түрүндө, ошондой эле салык салууга тийиш эмес болгон коомдук жана мамлекеттик муктаждыктар үчүн жер тилкесин алып коюу менен байланышкан башка чыгымдардын ордун толтуруп берүү.
3-берене. Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын принциптери
Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдары төмөнкү принциптерге негизделет:
1) жерди жаратылыш объекти, Кыргыз Республикасынын элинин жашоо-турмушунун, өнүгүүсүнүн жана иш-аракетинин негиздери катары сактоо;
2) мамлекеттик жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу;
3) жер рыногун өркүндөтүү жана аны натыйжалуу иштетүү;
4) жердин менчик ээлеринин жана жер пайдалануучулардын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоо жана коргоо;
5) жерди натыйжалуу пайдалануу;
6) жерди максаттуу пайдалануу;
7) айыл чарба багытындагы жерлердин артыкчылыгы;
8) жерге болгон укуктар жөнүндө маалыматтардын жеткиликтүүлүгү;
9) жерди пайдалануу жана коргоо боюнча иш-чараларды мамлекеттик колдоо;
10) жерге зыян келтирүүнүн алдын алуу же анын кесепеттерин жоюу;
11) жер үчүн акы төлөө;
12) жерге болгон менчиктин бардык формаларынын теңдиги.
4-берене. Жерге болгон мамлекеттик менчик
1. Мамлекеттик жер пайдалануучуларга берилген жерлер, токой, суу фонддорунун жерлери, өзгөчө корголуучу жаратылыш жана тарыхый-маданий аймактардын жерлери, запастагы жерлер, чек ара тилкелеринин жана чек арага чектеш аймактардын жерлери, Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлери, жайыттар жана муниципалдык жана жеке менчикке өткөрүп берилбеген башка жерлер мамлекеттин менчигинде болот.
2. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жайыттары, токойлору жана жерлери мамлекеттин гана менчигинде болот.
3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин башкаруу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлүп берилиши мүмкүн.
4. Жерге болгон мамлекеттик менчик укугун Министрлер Кабинети, ошондой эле тиешелүү административдик аймактын чегиндеги жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жүзөгө ашырат.
Министрлер Кабинет мамлекеттик менчикте турган жерлерди башкаруу боюнча ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүүгө укуктуу.
5-берене. Жерге болгон муниципалдык менчик
1. Муниципалдык менчиктин жерлерине жеке, мамлекеттик менчик формасындагы жана мамлекеттик жер пайдалануучуларга берилген жерлерди кошпогондо, калктуу конуштун чегиндеги жерлер, ошондой эле калктуу конуштун чегинен тышкары жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн алар сатып алган жер тилкелери кирет.
2. Муниципалдык менчикте турган жерлерди башкаруу жана тескөө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
6-берене. Жерге болгон жеке менчик формасы
Жеке менчик жерлерге Кыргыз Республикасынын юридикалык жана жеке жактарынын менчигинде турган жер тилкелери кирет, аларды башкаруу жана тескөө Кыргыз Республикасынын жарандык жана жер мыйзамдарынын алкагында менчик ээлери тарабынан жүзөгө ашырылат.
7-берене. Мамлекеттик жана муниципалдык жер пайдалануучулардын укуктук абалынын өзгөчөлүктөрү
1. Мамлекеттик жана муниципалдык жер пайдалануучулар жер тилкесинин максаттуу багытын эске алуу менен жер тилкелерине чарба жүргүзүүнү жүзөгө ашырышат.
2. Жер тилкесинде жайгашкан имаратты жана/же курулманы ээликтен ажыратуу же болбосо күрөөгө коюу жана Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуунун мамлекеттик программасын ишке ашыруу менен байланышкан учурларды, ошондой эле жер тилкесинде жайгашкан имаратты жана/же курулманы жана/же курулмадан бош турган жер тилкесинин бөлүгүн алмашуу жана/же сатып алуу-сатуу менен байланышкан учурларды кошпогондо, мамлекеттик жана муниципалдык жер пайдалануучу өзүнө таандык болгон жер тилкесин пайдалануу укугун ипотекага берүүгө укуксуз.
3. Өзүнө таандык болгон имараттарды жана курулмаларды өндүрүп алуу учурларын кошпогондо, мамлекеттик же муниципалдык жер пайдалануучунун пайдалануусунда турган жер тилкеси кредиторлордун доолору боюнча, жер пайдалануучунун банкроттугун кошуп алганда, өндүрүп алуунун предмети болушу мүмкүн эмес.
4. Мамлекеттик же муниципалдык жер пайдалануучу өзүнө таандык имаратты жана/же курулманы ижарага берген учурда, аны менен бирге ушул имаратка жана/же курулмага бекитилип берилген жер тилкесин пайдалануу укугу өткөрүлүп берилиши мүмкүн.
Мамлекеттик же муниципалдык жер пайдалануучунун пайдалануусунда турган жер тилкесин ижарага өткөрүп берүүнүн тартиби жана шарттары Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
5. Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуунун мамлекеттик программасын ишке ашыруучу, уставдык капиталында мамлекеттин жүз пайыз катышуусу бар ипотекалык турак жайды насыялоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган болуп саналган мамлекеттик жер пайдалануучу көп батирлүү үйдү Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте эксплуатацияга берүүдө менчигинин түрүнө карабастан укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтерде көрсөтүлгөн чектерде үйгө жанаша жер тилкесин өткөрүп берүү учурларын кошпогондо, калктуу конуштун чегиндеги ага берилген жер тилкесин пайдалануу укугун ажыратууга укуксуз.
Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуунун мамлекеттик программасын ишке ашыруучу, уставдык капиталында мамлекеттин жүз пайыз катышуусу бар ипотекалык турак жайды насыялоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган болуп саналган мамлекеттик жер пайдалануучу калктуу конуштун чегиндеги жер тилкесин пайдалануу укугун төмөнкүлөргө өткөрүп берүүгө укуктуу:
- мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуу жана/же инвестициялык макулдашуулар колдонулган мезгилде мамлекеттик турак жай программасынын алкагында жеке өнөктөшкө жана/же объекттерди куруучуга;
- алар пайдаланууга берилгенден кийин, чет өлкөлүк жактардын катышуусуз турак жайдын менчик ээлеринин шериктигине жана/же батирлердин жана (же) турак эмес жайлардын (көп батирлүү үйдүн) менчик ээлерине.
8-берене. Чет өлкөлүк жактардын жер тилкесине болгон укугу
1. Эгерде ушул Кодексте башкача каралбаса, жерлерди чет өлкөлүк жактарга менчикке берүүгө жана өткөрүп берүүгө жол берилбейт.
Айыл чарба багытындагы жер тилкесинин чет өлкөлүк жакка универсалдуу укук мурастоо тартибинде өтүшү ушул Кодекстин 39-беренесинин 2 жана 3-бөлүктөрүндө каралган кесепеттерге алып келет.
2. Калктуу конуштун чегиндеги жер тилкелери чет өлкөлүк жактарга мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугунда берилиши жана өткөрүп берилиши (ээликтен ажыратылышы) же менчик укугу пайда болгон учурдан тартып 2 жылдын ичинде жер тилкесин кийин ээликтен ажыратуу милдеттенмеси менен ипотекалык насыя боюнча өндүрүп алуу учурунда күрөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте менчикке өткөрүп берилиши мүмкүн.
3. Чет өлкөлүк жактарга калктуу конуштардан тышкары жер тилкелери, айыл чарба жерлерин жана жер казынасын пайдалануу үчүн берилүүчү жерлерди кошпогондо, Министрлер Кабинети тарабынан мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугунда берилиши мүмкүн. Калган учурларда калктуу конуштардан тышкары жерлер чет өлкөлүк жактарга универсалдуу укук мурастоо тартибинде мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилет, өткөрүлүп берилет, өтөт.
Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитилүүчү улуттук жана/же мамлекеттик инвестициялык долбоорлордун тизмегине киргизилген улуттук жана/же мамлекеттик инвестициялык долбоорлор чет өлкөлүк жактар тарабынан ишке ашырылган учурда жер тилкеси чет өлкөлүк жактарга 50 жылга чейинки мөөнөткө мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугунда, талаптагыдай максаттуу пайдаланганда кийин мөөнөтүн узартуу менен берилиши мүмкүн.
Чет өлкөлүк жактарга жер казынасын пайдалануу үчүн жерлер жер казынасын пайдалануучулар - Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн берилген эле тартипте мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилет.
4. Кайрылмандарды жана энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекттерин курууну, темир жолду жана анын инфратүзүмүн курууну кошпогондо, чет өлкөлүк жактарга чек арага чектеш аймактарда жайгашкан жер тилкелери мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугунда берилиши мүмкүн эмес.
5. Жер тилкесин өндүрүп алууда чет өлкөлүк банктардын жана адистештирилген финансы-насыялык мекемелеринин менчигине өткөрүлүп берилген айыл чарба багытындагы жерлер менчик укугу пайда болгон учурдан тартып 2 жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын күрөө жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте аталган субъекттер тарабынан ээликтен ажыратылууга тийиш.
Жер тилкеси менчик ээси (чет өлкөлүк банк же адистештирилген финансы-насыялык мекеме) тарабынан ээликтен ажыратылбаган учурларда, 2 жыл өткөндөн кийин менчик укугу токтотулат жана мамлекеттик менчикке өтөт.
6. Имарат жана/же курулма Кыргыз Республикасынын жеке же юридикалык жактарынан чет өлкөлүк жакка же жарандыгы жок адамга өткөн учурда, жер тилкеси экинчиге (чет өлкөлүк жакка же жарандыгы жок адамга) кийин узартуу менен 50 жылга чейинки мөөнөткө мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга өтөт. Андан ары имаратка жана/же курулмага болгон менчик укугу чет өлкөлүк жактан же жарандыгы жок адамдан Кыргыз Республикасынын жаранына же Кыргыз Республикасынын юридикалык жагына өткөндө жер тилкесине болгон жеке менчик укугун мамлекеттик каттоо жүзөгө ашырылат.
7. Ушул беренеде чет өлкөлүк жактар үчүн каралган чектөөлөр сервитут белгиленген учурларга жайылтылбайт.
9-берене. Жер пайдалануучулар тарабынан жер тилкесин пайдалануу мөөнөттөрү
1. Жер тилкесин пайдалануу мөөнөтсүз (мөөнөтү көрсөтүлбөстөн) же мөөнөттүү (убактылуу) болушу мүмкүн.
2. Жер тилкесин мөөнөттүү (убактылуу), анын ичинде ижара келишиминин шарттарында пайдалануу жерди 50 жылга чейинки чектелген мөөнөттө пайдалануу деп таанылат.
Ушул бөлүктүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин тараптардын макулдашуусу боюнча жер тилкесин пайдалануу мөөнөттөрү узартылышы мүмкүн.
3. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунан айыл чарба багытындагы жерлери, кайрак айдоо жана көп жылдык өсүмдүктөр ээлеген жерлерди, үрөнчүлүк, асыл тукум, эксперименттик чарба, илимий-изилдөө, тажрыйба-селекциялык, сорт сыноо иштерин жүргүзүү жана айыл чарба кооперативдери үчүн 20 жылга мөөнөткө берилүүчү жерлерди кошпогондо, 5 жылга ижарага берилет.
Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жер тилкелери субижарага берилиши мүмкүн эмес.
Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлери Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ижарага берилет.
Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунан жер тилкесин пайдалануу мөөнөттөрү келишимдик милдеттенмелер аткарылган жана ижара акысынын суммасы инфляцияны эске алуу менен кайра каралган шартта ушул бөлүктүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн мөөнөттөр аяктагандан кийин узартылышы мүмкүн.
10-берене. Мүлк (жер) салыгы. Жерди пайдалануу үчүн акы төлөө
1. Бюджеттен каржылануучу мамлекеттик жана муниципалдык жерди пайдалануучуларды кошпогондо, Кыргыз Республикасында жерди пайдалануу бардык юридикалык жана жеке жактар үчүн акы төлөнүүчү пайдалануу болуп саналат.
2. Жерди пайдалануу үчүн төлөмдөр ижара акысынан, салыктык жана салыктык эмес төлөмдөрдөн турат.
Мүлк (жер) салыгы Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык төлөнөт.
Жайыттарды кошпогондо, ижара шартында жер тилкесин пайдалануу укугун алган жерди пайдалануучу тарабынан жер тилкесин пайдалангандыгы үчүн ижара акысы жана аны төлөө тартиби келишимдин негизинде белгиленет.
3. Мамлекеттик менчикте турган жерлерди пайдалангандыгы үчүн ижара акысынын чектүү өлчөмү Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген методикага ылайык райондук мамлекеттик администрация тарабынан бекитилет.
Муниципалдык менчикте турган жерлерди пайдалангандыгы үчүн ижара акысынын чектүү өлчөмү Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген методикага ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан бекитилет.
4. Кыргыз Республикасынын аймагында жер тилкелеринин башка мамлекетке пайдаланууга берүүдө акынын өлчөмү эл аралык келишим менен аныкталат.
11-берене. Жерге болгон укуктарды жана алар менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо
1. Жер тилкесине болгон укуктар менен жасалган бүтүмдөр мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш жана мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылбайт.
2. Кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде төмөнкүлөр мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш: жер тилкесине укуктардын пайда болушу, аларды өткөрүп берүү, өтүүсү, чектөөлөр, сервитут, ипотекасы жана аларды токтотуу.
3. Жер тилкесине болгон укук менен жасалган бардык бүтүмдөр кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизилүүгө тийиш.
12-берене. Жер фонду
Кыргыз Республикасынын жер фонду айыл чарба жана айыл чарбалык эмес жерлерди камтыйт жана максаттуу багытына ылайык төмөнкүдөй категорияларга бөлүнөт:
1) айыл чарба багытындагы жерлер;
2) калктуу конуштардын жерлери;
3) өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонун жерлери жана башка багыттагы жерлер;
4) өзгөчө корголуучу жаратылыш жана тарыхый-маданий аймактардын жерлери;
5) мамлекеттик токой фондунун жерлери;
6) суу фондунун жерлери;
7) запастагы жерлер.
13-берене. Жерлерди категорияларга киргизүү жана аларды бир категориядан башкага которуу (трансформациялоо) жана жерлердин бир түрүнөн башка түрүнө которуу
1. Жерлерди тиешелүү категорияга киргизүү милдеттүү болуп саналат жана жерлердин максаттуу багытын белгилөөлөрдө же өзгөртүүлөрдө бир убакта жүргүзүлөт.
2. Жерлерди бир категориядан башкасына которуу (трансформациялоо) жерлердин негизги максаттуу багыты өзгөргөн учурда жүргүзүлөт.
3. Айыл чарба жерлерин кошпогондо, жерлердин бир категориясынын ичиндеги жерлердин түрүн өзгөртүү бир түрдөн башкага которуусуз (трансформациялоосуз) жүргүзүлөт.
Мында калктуу конуштардын чек араларында жерлердин түрүн өзгөртүү шаар куруу документтеринин негизинде бир түрдөн башкасына которуусуз (трансформациялоосуз) жүргүзүлөт.
Көңүл буруңуздар! КР 2025-жылдын 18-июлундагы № 150 Мыйзамына ылайык берилген берененин 3-бөлүгү 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
4. Мамлекеттик жер кадастрынын маалыматтарында, укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтеринде көрсөтүлгөн жер тилкесинин жерлердин белгилүү бир категориясына таандыктыгы жөнүндө маалыматтардын ортосунда карама-каршылыктар бар болгон учурда, жер тилкелерин белгилүү бир категорияга киргизүү укук белгилөөчү же укук күбөлөндүрүүчү документтерде көрсөтүлгөн маалыматтардын негизинде жер тилкесинин укук ээсинин арызы боюнча жүргүзүлөт.
5. Эгерде жердин категориясы мамлекеттик жер кадастрынын маалыматтарында, укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтеринде көрсөтүлбөгөн учурда, жер тилкесинин максаттуу багытына жараша жер тилкесин жерлердин белгилүү бир категориясына киргизүү жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары тарабынан акт кабыл алынат.
6. Жер тилкелерин берүүнүн төмөнкү учурларын кошпогондо, жерлерди максаттуу багыты боюнча эмес пайдаланууга жол берилбейт:
1) электр байланыш операторлоруна байланыш курулмаларын куруу жана/же орнотуу үчүн 36 м2 ашпаган өлчөмдө;
2) электр берүү линияларын орнотуу үчүн.
7. Жерлерди бир категориядан башкасына которуунун (трансформациялоонун) тартиби Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
14-берене. Жерлердин максаттуу багытын белгилөө жана өзгөртүү
1. Жерлердин максаттуу багытын белгилөө жер тилкесин менчикке же мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүүдө жүргүзүлөт.
2. Жерлердин максаттуу багытын өзгөртүү төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
1) калктуу конуштардын ичинде ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген шаар куруу документтеринин негизинде жүргүзүлөт;
2) калктуу конуштардын жерлерин кошпогондо, айыл чарба жана айыл чарба эмес багытындагы жерлер Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарында белгиленген компетенциялардын чегинде ыйгарым укуктуу органдын чечиминин негизинде жүргүзүлөт.
3. Жер тилкесин пайдалануу укук белгилөөчү документте көрсөтүлгөн максаттуу багытка ылайык жүзөгө ашырылат.
4. Жерлердин максаттуу багыты, категориясы жана чарба жерлеринин түрү төмөнкү укук белгилөөчү документтерде көрсөтүлөт:
1) жер тилкелерин берүү жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын;
2) жер тилкелери предмети болуп саналган келишимдерде;
3) жерди эсепке алуу документтеринде;
4) кадастрдык планда.
15-берене. Айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруу
1. Айыл чарба жерлерин жерлердин бир категориясынан жерлердин башка категорияларына же айыл чарба жана токой чарба өндүрүшү менен байланышпаган жерлердин түрлөрүнө которууда (трансформациялоодо) жаңы жер пайдалануучулар жана менчик ээлери тарабынан жоготуулардын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруу наркынын суммасы төлөнөт.
Айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу максатында алардын ченемдери Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
2. Жеке менчикте турган айыл чарба жерлеринин түрлөрүн жерлердин айыл чарба эмес багытындагы жерлердин башка категориясына которууда менчик ээси жоготуулардын ордун толтурууну ушул Кодекстин 16-беренесинин талаптарын эске алуу менен төлөйт.
3. Айыл чарба жоготууларынын ордун толтуруудан түшкөн каражаттар республикалык бюджетке түшөт, токой чарбасындагы жоготуулардын ордун толтуруудан түшкөн каражаттар аймактык ыйгарым укуктуу органдын атайын эсебине чегерилет жана жаратылышты коргоо иш-чараларына багытталат, алынбай калган пайданын ордун толтуруудан түшкөн каражаттар жергиликтүү бюджетке түшөт.
Айыл чарба жана токой чарба жоготууларынын, алынбай калган пайданын ордун толтуруудан түшкөн каражаттарды пайдалануунун тартиби Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
4. Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитилген улуттук жана/же мамлекеттик инвестициялык долбоорлордун тизмегине киргизилген улуттук жана/же мамлекеттик инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) жана берүү айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын ордун толтурууну төлөбөстөн жүзөгө ашырылат.
16-берене. Айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын, алынбай калган пайданын жана инфратүзүмүн камсыз кылууга кеткен чыгымдардын ордун толтуруу наркынын суммасын төлөө
1. Айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруунун суммасы жер тилкесине болгон укук күбөлөндүрүүчү документ берилгенге чейин жаңы жер пайдалануучулар жана менчик ээлери тарабынан төлөнөт.
2. Айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын орду жерлерди төмөнкүлөр үчүн которууда толтурулбайт:
1) айыл чарба багытындагы жерлерди сугаруу жана/же кургатуу үчүн арналган мелиоративдик системаларды куруу;
2) ыйгарым укуктуу орган тарабынан акысыз негизде берилүүчү короо-жай тилкеси үчүн пайдалануу;
3) саламаттык сактоо объекттерин, мектептерди, мектепке чейинки балдар, социалдык мекемелерди, анын ичинде маданият, искусство чөйрөсүнүн объекттерин, чакан жана ири гидроэлектр станцияларды инженердик жана транспорттук инфратүзүмдүк объекттерин, көрүстөндөрдү куруу;
4) республикалык жана/же жергиликтүү бюджеттердин эсебинен жүргүзүлүүчү автомобилдик, магистралдык жолдорду куруу, реконструкциялоо жана оңдоп-түзөө;
5) электр берүү линияларын, энергетикалык курулмаларды, анын ичинде энергиянын кайра жаралуучу булактарын, мунай түтүктөрүн жана башка түтүк өткөргүчтөрдү пайдалануу менен куруу;
6) республикалык жана/же жергиликтүү бюджеттердин эсебинен жүргүзүлүүчү аскердик, жаратылышты коргоо жана тарыхый-маданий багыттагы объекттерди (мамлекеттик жаратылыш коруктарын, мамлекеттик биосфералык коруктарды, мамлекеттик жаратылыш парктарын, дендрологиялык жана зоологиялык парктарды, ботаникалык бакчаларды, мамлекеттик комплекстүү корукчаларды, мамлекеттик жаратылыш жана археологиялык эстеликтерди, микрокоруктарды, биосфералык аймактардын жана/же резерваттардын өзөк зоналарын, геопарктардын негизги зоналарын, жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын өзөк зоналарын, токой чарба мекемелерин, археологиялык жана тарыхый-архитектуралык объекттерди, мемориалдык парктарды түзүү) куруу;
7) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынын линияларын жана чек ара инфратүзүмүнүн объекттерин (имараттарды, жайларды, курулмаларды) куруу;
8) Кыргыз Республикасынын аэропортторун куруу жана аэропортторунун аймактарын кеңейтүү;
9) республикалык жана/же жергиликтүү бюджеттердин эсебинен дене тарбия-ден соолукту чыңдоочу комплекстерин куруу;
10) республикалык жана/же жергиликтүү бюджеттердин эсебинен ишке ашырылуучу суу чарба курулмаларын куруу;
11) мамлекеттик маанидеги объекттерди куруу чөйрөсүндө жана/же Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуунун мамлекеттик программасын ишке ашыруунун алкагында Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу мамлекеттик милдеттерди ишке ашыруу;
12) Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди аткаруу;
13) жерге мунапыс берүү объектине болгон укукту бекитүү.
3. Ушул беренеге ылайык түшкөн каражаттар Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган максаттарга пайдаланылат.
2-глава. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясы
17-берене. Жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин компетенциясы
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Кыргыз Республикасынын чек араларында жерди пайдалануу укугун берүү жөнүндө эл аралык келишимдерди ратификациялоо;
2) Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүнүн маселелерин кароо;
3) жер мамилелери чөйрөсүндөгү мыйзамдарга расмий чечмелөөлөрдү берүү.
18-берене. Министрлер Кабинетинин компетенциясы
Министрлер Кабинетинин компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) жер ресурстарын башкаруу жана жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүү;
2) Кыргыз Республикасынын чегиндеги жерлерди мамлекеттер аралык жана/же мамлекеттик максаттарында тескөө;
3) мамлекеттик менчикте, республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын административдик чектеринде турган жер тилкелерин юридикалык жана жеке жактардын пайдалануусуна жана менчигине берүү;
4) жер тилкелерин мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү жөнүндө башка мамлекет менен келишим түзүү;
5) жерлерди менчикке же пайдаланууга, анын ичинде Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитилген улуттук инвестициялык долбоорлордун жана мамлекеттик инвестициялык долбоорлордун тизмегине киргизилген улуттук жана/же мамлекеттик инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн берүү тартибин аныктоо;
6) Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин башкаруу жана берүү тартибин бекитүү;
7) айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын, алардын ордун толтуруу максатында алынбай калган пайданын ченемдерин белгилөө;
8) жерлерди сарамжалдуу пайдалануу, кыртыштын күрдүүлүгүн жогорулатуу, жер ресурстарын коргоо боюнча республикалык жана региондук программаларды бекитүү;
9) жерлерге мониторинг жүргүзүү, мамлекеттик жер кадастрын жүргүзүү, жерге жайгаштырууну уюштуруу тартибин белгилөө;
10) жерлердин пайдаланылышын жана корголушун контролдоо тартибин аныктоо;
11) өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын чек араларын, аларды пайдалануу тартибин белгилөө;
12) коомдук жана мамлекеттик муктаждыктар үчүн жер тилкесин алып коюу тартибин аныктоо;
13) ушул Кодекстин 20 жана 22-беренелеринде көрсөтүлгөн жерлерди кошпогондо, өзгөчө баалуу айыл чарба жерлерин (айдоо, көп жылдык бак-дарактар ээлеген жерлер, жайыттар, өстүрмө жана түп-тамырынан бери жакшыртылган жайыттар, түп тамырынан бери жакшыртылган чөп чабындылары), мамлекеттик токой фондунун, суу фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлеринин категорияларын чарба жерлеринин башка түрлөрүнө же жерлердин башка категорияларына которуу (трансформациялоо);
14) мамлекеттик токой фондунун жерлеринин категориясына которуу (трансформациялоо);
15) жерлерди которуунун (трансформациялоонун) тартибин аныктоо;
16) Бишкек жана Ош шаарларынын башкы планын бекитүү;
17) айыл чарба жана токой чарба жоготууларынын ордун толтуруудан түшкөн каражаттарды пайдалануунун тартибин бекитүү;
18) жер мамилелери чөйрөсүндөгү башка маселелерди чечүү.
19-берене. Атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын компетенциясы
1. Министрлер Кабинети жер мамилелерин жөнгө салууну жүзөгө ашыруучу атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарды аныктайт.
2. Министрлер Кабинети атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар аркылуу төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:
1) Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин, мамлекеттик жайыт жерлерин башкарууну;
2) мамлекеттик жер кадастрын жүргүзүүнү;
3) жерлерге мониторинг жүргүзүүнү;
4) жерге жайгаштырууну, жер тилкелерине укуктарды каттоону жүргүзүүнү;
5) жерге жайгаштыруу боюнча иштерди жүргүзүүгө жана жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү башка маселелерди чечүүгө уруксаттарды берүүнү;
6) архитектура жана курулуш чөйрөсүндөгү курулушту жана башка иштерди жүргүзүүгө уруксаттарды берүүнү;
7) биоресурстарды, жер казынасын жана суу ресурстарын кошуп алганда, айлана-чөйрөнү, экологияны жана климатты, геологияны жана жер казынасын, жаратылыш ресурстарын пайдаланууну жана коргоону;
8) экологиялык (анын ичинде химиялык, биологиялык, радиациялык жана ядролук), өнөр жай коопсуздугунун, тоо-кен иштеринин коопсуздугунун, жер казынасын коргоонун, көмүрдүн жана отундун сапатынын талаптарынын сакталышын мамлекеттик контролдоону жана көзөмөлдөөнү;
9) отун-энергетика комплекси жаатындагы маселелерди жүргүзүүнү, энергиянын кайра жаралуучу булактары, өнөр жай (тамак-аш өнөр жайын кошпогондо) жаатындагы долбоорлорду ишке ашырууну, ошондой эле энергетика чөйрөсүндөгү мамлекеттик контролдоону жана көзөмөлдөөнү;
10) коомдук жана мамлекеттик муктаждыктар үчүн жерлерди алып коюуну;
11) жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү башка маселелерди чечүүнү.
20-берене. Жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү райондук мамлекеттик администрациянын компетенциясы
Административдик чек аралардын чегинде райондук мамлекеттик администрациянын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) мамлекеттин менчигинде турган, үчүнчү жактардын укуктарынан эркин жер тилкесин административдик чек аралардын чектеринде менчикке жана пайдаланууга берүү;
2) административдик чек аралардын чектеринде жерлерге мунапыс берүү объекттеринин тизмегин бекитүү;
3) административдик чек аралардын чектеринде мамлекеттик жер кадастрын бекитүү;
4) райондун жерлерин инвентаризациялоонун жыйынтыктарын бекитүү;
5) жерди сарамжалдуу пайдалануу, кыртыштын күрдүүлүгүн жогорулатуу боюнча программаларды иштеп чыгуу жана аларды аткаруу;
6) жерлердин пайдаланылышына жана корголушуна контролду жүзөгө ашыруу;
7) долбоорлоо-изилдөө иштерин жүргүзүүгө уруксат берүү;
8) анча баалуу эмес айыл чарба жерлерин жерлердин кыйла баалуу түрлөрүнө, айыл чарба жерлеринин баалуулугу бирдей болгон түрлөрүн - бир түрдөн башкасына которуу (трансформациялоо);
9) көрүстөндөргө, таштанды полигондоруна, ичүүчү суу менен камсыз кылуунун, саркынды сууларды чыгаруунун, тазалоочу курулмалардын, саламаттык сактоо объекттеринин, мектептер жана мектепке чейинки балдар мекемелеринин, маданият жана искусство чөйрөсүндөгү объекттер үчүн бөлүнгөн жерлердин бардык категорияларын жана чарба жерлеринин түрлөрүн жерлердин башка категорияларына которуу;
10) запастагы жерлерди айыл чарба багытындагы жерлердин категориясына которуу;
11) жеке турак үй курууга бөлүнүүчү жерлерди которууну кошпогондо, айыл чарба багытындагы жерлер категориясындагы жайыттарды, чөп чабындыларын, айыл чарбалык эмес жерлерди, чарба жерлеринин башка түрлөрүнө же жерлердин башка категорияларына которуу (трансформациялоо);
12) калктуу конуштардын, өнөр жайдын, байланыштын, энергетиканын жана башка багыттагы жерлерди жерлердин башка категорияларына которуу;
13) өзгөчө корголуучу жаратылыш жана тарыхый-маданий аймактардын, мамлекеттик токой фондун кошпогондо, коомдук жана мамлекеттик муктаждыктарды чечүү үчүн менчигинин түрүнө карабастан жерлердин бардык категорияларын которуу (трансформациялоо);
14) тооруктарга коюлуучу мамлекеттик менчиктеги жер тилкелери үчүн ижара акысынын баштапкы ставкасын жана түздөн-түз берүү жолу менен ижарага берилүүчү жер тилкелери үчүн ижара акысынын өлчөмүн бекитүү;
15) мамлекеттик жана/же жергиликтүү маанидеги объекттерди жайгаштыруу максатында коомдук жана мамлекеттик муктаждыктар үчүн жерлерди алып коюу жөнүндө чечим кабыл алуу;
16) райондук маанидеги мал айдап өтүүчү трассаларды, анын ичинде мал токтотуучу аянтчаларды белгилөө;
17) жайыттарды пайдаланууга тиешелүү талаш-тартыштарды чечүү;
18) ушул берененин 8-13-пункттарында көрсөтүлгөн жерлерди кошпогондо, Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте өзгөчө баалуу айыл чарба жерлерин жана мамлекеттик токой, суу фондунун, коргонуунун, транспорттун жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жер тилкелерин жерлердин башка категорияларына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү;
19) ушул Кодексте каралган жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү башка маселелерди чечүү.
21-берене. Жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү жергиликтүү кеңештердин компетенциясы
1. Жергиликтүү коомдоштуктун пикирин эске алуу менен шаардык кеңеш административдик чек аралардын чегинде:
1) административдик-аймактык түзүлүш, шаардын райондорунун чектери боюнча сунуштарды карайт;
2) муниципалдык жерлерди сарамжалдуу пайдалануу боюнча программаларды бекитет;
3) аймактарды куруу долбоорлорунун башкы пландарын, аймактардын укуктук жактан зоналаштырылышын жана айыл аймагынын калктуу конуштарынын жер пайдалануу эрежелерин бекитет;
4) муниципалдык менчикте турган жерлерди берүү тартибин бекитет;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитилген шаар жерлерине салыктын базалык ставкаларынын чектеринде шаар жерлерине салыктын наркын эсептөө үчүн зоналык коэффициентти белгилейт;
6) тооруктарга коюлуучу муниципалдык менчиктеги жер тилкелеринин ижара акысынын баштапкы ставкасын эсептөө методикасын жана түздөн-түз берүү жолу менен ижарага берилүүчү муниципалдык менчиктеги жер тилкелери үчүн ижара акысынын өлчөмүн бекитет;
7) көп батирлүү үйдү пайдаланууга берүү мөөнөтүн эске алуу менен колдонулуучу муниципалдык менчиктеги жер тилкелеринин наркын эсептөө методикасын бекитет;
8) жайыттарды башкаруу жана аларды пайдалануу боюнча планды, жайыттарды пайдалануунун ар жылдык планын, ошондой эле алардын аткарылышы жөнүндө отчетторду бекитет;
9) турак үйү менен короо-жай жер тилкесинин өлчөмдөрүн белгилейт.
2. Жергиликтүү коомдоштуктун пикирин эске алуу менен, айылдык кеңеш:
1) райондун административдик-аймактык түзүлүшү боюнча сунуштарды карайт;
2) айыл аймагынын айылдагы калктуу конуштарын куруунун, деталдуу пландоонун долбоорлорунун башкы пландарын жана жерди пайдалануу эрежелерин бекитет;
3) турак үйү менен короо-жай жер тилкесинин өлчөмдөрүн белгилейт;
4) муниципалдык жерлерди сарамжалдуу пайдалануу боюнча программаларды бекитет;
5) анын аймагынын чегинде жайгашкан жерлер үчүн салык наркын эсептөө үчүн зоналык коэффициентти белгилейт;
6) жайыттарды башкаруу жана аларды пайдалануу боюнча планды, жайыттарды пайдалануунун ар жылдык планын, ошондой эле алардын аткарылышы жөнүндө отчетторду бекитет.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары жайыт аянтынын бирдигине, инфратүзүмүнө, ошондой эле алардын түшүмдүүлүгүнө жана алыстыгына оптималдуу жүктү эске алуу менен жайыт пайдалануучулар үчүн мал башына жайыттарды пайдалангандыгы үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн белгилейт.
22-берене. Бишкек, Ош шаарларынын жана облустук маанидеги шаарлардын мэрияларынын жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү компетенциясы
1. Бишкек, Ош шаарларынын жана облустук маанидеги шаарлардын мэрияларынын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) муниципалдык менчикте турган жер тилкелерин шаардын чек араларында менчикке жана пайдаланууга берүү шаардын башкы планына, шаардын деталдуу пландаштырылышынын жана курулушунун долбооруна ылайык жүргүзүлөт;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталуучу жерге мунапыс берүү объекттерине менчик укугун бекитүү жөнүндө чечим кабыл алуу;
3) жерге мунапыс берүү объекттеринин тизмегин бекитүү;
4) Бишкек жана Ош шаарларынын муниципалдык менчигинде турган жер тилкесин ушул Кодекстин 29-беренесинде көрсөтүлгөн учурлардын тизмегине ылайык шаардын чек араларында жеке менчикке берүү;
5) мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана аларды пайдалануу боюнча иштерди уюштуруу, ошондой эле жайыттарды мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү жана шаардын административдик чек арасынын чектеринде аларды пайдалануу тартибин белгилөө;
6) жер жана шаар куруу кадастрын, жерге жайгаштыруу схемаларын жана долбоорлорун бекитүү;
7) жерди сарамжалдуу пайдалануу боюнча программаларды иштеп чыгуу жана аларды аткаруу;
8) жерлердин пайдаланылышына жана корголушуна контролду жүзөгө ашыруу;
9) долбоорлоо-изилдөө иштерин жүргүзүүгө уруксат берүү;
10) анча баалуу эмес айыл чарба жерлерин чарба жерлеринин кыйла баалуу түрлөрүнө, айыл чарба жерлеринин бирдей баалуу түрлөрүн бир түрдөн башкасына которуу;
11) жеке турак үй курууга бөлүнгөн жерлерди которууну кошпогондо, айыл чарба багытында турган жерлердин категориясындагы жайыттарды, чөп чабындыларын, айыл чарбалык эмес жерлердин түрлөрүн жерлердин башка түрлөрүнө же башка категорияларына которуу;
12) көрүстөндөргө, таштанды полигондоруна, ичүүчү суу менен камсыз кылуунун, саркынды сууларды чыгаруунун, тазалоочу курулмалардын, саламаттык сактоо, мектептер жана мектепке чейинки балдар мекемелеринин объекттерине, маданият жана искусство чөйрөсүндөгү объекттерге бөлүнүүчү жерлердин бардык категорияларын жана чарба жерлеринин түрлөрүн жерлердин башка категорияларына которуу;
13) запастагы жерлерди айыл чарба багытындагы жерлердин категориясына которуу;
14) калктуу конуштардын, өнөр жайдын, байланыштын, энергетиканын жана башка багыттагы жерлерди жерлердин башка категорияларына которуу;
15) ушул берененин 10-14-пункттарында көрсөтүлгөн жерлерди кошпогондо, Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте өзгөчө баалуу айыл чарба жерлерин жана мамлекеттик токой, суу фондунун, коргоонун, транспорттун жер тилкелерин жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын жерлердин башка категорияларына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү;
16) Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин мыйзамдарда белгиленген тартипте берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын чектеринде башкаруу;
17) мамлекеттик жана/же жергиликтүү маанидеги объекттерди жайгаштыруу максатында коомдук жана мамлекеттик муктаждыктар үчүн жерлерди алып коюу жөнүндө чечим кабыл алуу;
18) ушул Кодексте каралган жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү башка маселелерди чечүү.
2. Жайыттарды башкаруу жана аларды пайдаланууга берүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын чектеринде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы жайыттарды башкаруу жана аларды пайдалануу боюнча ыйгарым укуктарды муниципалдык ишканаларга өткөрүп берүүгө укуктуу.
3. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин башкаруу боюнча ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.
4. Жайыттардын абалына мониторинг жүргүзүү жана баа берүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын чектеринде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
23-берене. Райондук маанидеги шаарлардын мэрияларынын жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү компетенциясы
1. Административдик чек аралардын чектериндеги райондук маанидеги шаарлардын мэрияларынын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) муниципалдык менчикте турган жер тилкесин административдик чек аралардын чектеринде менчикке жана пайдаланууга берүү;
2) жерге мунапыс берүү объекттерине болгон менчик укугун бекитүү жөнүндө чечим кабыл алуу;
3) жерге мунапыс берүү объекттеринин тизмегин бекитүү;
4) административдик чек аралардын чектеринде мамлекеттик жер жана шаар куруу кадастрларын бекитүү;
5) жерлерди сарамжалдуу пайдалануу боюнча программаларды иштеп чыгуу жана аларды аткаруу, шаар куруу кадастрын иштеп чыгуу жана жүргүзүү;
6) мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча иштерди уюштуруу, ошондой эле жайыттарды мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү, аларды шаардын административдик чек арасынын чектеринде пайдалануу тартибин белгилөө;
7) жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча планды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
8) жайыттарды пайдалануу планына ылайык жайыт билеттерин берүү, ошондой эле жайыттарды башка максаттарда пайдалануу жөнүндө келишимдерди түзүү;
9) жайыттарды пайдалануу үчүн жыйымдын өлчөмүн аны жергиликтүү кеңеш тарабынан милдеттүү түрдө бекитүү менен аныктоо;
10) жайыттарды пайдаланууга тиешелүү талаш-тартыштарды өз ыйгарым укуктарынын алкагында чечүү;
11) жайыттарды жана башка ресурстарды пайдалануу үчүн акы төлөөдөн түшкөн, жайыт инфратүзүмүнө, жайыттарды башкарууга жана жакшыртууга инвестициялар катары багытталуучу кирешелерди башкаруу;
12) жерлердин пайдаланылышына жана корголушуна контролду жүзөгө ашыруу;
13) мамлекеттик жана/же жергиликтүү маанидеги объекттерди жайгаштыруу максатында коомдук жана мамлекеттик муктаждыктар үчүн жерлерди алып коюу жөнүндө чечим кабыл алуу;
14) Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын чектеринде жана мыйзамдарда белгиленген тартипте башкаруу;
15) долбоорлоо-изилдөө иштерин жүргүзүүгө уруксат берүү;
16) ушул Кодексте каралган жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү башка маселелерди чечүү.
2. Шаардын мэриясы администрациялык чек аралардын чектеринде жерлердин бардык категорияларын жана чарба жерлеринин түрлөрүн жерлердин башка категорияларына жана чарба жерлеринин башка түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) чечим түрүндө макулдук берет жана аны Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте киргизет.
3. Жайыттарды башкаруу жана аларды пайдаланууга берүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын чектеринде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы жайыттарды башкаруу жана аларды пайдалануу боюнча ыйгарым укуктарды муниципалдык ишканаларга өткөрүп берүүгө укуктуу.
4. Жайыттардын абалына мониторинг жүргүзүү жана баа берүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын чектеринде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
24-берене. Айыл өкмөтүнүн жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү компетенциясы
1. Административдик чек аралардын чектериндеги айыл өкмөтүнүн компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) муниципалдык менчикте турган жер тилкесин ушул Кодексте белгиленген чектөөлөр менен менчикке жана/же пайдаланууга берүү;
2) жерге мунапыс берүү объекттерине болгон менчик укугун бекитүү жөнүндө чечим кабыл алуу;
3) айылдык аймактын административдик чек араларынын чектеринде мамлекеттик жер кадастрын бекитүү;
4) жерди сарамжалдуу пайдалануу боюнча программаларды иштеп чыгуу;
5) жерлердин пайдаланылышына жана корголушуна контролду жүзөгө ашыруу;
6) мамлекеттик. жайыт жерлерин башкаруу жана аларды пайдалануу боюнча иштерди уюштуруу, ошондой эле жайыттарды мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү жана аларды пайдалануу тартибин белгилөө;
7) жайыттарды башкаруу жана аларды пайдалануу боюнча планды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
8) жайыттарды пайдалануу планына ылайык жайыт билеттерин берүү, ошондой эле жайыттарды башка максаттарда пайдалануу жөнүндө келишимдерди түзүү;
9) Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин башкаруу мыйзамдарда белгиленген тартипте жана берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын чектеринде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан жүргүзүлөт;
10) жергиликтүү жана/же мамлекеттик маанидеги объекттерди жайгаштыруу максатында коомдук жана мамлекеттик муктаждыктар үчүн жерлерди алып коюу жөнүндө чечим кабыл алуу;
11) жайыттарды пайдалануу үчүн жыйымдын өлчөмүн жергиликтүү кеңеш тарабынан милдеттүү түрдө бекитүү менен аныктоо;
12) жайыттарды пайдаланууга тиешелүү талаш-тартыштарды өз ыйгарым укуктарынын чегинде чечүү;
13) жайыттарды жана жайыт инфраструктурасына инвестициялар катары багытталуучу башка ресурстарды пайдалануу үчүн акы төлөөдөн түшкөн кирешелерди башкаруу, жайыттарды башкаруу жана жакшыртуу;
14) долбоорлоо-изилдөө иштерин жүргүзүүгө уруксат берүү;
15) жерлердин бардык категорияларын жана чарба жерлеринин түрлөрүн жерлердин башка категорияларына жана чарба жерлеринин түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) чечим түрүндө макулдук берүү жана аны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте киргизүү;
16) ушул Кодексте каралган жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү башка маселелерди чечүү.
2. Жайыттарды башкаруу жана аларды пайдаланууга берүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын чектеринде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы жайыттарды башкаруу жана аларды пайдалануу боюнча ыйгарым укуктарын муниципалдык ишканаларга өткөрүп берүүгө укуктуу.
3. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин башкаруу боюнча ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.
4. Жайыттардын абалына мониторинг жүргүзүү жана баа берүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын чектеринде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
II БӨЛҮМ. ЖАРАНДЫК УКУКТАРДЫН ОБЪЕКТИ КАТАРЫ ЖЕР ТИЛКЕСИНЕ БОЛГОН УКУК
3-глава. Жарандык укуктардын жана аны менен болгон бүтүмдөрдүн объекти катары жер тилкесине болгон укук
§ 1. Жалпы жоболор
25-берене. Жер тилкесине болгон укуктун келип чыгышы
Жер тилкесине болгон укук төмөнкүдөй учурларда пайда болот:
1) жер тилкесине укук берүүдө;
2) жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн негизинде жер тилкесине болгон укукту өткөрүп берүүдө;
3) универсалдуу укук мурастоо тартибинде жер тилкесине укуктун өтүшүндө;
4) жер мамилелери чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка негиздерде.
26-берене. Менчик ээлеринин жана жерди пайдалануучулардын милдеттенмелери боюнча жер тилкесин өндүрүп алуу
1. Жер тилкесине болгон укук жеке жана юридикалык жактардын мүлкүнүн курамына кирет, алар өз милдеттенмелери боюнча, банкрот деп табылган учурларды кошуп жооп берет.
2. Менчикте же пайдаланууда турган жер тилкесине Кыргыз Республикасынын күрөө жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте кредиторлордун талаптары боюнча өндүрүп алуу жүргүзүлүшү мүмкүн.
Жер тилкесине болгон менчик укугу же пайдалануу укугу токтотулушу мүмкүн, ал эми кредиторлордун талаптарын канааттандыруу жер тилкесине болгон укукту ачык тооруктарда сатуудан алынган каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
3. Мамлекеттик жана муниципалдык жерди пайдалануучунун пайдалануусунда турган жер тилкесинен өндүрүп алууга болбойт.
4. Айыл чарба багытындагы жер тилкелерине болгон менчик укугу өткөн банктар жана адистештирилген финансы-насыялык мекемелер бул жер тилкелерин ээликтен ажыратуу укугу пайда болгон учурдан тартып 2 жылдын ичинде ишке ашырууга милдеттүү.
§ 2. Жер тилкесин берүү
27-берене. Жер тилкесин жеке менчикке же пайдаланууга берүү
1. Жер тилкесин жеке жана юридикалык жактарга менчикке же пайдаланууга берүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан акысыз же акы төлөө негизинде жүргүзүлөт.
2. Жер тилкесин берүүдө чек аралар иш жүзүндө (жеринде) белгиленгенге жана жер тилкесине кадастрдык план берилгенге чейин жер тилкесин пайдаланууга киришүүгө тыюу салынат.
3. Административдик-аймактык реформанын алкагында кошулган шаарларда жана айылдык аймактарда турак жай куруу үчүн жер тилкесин алууга кезекке катталган жарандар өздөрүнүн мурдагы калктуу конуштарынан жер тилкелерин административдик-аймактык реформа жүргүзүлгөнгө чейин болгон кезектүүлүк тизмеси боюнча алышат.
28-берене. Тоорукта жана түз берүү жолу менен жер тилкесин менчикке же пайдаланууга берүү
1. Ушул берененин 4-6-бөлүктөрүндө каралган учурларды кошпогондо, мамлекеттик же муниципалдык менчиктин жерлери электрондук форматта жүргүзүлүшү мүмкүн болгон тооруктарда сатуу жолу менен менчикке же пайдаланууга берилет.
2. Ушул бөлүктө каралган учурларда, мамлекеттик менчикте турган жер тилкесин тоорук өткөрбөстөн түз берүү, түз сатуу жана/же алмаштыруу жолу менен менчикке же пайдаланууга берүүгө жол берилет.
Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү улуттук жана/же мамлекеттик инвестициялык долбоорлордун тизмегине киргизилген улуттук жана/же мамлекеттик инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жер тилкелерине болгон укук Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечиминин негизинде түздөн-түз менчикке же пайдаланууга берүү жолу менен бекитилет.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген мамлекеттер аралык келишимдерди ишке ашыруу үчүн жер тилкелери ушул Кодекстин 8-беренесинин ченемдерин эске алуу менен тоорук өткөрбөстөн түз сатуу жана/же алмаштыруу жолу менен мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилет.
3. Ушул Кодекстин 29-беренесинде каралган учурларды кошпогондо, жеке же юридикалык жактардын көп батирлүү, көп кабаттуу үйлөрү (турак жана турак эмес жайлары) же башка объекттери курулган убактылуу пайдалануудагы жер тилкелери аларды эксплуатациялоого бергенге чейин тоорук өткөрбөстөн, туз сатуу жолу менен менчикке берилет.
4. Менчикке берилген жер тилкесинин наркы көз карандысыз баалоочулар тарабынан аныкталган жердин рыноктук наркы болуп саналат.
5. Министрлер Кабинети коомдук жана мамлекеттик муктаждыктарды канааттандыруу үчүн аукцион жарыяланганга чейин 30 календардык күн мурун жер тилкесин алып салууга укуктуу.
6. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган жер тилкесин Министрлер Кабинети аныктаган тартипте тоорук өткөрбөстөн жеке өнөктөштөрдүн пайдалануусуна берүүгө жол берилет.
7. Мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган калктуу конуштун чегиндеги жер тилкеси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуу мамлекеттик программасын ишке ашыруу максатында уставдык капиталга мамлекеттин жүз пайыз катышуусу менен мамлекеттик ипотекалык турак жайды насыялоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга мөөнөтсүз пайдаланууга берилиши мүмкүн.
8. Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу мамлекеттик жана муниципалдык милдеттерди ишке ашыруу үчүн жана/же Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуу мамлекеттик программасын ишке ашыруунун алкагында жер тилкесин тоорук өткөрбөстөн менчикке же мөөнөтсүз пайдаланууга берүүгө жана/же алмаштырууга төмөнкүдөй учурларда жол берилет:
1) Министрлер Кабинетинин чечими менен мамлекеттик менчикте турган жүз пайыз мамлекеттик үлүшү бар юридикалык жактарга мөөнөттүү (убактылуу) же мөөнөтсүз пайдаланууга акысыз негизде берүүгө;
2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими менен муниципалдык менчикте турган жүз пайыз мамлекеттик үлүшү бар юридикалык жактарга мөөнөттүү (убактылуу) же мөөнөтсүз пайдаланууга акысыз негизде берүүгө.
9. Мамлекеттик менчикте турган жер тилкелерин тоорук өткөрүү, түз берүү жана/же алмашуу тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
10. Муниципалдык менчикте турган жер тилкелерин тоорук жүргүзүү, түз берүү жана/же алмашуу тартиби тиешелүү жергиликтүү кеңеш тарабынан аныкталат.
11. Өз милдеттерин талаптагыдай аткарган ижарачы келишимдин мөөнөтү аяктагандан кийин башка шарттар бирдей болгондо жаңы мөөнөткө ижара келишимин түзүүгө башка жактардын алдында артыкчылыктуу укукка ээ болот. Ижарачы ижара келишиминде көрсөтүлгөн мөөнөттө, ал эми эгерде келишимде мындай мөөнөт көрсөтүлбөсө - келишимдин колдонулушу аяктаганга чейин жөндүү мөөнөттө ушундай келишим түзүүгө ниети жөнүндө ижарага берүүчүгө жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү. Ижарага берүүчү жаңы мөөнөткө жер тилкесинин ижара келишимин түзүүгө макулдугу же болбосо макул эместиги жөнүндө ижарага алуучуга 15 календардык күндүн ичинде жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү.
Жаңы мөөнөткө жер тилкесинин ижара келишимин түзүүдө келишимдин шарттары тараптардын макулдашуусу боюнча өзгөртүлүшү мүмкүн.
Эгерде ижарага берүүчү жаңы мөөнөткө келишим түзүүдөн ижарага алуучуга жазуу жүзүндө баш тартса, бирок аны менен келишимдин мөөнөтү аяктаган күндөн тартып бир жылдын ичинде башка жак менен ижара келишимин түзсө, ижарага алуучу өз тандоосу боюнча түзүлгөн келишим боюнча укуктарды жана милдеттерди өзүнө которууну, аны менен ижара келишим түзүүдөн баш тартуудан келтирилген чыгашалардын жана алынбай калган пайдаларынын ордун толтурууну же болбосо мындай чыгашалардын гана ордун толтурууну соттон талап кылууга укуктуу. Алынбай калган пайданы кошуп алганда, чыгашанын ордун толтуруу тиешелүү түзүлгөн келишимдин колдонуу мөөнөтүнө толук көлөмдө орду толтурулууга тийиш.
Эгерде ижарага алуучу ижарага берүүчү тарабынан 15 календардык күндүн ичинде жазуу жүзүндөгү каршы пикири болбогондо, келишимдин мөөнөтү аяктагандан кийин жер тилкесин пайдаланууну улантса, келишим мурдагы келишимде белгиленген тиешелүү мөөнөткө ошол эле шарттарда кайра жаңыртылды деп эсептелет.
29-берене. Республикалык маанидеги шаарлардын чектеринде жер тилкесин менчикке берүү учурларынын тизмеги
1. Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары шаардын чектериндеги жер тилкесин төмөнкүдөй учурларда менчикке өткөрүп берет:
1) ушул Кодекс күчүнө киргенге чейин жер тилкелери келишимдин негизинде берилген учурларды кошпогондо, ижарага алынган жер тилкесинде курулган имараттарда жайгашкан, "өзү жасалгалоо" техникалык даярдыгындагы турак жана турак эмес жайлардын 10 пайызы муниципалдык жер пайдалануучу (ижарачы) тарабынан муниципалдык менчикке өткөрүп берилген учурда:
- көп кабаттуу турак үй үчүн - батирлердин жалпы аянтынан же болбосо эквиваленттүү акча каражаты менен;
- көп кабаттуу турак үйлөрдөн тышкары, коммерциялык жана башка объекттер үчүн - жалпы пайдалуу аянтынан же болбосо эквиваленттүү акча каражаты менен;
2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик каттоо органдарында келишимди тариздөө учурунда түзүлгөн бир чарчы метр үчүн рыноктук наркы боюнча пайдалуу аянттын 10 пайыз өлчөмүндөгү акча каражатын муниципалдык жер тилкесин пайдалануучу (ижарачы) тарабынан шаардын бюджетине өткөрүп берген учурда:
- көп кабаттуу турак үй үчүн - батирлердин жалпы аянтынан;
- көп кабаттуу турак үйлөрдөн тышкары коммерциялык жана башка объекттер үчүн - жалпы пайдалуу аянттан;
3) жарым-жартылай жеке менчикте жана жарым-жартылай муниципалдык менчикте (убактылуу пайдаланууда) турган комбинацияланган аймактарда көп кабаттуу турак үйлөрдү, административдик, коммерциялык жана ар кандай багыттагы башка объекттерди куруу учурунда ижарага алынган жер тилкесинде жайгашкан имараттын аянтынын 10 пайызы өлчөмүндөгү аянтты же акча каражаттарын өткөрүп берүү жолу менен сатып алуу жүргүзүлөт. Менчикке берилүүчү жер тилкесинин аянты шаар куруу корутундусунун негизинде архитектуранын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан аныкталат;
4) ижарага алынган жер тилкесин менчик ээси же анын укук мураскери 10 жылдан ашык жок болгон учурда, көп кабаттуу турак үй жайгашкан жер тилкеси жергиликтүү кеңеш тарабынан аныкталган тартипте турак жай менчик ээлеринин шериктигинин менчигине акысыз өткөрүлүп берилет;
5) мамлекеттик программаларды жана милдеттерди ишке ашырган, мамлекеттик жана мамлекеттин жүз пайыздык үлүшү бар башка каражаттардын эсебинен стратегиялык объекттерди курган учурда муниципалдык жер тилкеси менчикке акысыз өткөрүп берилет, ал эми мамлекет аны сатууга, алмаштырууга же рыноктук наркы боюнча күрөөгө коюуга укуктуу, мында бул каражаттар мамлекеттик муктаждыктарга гана багытталууга тийиш.
2. Жерди пайдалануучулар республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен 10 пайызын өткөрүп берүү же болбосо акча каражаттарын 2 айдан кечиктирбестен өткөрүп берүү жөнүндө милдеттенмелерди аткаруу боюнча тиешелүү жарандык-укуктук бүтүм (келишим) түзүүгө милдеттүү, жерди пайдалануучу тарабынан 10 пайызын өткөрүп берүү жөнүндө милдеттенмени аткарган учурдан тартып муниципалдык органдар жер тилкесине болгон укукту күбөлөндүрүүчү документти бир айдын ичинде тариздөөгө милдеттүү.
3. Турак жайларды муниципалдык менчикке өткөрүп берүү боюнча жарандык-укуктук бүтүмдү (келишимди) түзүүдө тараптар өткөрүлүп берилүүчү мүлктүн шарттарын жана техникалык абалын көрсөтүүгө тийиш.
30-берене. Жер тилкесин менчикке же пайдаланууга акысыз берүү
1. Жер тилкеси ыйгарым укуктуу орган тарабынан Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында жеке турак үй куруу үчүн короо-жай тилкеси үчүн үчүнчү жактардын укуктарынан бош жерлер болгондо Кыргыз Республикасынын жарандарына бир жолу акысыз берилет.
Короо-жай тилкесинин ченемдери тиешелүү аймакта ыйгарым укуктуу органдар тарабынан белгиленет.
2. Мамлекеттик жана муниципалдык жерди пайдалануучуларга ыйгарым укуктуу орган тарабынан жер тилкелери пайдаланууга акысыз берилет.
Жерлерди менчикке же пайдаланууга акысыз берүүнүн тартиби Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
3. Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитилген улуттук жана/же мамлекеттик инвестициялык долбоорлордун тизмегине киргизилген улуттук жана/же мамлекеттик инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жер тилкелери акысыз берилет.
31-берене. Жер тилкесине болгон укукту күбөлөндүрүүчү документтер
1. Жер тилкесин менчикке же пайдаланууга берүүдө кадастрдык план жер тилкесине болгон укукту күбөлөндүрүүчү документ болуп саналат.
2. Ыйгарым укуктуу орган жер тилкесине болгон укуктарды берүү жөнүндө документтердин көчүрмөлөрүн электрондук жана/же кагаз түрүндө кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бир жумуш күндүн ичинде жиберет жана алардын берилиши үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
Кадастрдык пландын формасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
32-берене. Айыл чарба багытындагы жерлерди берүүнүн өзгөчөлүктөрү
1. Кыргыз Республикасынын жаранына менчикке берилүүчү жер тилкесинин чектик өлчөмү бош жерлердин болушун жана айыл калкынын айыл чарба жерлери менен камсыз болушун эске алуу менен аныкталат.
2. Кыргыз Республикасынын чек арага чектеш зоналарында жайгашкан жерлер Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын жарандарына жеке менчикке берилиши мүмкүн.
3. Асылдуулугу төмөн жайыттар Кыргыз Республикасынын жарандарына жана юридикалык жактарына өздөштүрүү жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүү үчүн 20 жылдык мөөнөткө Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте жерлердин максаттуу багыты өзгөртүлгөндөн кийин айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин курамына киргизүү менен пайдаланууга берилиши мүмкүн. Бул мөөнөт аяктагандан кийин тараптардын макулдашуусу боюнча жер тилкесин пайдалануу мөөнөттөрү узартылышы мүмкүн.
Жерлердин максаттуу багыты өзгөртүлгөндөн кийин асылдуулугу төмөн жайыттарды пайдаланууга берүүнүн милдеттүү шарты болуп жердин асылдуулугун жогорулатуу эсептелет.
Айыл чарба өндүрүшүн өздөштүрүү жана жүргүзүү үчүн асылдуулугу төмөн жайыттарды берүүнүн тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
4. Фаунанын эндемикалык түрлөрү байыр алган жана өсүмдүктөрдүн эндемикалык түрлөрү өскөн асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлери айыл чарба өндүрүшүн өздөштүрүүгө жана жүргүзүүгө берилүүгө тийиш эмес.
33-берене. Айыл чарба багытындагы эмес жерлерди берүү
1. Улуттук коопсуздукту, коргонуу жөндөмдүүлүгүн, өзгөчө кырдаалдардын алдын алууну жана кесепеттерин жоюуну камсыз кылуу, өнөр жай ишканаларын, турак жай-коммуналдык чарба объекттерин, темир жана автомобиль жолдорун, май куюучу станцияларды, күйүүчү-майлоочу материалдарды сактоочу жайларды, электр берүү линияларын жана магистралдык өткөргүч түтүктөрдү, рекреация объекттерин жана башка объекттерди куруу максатында жер тилкелери айыл чарба багытындагы эмес жерлерден берилет.
2. Аталган максаттар үчүн мамлекеттик токой фондунун жерлеринен жер тилкелерин берүү негизинен токой каптабаган аянттардын эсебинен жүргүзүлөт, буга айыл чарба жерлери же анча баалуу эмес бак-дарактар ээлеген аянттар кирбейт.
3. Электр берүү линияларын, байланыш курулмаларын, магистралдык түтүк өткөргүчтөрдү жана башка линиялык курулмаларды куруу үчүн жер тилкелер негизинен учурдагы жолдорун, жер тилкелеринин чек араларын, ирригациялык тармактын каналдарын бойлото жер тилкелер бөлүнүп берилет.
Ушул бөлүктө каралган максаттар үчүн маданият, айлана-чөйрөнү коргоо, саламаттык сактоо жана курулуш чөйрөсүндөгү тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын оң корутундусу бар болгондо жерлерди которуусуз (трансформациялоосуз) пайдаланууга жол берилет.
34-берене. Жер казынасын пайдалануу үчүн жер тилкелерин берүү
1. Жер казынасын пайдалануу үчүн жер тилкелери кийин милдеттүү түрдө рекультивациялоо менен жер казынасын пайдалануу укугунун мөөнөтүнө убактылуу пайдаланууга гана берилиши мүмкүн.
2. Жер казынасын пайдалануу үчүн жер тилкесинин чектери жана өлчөмдөрү техникалык долбоор же жер астындагы сууларды алуунун технологиялык схемасы менен аныкталат.
3. Айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүндөгү жоготуулардын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруунун наркынын суммасын төлөө жер казынасын пайдалануучу тарабынан укук күбөлөндүрүүчү документтер берилгенге чейин жүргүзүлөт.
Өзгөчө баалуу айыл чарба жерлерин жана өзгөчө корголуучу жаратылыш жана тарыхый-маданий аймактарды кошпогондо, жер тилкелери пайдалуу кендерди иштетүү жана инфратүзүм объекттерин куруу үчүн берилүүчү тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын оң корутундусу бар болгондо жер казынасын пайдалануучуга Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жердин башка категориясына которуусуз (трансформациялоосуз) берилет.
Лицензияны колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин жер казынасын пайдалануучу жер казынасы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер тилкесине рекультивациялоо жүргүзөт.
4. Эгерде пайдалуу кен чыккан жерлер табылган жер тилкеси менчикте же мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууда болсо, анда мамлекет иштетүү жана жер тилкесин алып коюу жөнүндө чечим кабыл алган учурда менчик ээси же жерди пайдалануучу тарткан чыгымдардын ордун толтурууга же башка жер тилкесин берүүгө милдеттүү.
35-берене. Пайдалуу кендер жаткан аянттарда курулуш куруунун шарттары
1. Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан долбоорлонуп жаткан курулуштун жер тилкелеринин астындагы жер казынасында пайдалуу кендердин бар же жок экендиги жөнүндө корутунду алынганга чейин калктуу конуштарды, өнөр жай комплекстерин жана башка коштоочу объекттерди долбоорлоого жана курууга тыюу салынат.
2. Жер казынасын пайдалануу үчүн жерлерде пайдалуу кендер жаткан аянттарда курулуш курууга, ошондой эле алар жаткан жерлерде пайдалуу кендерди иштетүү менен байланышпаган жер астындагы курулуштарды жайгаштырууга жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча төмөнкүдөй өзгөчө учурларда жол берилет:
1) эгерде келечектеги иштетүүдөн жер бетинин эсептелген деформациясы курулуучу объект үчүн жол берилген маанилерден ашпаса;
2) эгерде курулуучу объект үчүн аянтча пайдалуу кендердин иштетилген запастарынын үстүндө тандалган болсо.
3. Ушул берененин 2-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарынын талаптары байланыш курулмаларын куруу жана/же орнотуу үчүн, ошондой эле электр берүү линияларын орнотуу үчүн 36 м2тан ашпаган жер тилкелерин берүү учурларына жайылтылбайт.
36-берене. Жер казынасын геологиялык изилдөөдө жер тилкесин пайдалануу
1. Жер казынасын геологиялык изилдөөдө (пайдалуу кендерди издөө, чалгындоо жана башка долбоорлоо-изилдөө иштери) жер казынасын пайдалануучуга маданият, айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын оң корутундусу бар болгондо жер тилкесин убактылуу пайдаланууга жергиликтүү мамлекеттик администрациянын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жазуу жүзүндөгү макулдугу берилет.
2. Жер казынасын геологиялык изилдөөдө жер катмарынын бүтүндүгүн бузуу менен (пайдалуу кендерди чалгындоо жана башка долбоорлоо-изилдөө иштери) жер казынасын пайдалануучуга жер катмарынын бүтүндүгүн бузгандыгы жана андан ары жер тилкесин рекультивациялоо үчүн милдеттүү түрдө акы төлөө менен жергиликтүү мамлекеттик администрациянын же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын жер тилкесин убактылуу пайдаланууга жазуу жүзүндөгү макулдугу берилет.
3. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын жер тилкесин мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүүгө макулдугу жер тилкесин ижаралоо боюнча бүтүм болуп саналбайт, аны пайдаланууга берүү үчүн төлөм жер казынасын пайдалануучудан алынбайт.
4. Жер казынасын геологиялык изилдөө жүргүзүүгө жергиликтүү мамлекеттик администрациянын же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын макулдугу берилген жерлер жер тилкесинин укук ээси тарабынан айыл чарба муктаждыктары үчүн пайдаланылат.
§ 3. Жер тилкесин өткөрүп берүү
37-берене. Жер тилкесин өткөрүп берүү
1. Эгерде ушул Кодексте, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында, жер тилкесин берүүнүн шарттарында башкача каралбаса, жер тилкесинин менчик ээси же жерди пайдалануучу өзүнө таандык жер тилкесине болгон укукту мамлекеттик органдардын кандайдыр бир уруксатысыз башка жеке же юридикалык жакка толугу менен же бир бөлүгүн өткөрүп берүүгө укуктуу.
2. Менчик ээси же жер пайдалануучу тарабынан жер тилкесине болгон менчик же пайдалануу укугун башка жеке же юридикалык жакка өткөрүп берүүдө жер тилкеси үчүн акы төлөөнүн өлчөмү тараптардын макулдашуусу менен аныкталат.
3. Жер тилкесинин бир бөлүгү менен бүтүмдөрдү түзүү жер тилкеси өз алдынча бөлүктөргө бөлүнгөндөн кийин, мамлекеттик каттоого алуу менен жүргүзүлөт.
Менчик ээси же жерди пайдалануучу тарабынан байланыш курулмаларын жана электр берүү линияларын куруу жана/же орнотуу үчүн жер тилкесинин бир бөлүгүн менчик ээсине же жерди пайдалануучуга убактылуу пайдаланууга өткөрүп берүүгө жол берилет.
4. Мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануудагы жер тилкеси, мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануунун калган мөөнөтүнө башка жакка өткөрүп берилиши мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жер тилкесине болгон менчик укугун жер тилкесин убактылуу пайдалануу укугуна өзгөртүү үчүн негиз болуп саналат.
5. Жер реформасын жүргүзүүнүн натыйжасында Кыргыз Республикасынын жаранынын жеке менчигинде турган жер үлүшү - айыл чарба жерлери менен бүтүм жасоодо ал айыл чарба жеринин жер тилкеси катары жаңы укук ээсине өтөт.
6. Жер тилкесине болгон жеке менчик же мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугун өткөрүп берүүдө жаңы менчик ээси же жерди пайдалануучу жөнүндө маалыматтар кадастрдык планда көрсөтүлөт.
38-берене. Айыл чарба багытындагы жерлерде чарба жүргүзүүнүн формалары
1. Айыл чарба жерлеринин менчик ээси биргелешкен менчикке (үй-бүлөлүк фермердик чарбаларына) негизделген жерде чарба жүргүзүүнүн башка формаларын түзүүгө, ошондой эле айыл чарба багытындагы кооперативдерге биригүүгө жана кооперативге же жөнөкөй шериктештикке менчик укугунда ага таандык болгон айыл чарба жерин пайдаланууга берүү менен жөнөкөй шериктештиктерди түзүүгө укуктуу. Айыл чарба жерлеринин менчик ээсинин жерди мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү жөнүндө эркин билдирүүсү жазуу жүзүндө түзүлгөн келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат.
2. Айыл чарба жеринин менчик ээси жер тилкесин менчикке өткөрүп берүү укугусуз чет өлкөлүк жарандар жана чет өлкөлүк катышуусу бар юридикалык жактар менен чарба жүргүзүүнүн биргелешкен формаларын түзүүгө укуктуу.
§ 4. Универсалдуу укук мурастоо тартибинде жер тилкесине болгон укуктун өтүшү
39-берене. Универсалдуу укук мурастоо тартибинде жер тилкесине болгон укуктун өтүшү
1. Жер тилкесине болгон укук Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык универсалдуу укук мурастоо тартибинде (мурастоо, кайра уюштуруу) жеке жана юридикалык жактан башка жакка өтүшү мүмкүн.
2. Эгерде жер тилкесинин мураскору чет өлкөлүк жак болуп калса, ал жер тилкесине болгон укук пайда болгон учурдан тартып бир жылдын ичинде аны Кыргыз Республикасынын субъектине ажыратууга милдеттүү.
3. Эгерде чет өлкөлүк жарандыгы бар мекендеш статусун алган чет өлкөлүк жаран жер тилкесинин мураскору болуп калса, ал жер тилкесине болгон укук пайда болгон учурдан тартып 10 жылдын ичинде аны Кыргыз Республикасынын субъектине ажыратууга милдеттүү.
4. Эгерде чет өлкөлүк жак тарабынан мурас боюнча өткөн жер тилкесине болгон укук ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мөөнөттө ээликтен ажыратылбаган учурда, ээликтен ажыратуу Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 283-статьясында каралган тартипте жүргүзүлөт.
5. Эгерде чет өлкөлүк жарандыгы бар мекендештин статусун алган чет өлкөлүк жаран ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мөөнөттө жер тилкесине болгон укукту ээликтен ажыратпаса, анда аны ажыратуу Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 283-статьясынын 2-пунктунда каралган тартипте жүргүзүлөт.
40-берене. Ипотеканын предмети
1. Жер тилкесине болгон укук ипотека предмети болушу мүмкүн.
2. Жер тилкесине болгон укук ипотекасы менен байланышкан мамилелер ушул Кодексте белгиленген өзгөчөлүктөрү менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жөнгө салынат.
41-берене. Жер тилкесине болгон укуктун ипотекасын чектөө
1. Жер тилкесине болгон укуктун ипотекасы чет өлкөлүк жаранга карата белгиленген чектөөлөр менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жөнгө салынат.
2. Эгерде жер тилкесинин бир бөлүгү өз алдынча жер тилкесине бөлүнбөсө, жер тилкесине болгон укуктун ипотекасына жол берилбейт.
42-берене. Имараттар жана/же курулмалар турган жер тилкесине болгон укуктун ипотекасы
1. Эгерде мыйзамда башкача белгиленбесе, эгерде жер тилкесинде имараттар жана/же курулмалар жайгашкан болсо, ошол жер тилкесине болгон укуктун ипотекасы, бир эле учурда көрсөтүлгөн имараттарга жана курулмаларга болгон укуктук ипотекасы менен коштолот.
2. Эгерде жер тилкесинде жалпы менчикте турган имараттар жана/же курулмалар жайгашкан болсо, имараттын жана/же курулманын бир бөлүгүнө болгон укук ипотекасы жалпы пайдаланууда же жалпы (биргелешкен, үлүштүк) менчикте турган жер тилкесиндеги күрөө берүүчүнүн үлүшү бир эле учурда ипотекага бериле тургандыгын билдирет.
4-глава. Жер тилкесин жалпы пайдалануу
43-берене. Бөлүнүүчү жана бөлүнбөс жер тилкелери
1. Жер тилкеси бөлүнүүчү жана бөлүнбөс болушу мүмкүн. Максаттуу багытын өзгөртпөстөн жана өрткө каршы, санитардык, экологиялык, шаар куруу ченемдерин жана эрежелерин бузбастан бөлүктөргө бөлүнүшү мүмкүн болгон жер тилкеси бөлүнүүчү жер тилкеси болуп саналат, алардын ар бири бөлүнгөндөн кийин өз алдынча жер тилкесин түзөт.
2. Жер мамилелери чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган укук ээси укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтердин көчүрмөлөрүн тиркөө менен тиешелүү арыз менен кайрылганда бөлүнүүчү жер тилкелерин бөлүүгө (бөлүштүрүүгө) баштапкы жер тилкесине бириктирүүгө укуктуу.
3. Жер тилкесин бөлүүдө (бөлүштүрүүдө) бир нече жер тилкелери түзүлөт, ал эми бөлүүдө (бөлүштүрүүдө) жер тилкелери түзүлгөн жер тилкеси жок болот.
Жер тилкесин бөлүүдө (бөлүштүрүүдө) анын менчик ээсинде бөлүштүрүүнүн натыйжасында түзүлүүчү бардык жер тилкелерине болгон менчик укугу пайда болот.
Эгерде мындай катышуучулардын ортосундагы макулдашууда башкача белгиленбесе, жалпы менчикте турган жер тилкесин бөлүүдө (бөлүштүрүүдө) жалпы менчиктин катышуучулары, мындай бөлүштүрүүнүн натыйжасында түзүлүүчү бардык жер тилкелерине болгон жалпы менчик укугун сактап калат.
4. Мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган жана туруктуу (мөөнөтсүз) пайдалануу, ижарага берүү же акысыз пайдалануу укугунда берилген жер тилкесин бөлүү (бөлүштүрүү) жер мамилелери чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан архитектура органдарынын корутундусунун негизинде жүзөгө ашырылат.
5. Чектеш жер тилкелерин бириктирүүдө бир жер тилкеси түзүлөт жана мындай чектеш жер тилкелеринин бар болушу токтотулат.
Жер тилкелерин бириктирүүдө менчик ээсинде түзүлүүчү жер тилкесине болгон менчик укугу пайда болот.
Ар кандай жактарга менчик укугунда таандык болгон жер тилкелерин бириктирүүдө мындай жактарда түзүлүүчү жер тилкелерине жалпы менчик укугу пайда болот.
Жалпы менчик укугунда ар кандай жактарга таандык болгон жер тилкелерин бириктирүүдө аларда Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык түзүлүүчү жер тилкесине болгон жалпы менчик укугу пайда болот.
6. Менчик ээсинин жана күрөө кармоочунун макулдугу менен күрөөгө коюлган жер тилкесин бириктирүүгө жана бөлүүгө жол берилет. Эгерде тараптардын макулдашуусунда башкача каралбаса, мында күрөө укугу бүтүндөй түзүлгөн жер тилкесине жайылтылат.
7. Жер тилкесинин бөлүнбөстүгү архитектура органдарынын маалыматтарынын негизинде кадастрдык планда чагылдырылат.
44-берене. Жер тилкесине болгон жалпы менчик (биргелешкен, үлүштүк) же жер тилкесин жалпы (биргелешкен, үлүштүк) пайдалануу
1. Эки же андан ашык жактарга жеке менчикке же пайдалануу укугуна бекитилип берилген жер тилкесин аларга жалпы менчик (биргелешкен, үлүштүк) же жалпы (биргелешкен, үлүштүк) пайдалануу укугунда таандык болот.
2. Жеке менчикке же пайдалануу укугуна бекитилип берилген жер тилкеси үлүшүн аныктоо менен же үлүшүн аныктабастан жалпы менчикте же пайдаланууда болушу мүмкүн.
45-берене. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бөлүнбөс деп таанылган жер тилкесин бөлүүгө жол берилбестик
1. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер тилкеси бөлүнбөс деп таанылса, аны бөлүүгө жана андан натуралай жер үлүшүн бөлүп алууга жол берилбейт.
2. Эгерде үлүштү натуралай бөлүп берүүгө жол берилбесе, бөлүп алган катышуучу ага анын үлүшүнүн наркын төлөп берүүгө укуктуу.
5-глава. Имараттар, курулмалар жана жер тилкесине болгон укук
46-берене. Имараттын жана/же курулманын жана жер тилкесинин ортосундагы өз ара байланыш
1. Имарат жана/же курулма ушул имаратка жана курулмага бекитилип берилген жер тилкесине болгон укуктан ажыратылбайт.
2. Имараттын жана/же курулманын менчик ээси бул имаратка жана курулмага өзү каалагандай ээлик кылууга, пайдаланууга жана тескөөгө, анын ичинде эгерде бул жер тилкесин пайдалануунун шарттарына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболоруна каршы келбесе, аларды бузууга укуктуу.
3. Эгерде тараптардын макулдашуусунда башкача каралбаса, жер тилкеси убактылуу пайдаланууга өтүп жаткан чет өлкөлүк жактарды кошпогондо, имаратка жана/же курулмага же алардын бөлүгүнө болгон менчик укугун башка адамга өткөрүп берүүдө, өткөрүүдө, ипотекалоодо ал имараттын жана/же курулманын мурдагы менчик ээси менен бирдей шартта жана көлөмдө ушул имаратка жана/же курулмага бекитилип берилген жер тилкесине болгон укукка ээ болот.
4. Убактылуу пайдаланууга берилген жер тилкелерине имараттарды жана/же курулмаларды курууга укук белгилөөчү документте көрсөтүлгөн жер тилкесинин максаттуу багытына ылайык жол берилет.
47-берене. Жалпы менчикте турган имараттар жана/же курулмалар жана жер тилкесине болгон укук
Эгерде имарат жана/же курулма жалпы менчикте турган болсо, имарат жана/же курулма жайгашкан жер тилкесине болгон укук имараттын жана курулманын менчик ээлерине жер тилкеси жалпы менчик же жалпы пайдалануу укугунда таандык болот.
48-берене. Бир нече батирлер жана/же турак эмес жайлар жайгашкан үйдүн жанындагы жер тилкесине болгон укук
1. Ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, бир нече батирлер жана/же турак эмес жайлар (көп батирлүү үйлөр) жайгашкан үйдүн жанындагы жер тилкеси бөлүнбөс болуп саналат жана батирлердин жана/же турак эмес жайлардын менчик ээлерине жалпы үлүштүк менчик укугунда таандык болот.
Батирге жана/же турак эмес жайга болгон менчик укугун жер тилкесине болгон жалпы үлүштүк менчик укугундагы үлүштү өткөрүп берүүсүз, өткөрүүсүз, ипотекасыз берүүгө, өткөрүүгө, ипотекага, ошондой эле бул үлүштү батирге жана (же) турак эмес жайга менчик укугунан өзүнчө өткөрүп берүүгө, өткөрүүгө, ипотекалоого жол берилбейт.
2. Көп батирлүү бир кабаттуу үй алдындагы жер тилкеси ушул Кодекстин 43-беренесинин 1-пунктунун талаптары сакталган шартта жана ошол үйдө жайгашкан турак жана/же турак эмес жайлардын ээлеринин көпчүлүгүнүн макулдугу менен бөлүнүшү мүмкүн. Бир кабаттуу көп батирлүү үйдүн жанындагы жалпы үлүштүк менчикте турган жер тилкесин бөлүштүрүү укук белгилөөчү жана/же укук күбөлөндүрүүчү документтерде көрсөтүлгөн менчик ээлерине таандык болгон үлүштөргө пропорционалдуу жүзөгө ашырылат.
49-берене. Жер тилкесине болгон укук токтотулганда имарат жана курулма
1. Жер тилкесине болгон укук токтотулганда жер тилкесинде жайгашкан имараттын жана/же курулманын келечеги анын менчик ээси тарабынан аныкталат.
2. Табигый кырсыктардын келип чыгуу коркунучунда менчик ээлеринин коопсуз райондорго көчүрүлүшүнө байланыштуу жер тилкесине болгон укук токтотулган учурда жер тилкесинде калган имараттар жана/же курулмалар милдеттүү түрдө бузулууга/көчүрүлүүгө тийиш.
3. Табигый кырсыктардын келип чыгуу коркунучунда менчик ээлеринин коопсуз райондорго көчүрүлүшүнө байланыштуу курулмалары бар жер тилкесине болгон укукту токтотууну каттоо өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча ыйгарым укуктуу органдын корутундусунун негизинде жүргүзүлөт.
50-берене. Имараттарды жана/же курулмаларды бузган учурда жер тилкесине болгон укуктун сакталышы
Өрттүн, табигый кырсыктардын, эскирүүнүн жана башка себептердин кесепетинен имараттын жана/же курулманын бузулушу жер тилкесине болгон укукту токтотуу үчүн негиз болуп саналбайт.
6-глава. Жер тилкелеринин менчик ээлеринин жана жерди пайдалануучулардын укуктары жана милдеттери. Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана алардын бирикмелеринин жер тилкелерин коргоо жана пайдаланылышын контролдоо боюнча укуктары
51-берене. Жер тилкесинин менчик ээсинин жана жерди пайдалануучунун укуктары
1. Эгерде мыйзамда, укук белгилөөчү документте же келишимде башкача каралбаса, жер тилкесинин менчик ээси жана жерди пайдалануучу төмөнкүлөргө укуктуу:
1) жерди максаттуу багыты боюнча пайдалануу менен анда өз алдынча чарба жүргүзүүгө;
2) жер тилкесине болгон укукту бузууга, анын эркинен тышкары жер тилкесине басып кирүүгө болгон ар кандай аракеттерге бөгөт коюуга;
3) айыл чарба жана башка өсүмдүктөрдү жана көчөттөрдү отургузууга жана себүүгө, жер тилкесин пайдалануунун натыйжасында алынган айыл чарба жана башка өсүмдүктөргө жана аны сатуудан түшкөн кирешеге менчик укугуна;
4) жер тилкесинде жайгашкан жалпы таралган пайдалуу кендердин жер бетине чыгуучу майда кендерин, токой жерлерин, суу объекттерин пайдаланууга, ошондой эле жердин башка пайдалуу касиеттерин эксплуатациялоого;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда чыгымдардын ордун толтуртуп алууга;
6) архитектуралык-пландоо, курулуш, авиациялык, экологиялык, тарыхый-маданий, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка талаптарды, ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди сактоо менен жер тилкесинин максаттуу багытына карама-каршы келбеген объекттерди курууну жүзөгө ашырууга;
7) курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык жана башка атайын талаптарга ылайык сугат, кургатуу, маданий-техникалык жана башка мелиорациялык иштерди жүргүзүүгө;
8) ушул Кодексте белгиленген чектөөлөр менен бирге жер тилкесине укук менен жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө, ошондой эле үч жылга чейинки мөөнөткө өз алдынча жер тилкесине бөлбөстөн, жер тилкесинин бир бөлүгүн үчүнчү жактарга пайдаланууга берүүгө;
9) ушул Кодексте каралган башка аракеттерди жасоого.
2. Бузулган укуктар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте калыбына келтирилүүгө тийиш.
52-берене. Жер тилкесинин менчик ээсинин жана жер пайдалануучунун милдеттери
1. Жер тилкесинин менчик ээси жана жер пайдалануучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) жеке менчикте турган айыл чарба жерлерин, жерлердин бир түрүнөн башкасына которбостон (трансформациялабастан) айыл чарба продукциясын өндүрүү үчүн пайдаланууну камсыз кылууга;
2) Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин жана мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган жерлерди максаттуу багытына жана аларды берүү шарттарына ылайык пайдаланууну камсыз кылууга;
3) курчап турган чөйрөнү коргоо, тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу боюнча талаптарды сактоого;
4) топурактын асылдуулугун начарлатпоого, дыйканчылык тутумдарын колдонууга жана өсүмдүктөрдү өстүрүүнүн сарамжалдуу ыкмаларын пайдаланууга;
5) жер салыгын жана жер үчүн ижара акысын өз убагында төлөп турууга;
6) чектеш жер тилкелеринин менчик ээлеринин, жер пайдалануучулардын жана башка адамдардын укуктарын бузбоого;
7) сугат айдоо жерине көп жылдык мөмө-жемиш дарактарын өстүрүү үчүн чектеш жер тилкелеринин менчик ээлеринин макулдугун алууга;
8) токой, суу жана башка жаратылыш ресурстарын пайдалануу тартибин сактоого;
9) жер тилкесинде курулушту жүзөгө ашырууда колдонулуп жүргөн архитектуралык-пландоо, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоого;
10) Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган мамлекеттик органдарга жерлердин жана жаратылыш ресурстарынын абалы жана пайдаланылышы жөнүндө маалыматтарды өз убагында берүүгө;
11) ушул Кодекстин 54-беренесинде каралган тартипте сервитут берүүнү камсыз кылууга;
12) тарыхый-маданий баалуулуктарга кирген объекттер, предметтер жана табылгалар табылган учурда тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте аларды мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүгө.
2. Жер тилкелеринин менчик ээлеринин жана жер пайдалануучулардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана жер тилкесине укук жөнүндө документтерде каралган башка милдеттери да болушу мүмкүн.
53-берене. Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана алардын коомдук бирикмелеринин жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү укуктары
1. Кыргыз Республикасынын жарандары жана алардын коомдук бирикмелери калктын кызыкчылыктарына тиешеси бар жерлерди пайдалануу жана коргоо боюнча маселелерди калктын чогулуштары аркылуу кароого катышууга укуктуу.
2. Кыргыз Республикасынын жарандары жана алардын коомдук бирикмелери жерлерди пайдалануу жана коргоо, курчап турган чөйрөнү коргоону жакшыртуу боюнча чараларды жүзөгө ашырууда мамлекеттик органдарга көмөк көрсөтөт.
3. Мамлекеттик органдар иши калктын кызыкчылыктарына аларды ишке ашыруунун бардык этаптарында тиешеси болгон объекттерди жайгаштыруу үчүн жерлерди алып коюу жана берүү жөнүндө калкка маалымдайт.
7-глава. Сервитуттар
54-берене. Сервитутту белгилөө
1. Сервитут тараптардын макулдашуусу боюнча (ыктыярдуу сервитут) же зарыл болгон учурда ыйгарым укуктуу органдын чечиминин негизинде (мажбурлаган сервитут) белгилениши мүмкүн.
2. Жер тилкесине сервитут тарабынан чектөө жер тилкесинин менчик ээсин же жер пайдалануучуну жер тилкесин пайдалануу жана тескөө укугунан ажыратпайт.
55-берене. Ыктыярдуу сервитут
Сервитут белгилөө жөнүндө келишимге (ыктыярдуу сервитут) төмөнкүлөр кирет:
1) сервитут белгиленген жер тилкесинин жана кызыкчылыгы үчүн сервитут белгиленген жер тилкесинин сүрөттөлүшү;
2) сервитутту белгилөөнүн шарттары жана мөөнөттөрү;
3) сервитуттун турган ордун көрсөтүү менен жер тилкесинин планы же картасы киргизилет.
56-берене. Мажбурлоо сервитуту
1. Мажбурлоо сервитуту ыйгарым укуктуу органдын чечиминин негизинде келип чыгышы мүмкүн.
2. Сервитут белгилөөнү же белгилөөдөн баш тартууну караган ыйгарым укуктуу органдын чечими сервитут белгилөөгө кызыкдар жак же жер тилкесинин менчик ээси же жерди пайдалануучу тарабынан сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.
57-берене. Мажбурлоо сервитутун белгилөөнүн максаттары
1. Ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында каралган учурларда ыйгарым укуктуу орган кызыкдар жактын талабы боюнча мажбурлоо сервитутун белгилөөгө укуктуу.
2. Мажбурлоо сервитуту төмөнкүлөрдү камсыз кылуу үчүн белгилениши мүмкүн:
1) эгерде жер тилкесине жетүүнүн башка жолу мүмкүн болбосо, өтө кыйын болсо же өлчөөсүз чыгымдарды талап кылса, жер тилкесине кирүүнү;
2) электр берүү, байланыш линияларын тартууну жана эксплуатациялоону, суу менен камсыз кылууну, жылуулук менен камсыз кылууну, мелиорацияны жана мажбурлоо сервитутун белгилөөсүз камсыз кылынышы мүмкүн болбогон башка муктаждыктарды.
58-берене. Мажбурлоо сервитутун белгилөө менен байланышкан зыяндардын ордун толтуруу. Мажбурлоо сервитуту үчүн акы төлөө
1. Мажбурлоо сервитутун белгилөө менен жер тилкесинин менчик ээсине же жерди пайдалануучуга келтирилген зыяндын орду кызыкчылыктары үчүн сервитут белгиленип жаткан адам тарабынан толтурулууга тийиш.
2. Чыгашалардын өлчөмү ыйгарым укуктуу орган тарабынан, ал эми жер тилкесинин менчик ээси же жер пайдалануучу макул болбогон учурда - сот органы тарабынан аныкталат.
3. Жер тилкесинин менчик ээси же жер тилкесине болгон мажбурлоо сервитуту белгиленген жер пайдалануучу зыяндардын ордун толтуруунун ордуна кызыкчылыктары үчүн сервитут белгиленген менчик ээсинен же жер пайдалануучудан бирдей акы талап кылууга укуктуу.
59-берене. Жер тилкесине болгон укукту өткөрүп берүүдө, өткөрүүдө сервитуттун сакталышы
1. Жер тилкесине болгон укукту өткөрүп берүү, өткөрүү учурунда сервитут сакталып калат.
2. Сервитут сатып алуу-сатуунун, күрөөгө коюунун өз алдынча предмети боло албайт жана жер тилкесинин менчик ээлери же жер пайдалануучулары болуп саналбаган, пайдаланууну камсыз кылуу үчүн сервитут белгиленген адамдарга кандайдыр бир ыкма менен берилиши мүмкүн эмес.
60-берене. Сервитутту токтотуу
1. Келишим боюнча келип чыккан сервитут белгисиз мөөнөткө же келишимде каралган мөөнөткө белгилениши мүмкүн.
2. Мажбурлоо сервитуту ыйгарым укуктуу органдын же сот органынын чечими боюнча сервитут белгиленген негиздер токтотулганына байланыштуу жокко чыгарылышы мүмкүн.
3. Сервитут тарабынан чектөөнүн натыйжасында жер тилкеси багытына ылайык пайдаланылышы мүмкүн болбогон учурларда, жер тилкесинин менчик ээси же жер пайдалануучу ошол жер тилкесине болгон чектөөнү алып салууну сот тартибинде талап кылууга укуктуу.
8-глава. Долбоорлоо-изилдөө иштерин жүргүзүү жана жер казынасын пайдалануу үчүн жер тилкелерин пайдалануунун тартиби
61-берене. Долбоорлоо-изилдөө иштерин жүргүзүү жана жер казынасын пайдалануу үчүн жер тилкелерин пайдалануу
1. Мамлекет тарабынан ыйгарым укук берилген адам ыйгарым укуктуу органдын уруксатынын жана жер тилкесинин менчик ээси же жерди пайдалануучу менен келишимдин негизинде жер тилкесин алып койбостон геологиялык-чалгындоо, издөө, топографиялык-геодезиялык, кыртыштык, археологиялык, илимий-изилдөө жана башка долбоорлоо-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн анын максаттуу багытына карабастан жер тилкесине жетүүгө укуктуу.
2. Пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү, пайдалуу кендерди казып алуу менен байланышпаган жер астындагы курулмаларды куруу жана эксплуатациялоо үчүн жер тилкесин ээлөөгө уруксат ушул Кодекстин 17-24-беренелеринде көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу орган тарабынан техникалык долбоордо аныкталган жана лицензиялык макулдашууда белгиленген чектерде жана мөөнөттөрдө берилет.
62-берене. Долбоорлоо-изилдөө иштерин жүзөгө ашыруучу жеке жана юридикалык жактардын укуктары жана милдеттери
1. Мамлекет тарабынан ыйгарым укук берилген долбоорлоо-изилдөө иштерин жүзөгө ашыруучу адам алынган уруксатка ылайык жеңилдетилген типтеги курулмаларды жана курулуштарды курууга, изилдөөлөрдүн муктаждыктары үчүн жер тилкесин пайдаланууга укуктуу.
2. Мамлекет тарабынан ыйгарым укук берилген долбоорлоо-изилдөө иштерин жүзөгө ашыруучу адам өз эсебинен жер тилкелерин мүмкүн болушунча алгачкы абалына келтирүүгө, ал эми мүмкүн болбогон учурда жер тилкесинин менчик ээсине же жерди пайдалануучуга жер тилкесинин наркынын төмөндөшүнөн пайда болгон чыгымдардын ордун толтуруп берүүгө милдеттүү.
3. Мамлекет тарабынан ыйгарым укук берилген жер тилкесинин менчик ээсинин же жер пайдалануучунун бул жерлерди пайдалануусун толук же жарым-жартылай чектеген долбоорлоо-изилдөө иштерин жүргүзгөн адам ал келтирген зыяндын ордун, анын ичинде алынбай калган пайданы жана жер үчүн акыны толугу менен толтурат.
9-глава. Жер тилкесине болгон укукту токтотуу
63-берене. Жер тилкесине болгон укукту токтотуу
Төмөнкүдөй учурларда жер тилкесине болгон укук токтотулат:
1) жер тилкесине болгон укук башка адамга ээликтен ажыратылганда;
2) кредиторлордун талаптары боюнча менчикте же пайдалануу укугунда турган жер тилкесин өндүрүп алууда;
3) мураскорлору жок болгон учурда, жер тилкесинин менчик ээси же жер пайдалануучу каза болгондо;
4) жер тилкесинин менчик ээси же жер пайдалануучу жер тилкесине болгон укугунан ыктыярдуу баш тартканда;
5) жер тилкесин пайдалануу мөөнөтү бүткөндө;
6) табигый кырсыктын натыйжасында жер тилкесин андан ары пайдаланууга мүмкүн болбогондо;
7) ушул Кодекстин онунчу главасында каралган тартипте жана негиздер боюнча жер тилкеси алып коюлганда;
8) мамлекеттик же муниципалдык жерди пайдалануучу, коомдук бирикме, коомдук фонд жана диний уюм жоюлганда;
9) ипотекалык турак жай куруу учурун кошпогондо, айыл чарба багытындагы жер тилкесинин менчик ээси Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан учурда;
10) концессиялык келишимдин, тоо концессиясы жөнүндө келишимдин, продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуунун, ошондой эле жер казынасын пайдалануу укугунун колдонулушу токтотулганда;
11) мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында түзүлгөн макулдашууну колдонуу токтотулганда;
12) жер тилкесинин ижара келишими бузулганда;
13) айыл чарба жерлеринде жайгашкан жерге мунапыс берүү объекти боюнча жеке менчик укугун бекитип берүү жөнүндө чечим кабыл алынганда;
14) "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурларда жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жер казынасын пайдалануу укуктары жокко чыгарылганда.
64-берене. Табигый кырсыктын натыйжасында андан ары пайдалануу мүмкүн болбогондо жер тилкесине болгон укуктун токтотулушу
1. Эгерде табигый кырсыктын же өзгөчө кырдаалдын натыйжасында тынчтык жана согуш мезгилинде турак үйү бар короо-жай тилкесин же берилген короо-жай тилкеси андан ары пайдаланууга мүмкүн болбосо, пайдаланууга жараксыз деп таанылган жер тилкесинин өлчөмүнө карабастан, ошол калктуу конуш үчүн белгиленген ченемдер боюнча башка короо-жай тилкеси акысыз берилет.
2. Табигый кырсыктын натыйжасында андан ары пайдалануу мүмкүн болбогон короо-жай тилкесине болгон укукту токтотуу жөнүндө чечим аны берген орган тарабынан соттон тышкары тартипте кабыл алынат.
65-берене. Жер тилкесине болгон укук токтотулганда жер тилкесинин мамлекетке же муниципалдык менчик ээсине өтүшү
1. Ушул Кодекстин 63-беренесинин 3, 4, 5, 7, 9, 12-пункттарында жана 67-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 3-пункттарында каралган негиздер боюнча жер тилкесине болгон укук токтотулган учурда жер тилкелери мамлекеттик же муниципалдык менчик ээсине өтөт.
2. Жер тилкесине болгон менчик укугунун токтотулушу 63-берененин 10-пунктунда каралган негиздер боюнча ушул Кодекстин 39-беренесинин 2 жана 3-бөлүктөрүндө аныкталган тартипте жүргүзүлөт.
10-глава. Жер тилкесин алып коюу
66-берене. Жер тилкесин алып коюу
1. Ушул Кодекстин 67-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7-пунктунда, 70 жана 71-беренелеринде каралган учурларды кошпогондо, жер тилкесин алып коюу жер тилкесине болгон укукту токтотуунун өзгөчө чарасы болуп саналат жана жер тилкесинин менчик ээси орун алган бузууларды жоюу жөнүндө кат жүзүндө эскертилгенден кийин сот тарабынан гана колдонулат.
2. Ыйгарым укуктуу органдын эскертүүсү төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) жер тилкесинин менчик ээси же жерди пайдалануучу тарабынан жол берилген бузууларды жана аны четтетүү үчүн зарыл болгон чараларды;
2) бузуулар четтетилүүгө тийиш болгон мөөнөттөрдү;
3) эскертүүнү аткарбоонун натыйжасын;
4) жер тилкесинин менчик ээсинин же жерди пайдалануучунун эскертүүгө даттануу ыкмасын.
67-берене. Жер тилкесин алып коюунун негиздери
1. Жер тилкесин алып коюуга төмөнкүдөй учурларда жол берилет:
1) жер тилкесин анын максаттуу багытын бузуу менен пайдаланганда;
2) ушул главага ылайык коомдук жана мамлекеттик муктаждыктар үчүн жер тилкесин алып коюуда (сатып алууда);
3) айыл чарба өндүрүшү үчүн берилген жер тилкесин же жер тилкесинин бир бөлүгүн 3 жыл ичинде пайдаланбаганда;
4) айыл чарбалык эмес өндүрүш үчүн берилген жер тилкесин 5 жыл ичинде пайдаланбаганда;
5) капиталдык эмес курулуш укугу менен туристтик максаттар үчүн берилген жайыттарды 3 жыл ичинде пайдаланбаганда;
6) Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу мамлекеттик программаларды жана милдеттерди ишке ашыруу үчүн уставдык капиталында мамлекеттин жүз пайыздык катышуусу бар мамлекеттик ипотекалык турак жайды насыялоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга берилген мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган жер тилкесин максатсыз пайдаланганда;
7) табигый кырсыктардын коркунучу келип чыкканда жана табигый кырсыктардын натыйжасында;
8) жер пайдалануучу республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жер тилкесинин 10 пайызын же болбосо эквиваленттүү акча каражаттарын өткөрүп берүү жөнүндө макулдашуунун милдеттенмелерин аткарбаса.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1, 3, 4, 5, 6-пункттарында каралган учурларда жер тилкесин алып коюу жер тилкесинин менчик ээсине жер тилкесинин наркын төлөбөстөн жүргүзүлөт.
3. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2, 7-пункттарында каралган учурларда жер тилкесин алып коюу жер тилкесинин наркы төлөнгөндөн жана чыгымдардын ордун толтургандан кийин жүргүзүлөт.
4. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн сот тартибинде каралуучу 2, 3, 7, 8-пункттарын кошпогондо, убактылуу (мөөнөттүү) пайдалануудагы жер тилкесин жер пайдалануучулардан алып коюу Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган учурларда соттон тышкаркы тартипте жүргүзүлөт.
5. Турак үйү бар короо-жай тилкеси алынып коюлууга тийиш эмес.
68-берене. Максаттуу багытын бузуу менен пайдаланылган учурда жер тилкесин алып коюу
1. Максаттуу багытын бузуу менен пайдаланылган учурда жер тилкеси соттун чечиминин негизинде алынып коюлушу мүмкүн.
2. Ыйгарым укуктуу орган жер тилкесинин менчик ээсине же жер пайдалануучуга 3 айдан кем эмес мөөнөттө бузууларды четтетүү жөнүндө жазуу жүзүндө эскерткенден кийин жер тилкесин алып коюу жөнүндө доо менен сотко кайрылууга укуктуу.
69-берене. Коомдук жана мамлекеттик муктаждыктар үчүн жер тилкесин алып коюу (сатып алуу)
1. Коомдук жана мамлекеттик муктаждыктар үчүн жер тилкесин алып коюу объекттерди жайгаштыруунун башка альтернативдүү варианттары жок болгон учурда гана жүргүзүлөт.
2. Коомдук жана мамлекеттик муктаждыктар үчүн жер тилкесин алып коюуда жер тилкесин алып коюу боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен жер тилкесинин укук ээсинин ортосунда, ыйгарым укуктуу органдын коомдук жана мамлекеттик муктаждыктар үчүн жер тилкесин алып коюу жөнүндө чечиминин негизинде жер тилкесин акы төлөп алып коюу жөнүндө келишим түзүлөт.
Жер тилкесинин укук ээси алып коюуга же анын шарттарына макул болбогон учурда атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган баш тартууну алган учурдан тартып эки айлык мөөнөттө сотко жер тилкесин акы төлөп алып коюу жөнүндө доо арыз менен кайрылууга укуктуу.
3. Сот тарабынан жер тилкесин алып коюу жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин жер тилкесинин укук ээси жер тилкесине болгон укуктарын жүзөгө ашырууга жана жер тилкесин анын максаттуу багытына ылайык пайдаланууну камсыз кылуучу зарыл чыгымдарды жүргүзүүгө укуктуу.
4. Коомдук жана мамлекеттик муктаждыктар үчүн алып коюлган жер тилкеси үчүн компенсация укук ээсинин тандоосу боюнча бирдей маанидеги (бирдей баадагы) жер тилкесине болгон укуктарды берүү же акчалай компенсациялар түрүндө же болбосо бул түрлөрдүн айкалышы түрүндө берилиши мүмкүн.
5. Жер тилкесинин сатып алуу баасын аныктоодо ага жер тилкесине болгон укуктун жана анда жайгашкан имараттардын жана курулмалардын рыноктук наркы, ошондой эле жер тилкесине болгон укуктун токтотулушуна байланыштуу менчик ээсине же жерди пайдалануучуга келтирилген чыгымдар, буга кошуп үчүнчү жактардын алдындагы милдеттенмелердин мөөнөтүнөн мурда токтотулушу менен байланышкан чыгымдар киргизилет.
6. Коомдук жана мамлекеттик муктаждыктар үчүн алынуучу жер тилкеси үчүн компенсациянын өлчөмү, мөөнөттөрү жана башка шарттары акы төлөп алып коюу жөнүндө келишимде аныкталат. Компенсация жер тилкесин иш жүзүндө алып коюуга чейин төлөнүшү керек.
7. Жер тилкесин сот тартибинде алып койгон учурда компенсациянын суммасы жер тилкесин коомдук жана мамлекеттик муктаждыктар үчүн алып коюу жөнүндөгү соттун чечиминде аныкталат.
8. Жер тилкесинин бир бөлүгү алып коюлган учурда, анын натыйжасында жер тилкесинде калган бөлүгүн пайдалануунун экономикалык максатка ылайыктуулугу, ошондой эле өрткө каршы, санитардык, экологиялык, шаар куруу, айыл чарба жана башка милдеттүү ченемдерди сактоо менен аны андан ары пайдалануу мүмкүнчүлүгү жоголсо, бардык жер тилкесин алып коюу зарыл.
9. Күрөөдө турган жер тилкеси коомдук жана мамлекеттик муктаждыктар үчүн алынып коюлган учурда:
1) күрөө анын ордуна берилген жер тилкесине өтөт;
2) күрөө кармоочу күрөө берүүчүгө тиешелүү ордун толтуруунун суммасынан өз талаптарын канааттандырууга укуктуу.
10. Жер тилкесине чектөө болгон учурда аны алып коюу (сатып алуу) мындай чектөө алынып салынгандан кийин мүмкүн болот.
70-берене. Өзгөчө баалуу жерлерди алып коюу
Коомдук жана мамлекеттик муктаждыктар үчүн өзгөчө баалуу жерлерди алып коюуга объекттерди жайгаштыруунун башка варианттары жок болгон учурда менчик ээсинин макулдугу менен ыйгарым укуктуу органдын чечими боюнча жол берилет.
71-берене. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары ээлеген жерлерди алып коюу
Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жана тарыхый-маданий объекттер ээлеген жерлерди алардын максаттуу багытына ылайык келбеген муктаждыктар үчүн алып коюуга объекттерди жайгаштыруунун башка варианттары жок болгон учурда менчик ээсинин макулдугу менен Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жол берилет.
III БӨЛҮМ. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖЕР ФОНДУНДАГЫ ЖЕРЛЕРДИН КАТЕГОРИЯЛАРЫ
11-глава. Айыл чарба багытындагы жерлер
72-берене. Айыл чарба багытындагы жерлер
1. Айыл чарба муктаждыктары үчүн берилген же айыл чарба өндүрүшү үчүн арналган жерлер айыл чарба багытындагы жерлер деп таанылат.
2. Айыл чарба багытындагы жерлердин курамына айыл чарба жана айыл чарбалык эмес жерлердин аянттары кирет.
3. Кыргыз Республикасындагы айыл чарба багытындагы жер тилкелерине болгон менчик укугуна мамлекет, айыл чарба продукциясын өстүрүүнү жана/же кайра иштетүүнү жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын жарандары, Кыргыз Республикасынын кооперативдери жана юридикалык жактары ээ.
4. Өзгөчө баалуу айыл чарба жерлерине: сугат жана кайрак жерлер, кысыр аңыздар, көп жылдык мөмө-жемиш дарактары өстүрүлгөн жерлер, өстүрмө жайыттар, түп-тамырынан жакшыртылган чөп чабыктар жана түп-тамырынан жакшыртылган жайыттар кирет.
5. Өзгөчө баалуу айыл чарба жерлерине гидротехникалык курулмалардан, күнөсканалардан жана сугат айдоо жерлеринде тамчылатып сугаруу тутумунун курулмаларынан башка имараттарды жана курулмаларды курууга жол берилбейт.
6. Өзгөчө баалуу айыл чарба жерлерин жерлердин башка түрлөрүнө которуу (трансформациялоо) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда жүзөгө ашырылат.
73-берене. Айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалануу
1. Айыл чарба багытындагы жерлер жеке жана юридикалык жактар тарабынан үрөнчүлүк, асыл тукум, товардык айыл чарба өндүрүшүн, коргоочу токой өстүрүү, багбанчылык, чарбакчылык, күнөскана же парник өндүрүшү, илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн, ошондой эле айыл чарба өндүрүшү менен байланышкан башка максаттар үчүн пайдаланылат.
2. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлери төмөнкүлөр үчүн пайдаланылат:
1) ачык жана айкын тооруктардын негизинде айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө жана чарбакер субъекттерге ижарага берүү үчүн;
2) үрөнчүлүк, асыл тукум, тажрыйба-селекциялык, эксперименттик чарбалардын жана мамлекеттик сорт сыноочу мекемелердин, ошондой эле айыл чарба кооперативдеринин иштеши үчүн;
3) аларды өнүктүрүүнүн бекитилген башкы пландарына ылайык калктуу конуштардын аймактарын кеңейтүү үчүн;
4) Министрлер Кабинетинин чечими боюнча коомдук жана мамлекеттик муктаждыктарды канааттандыруу үчүн.
3. Айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин, ошондой эле жайыт жерлерин башкаруу, алардын түрлөрүн аныктоо, жайыт жерлердин абалына баа берүү боюнча саясатты иштеп чыгат.
4. Мамлекеттик жана коомдук (Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин ишке ашыруу менен байланышкан транспорттук, энергетикалык) муктаждыктар үчүн алып коюу учурларын кошпогондо, аянты 5 гектарга чейинки айыл чарба багытындагы жер үлүштөрү бөлүнбөс болуп саналат.
Мамлекеттик жана коомдук (Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин ишке ашыруу менен байланышкан транспорттук, энергетикалык) муктаждыктар үчүн алып коюу учурларын кошпогондо, аянты 5 гектардан ашкан айыл чарба багытындагы жер үлүштөрү, 5 гектардан ашкан өлчөмдөрдүн чектеринде гана өз алдынча жер тилкелерге бөлүнүшү мүмкүн.
Мында мамлекеттик жана коомдук (Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин ишке ашыруу менен байланышкан транспорттук, энергетикалык) муктаждыктар үчүн алып коюу учурларын кошпогондо, өз алдынча бөлүнүүчү жер тилкелердин өлчөмдөрү 5 гектардан аз болушу мүмкүн эмес.
74-берене. Айыл чарба багытындагы жерлердин ижарасы
Айыл чарба багытындагы жер тилкелери тараптар аныктаган шарттарда айыл чарба өндүрүшү үчүн гана ижарага берилиши мүмкүн.
75-берене. Айыл чарба багытындагы жерлерди алмаштыруу
Айыл чарба багытындагы жер тилкелерин алмаштыруу Кыргыз Республикасынын чек арасындагы башка жер тилкелерине жүргүзүлүшү мүмкүн.
76-берене. Айыл чарба багытындагы жерлерди сатып алуу-сатуу
1. Мамлекет айыл чарба продукциясын өстүрүүнү жана/же кайра иштетүүнү жүзөгө ашыруучу, Кыргыз Республикасынын жарандары, Кыргыз Республикасынын кооперативдери жана юридикалык жактары айыл чарба багытындагы жерлерди сатып алуучу боло алат.
2. Чек арага чектеш, Кыргыз Республикасынын белгиленбеген чек ара аймактарында жайгашкан айыл чарба багытындагы жерлерди сатууга тыюу салынат.
77-берене. Айыл чарба багытындагы жерлердин күрөөсү
1. Айыл чарба багытындагы жер тилкелери күрөө объекти болушу мүмкүн.
Айыл чарба багытындагы жер тилкелерине болгон күрөө укугу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясын алган банктарга жана адистештирилген финансы-насыялык мекемелерге гана берилет.
Банктар жана адистештирилген финансы-насыялык мекемелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күрөө предметине өндүрүүнү жүргүзүү укугуна ээ.
2. Менчик укугу банктарга жана адистештирилген финансы-насыялык мекемелерге өткөн айыл чарба багытындагы жер тилкелери ушул Кодекстин 76-беренесинде көрсөтүлгөн жактарга ачык тооруктарды өткөрүү жолу менен берилет.
78-берене. Жайыттар
1. Жайыттарды пайдалануу жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча планга жана жайыттарды пайдалануунун ар жылдык планына ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Жайыттарды мал жаюу үчүн пайдалануу ар жыл сайын берилүүчү жайыт билеттеринин негизинде жүзөгө ашырылат. Жайыттарды берүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
3. Жайыт билеттери жайыт жерлерин пайдалануу үчүн тиешелүү жыйым төлөнгөндөн кийин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан берилет. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын чечими боюнча жайыт билети үчүн жыйымдын жалпы көлөмүнүн 50 пайызынан кем эмес жыйымды учурдагы жылдын 15-апрелинен кечиктирбестен, ал эми калган бөлүгүн - 1-ноябрынан кечиктирбестен төлөөгө жол берилет. Жайыт жерлерин пайдалануу үчүн жыйым өз убагында төлөнбөгөн учурда Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине ылайык ар бир кечиктирилген күн үчүн туум эсептелет.
4. Жайыт жерлерин пайдалануу үчүн жыйымдын өлчөмү жыл сайын ар бир жайыт тутуму жана жайыттарды пайдалануунун ар бир түрү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан оптималдуу жүктөмдү эске алуу менен салыктык базалык ставкадан төмөн эмес аныкталат, жайыттарды пайдалануунун ар жылдык планына киргизилет жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан бекитилет.
5. Жайыт жерлерин пайдалануу үчүн жыйым мал башына жана мал чарбачылыгынын түрлөрүнө жараша белгиленет жана өзгөртүлөт.
6. Жайыттарды башка максаттарда пайдалануу үчүн жыйымдын өлчөмү төмөнкүдөй аныкталат:
1) Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу наркынын ченемдерине ылайык иш жүргүзүү жайыт катмарынын бузулушуна алып келүүчү жерлер үчүн;
2) иш жүргүзүү мал жаюуну жокко чыгарган, бирок жайыт катмарын бузууга алып келбеген жерлер үчүн, ошол жерге мал жаюу үчүн пайдалангандыгы үчүн жыйымдын өлчөмүнө барабар.
7. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча планды иштеп чыгуунун тартиби, жайыттарды пайдалануу боюнча жылдык план, жайыттарды пайдалануу үчүн жыйымдарды белгилөөнүн тартиби жөнүндө типтүү жоболор, Кыргыз Республикасынын жайыт жерлерине малдын жүктөө ченемдерин аныктоонун тартиби жөнүндө жобо, жайыттардын абалына жана сапатына мониторинг жүргүзүүнүн мамлекеттик стандарттарын жана баалоо методдорун аныктоонун тартиби, ошондой эле жайыттарды башкаруу жана аларды пайдалануу маселелери боюнча жоболор, нускамалар, эрежелер жана башка ченемдик укуктук актылар жайыт жерлерин башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат жана Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
8. Бул берененин жоболору "Мамлекеттик токой фондунун жерлери" категориясында турган жайыттарга карата колдонулбайт.
79-берене. Жайыттардын чек аралары
1. Жайыттардын чек аралары учурдагы административдик-аймактык бирдиктердин чек араларын эске алуу менен аларды мурдагы советтик жана жамааттык чарбалардын чектеринде бөлүштүрүүнүн негизинде белгиленүүгө тийиш.
2. Берилген ыйгарым укуктардын алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүлүп берилүүчү жайыт жерлеринин чек араларын аныктоодо талаш-тартыш пайда болгон учурда чек аралар төмөнкүдөй белгиленет:
- колхоздорго жана совхоздорго мамлекеттик акт боюнча пайдаланууга берилген жерлердин чек араларында;
- чарбакер субъекттердин чек араларын белгилөө боюнча материалдарга ылайык колхоздор жана совхоздор тарабынан узак мөөнөттүү пайдалануунун негизинде пайдаланылуучу мамлекеттик жер запасынын курамына кирген жерлердин чек араларында.
Ушул бөлүктүн жоболору мамлекеттик токой фондунун жерлерине жайылтылбайт.
3. Өз убагында мамлекеттик актылардын негизинде пайдаланууга өткөрүп берилген жайыттар, мамлекеттик жер запасынын курамына кирген жерлердин чек аралары ушул жергиликтүү айылдык аймактардын административдик-аймактык бирдиктерине ылайык тиешелүү айылдык аймактардын жана шаарлардын карамагында болот.
Жайыттар мамлекеттик актынын мөөнөтүнө ылайык жайыт билетин милдеттүү түрдө сатып алуу менен тиешелүү айылдык аймактардын жана шаарлардын жайыт пайдалануучуларына пайдаланууга берилиши мүмкүн.
4. Жайыттардын чек араларын белгилөө жергиликтүү мамлекеттик администрация жана шаарлардын мэриялары тарабынан түзүлгөн комиссия тарабынан жүргүзүлүүгө тийиш. Чек араларды белгилөө боюнча талаш-тартыш келип чыккан учурда Министрлер Кабинети жайыттардын чек араларын белгилөө боюнча мамлекеттик комиссия түзөт.
Жайыттардын чек араларын белгилөөнүн тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
80-берене. Жайыттарды мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарда берүү
1. Жайыттар жергиликтүү калктын кызыкчылыктарын эске алуу менен аңчылык кылуу, балчылык, дары чөптөрдү, мөмө-жемиштерди чогултуу, чөп жана отун даярдоо, пайдалуу кендерди казып алуу, жеңил конструкциядагы (капиталдык эмес) байланыш курулмаларын, сүттү жыйноо жана баштапкы кайра иштетүү пункттарын, малды жасалма уруктандыруу пункттарын орнотуу максатында жеке жана юридикалык жактарга 5 жылдык мөөнөткө, кийин аны 20 жылга чейин узартуу менен убактылуу пайдаланууга берилиши мүмкүн.
2. Туристтик максаттар үчүн жайыттар жеңил конструкциядагы (капиталдык эмес) курулмаларды орнотуу укугу менен 20 жылга чейинки мөөнөткө, кийин узартуу укугу менен берилет.
3. Эгерде жерди пайдалануучу жайытты туристтик максатта убактылуу пайдаланууга берген учурдан тартып 3 жылдын ичинде долбоорду ишке ашырбаса, пайдаланууга берилген жайыт жери алынып коюлууга тийиш.
4. Балык чарба ишин жүзөгө ашыруу үчүн жайыттар жергиликтүү мамлекеттик администрация тарабынан жерлер "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулгандан (трансформациялангандан) кийин, Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте, кийин 20 жылга чейинки мөөнөткө узартуу менен берилет.
5. Тиешелүү аймакта деградацияланган жайыттардын бирдей маанидеги аймагын Министрлер Кабинети тарабынан аныктаган тартипте параллелдүү калыбына келтирүү мал жаюу менен байланышпаган жайыт жерлерин берүүнүн милдеттүү шарты болуп саналат.
6. Калыбына келтирилүүгө тийиш болгон жайыт жерлери жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча планга ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аныкталат жана бекитилет.
7. Жайыттарды мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарда берүүнүн тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
81-берене. Узак мөөнөттүү пайдалануудагы жайыт жерлерин бөлүштүрүү
1. Узак мөөнөттүү пайдалануудагы жайыт жерлери жайыттарды башкаруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Министрлер Кабинети аныктаган тартипте бөлүштүрүлөт.
2. Узак мөөнөттүү пайдалануудагы жайыттарды пайдалануу жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча планга жана жайыт билетинин негизинде жайыттарды пайдалануунун ар жылдык планына ылайык жүзөгө ашырылат.
3. Узак мөөнөттүү пайдаланууга берилген жайыт жерлерин пайдалануу үчүн жыйым ушул жерлерди пайдалануучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жүргүзүлөт. Каражаттар жайыт жерлерин пайдалануу укугун алган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү бюджетине келип түшөт жана жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча планына ылайык жайыттарды жана жайыт инфратүзүмүн жакшыртууга жана өнүктүрүүгө бөлүштүрүлөт.
4. Узак мөөнөттүү пайдаланууга берилген жайыт жерлерин пайдалангандык үчүн жер салыгы Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык жер тилкеси эсептик катталган жери боюнча төлөнөт.
12-глава. Калктуу конуштардын жерлеринин категориясы
82-берене. Калктуу конуштардын жерлеринин курамы жана аларды пайдалануу
1. Калктуу конуштун (шаардын, айылдын) чегиндеги бардык жерлер калктуу конуштардын жерине кирет.
Калктуу конуштардын жерлеринин аймагында башка тиешелүү категориядагы жерлер бар болушу мүмкүн.
2. Калктуу конуштардын жерлери башкы планга, шаар куруу документтерине, укуктук зоналаштырууга жана жерди пайдалануу жана курулуш эрежелерине ылайык пайдаланылат.
Калктуу конуштардын башкы пландары өнөр жай, турак жай жана башка курулуш, калк эс алуучу жерлерди жакшыртуу жана жайгаштыруу үчүн калктуу конуштардын жерлерин пайдалануунун негизги багыттарын аныктайт.
Жер пайдалануу жана курулуш куруу эрежелери бекитилген шаар куруу документтеринин негизинде иштелип чыгат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жер тилкелерин пайдалануунун эрежелерин аныктайт.
3. Калктуу конуштардын чектеринде курулуш куруу үчүн жер тилкелерине болгон укуктарды берүү жер пайдалануу жана курулуш куруу эрежелеринин жана бекитилген шаар куруу документтеринин негизинде жүргүзүлөт.
Калктуу конуштарда менчикке же пайдаланууга берилүүчү жер тилкелерин тандоону жана тиешелүү документтерди даярдоону архитектура жана курулуш органдары жүзөгө ашырат.
4. Курулуш куруу үчүн убактылуу пайдаланылбаган калктуу конуштардын жерлери жеңилдетилген типтеги объекттерди (чатырларды, күркөлөрдү, жарнамалык курулмаларды жана башка капиталдык эмес объекттерди, автомобиль транспортун коюучу жана токтотуучу жайларды) куруу үчүн убактылуу пайдаланууга берилиши мүмкүн.
5. Мамлекеттик же муниципалдык жер пайдалануучуда турган, субижарага берилиши мүмкүн болбогон жер тилкелерин кошпогондо, убактылуу пайдаланууга берилген калктуу конуштардын жерлер ушул жерлердин максаттуу багытына ылайык пайдалануу үчүн гана субижарага берилиши мүмкүн. Мамлекеттик же муниципалдык жер пайдалануучуда турган объекттерди кошпогондо, жер тилкелеринде жайгашкан жана ыйгарым укуктуу орган тарабынан катталган объекттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ижарага жана субижарага берилиши мүмкүн.
6. Калктуу конуштардын жерлеринин максаттуу багыты шаар куруу документтеринин негизинде иштелип чыккан архитектуранын жергиликтүү органдарынын шаар куруу корутундусунун негизинде өзгөрүшү мүмкүн.
83-берене. Калктуу конуштардын жалпы пайдалануудагы жерлери
1. Калктуу конуштардын жалпы пайдалануудагы жерлери байланыш каттамы катары же болбосо калктын маданий-тиричилик керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн пайдаланылуучу жерлерден (жолдордон, көчөлөрдөн, аянттардан, тротуарлардан, жол жээгиндеги жер тилкелеринен, бак-дарактардан, газондордон, арыктардан, автомобиль жолдорунда жайгашкан жана аларды бойлой өткөн башка сугат тармактарынан, өтмөктөрдөн, токой парктарынан, эс алуу парктарынан, сейил бактардан, гулзарлардан, көлмөлөрдөн ж.б.) турат.
2. Калктуу конуштардын жалпы пайдалануудагы жерлери капиталдык курулуш үчүн пайдаланылбайт жана менчикке жана субижарага берилбейт.
Калктуу конуштардын жалпы пайдалануудагы жерлери ыйгарым укуктуу орган тарабынан 5 жылдык мөөнөткө ижара шартында жеке жана юридикалык жактарга мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилиши мүмкүн.
3. Ыйгарым укуктуу орган тарабынан мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилген жалпы пайдалануудагы жерлерде ушул берененин 4-бөлүгүндө каралгандан башка учурларда убактылуу курулуштарды жана жеңилдетилген типтеги курулмаларды тургузууга уруксат берилиши мүмкүн.
4. Калктын маданий-тиричилик керектөөлөрүн камсыз кылуу жана канааттандыруу үчүн жалпы пайдалануудагы жерлерде шаар куруу документтерине ылайык калкты социалдык-тиричилик жактан тейлөө объекттери менен жер астындагы капиталдык курулмаларды (автомобиль транспортун коюучу, токтотуучу жайларды, тоннелдерди, өтмөктөрдү), ошондой эле жер үстүндөгү жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрүн, спорттук, концерттик жана балдар аянтчаларын уюштурууга, долбоорлоого жана курууга жол берилет.
5. Калктуу конуштардын жалпы пайдалануудагы жерлерин байланыш курулмаларын жана электр берүү линияларын куруу жана/же орнотуу үчүн берүүгө жол берилет.
84-берене. Калктуу конуштардын жерлерин зоналарга бөлүү
1. Зоналарга бөлүү - калктуу конуштардын жерлеринин аймагын пайдалануунун функциялык жана укуктук режимин белгилөө менен зоналарга бөлүү.
2. Калктуу конуштун аймагын функциялык зоналарга бөлүү аймактарды пайдалануунун келечектүү (негизги) түрлөрүн жана шаар куруу чектөөлөрүн белгилөө үчүн шаар куруу документтеринде көрсөтүлөт.
3. Калктуу конуштун аймагын укуктук зонага бөлүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан административдик аймактын чектеринде жер пайдалануу жана куруу эрежелерин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу жолу менен белгиленет.
85-берене. Шаардын чеги
1. Шаардын чеги - бул шаар жерлеринин аларды жерлердин башка категорияларынан бөлүп турган, ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген шаарды өнүктүрүүнүн башкы планынын негизинде аныкталуучу тышкы чек аралары.
2. Шаардын чеги калктуу конуштарды куруунун башкы планын, долбоорун бекитүүчү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленет жана өзгөртүлөт.
3. Жер тилкелерин шаардын чегине киргизүү жер тилкесине болгон укуктун токтотулушуна алып келбейт.
86-берене. Айылдык калктуу конуштардын чектери
1. Айылдагы калктуу конуштардын чектери айылдагы калктуу конуштарды куруу долбоорунун башкы планын бекитүүчү орган тарабынан белгиленет жана өзгөртүлөт.
2. Жер тилкелерин айылдык калктуу конуштардын чегине киргизүү жер тилкесине болгон укуктун токтотулушуна алып келбейт.
13-глава. Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер
87-берене. Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлеринин жана башка багыттагы жерлердин түшүнүгү жана курамы
1. Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер деп Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте берилген жана өткөрүлүп берилген жерлер таанылат.
2. Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлерин жана башка багыттагы жерлерди пайдалануунун өзгөчөлүктөрү аталган чөйрөлөрдү жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленет.
3. Жерлердин башка категорияларына кирбеген жер тилкелери башка багыттагы жерлер деп таанылат.
88-берене. Өнөр жайдын жерлери
1. Өнөр жайдын жерлерине өнөр жай объекттерин жайгаштыруу жана эксплуатациялоо үчүн берилген жана өткөрүлүп берилген жерлер, анын ичинде алардын санитардык-коргоо зоналары кирет. Мында санитардык-коргоо зоналарына карата Министрлер Кабинети тарабынан белгиленүүчү пайдалануу режими колдонулат.
2. Ушул беренеде аталган максаттар үчүн берилүүчү жер тилкелеринин өлчөмдөрү долбоордук-техникалык документтерге ылайык аныкталат.
89-берене. Транспорттун жерлери
1 Автомобиль, суу, темир жол, аба транспортунун объекттеринин ишин жана/же эксплуатацияланышын камсыз кылуу үчүн берилген жерлер транспорттун жерлери деп таанылат.
2. Муниципалдык же жеке менчикте турган автомобиль жолдорунун жерлерин кошпогондо, бөлүнгөн тилкенин жана жол жээгиндеги тилкенин чегиндеги автомобиль жолдорунун жерлери мамлекеттик менчик болуп саналат.
Мамлекеттик менчикте турган Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагындагы бөлүп берүү тилкесинин жана жол жээгиндеги тилкенин чектериндеги жалпы пайдалануудагы жолдордун жерлерин башкаруу жана тескөө Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
3. Бөлүп берүү тилкесинин чегиндеги темир жол жерлери мамлекеттик менчик болуп саналат.
Темир жол транспортунун жерлеринин коргоо зоналары алардын административдик-аймактык жайгашуусуна ылайык тиешелүү органдардын карамагында болот.
4. Тоннелдердин жана башка жер астындагы курулмалардын жер астындагы бөлүгүн түзгөн жер тилкелери башка категориядагы жерлерден "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуусуз (трансформациялоосуз) берилет.
90-берене. Байланыштын жана энергетиканын жерлери
1. Которуусуз (трансформациялоосуз) берилген жерлерди кошпогондо, байланыш жерлерине байланыш, радиоуктуруу, телекөрсөтүү, информатика курулмаларын жайгаштыруу үчүн бөлүнгөн жерлер кирет.
Байланыш курулмалары үчүн курулуш ченемдеринин жана эрежелеринин, байланыш линияларын коргоо эрежелеринин жана башка ченемдик техникалык документтердин негизинде коргоо зоналары белгилениши мүмкүн, аларга карата Министрлер Кабинети тарабынан белгиленүүчү пайдалануунун башка режими колдонулат.
2. Которуусуз (трансформациялоосуз) берилген жерлерди кошпогондо, энергетика жерлерине төмөнкүлөр үчүн бөлүнгөн жер тилкелери кирет:
1) гидроэлектр станцияларын, атомдук станцияларды, жылуулук станцияларын жана башка электр станцияларын, аларды тейлөөчү курулмаларды жана объекттерди, ошондой эле энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу боюнча объекттерди жайгаштыруу;
2) электр берүүчү аба линияларынын таянычтарын, электр берүүчү кабелдик линиялардын жер үстүндөгү курулмаларын, көмөкчү чордондорду, бөлүштүрүүчү пункттарды, энергетиканын башка курулмаларын жана объекттерин жайгаштыруу.
Калктын коопсуздугун камсыз кылуу жана энергетика объекттерин эксплуатациялоо шарттарын түзүү үчүн электр энергетика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген электр жана жылуулук тармактарынын объекттеринин коргоо зоналарын белгилөө эрежелерине ылайык электр жана жылуулук тармактарынын коргоо зоналары белгиленет.
91-берене. Коргоо жана улуттук коопсуздук муктаждыктары үчүн жерлер
1. Коргоо жана улуттук коопсуздук муктаждыктары үчүн жерлер деп аскердик бөлүктөрдү, аскердик полигондорду, ошондой эле белгиленген тыюу салынган зоналардын жана тыюу салынган райондордун чектеринде Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскерлердин жана аскердик түзүмдөрүнүн арсеналдарын, базаларын жана кампаларын жана аларга жанаша жайгашкан аймактарды, Кыргыз Республикасынын аскердик окуу жайларын, атайын (аскердик) окуу жайларын, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн башка уюмдарын, башка аскерлерди жана аскердик түзүлүштөрдү, коргоо жана улуттук коопсуздук жаатындагы милдеттерди аткаруучу Кыргыз Республикасынын атайын мамлекеттик органдарын, алардын объекттерин жана курулмаларын жайгаштыруу жана туруктуу иштөөсү үчүн берилген жер тилкелери таанылат.
Коргонуу жана улуттук коопсуздук муктаждыктары үчүн жер тилкелерин берүү жана алып коюу коргонуу, коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча жүзөгө ашырылат.
2. Коргоо жана улуттук коопсуздук муктаждыктарына байланышкан машыгууларды жана башка иш-чараларды өткөрүү үчүн жерлерди убактылуу пайдалануу зарыл болгондо жер тилкелеринин менчик ээлеринен жана жерди пайдалануучулардан жер тилкелери алынбайт.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтарууну камсыз кылуу максатында инженердик-техникалык курулмаларды жана тосмолорду, чек ара белгилерин, чек ара өтмөктөрүн, коммуникацияларын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарын жайгаштыруу жана карап күтүү үчүн жер тилкелери бөлүнөт.
14-глава. Өзгөчө корголуучу жаратылыш жана тарыхый-маданий аймактардын жерлери
92-берене. Өзгөчө корголуучу жаратылыш жана тарыхый-маданий аймактарынын жерлеринин курамы
1. Өзгөчө корголуучу жаратылыш жана тарыхый-маданий аймактарынын жерлерине белгиленген категориядагы тиешелүү объекттердин (мамлекеттик жаратылыш коруктарынын, мамлекеттик биосфералык коруктардын, мамлекеттик жаратылыш парктарынын, дендрологиялык жана зоологиялык парктардын, ботаникалык бакчалардын, мамлекеттик комплекстүү корукчалардын, мамлекеттик жаратылыш жана археология эстеликтеринин, трансчек аралык өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын статусу берилген мөңгүлөрдүн жана кар күрткүлөрүнүн, микрокоруктардын, жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын, геопарктардын жана биосфералык аймактардын жана/же резерваттардын өзөктүү зоналарынын) жерлери кирет.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жерлердин курамына экологиялык, жаратылышты коргоочу, илимий, тарыхый-маданий, рекреациялык жана археологиялык жагынан өзгөчө мааниси бар жаратылыш комплекстери жана объекттери бар жер тилкелери кириши мүмкүн.
Белгиленген категорияларды кошпогондо, рекреациялык жана дарылоо-ден соолукту чыңдоо багытындагы объекттер өз алдынча өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары катары уюштурулушу мүмкүн эмес.
93-берене. Өзгөчө корголуучу жаратылыш жана тарыхый-маданий аймактарынын жерлеринин режими
1. Өзгөчө корголуучу жаратылыш жана тарыхый-маданий аймактарынын жерлерине карата өзгөчө коргоо режими же чарбалык иштин жөнгө салынуучу режими белгиленет.
2. Өзгөчө корголуучу жаратылыш жана тарыхый-маданий аймактарынын жерлеринин режими айлана-чөйрөнү коргоо, тарыхый-маданий мурасты коргоо жана пайдалануу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык белгиленет.
3. Тарыхый-маданий мурастын кыймылсыз мүлк объекттеринин, анын ичинде археологиялык эстеликтердин сакталышын камсыз кылуу максатында чектеринде тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоо жана музейлештирүү менен байланышпаган иштин түрлөрү чектелген же тыюу салынган зоналар белгиленет.
4. Электр берүү линиясын орнотуу үчүн жер тилкелерин берүүгө жол берилет.
5. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын мамлекеттик жаратылыш паркынын аймагында жайгашкан жер тилкесин чакан ГЭСтерди, маданий-ден соолукту чыңдоочу, туристтик жана рекреациялык объекттерди куруу үчүн жерлерди башка категорияга которуусуз (трансформациялоосуз) убактылуу пайдаланууга берүүгө мамлекеттик экологиялык экспертизанын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корутундусу бар болгондо гана Министрлер Кабинети аныктаган тартипте жол берилет.
15-глава. Мамлекеттик токой фондунун жерлери
94-берене. Мамлекеттик токой фондунун жерлери
1. Токой чарбасынын муктаждыктары үчүн берилген, мамлекеттик менчикте турган бардык токойлор жана жерлер мамлекеттик токой фондун түзөт.
Мамлекеттик токой фондунун жерлерине токой чарбасынын муктаждыктары үчүн арналган токойлуу жана токойсуз жерлер кирет.
2. Токойлуу жерлерге токой каптаган жана токой каптабаган жерлер кирет.
Токой каптаган жерлер - жасалма жана табигый өскөн токойлор ээлеген жерлер.
Токой каптабаган жерлер - жыш эмес токой өсүмдүктөрү, токой питомниктери, кыйылган, өрт чалган, сейрек дарактуу, ачык, бош жаткан жерлер.
3. Токойсуз жерлерге токойлор менен бирге жаратылыш комплексин түзүүчү айыл чарба жана башка жерлер, ошондой эле чарбалык ишке байланыштуу объекттерди курууда токойлору бузулган жерлер (жолдор, өрткө каршы ажырымдар, электр берүүчү линияларынын трассалары жана түтүк өткөргүчтөр) кирет.
4. Мамлекеттик токой фондунун жерлерин жер фондунун башка категориядагы жерлеринен бөлүп турган чектери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аныкталат.
95-берене. Мамлекеттик токой фондунун жерлерин берүү
1. Мамлекеттик токой фондунун жерлери Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына, жеке жана юридикалык жактарына мөөнөтсүз (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) же мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилет жана алар тарабынан ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын токой мыйзамдарында белгиленген тартипте жана шарттарда пайдаланылат.
2. Мамлекеттик токой фондунун жерлерин байланыш курулмаларын, энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекттерин, электр берүү линияларын, маданий-ден соолукту чыңдоо, рекреациялык жана туристтик максаттарда туристтик индустрияны куруу жана/же орнотуу үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте берүүгө жол берилет.
16-глава. Суу фондунун жерлери
96-берене. Суу фондунун жерлери
1. Дарыяларды, өзөндөрдү, булактарды, көлдөрдү, көлмөлөрдү, саздарды, мөңгүлөрдү жана кар күрткүлөрүн кошуп алганда, суу фондунун жерлерине табигый (жаратылыштык) келип чыккан суу объекттери ээлеген жерлер кирет.
2. Бөлүнгөн тилкелерди кошуп алганда, ирригациялык фонддун жерлерине суу чарба курулмалары, ирригациялык тутум жана инфратүзүм объекттери ээлеген жерлер кирет.
97-берене. Суу фондунун жерлерин пайдалануу
1. Суу фондунун жерлери калктын ичүүчү, турмуш-тиричилик, ден соолукту чыңдоо, транспорттук жана башка керектөөлөрүн канааттандырууну камсыз кылуучу курулмаларды жана рекреация объекттерин куруу жана эксплуатациялоо үчүн, ошондой эле суу чарба, айыл чарба, жаратылышты коргоо, балык чарба, энергетика, анын ичинде энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу максаттарында пайдаланылышы мүмкүн.
2. Суу фондунун жерлерине карата санитардык талаптарды сактоо менен байланыш курулмаларын орнотуу үчүн 36 м2 ашпаган өлчөмдөгү жер тилкелерин пайдаланууга жол берилет.
3. Суу фондунун жерлерин пайдалануу тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
98-берене. Суу коргоо зоналары
1. Дарыялардын, көлдөрдүн, гидротехникалык курулмалардын жана түзүлүштөрдүн, суу сактагычтардын, каналдардын, суу алуучу жана коргоочу курулмаларынын, ичүүчү жана техникалык суу менен камсыздоо булактарынын айланасына булганууну болтурбоо максатында суу коргоо зоналары орнотулат.
2. Жерлердин бардык категорияларындагы сууну коргоо зоналары райондук мамлекеттик администрация же шаарлардын мэриялары тарабынан Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте белгиленет.
3. Суу коргоо зоналарындагы жер тилкелери Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте жана режимде пайдаланылат.
99-берене. Суу фондунун жерлерин убактылуу пайдаланууга берүү
1. Суу фондунун жерлери жеке жана юридикалык жактарга жергиликтүү мамлекеттик администрациянын же Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен төмөнкүдөй мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилиши мүмкүн:
1) айыл, токой, балык, аңчылык чарбаларынын муктаждыктары, байланыш курулмаларын капиталдык эмес курууну тейлөө жана рекреациялык иш-чараларды жүргүзүү жана башка максаттар үчүн объекттерди жайгаштыруу үчүн 10 жылга чейин;
2) гидроэлектр станцияларды, энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекттерин куруу, электр берүү линияларынын таянычтарын орнотуу үчүн 50 жылга чейин.
2. Суу фондунун жерлерин убактылуу пайдаланууга берүүнүн өзгөчөлүктөрү Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
3. Мөңгүлөр менчикке жана пайдаланууга берилбейт.
17-глава. Запастагы жерлер
100-берене. Запастагы жерлер
1. Менчикке же пайдаланууга берилбеген бардык жерлер запастагы жерлер болуп саналат. Запастагы жерлер мамлекеттик менчик болуп саналат.
Электр же байланыш линияларынын таянычтарын орнотуу үчүн жер тилкелерин берүүгө жол берилет.
2. Запастагы жерлерди түзүүнүн жана пайдалануунун тартиби Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
101-берене. Запастагы жерлерди берүү
Ыйгарым укуктуу органдардын карамагында турган запастагы жерлер жерлердин тиешелүү категориясына жерлерди которуунун (трансформациялоонун) натыйжалары боюнча Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте пайдаланууга берилет.
18-глава. Жер тилкелерин которуунун (трансформациялоонун) өзгөчөлүктөрү
102-берене. Айыл чарба багытындагы жер тилкелерин которуунун (трансформациялоонун) өзгөчөлүктөрү
1. Айыл чарба багытындагы жерлерди башка категорияга которууга (трансформациялоого) объекттерди жайгаштыруунун башка варианттары жок болгон төмөнкүдөй өзгөчө учурларда жол берилет, атап айтканда:
1) жерлерди консервациялоо;
2) өзгөчө корголуучу жаратылыш жана тарыхый-маданий аймактарды түзүү;
3) айыл чарба өндүрүшүн жүзөгө ашыруу үчүн жараксыз жерлерди мамлекеттик токой фондунун жерлеринин, суу фондунун жерлеринин же запастагы жерлердин курамына киргизүү;
4) жерлерди рекультивациялоонун бекитилген долбоору бар болгон учурда пайдалуу кендерди казып алуу;
5) шаар куруу документтеринин негизинде калктуу конуштардын аймактарын түзүү, өзгөртүп түзүү жана кеңейтүү;
6) социалдык, коммуналдык-тиричилик багытындагы объекттерди, дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплекстерин, саламаттык сактоо, билим берүү объекттерин жайгаштыруу;
7) өлкөнү коргоону жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу;
8) аскердик, өнөр жай объекттерин, балык чарба объекттерин жайгаштыруу;
9) жолдорду, электр берүү линияларын, энергетикалык курулмаларды, анын ичинде энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен, байланыш линияларын, мунай түтүктөрүн, газ түтүктөрүн жана башка түтүк өткөргүчтөрдү, темир жол линияларын куруу;
10) аэропортту куруу жана аэропорттун аймагын кеңейтүү;
11) гидроэлектр станцияларды, энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекттерин куруу;
12) рекреация объекттерин, логистикалык борборлорду куруу;
13) бирдиктүү мамлекеттик инвестициялык саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын реестрине киргизилген инвестициялык лотту түзүү;
14) Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитилүүчү улуттук жана/же мамлекеттик инвестициялык долбоорлордун тизмегине киргизилген улуттук жана/же мамлекеттик инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууларды ишке ашыруу;
15) Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин аткаруу.
2. Кыйла баалуу айыл чарба жерлерин анча баалуу эмес же бирдей баага которуу (трансформациялоо) үчүн негиздер болуп төмөнкүлөр саналат:
1) сугат айдоо жерлерин кайрак жерлерге - жерлердин агромелиорациялык, кыртыштык мүнөздөмөлөрүнүн аларды иш жүзүндө пайдаланууга ылайык келбегендиги, сугат булагы менен байланышынын жоктугу;
2) көп жылдык бак-дарактарды сугат айдоо жерлерине - бак-дарактардын курагынын чеги, алардын сейректиги, бак-дарактардын канааттандырарлык эмес породалык жана сорттук курамы;
3) чөп чабындыларын жана жайыттарды башка түрлөргө - жердин чөлгө айланышы, шалбаа өсүмдүктөрүнүн бузулушу, сейректелиши.
Айыл чарба жерлеринин кыйла баалуу түрлөрүн анча баалуу эмес түрлөргө которууда (трансформациялоодо) айыл чарба жерлеринин сапаттык абалына таасир этүүчү айыл чарба жерлеринин минималдуу түшүмдүүлүгү, анын туздуулугу, шордуулугу, булгануусу, эрозияланышы, шагылдардын жайгашуу даражасы, механикалык курамы боюнча кыртыштын абалы да эске алынат.
3. Айыл чарба жерлери түшүмдүүлүгү боюнча теңдеш баалуулугун эске алуу менен төмөнкүдөй топторго бөлүнөт:
1) сугат айдоо жерлери көп жылдык бак-дарактарга баалуулугу теңдеш айыл чарба жерлери болуп саналат жана тескерисинче;
2) кайрак айдоо жери кысыр аңызга баалуулугу теңдеш айыл чарба жери болуп саналат жана тескерисинче;
3) жайыт чөп чабыкка баалуулугу теңдеш айыл чарба жери болуп саналат жана тескерисинче.
Айыл чарба жерлерин жердин бир түрүнөн башкасына которуу (трансформациялоо) ыйгарым укуктуу орган тарабынан анын компетенциясынын алкагында жер тилкеси, жер тилкелердин тобу, сугат массиви боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн.
4. Мамлекеттик жана муниципалдык каражаттардын эсебинен сатылуучу объекттерди кошпогондо, сугат айдоо жерлерин башка категорияга которуу (трансформациялоо), жерди пайдалануучу 3 жылдын ичинде өзүнүн зайымдык каражаттарынын жана инвестициянын эсебинен жерлердин башка түрлөрүн, сугат айдоого айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондуна киргизүү менен өздөштүрүүгө милдеттенген шартта жүргүзүлүшү мүмкүн.
5. Жер мунапысынын объекттерине туура келген сугат айдоо жерлеринин жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) жер мунапысы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
6. Сугат айдоо жерлерин которууну (трансформациялоону) токтото туруу, мораторий жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат (киргизилет).
7. Жер тилкелерин жерлердин башка категориясына же жердин башка түрүнө которуу (трансформациялоо) жер тилкесин пайдалануу жана/же менчик укугун токтотпойт.
103-берене. Өзгөчө корголуучу жаратылыш жана тарыхый-маданий аймактарынын жер тилкелерин жерлердин башка категорияларына которуунун (трансформациялоонун) өзгөчөлүктөрү
Өзгөчө корголуучу жаратылыш жана тарыхый-маданий аймактарынын жер тилкелерин жерлердин башка категорияларына которуу (трансформациялоо) мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундулары жана тарыхый-маданий мурас объекттеринин бар же жок экендигин археологиялык текшерүү жөнүндө корутунду бар болгондо айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө жана тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, эгерде алар өзгөчө жаратылышты коргоочу, илимий, тарыхый-маданий, эстетикалык, рекреациялык жана башка, өзгөчө баалуу маанисин жоготкондугуна байланыштуу аларды максаттуу багыты боюнча пайдалануу мүмкүн болбогон учурда жүзөгө ашырылат.
104-берене. Мамлекеттик токой фондунун жер тилкелерин которуунун (трансформациялоонун) өзгөчөлүктөрү
Мамлекеттик токой фондунун жер тилкелерин которууга (трансформациялоого) төмөнкү учурларда жол берилет:
1) Кыргыз Республикасынын коргонуусун жана мамлекеттик коопсуздугун камсыз кылуу;
2) мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусу жана тарыхый-маданий мурас объекттеринин бар же жок экендигин археологиялык текшерүү жөнүндө корутундусу бар болгондо өзгөчө корголуучу жаратылыш жана тарыхый-маданий аймактарды түзүү;
3) токой жайгаштыруу документтеринде каралган максаттуу багытын өзгөртүү;
4) шаар куруу документтеринин негизинде калктуу конуштардын аймактарын, ден соолукту чыңдоо багытындагы рекреация объекттерин түзүү, өзгөртүп түзүү жана кеңейтүү;
5) бул объекттерди жайгаштыруунун мүмкүн болуучу башка варианттары жок болгон учурда мамлекеттик же муниципалдык маанидеги объекттерди жайгаштыруу;
6) жерлерди рекультивациялоонун бекитилген долбоору, мамлекеттик экологиялык экспертизанын корутундусу жана тарыхый-маданий мурас объекттеринин бар же жок экендигин археологиялык текшерүү жөнүндө корутундусу бар болгондо пайдалуу кендерди казып алуу;
7) мамлекеттик мааниге ээ болгон рекреация, маданий-ден соолукту чыңдоо багытындагы объекттерди куруу;
8) электр берүү линияларын, энергетикалык курулмаларды, анын ичинде энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен куруу.
105-берене. Суу фондунун жерлерин которуунун (трансформациялоонун) өзгөчөлүктөрү
Суу фондунун жерлерин которууга (трансформациялоого) төмөнкү учурларда жол берилет:
1) өзгөчө корголуучу жаратылыш жана тарыхый-маданий аймактарды түзүү;
2) шаар куруу документтеринин негизинде калктуу конуштардын аймактарын түзүү, өзгөртүп түзүү жана кеңейтүү;
3) бул объекттерди жайгаштыруунун башка варианттары жок болгон учурда мамлекеттик же муниципалдык маанидеги объекттерди жайгаштыруу;
4) мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусу жана жерлерди рекультивациялоонун бекитилген долбоору бар болгондо пайдалуу кендерди казып алуу;
5) мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусу бар болгондо суу объекттеринин колдонулушун токтотуу, суу объекттеринин нугун, чек арасын өзгөртүү жана жайгашкан жерин башка өзгөртүүлөр;
6) мамлекеттик мааниге ээ болгон рекреация, маданий-ден соолукту чыңдоо багытындагы объекттерди куруу.
106-берене. Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жер тилкелерин которуунун (трансформациялоонун) өзгөчөлүктөрү
1. Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жер тилкелерин которуу (трансформациялоо), өнөр жай, транспорт жана коргоо маселелерин жөнгө салуучу атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын алдын ала макулдугу менен жүзөгө ашырылат.
2. Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана бузулган, булганган же бузулууга тийиш болгон (анын ичинде жер астындагы) имараттар, курулуштар, курулмалар курулган башка багыттагы жерлерди рекультивациялоонун бекитилген долбоору бар болгондо жерлердин башка категориясына которууга (трансформациялоого) жол берилет.
107-берене. Запастагы жерлердин курамынан жер тилкелерин которуунун (трансформациялоонун) өзгөчөлүктөрү
Жер тилкесин запастагы жерлердин курамынан башка категорияга которуу (трансформациялоо) бул жер тилкесин андан ары пайдалануунун максаттуу багытына жараша жүргүзүлөт.
108-берене. Жеке менчикте турган жерлерди которуунун (трансформациялоонун) өзгөчөлүктөрү жана 50 жылга чейин мөөнөттүү пайдалануусу
1. Жеке менчикте турган айыл чарба багытындагы жер тилкелери шаар куруу документтеринин, шаардагы жана айылдагы калктуу конуштардын аймактарынын курулуш салуу жана жер пайдалануу эрежелеринин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан жерлер алып коюлгандан кийин жеке турак жай курулушуна которулат.
2. Жер мунапысынын объекттерине туура келген жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) жер мунапысы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
3. Жеке менчикте турган жер тилкелерин "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери" категориясына которуу (трансформациялоо) (мамлекеттик жаратылыш коруктары, мамлекеттик биосфералык коруктар, мамлекеттик жаратылыш парктары, дендрологиялык жана зоологиялык парктар, ботаникалык бакчалар, мамлекеттик комплекстүү корукчалар, мамлекеттик жаратылыш эстеликтери, трансчек аралык өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын статусу берилген мөңгүлөр жана кар күрткүлөрү микрокоруктар, геопарктар, жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жана биосфералык аймактардын жана/же резерваттардын өзөктүү зоналары) ушул Кодекске ылайык жерлер алынып коюлгандан кийин жүзөгө ашырылат.
4. Жеке менчикте жана 50 жылга чейин мөөнөттүү пайдаланууда турган жер тилкелери шаар куруу документтеринин, шаардагы жана айылдагы калктуу конуштардын аймактарында курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежелеринин негизинде туристтик максаттарда объекттерди куруу үчүн жер тилкесин алып койбостон жергиликтүү мамлекеттик администрация тарабынан которулат.
IV БӨЛҮМ. ЖЕРЛЕРДИ КОРГОО. ЖЕРЛЕРДИН ПАЙДАЛАНЫЛЫШЫН ЖАНА КОРГОЛУШУН МАМЛЕКЕТТИК КОНТРОЛДОО. МАМЛЕКЕТТИК ЖЕР КАДАСТРЫ. ЖЕРГЕ ЖАЙГАШТЫРУУ
19-глава. Жерди коргоо
109-берене. Жерди коргоонун милдеттери жана максаттары
1. Жерлерди коргоо, курчап турган жаратылыш чөйрөсүнүн бир бөлүгү катары жерди коргоого, жерлерди сарамжалдуу пайдаланууга, жерлерди айыл чарба жана токой чарба жүгүртүүсүнөн негизсиз алып коюуну болтурбоого, зыяндуу антропогендик таасирлерден коргоого, ошондой эле кыртыштын асылдуулугун, айыл чарба жана токой чарба багытындагы жерлердин өнүмдүүлүгүн калыбына келтирүүгө жана жогорулатууга багытталган укуктук, уюштуруучулук, экономикалык жана башка иш-чаралардын тутумун камтыйт.
2. Жерди коргоо жер тилкелеринин менчик ээлери жана жерди пайдалануучулар тарабынан ушул Кодекстин IV бөлүмүндө жана айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ченемдерге жана талаптарга ылайык жүзөгө ашырылат.
3. Жерди коргоонун максаты болуп төмөнкүлөр саналат:
1) жаратылышты коргоочу өндүрүш технологияларын колдонууга дем берүү жана рекультивациялоо жана калыбына келтирүү иш-чараларын жүргүзүү жолу менен жерлердин деградацияланышынын жана кыртыштын катмарынын жана башка сапаттык көрсөткүчтөрүнүн бузулушунун алдын алуу;
2) жер кыртышын жакшыртууну жана калыбына келтирүүнү камсыз кылуу;
3) деградацияга же бузулууга дуушар болгон табигый тоют жерлерин калыбына келтирүү;
4) экологиялык ченемдерди сактоо.
110-берене. Жерди коргоонун мазмуну
1. Жер тилкесинин ээлери жана жерди пайдалануучулар төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:
1) жер тилкелерин сарамжалдуу пайдаланууну;
2) кыртыштын асылдуулугун, ошондой эле жердин башка касиеттерин калыбына келтирүүнү жана жогорулатууну;
3) жерлерди деградациядан, суу жана шамал эрозиясынан, селдерден, суу каптоодон, саз басуудан, экинчи шор басуудан, тыгыздануудан, өндүрүш калдыктарынын, химиялык жана радиоактивдүү заттарынын булгануусунан, бузулуунун башка процесстеринен коргоону;
4) айыл чарба жерлерин жана башка жерлерди карантиндик зыянкечтерден жана өсүмдүктөрдүн илдеттеринен, отоо чөптөрдүн, бадалдардын өсүп кетишинен, жерлердин маданий-техникалык абалынын начарлашынын башка түрлөрүнөн коргоону;
5) бузулган жерлерди рекультивациялоону, алардын асылдуулугун жана жердин башка пайдалуу касиеттерин калыбына келтирүүнү жана аны өз убагында чарбалык жүгүртүүгө тартууну;
6) жерди бузуу менен байланышкан иштерди жүргүзүүдө кыртыштын асылдуулук катмарын алууну, пайдаланууну жана сактоону;
7) эгерде кыртыштын асылдуулугун башка ыкмалар менен калыбына келтирүү мүмкүн болбосо, деградацияланган айыл чарба жерлерин консервациялоону.
2. Жерди коргоонун тартиби Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
111-берене. Кыртыштагы зыяндуу заттардын топтолушунун жол берилген чектеринин ченемдери
1. Кыртышты булгаган химиялык, бактериялык, бактериялык-мителүү, радиоактивдүү жана башка зыяндуу заттардын топтолушунун жол берилген чектеринин ченемдери адамдын ден соолугун жана айлана-чөйрөнү коргоо кызыкчылыгында анын абалын баалоо үчүн белгиленет.
2. Көрсөтүлгөн ченемдер жана аларды аныктоо методдору Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
112-берене. Жердин абалына таасир этүүчү объекттерди, курулуштарды жана курулмаларды жайгаштырууга, долбоорлоого, курууга жана эксплуатациялоого карата экологиялык, санитардык-гигиеналык жана башка атайын талаптар
1. Жаңы жана реконструкциялануучу объекттерди, курулуштарды жана курулмаларды жайгаштырууда, долбоорлоодо, курууда жана эксплуатациялоодо, ошондой эле жаңы технологияларды ишке киргизүүдө жерди коргоо боюнча иш-чаралар каралууга жана жүзөгө ашырылууга, экологиялык, санитардык-гигиеналык жана башка атайын талаптардын (ченемдердин, эрежелердин, нормативдердин) сакталышы камсыз кылынууга тийиш.
2. Жердин абалына терс таасирин тийгизүүчү объекттерди жайгаштыруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте атайын экологиялык негиздеменин негизинде жүзөгө ашырылат, жаратылышты коргоо жана башка органдар менен макулдашылат.
113-берене. Жерлерди консервациялоо
Деградацияланган айыл чарба жерлеринин, химиялык же радиоактивдүү заттар менен жол берилген ченемдердин белгиленген чегинен ашык булганган жерлердин, ошондой эле карантиндик зыянкечтерге жана өсүмдүктөрдүн илдеттерине чалдыккан жерлердин кыртышынын асылдуулугун калыбына келтирүү мүмкүн болбогон учурларда Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жерлерди консервациялоо каралат.
20-глава. Жерлердин пайдаланылышын жана корголушун контролдоо
114-берене. Жерлердин пайдаланылышын жана корголушун мамлекеттик контролдоо
1. Жерлердин пайдаланылышын жана корголушун мамлекеттик контролдоо ыйгарым укуктуу органдар жана жерлердин пайдаланылышына жана корголушуна контролду жүзөгө ашыруучу башка мамлекеттик органдар тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Өз компетенциясынын чегинде жерлерди пайдалануу жана коргоо маселелери боюнча мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруучу органдардын жазма буйруктары жер тилкелеринин бардык менчик ээлери жана жер пайдалануучулар үчүн милдеттүү.
3. Жерлердин пайдаланылышына жана корголушуна мамлекеттик контролду жүргүзүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
21-глава. Мамлекеттик жер кадастры. Жерлерге мониторинг жүргүзүү. Жерге жайгаштыруу
115-берене. Мамлекеттик жер кадастры
1. Мамлекеттик жер кадастры Кыргыз Республикасынын жер фондунун башка категорияларынын ичинен айыл чарба багытындагы жерлердин артыкчылыгын, жердин айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүгө жарактуулугунун даражасын, айыл чарба жерлеринин түшүмдүүлүгүн жана алардын баалуулугун аныктоого мүмкүндүк берүүчү жерлердин сапатынын көрсөткүчтөрүн камсыз кылат.
2. Мамлекеттик жер кадастрынын маалыматтары жерлерди пайдаланууну жана коргоону пландаштырууда, чарбалык ишти баалоодо жана жерди пайдалануу жана коргоо менен байланышкан иш-чараларды жүзөгө ашырууда, жерге жайгаштырууну жүргүзүүдө негиз болуп саналат.
3. Мамлекеттик жер кадастры жер тилкесинин таандыктыгына жана менчигинин түрүнө карабастан бардык жерлерде жүргүзүлөт.
116-берене. Мамлекеттик жер кадастрын жүргүзүү
1. Мамлекеттик жер кадастрын жүргүзүүнүн тартиби жана жер-кадастр документтеринин курамы Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
2. Мамлекеттик жер кадастры аэрофототопографиялык, фотограмметриялык, кадастрдык сүрөткө тартууларды, долбоорлоо-изилдөө, картографиялык жана баалоо иштерин, кыртыштык, геоботаникалык жана башка текшерүүлөрдү жана издөөлөрдү, жерлерге мониторинг жүргүзүүнү, жерлерди сандык жана сапаттык эсепке алууну жана зарылдыгына жараша жүргүзүлүүчү башка иштерди пайдалануу менен электрондук жер реестрин түзүү аркылуу жүргүзүлөт.
117-берене. Мамлекеттик жер кадастрын жүргүзүүнүн негизги принциптери
Мамлекеттик жер кадастрын жүргүзүүнүн негизги принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) токой, суу жана башка кадастрлар менен өз ара байланышууга негизделген мамлекеттик жер кадастры тутумунун бирдиктүүлүгү;
2) Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагын толук камтуу;
3) мамлекеттик жер кадастрын жүргүзүүнүн үзгүлтүксүздүгү;
4) Кыргыз Республикасында кадастрдык карталардын бирдиктүү тутумун жана кадастрдык өлчөөлөрдүн бирдиктүү техникалык шарттарын колдонуу;
5) мейкиндик координаттарынын бирдиктүү тутумун колдонуу;
6) актуалдуулук, жеткиликтүүлүк.
118-берене. Мамлекеттик жер кадастрын жүргүзүүнү жүзөгө ашыруучу орган
Мамлекеттик жер кадастры атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бирдиктүү тутум боюнча мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын жана башка түшүүлөрдүн эсебинен жүргүзүлөт.
119-берене. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жер фондунун абалы жана пайдаланылышы жөнүндө мамлекеттик отчет
1. Кыргыз Республикасынын жер фондунун абалы жана пайдаланылышы жөнүндө мамлекеттик отчет 1-январга карата тексттик материалдар түрүндө статистика органдарына берилет.
2. Кыргыз Республикасынын жер фондунун абалы жана пайдаланылышы жөнүндө мамлекеттик отчет ар жыл сайын түзүлөт жана административдик-аймактык түзүлүштөр боюнча жерлердин сандык абалы, алардын категориялары, менчиктин түрлөрү боюнча бөлүштүрүлүшү жөнүндө маалыматтарды камтыйт.
120-берене. Жерлердин санын жана сапатын эсепке алуу
1. Жерлердин санын жана сапатын эсепке алуу алардын иш жүзүндөгү абалы жана пайдаланылышы боюнча жүргүзүлөт. Бардык өзгөрүүлөр жеринде болгондон кийин жазылып алынат. Жерлерди эсепке алуу маалыматтары ар бир жер тилкеси боюнча мамлекеттик жер-кадастр документтерине киргизилет.
2. Эсепке алуу маалыматтары айыл аймактары, райондор, шаарлар, республикалык маанидеги шаарлар жана жалпысынан республика боюнча жерлердин категориялары, жерлердин түрлөрү, менчигинин түрлөрү боюнча түзүлөт.
3. Жерлердин санын эсепке алуу жер тилкелеринин өлчөмдөрүнө, алардын баалуулугуна жана өлчөөнүн талап кылынган тактыгына жараша геодезиялык жана (же) картометрикалык методдор менен жүргүзүлөт жана айыл аймагы, район, шаар, республикалык маанидеги шаарлар жана жалпысынан республика боюнча жерлердин өлчөмдөрү, жайгашкан жерлери, менчигинин түрлөрү жөнүндө маалыматтарды камтыйт.
4. Жерлердин сапатын эсепке алуу табигый-айыл чарбалык райондоштурууну, топтоштурууну, кыртыштарды классификациялоо жана бонитировкалоо, аларды агроэкономикалык, экологиялык, технологиялык жана шаар куруу белгилери боюнча мүнөздөмөсүн камтыйт.
5. Жерлердин өлчөмдөрү, жайгашкан жери, саны, сапаты, жерлердин курамы жөнүндө зарыл болгон маалыматтар аларды алгачкы эсепке алууда чагылдырылат, ал эми жерлердин курамында болуп жаткан өзгөрүүлөр, аларды пайдалануунун сапаты жана түрү жерлерди учурдагы эсепке алуу, кыртышты иликтөө жана шордуулукту аныктоо, геоботаникалык текшерүү, жерлерге мониторинг жүргүзүү процессинде аныкталат.
6. Жерлерди негизги эсепке алуу мезгил-мезгили менен ошол жерлер жайгашкан чектердеги өзгөрүүлөрдүн олуттуу топтолушуна, жер тилкелеринин жана жерлердин пайдаланылышынын абалына жана мүнөзүнө жараша тиешелүү масштабдагы пландаштыруу-картографиялык негиздерди милдеттүү түрдө жаңыртуу менен, жерлерди инвентаризациялоону, кыртышты, геоботаникалык жана башка жерлердин мониторингин изилдөөнү жүргүзүү менен өткөрүлөт.
7. Мамлекеттик каттоо органдары мамлекеттик жер кадастрын жүргүзүү жүктөлгөн органга жер тилкелеринде болгон өзгөрүүлөр жөнүндө так маалыматты өз убагында берүүгө милдеттүү.
121-берене. Жерлерди которууга (трансформациялоого) байланыштуу жерди эсепке алуу документтерине өзгөртүүлөрдү киргизүү
1. Жерлерди которуу (трансформациялоо) жөнүндө чечим ал кабыл алынган күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде жергиликтүү каттоо органына жиберилет.
Жергиликтүү каттоо органы 10 жумуш күндүн ичинде жерди эсепке алуу документине өзгөртүүлөрдү киргизет.
Которулган (трансформацияланган) жер тилкесине укук күбөлөндүрүүчү документ берилген учурдан тартып жерлер которулду (трансформацияланды) деп эсептелет.
2. Жерлерди которууда (трансформациялоодо) кабыл алынган чечимге карата жер тилкелерине укук белгилөөчү документтерди кайра тариздөө талап кылынбайт. Жер тилкесине укук күбөлөндүрүүчү документтерге тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилет же укук ээсинин арызы боюнча жер тилкесине укук күбөлөндүрүүчү жаңы документ берилет.
122-берене. Кыртышты бонитировкалоо
Кыртышты бонитировкалоо жердин сапаттык абалын мүнөздөйт жана кыртыштын асылдуулугун жогорулатуу, жер тилкесинин кадастрдык баалоосун (ченемдик баасын) аныктоо жана башка максаттар боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу үчүн негиз болуп кызмат кылат.
123-берене. Жерди кадастрдык баалоо
1. Бардык категориялардагы жерлерди кадастрдык баалоо табигый жана нарктык көрсөткүчтөрдүн тутумунун жардамы менен жүргүзүлөт. Жерди кадастрдык баалоо Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте жүргүзүлөт.
2. Ар түрдүү максаттуу багыттагы жерлерди кадастрдык баалоо жерди пайдалануунун натыйжалуулугунун деңгээлин белгилөө, жер салыгынын ставкаларын эсептөө, айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана зыяндарынын ордун толтуруу үчүн жүргүзүлөт.
3. Жер кадастрдык баалоо жөнүндө маалыматтар жер-баалоо маалыматы болуп саналат.
124-берене. Кадастрдык сүрөткө тартуу
Кадастрдык сүрөткө тартуу жер тилкелеринин чек араларын аныктоо, аларды координациялоо жана кадастрдык карталарда жана пландарда чагылдыруу максатында аткарылуучу топографиялык сүрөткө тартуунун бир түрүн билдирет. Кадастрдык сүрөткө тартуу топографиялык-геодезиялык иштерди жүргүзүүдө белгиленүүчү техникалык талаптарга ылайык, жер тилкесинин өлчөмдөрү менен шартталган масштабдарда аэрофототопографиялык, фотограмметриялык же жердеги методдор менен жүзөгө ашырылат. Кадастрдык сүрөткө кыртыш, геоботаникалык, мелиоративдик, агрохимиялык жана башка атайын изилдөөлөр жана издөөлөр кирет.
125-берене. Жер-кадастр карталары
1. Индекстелген карталар мамлекеттик жер кадастрынын курамдык (графикалык) бөлүгү болуп саналат.
2. Индекстелген карталарды түзүү жана актуалдуу абалда кармоо мамлекеттик жер кадастры чөйрөсүндөгү атайын ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
3. Индекстелген карталар салттуу окшош да, электрондук түрдө да түзүлөт жана жаңыланат.
4. Мамлекеттик жер кадастрын жүргүзүү деңгээлине жараша төмөнкүдөй индекстелген карталар түзүлөт жана контролдонуучу абалда кармалат:
1) облустардын, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларынын чек аралары жана коддору чагылдырылган Кыргыз Республикасынын индекстелген картасы;
2) административдик райондордун жана облустук (райондук) маанидеги шаарлардын чек аралары жана коддору чагылдырылган облустун индекстелген картасы;
3) шаар ичиндеги административдик райондордун чек аралары жана коддору чагылдырылган Бишкек шаарынын индекстелген картасы;
4) эсепке алынуучу кварталдардын чек аралары жана коддору чагылдырылган административдик райондун, облустук (райондук) маанидеги шаардын индекстелген картасы;
5) жер тилкелеринин менчик ээлеринин жана жер пайдалануучулардын чек аралары жана коддору чагылдырылган айылдык аймактын индекстелген картасы.
126-берене. Мамлекеттик электрондук жер реестри
1. Мамлекеттик электрондук жер реестри инвентаризациялоо, баалоо, пландаштыруу, болжолдоо, жер ресурстарын башкаруу ж.б. боюнча илимий жана практикалык милдеттерди чечүүгө арналган.
2. Мамлекеттик электрондук жер реестри багыты боюнча - көп максаттуу жана адистештирилген; аймактык камтуусу боюнча - локалдык (райондук, шаардык), региондук жана республикалык болуп бөлүнөт.
127-берене. Мамлекеттик электрондук жер реестрин колдонуу
1. Мамлекеттик электрондук жер реестри жерди каттоо, жерди эсепке алуу, жерди баалоо маалыматтарынын жыйындысын түзөт жана бардык деңгээлдеги мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдары, ошондой эле кызыкдар жеке жана юридикалык жактар тарабынан пайдалануу үчүн арналат.
2. Мамлекеттик электрондук жер реестринин маалыматтары жерлерди пайдаланууда, калыбына келтирүүдө жана коргоодо, жер тилкелерин берүүдө жана алып коюуда, жер үчүн акы өлчөмдөрүн аныктоодо, жерге жайгаштырууну жүргүзүүдө, чарбалык ишти баалоодо жана жерлерди пайдалануу жана коргоо менен байланышкан башка иш-чараларды жүзөгө ашырууда милдеттүү түрдө колдонулууга тийиш.
3. Министрлер Кабинети тарабынан Мамлекеттик электрондук жер реестрине кирүүгө чектөөлөр же тыюу салуулар белгилениши мүмкүн.
4. Мамлекеттик электрондук жер реестринин маалыматтары мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, башка юридикалык жана жеке жактарга Министрлер Кабинети белгилеген тартипте берилет.
5. Мамлекеттик жер кадастры үчүн чогултулган маалыматтар жерге болгон укукту каттоону талап кылбайт.
128-берене. Жерлерге мониторинг жүргүзүү
1. Жерлерге мониторинг жүргүзүү өзгөрүүлөрдү өз убагында аныктоо, аларга баа берүү, терс процесстердин кесепеттерин алдын алуу жана жоюу үчүн жер фондунун абалына туруктуу байкоо жүргүзүү тутумун билдирет.
2. Жерлерге мониторинг жүргүзүү жер ресурстарын пайдалануу боюнча мамлекеттик орган, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик орган тарабынан мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
3. Жерлерге мониторинг жүргүзүүнүн түзүмү, мазмуну жана тартиби Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
129-берене. Жерге жайгаштыруу
1. Жерге жайгаштыруу жерлерди сарамжалдуу пайдаланууну жана коргоону уюштурууга, жагымдуу экологиялык чөйрөнү түзүүгө жана жаратылыш ландшафттарын жакшыртууга багытталган иш-чаралардын тутумун камтыйт.
2. Жерге жайгаштыруу атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын, ошондой эле башка түшүүлөрдүн эсебинен жүзөгө ашырылат.
3. Жерге жайгаштыруу долбоорлорун иштеп чыгуу жер тилкесинин ээлеринин же жерди пайдалануучулардын өтүнмөсү боюнча алардын эсебинен юридикалык жактар же атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн.
4. Жерге жайгаштырууну жүргүзүүнүн тартиби Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
22-глава. Жер талаш-тартыштарын чечүү жана Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарын бузгандык үчүн жоопкерчилик
130-берене. Жер талаш-тартыштары
1. Жер укуктук мамилелеринен келип чыгуучу талаш-тартыштар жер тилкесин берүүчү ыйгарым укуктуу орган тарабынан чечилет. Ыйгарым укуктуу органдын чечими менен макул болбогон учурда жер талаш-тартыштары сот тартибинде каралат.
2. Жер тилкесине болгон укукту берүү, алып коюу жана токтотууга байланыштуу жер талаш-тартыштарын чечүү сот тартибинде гана чечилет.
3. Эгерде сот тарабынан курулушчуга таандык болгон мүлктү же акча каражаттарын камакка алуу түрүндөгү доону камсыз кылуу боюнча чаралар көрүлгөн учурда, анда доону камсыз кылуу боюнча чаралар доонун суммасынын чегинде, объекттин курулушун жана аны пайдаланууга берүүнү токтотпостон, соттук териштирүүлөр аяктаган учурга чейин көрүлөт.
Доону камсыз кылуу үчүн курулушчу тараптардын макулдашуусу боюнча өзүнө же башка жактарга таандык болгон мүлктүн же курулуш объекттеринин ичинен доонун суммасынын чегинде акча каражаттарын же мүлктү коюуга укуктуу. Мында доону камсыз кылуу үчүн мүлктү баалоо көз карандысыз баалоочуну тартуу менен жүзөгө ашырылат.
131-берене. Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарын бузгандык үчүн жоопкерчилик
Кызмат адамдары, жер тилкелеринин менчик ээлери жана жерди пайдалануучулар Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жарандык, кылмыш-жаза жоопкерчилигин, ошондой эле укук бузуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартат.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 4-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |