Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 17-июлу № 423
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 25-январындагы № 38 “2025–2027-жылдарга
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруунун
стратегиясын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү
киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын натыйжалуу башкаруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-январындагы № 38 “2025–2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруунун стратегиясын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген 2025–2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруунун стратегиясында:
- 1-главанын үчүнчү абзацы төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: “Стратегияны ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн мониторинг жүргүзүлөт жана максаттуу көрсөткүчтөрдүн жана коюлган милдеттердин аткарылышы жөнүндө маалымат жарым жылдык мезгилдүүлүк менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин сайтында берилет.”;
- 9-глава төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“9-глава. Максаттуу сандык көрсөткүчтөр
Стратегиянын аткарылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо таблицада берилген сандык максаттуу көрсөткүчтөрдүн маанилерине ылайык жүргүзүлөт. Максаттуу көрсөткүчтөр ошондой эле мамлекеттик карызды башкаруу менен байланышкан конкреттүү операцияларды даярдоодо жана ишке ашырууда критерийлер же багыттамалар функциясын аткарат.
Стратегияны бекемдөө жана аны ишке ашырууга көмөктөшүү максатында мамлекеттик карыздын орто мөөнөттүү стратегиясынын (Medium-Term Debt Management Strategy же MTDS) кийинки жаңыланышында кайра каржылоо жана пайыздык тобокелдиктер менен байланышкан жаңы көрсөткүчтөрдү кабыл алуу мүмкүнчүлүгү каралат.
| 1-таблица |
2025–2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын
башкаруунун стратегиясын ишке ашыруунун максаттуу
көрсөткүчтөрү
Максаттуу көрсөткүч | Максаттуу көрсөткүчтүн мааниси |
ИДПга карата мамлекеттик карыз | 70 %дан ашык эмес |
Республикалык бюджеттин кирешелерине карата мамлекеттик карызды тейлөө боюнча чыгымдар | 30 %дан ашык эмес (1) |
Тышкы зайымдардын жеңилдиктеринин минималдуу деңгээли (2) | 35 % |
Бириктирилген грант-элементтин минималдуу мааниси (3) | 35 % |
Бир кредитордун алдындагы карыздын максималдуу суммасы (мамлекеттик тышкы карыздын жалпы суммасынын % менен) | 45 %дан ашык эмес |
Мамлекеттик карызды тейлөө боюнча мөөнөтү өткөн төлөмдөрдүн жол берилген өлчөмү (сом) | 0,00 |
Казыналык милдеттенмелерден (КМ) тышкары, аукциондук негизде МКБны жайгаштыруу | 100 % |
Мамлекеттик баалуу кагаздардын ар жылдык эмиссияларынын жалпы түзүмүндөгү МКОнун салыштырма салмагы (МБКнын жалпы эмиссиясынан %) | 70 %дан кем эмес |
Ички карызды төлөөнүн орточо мөөнөтү (жыл) | 5тен кем эмес |
Чет өлкө валютасындагы мамлекеттик карыздын салыштырма салмагы (мамлекеттик карыздын жалпы суммасынан %) | 84 %дан ашык эмес (4) |
Эл аралык капитал рыногунда чет өлкө валютасында чыгарылган жана жайгаштырылган МБК салыштырма салмагы (мамлекеттик тышкы карыздын жалпы көлөмүнөн %) | 30 %дан ашык эмес |
Эскертүү: (1) + 1 % диапазонунда четтөөлөргө жол берилет; (2)–(3) тышкы зайымдардын жеңилдиктеринин минималдуу деңгээлин сактоо бөлүгүндө Стратегиянын аракети Эл аралык валюта фондунан алынган зайымдарды камтыбайт. Мындан тышкары, грант-элементтин маанисине карата талап тышкы карызды реструктуризациялоо жөнүндө мүмкүн болгон макулдашууларга, ошондой эле ушул Стратегиянын 4-главасында белгиленген шарттарда жайылтылбайт; (4) + 1,5 % диапазонунда четтөөлөргө жол берилет.”; | |
- төмөнкүдөй мазмундагы 10-глава менен толукталсын:
“10-глава. 2022–2024-жылдарга мамлекеттик карызды башкаруунун стратегиясын ишке ашырууга баа берүү
2022–2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруунун стратегиясы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-июлундагы № 357 “2022–2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруунун стратегиясын бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген. Андан кийин 2023–2024-жылдары жогоруда аталган стратегияга өзгөртүүлөр киргизилген. Анда мамлекеттик карызды башкаруунун максаттары, масштабы жана убактылуу алкактары баяндалган, ошондой эле Стратегияны жүзөгө ашыруунун жүрүшүн аныктоочу максаттуу көрсөткүчтөр белгиленген.
Жогоруда аталган Мамлекеттик карызды башкаруунун стратегиясынын негизги максаты эң аз чыгымдар менен жана тобокелдиктин акылга сыярлык деңгээлинде карыз алуу аркылуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин каржылоого болгон керектөөлөрүн камсыз кылуу болуп саналат. Мамлекеттик баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүү жана мамлекеттик карыздын туруктуулугун колдоо кошумча милдеттер болуп калды.
Жогоруда көрсөтүлгөн Стратегияны колдонуу чөйрөсү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруу маселелерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кепилдиктерин камтыйт. Белгилей кетсек, 2022-жылдан тартып 2024-жылга чейин Мамлекеттик карызды башкаруунун стратегиясынын колдонуу мезгилинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кепилдиктер берилген эмес.
Көрсөтүлгөн Стратегияда тандалган фискалдык көрсөткүчтөр боюнча максаттуу диапазондор белгиленген. Бул максаттуу көрсөткүчтөр 2-таблицада жалпыланган.
| 2-таблица |
2023–2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик
карызын башкаруунун стратегиясынын максаттуу
көрсөткүчтөрүн ишке ашыруунун жыйынтыктары
Максаттуу көрсөткүч | Максаттуу көрсөткүчтүн мааниси | 2023-жылдын жыйынтыгы | 2024-жылдын жыйынтыгы |
ИДПга карата мамлекеттик карыз | 70 %дан ашык эмес | 42,0 % | 37,6 % |
Республикалык бюджеттин кирешелерине карата мамлекеттик тышкы карызды тейлөө боюнча чыгымдар | 20 %дан ашык эмес | 9,6 % | 9,0 % |
Тышкы зайымдардын жеңилдиктеринин минималдуу деңгээли | 35 % | Ченем сакталат | Ченем сакталат |
Бириктирилген грант-элементтин минималдуу мааниси | 35 % | Ченем сакталат | Ченем сакталат |
Бир кредитордун алдындагы карыздын максималдуу суммасы (мамлекеттик тышкы карыздын жалпы суммасынан % менен) | 45 %дан ашык эмес | 36,7 % | 36,5 % |
Мамлекеттик карызды тейлөө боюнча мөөнөтү өткөн төлөмдөрдүн жол берилген өлчөмү (сом) | 0 | 0 | 0 |
Казыналык милдеттенмелерден (КМ) тышкары, аукциондук негизде МКБны жайгаштыруу | 100 % | 100 % | 100 % |
Мамлекеттик баалуу кагаздардын ар жылдык эмиссияларынын жалпы түзүмүндөгү МКОнун салыштырма салмагы (МБКнын жалпы эмиссиясынан %) | 70 %дан кем эмес | 99,4 % | 98,7 % |
Ички карызды төлөөнүн орточо мөөнөтү (жыл) | 4,5 жылдан кем эмес | 7,9 жыл | 7,9 жыл |
Чет өлкө валютасындагы мамлекеттик карыздын салыштырма салмагы (мамлекеттик карыздын жалпы суммасынан %) | 84 %дан ашык эмес | 75 % | 70 % |
Эл аралык капитал рыногунда чет өлкө валютасында чыгарылган жана жайгаштырылган МБК салыштырма салмагы (мамлекеттик тышкы карыздын жалпы көлөмүнөн %) | 20 %дан ашык эмес | 0 % | 0 % |
Жогоруда көрсөтүлгөн максаттардын айрымдары Стратегиянын оперативдүү аспекттерине байланыштуу. Стратегияда тышкы жана ички карыз алуулар боюнча сунушталган жетектөөчү принциптер кеңири баяндалган. Бул ыкма макроэкономикалык туруктуулукту колдоого жана финансылык тобокелдиктерди минималдаштырууга багытталган.
Тышкы карыз боюнча алганда, жетектөөчү принциптерде кредиттердин жеңилдетилгендигинин минималдуу деңгээли жана бириктирилген грант-элементтин минималдуу мааниси 35 % өлчөмүндө, ошондой эле бир кредитордун алдындагы карыздын максималдуу суммасы бир кредитор үчүн 45 %дан ашпаган өлчөмдө аныкталды.
Ички карыз алуулар боюнча алганда, Стратегияда ички карызды төлөөнүн орточо мөөнөтүнүн максаттуу көрсөткүчү 4,5 жылдан кем эмес өлчөмдө белгиленген, ошол эле учурда 2023–2024-жылдар үчүн иш жүзүндөгү көрсөткүч 7,9 жылды түзгөн.
Белгилей кетсек, 2024-жылы мамлекеттик карыздын ИДПга карата катышы кыйла төмөндөгөн. 2023-жылы бул көрсөткүч 42,0 %ды түзгөн, ал эми 2024-жылы ал 37,6 %га чейин төмөндөгөн, бул карыздын туруктуулугунун олуттуу жакшыргандыгы жөнүндө кабар берет. Бул деңгээл белгиленген 70 % чектик мааниден кыйла төмөн бойдон калууда, бул мамлекеттик карыздын туруктуулугун, ошондой эле финансылык тобокелдиктердин азайышын билдирет.
Мамлекеттик тышкы карызды тейлөөгө чыгымдар республикалык бюджеттин кирешелерине карата пайыздык катышта да оң динамиканы көрсөттү. Эгерде 2023-жылы бул көрсөткүч 9,6 %ды түзсө, 2024-жылы ал 9 %га чейин төмөндөгөн.
Мамлекеттик карызды тейлөө боюнча мөөнөтү өткөн төлөмдөрдүн көлөмү нөлдүк деңгээлде кала тургандыгын белгилей кетүү маанилүү, бул жогорку төлөм тартиби жана мамлекеттин милдеттенмелеринин натыйжалуу башкарылышы жөнүндө күбөлөндүрөт.
Чет өлкө валютасындагы мамлекеттик карыздын салыштырма салмагы 75 %дан 70 %га чейин төмөндөгөнүн белгилей кетүү өзгөчө маанилүү, бул валюталык тобокелдиктин төмөндөшүн жана өлкөнүн финансылык туруктуулугунун жогорулашын көрсөтүп турат. Мамлекеттик баалуу кагаздар рыногун андан ары өнүктүрүү жана улуттук валютада инвестицияларды тартуу карызды башкаруунун стратегиясынын алкагындагы артыкчылыктуу милдет болуп саналат.
Эл аралык валюта фонду тарабынан 2024-жылдын 19-январында жарыяланган Debt Sustainability Analysis (DSA) талдоосуна ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызы туруктуу бойдон калууда жана карыз каатчылыгына кабылуу тобокелдиги төмөн. Негизги сценарийге ылайык орто мөөнөттүү келечекте мамлекеттик жалпы карыздын ИДПга карата катышы 48 %дан төмөн бойдон калат. Тышкы карыз каатчылыгына кабылуу тобокелдигинин төмөндүгү, стандарттуу экспорттук шоктун шарттарында тышкы карыздын ИДПга карата катышынын босого маанисинен ашуусуна жана карыздын көтөрүмдүүлүк даражасынын кыйла төмөн бааланышына негизделген. Туруктуулук зыяндын чектелүү өлчөмү, ырааттуу төмөндөө тенденциясы жана андан кийин соккуларды сиңирүүгө мүмкүндүк берген айрым мейкиндик менен кепилденет. DSA маалыматына ылайык 2023-жылы тышкы карыз мамлекеттик карыздын жалпы портфелинин 80 %ын түзгөн, 2028-жылга карата ал 60 %га чейин төмөндөп, ички каржылоо менен алмаштырылары күтүлүүдө. Улуттук валютадагы облигациялар рыногунун мындан аркы өнүгүшү орто мөөнөттүү келечекте тышкы карызды кыскартуунун негизги фактору болуп саналат жана тышкы карыздын катышын расмий чектен төмөн 80,8 %да кармап турууга өбөлгө түзөт.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин болжолдуу маалыматтары боюнча 2029-жылга карата мамлекеттик карыздын ИДПга карата бул катышы 28 %га чейин төмөндөй тургандыгын белгилей кетүү керек, бул мамлекеттик карыздын абалынын туруктуулугунун жогорулашын билдирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин саясаты ички карыздын үлүшүн көбөйтүүгө багытталгандыгын, ал эми тышкы карыз алуулар келечекте экономикалык пайда алып келе турган экономикалык жана инфраструктуралык долбоорлорго гана тартыла тургандыгын белгилей кетүү маанилүү.
Ошентип, 2024-жылдын жыйынтыгы мамлекеттик карыздын абалынын олуттуу жакшыргандыгын көрсөттү. Негизги жетишкендиктерге төмөнкүлөр кирет:
– мамлекеттик карыздын ИДПга карата катышынын олуттуу төмөндөшү (42,0 %дан 37,6 %га чейин);
– тышкы карызды тейлөөгө чыгымдарды азайтуу (9,6 %дан 9 %га чейин);
– чет өлкө валютасындагы карыздын үлүшүн азайтуунун эсебинен валюталык тобокелдиктерди азайтуу (75 %дан 70 %га чейин);
– карыз алуулардын түзүмүн диверсификациялоо жана бир кредиторго көз карандылыкты азайтуу;
– жогорку төлөм тартибин ырастаган мөөнөтү өткөн төлөмдөрдүн жоктугу.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде 2023–2024-жылдары жетишилген көрсөткүчтөр карыз жүктөмүнүн төмөндөшүн, валюталык тобокелдиктердин кыскарышын жана мамлекеттик карыз саясатынын туруктуулугунун бекемделишин күбөлөндүрөт.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгиленген максаттуу коэффициенттерди так сактайт, бул мамлекеттик карыз саясатынын туруктуулугун камсыз кылуунун маанилүү фактору болуп саналат. Карыз алуулардын жана карыз жүктөмүнүн бардык параметрлери бекитилген стратегиялык багыттарга ылайык контролго алынат, бул экономикалык конъюнктуранын өзгөрүшүнө өз убагында жооп берүүгө жана мүмкүн болуучу тобокелдиктерди минималдаштырууга мүмкүндүк берет.”.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 22-июлундагы № 54 (3710) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |