Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 8-июлу № 134
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 96-статьянын 3-пунктунда:
а) үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Белгиленген тартипте мыйзамдуу күчүнө кирген юридикалык жакты мажбурлап жоюу жөнүндө сот актысы каттоочу орган тарабынан ишти токтотууну каттоо жөнүндө буйрук чыгаруу үчүн негиз болуп саналат.";
б) төртүнчү абзацта "соттун чечими" деген сөздөр "сот актысы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"Юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган юридикалык жакты мажбурлап жоюу жөнүндө арыз менен сотко кайрылууга укуктуу.
Уюштуруучулардын (катышуучулардын) бири каза болгон учурда же жок болгон учурда юридикалык жактын уюштуруучуларынын (катышуучуларынын) бири юридикалык жакты мажбурлап жоюу жөнүндө арыз менен сотко кайрылууга укуктуу.
Юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, ошондой эле юридикалык жактын уюштуруучуларынын (катышуучуларынын) биринин сотко кайрылуу тартиби жана негиздери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
2) 98-статьянын 1-пунктунун биринчи абзацында "эки айдан" деген сөздөр "бир айдан" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 1 (2), 14-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
а) "Карызкордон" деген сөз "1. Карызкордон" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"2. Соттун буйругу салык органынын, юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же уюштуруучунун юридикалык жакты мажбурлап жоюу жөнүндө билдирген талаптары боюнча чыгарылат.".
3-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып бир айлык мөөнөттө:
- өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин жана ушул Мыйзамдан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн;
- ушул Мыйзамды колдонуу маселелери боюнча калктын жана бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрүнүн арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү камсыз кылсын.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 11-июлундагы № 51 (3707) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 18-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |