Редакцияот 20.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ

 

2023-жылдын 20-сентябры № 90

 

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Өзгөн, Кара-Суу, Аксы, Базар-Коргон, Ат-Башы жана Түп аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү чечимдери келип түштү:

- Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын (13.09.2023-ж. № 35, 36) - Ош облусунун Өзгөн районундагы Баш-Дөбө айылдык кеңеши боюнча;

- Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын (14.09.2023-ж. № 17) - Ош облусунун Кара-Суу районундагы Отуз-Адыр айылдык кеңеши боюнча;

- Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын (12.09.2023-ж. № 7) - Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кара-Суу айылдык кеңеши боюнча;

- Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын (14.09.2023-ж. № 8) - Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Базар-Коргон шаардык кеңеши боюнча;

- Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын (14.09.2023-ж. № 8) - Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ача-Кайынды айылдык кеңеши боюнча;

- Түп аймактык шайлоо комиссиясынын (13.09.2023-ж. № 14, 15) - Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Чоң-Таш, Тогуз-Булак, Арал, Карасаев айылдык кеңештери боюнча.

Ошондой эле депутаттыкка талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерлерди чыгаруу жөнүндө Түп аймактык шайлоо комиссиясынын (13.09.2023-ж. № 14) - Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Арал айылдык кеңеши боюнча чечими келип түштү.

Аталган чечимдер "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык кабыл алынган.

"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, "Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет".

Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдеринин "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Өзгөн, Кара-Суу, Аксы, Базар-Коргон, Ат-Башы жана Түп аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Түп аймактык шайлоо комиссиясынын талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерлерди чыгаруу боюнча чечими 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Өзгөн, Кара-Суу, Аксы, Базар-Коргон, Ат-Башы жана Түп аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды талапкерлерге жана саясий партиялардын талапкерлеринин катталган тизмесиндеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.

4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.

5. Өзгөн, Кара-Суу, Аксы, Базар-Коргон, Ат-Башы жана Түп аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 3-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.

6. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.

8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.

 

Төрага

 

Н. Шайлдабекова

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 20-сентябрындагы № 90 токтомунун 1-тиркемеси

 

Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ

№

Жергиликтүү кеңештердин аталыштары

Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А.

Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз

Ош облусу

Өзгөн району

1

Баш-Дөбө айылдык

Валиев Сүйүнбай Аматович

Өзгөн АШК, № 35, 13.09.2023-ж. (19.08.2023-ж. - өз арызы)

Кара-Суу району

2

Отуз-Адыр айылдык

Омарбаев Төлөгөн Зарипбекович

Кара-Суу АШК, № 17, 14.09.2023-ж. (05.09.2023-ж. - өз арызы)

Жалал-Абад облусу

Аксы району

3

Кара-Суу айылдык

Нарматов Турсуналы Чомоевич

Аксы АШК, № 7, 12.09.2023-ж. (08.09.2023-ж. - өз арызы)

Базар-Коргон району

4

Базар-Коргон шаардык

Батиров Бахтияржон Хамиджанович (4) "Ата-Журт Кыргызстан" депутаттык фракциясы

Базар-Коргон АШК, № 8, 14.09.2023-ж. (13.09.2023-ж. - өз арызы)

Нарын облусу

Ат-Башы району

5

Ача-Кайынды айылдык

Норузбаев Мирлан Үсөнович

Ат-Башы АШК, № 8, 14.09.2023-ж. (01.09.2023-ж. - өз арызы)

Ысык-Көл облусу

Түп району

6

Чоң-Таш айылдык

Кемпиров Санжар Алымбекович

Түп АШК, № 14, 13.09.2023-ж. (07.09.2023-ж. - өз арызы)

7

Тогуз-Булак айылдык

Алиев Нургазы Сансызбаевич

Түп АШК, № 14, 13.09.2023-ж. (06.09.2023-ж. - өз арызы)

8

Арал айылдык

Каракалчаева Эльнура Шабырбековна

Түп АШК, № 14, 13.09.2023-ж. (07.09.2023-ж. - өз арызы)

9

Карасаев айылдык

Шаршембиев Арсланбек Акджолбекович

Түп АШК, № 14, 13.09.2023-ж. (08.09.2023-ж. - өз арызы)

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 20-сентябрындагы № 90 токтомунун 2-тиркемеси

Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгарылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ

№

Жергиликтүү кеңештердин аталыштары

Катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин Ф.А.А.

Тизмеден чыгаруу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз

Ысык-Көл облусу

Түп району

1

Арал айылдык (№ 3 Сары-Дөбө шайлоо округу)

Тынымсеитова Айжан Шаршенбаевна

Түп АШК, № 14, 13.09.2023-ж. (08.09.2023-ж. - өз арызы)

2

Арал айылдык (№ 5 Долон шайлоо округу)

Ашырматова Жамыйла Курманакуновна

Түп АШК, № 14, 13.09.2023-ж. (08.09.2023-ж. - өз арызы)

 

 

 

 

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 20-сентябрындагы № 90 токтомунун 3-тиркемеси

Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ

№

Жергиликтүү кеңештердин аталыштары

Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А.

Иштеген жери, ээлеген кызматы

Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими

Ош облусу

Өзгөн району

1

Баш-Дөбө айылдык

Мусаев Аскатбек Абдыманапович

Жеке ишкер

Өзгөн АШК, № 36, 13.09.2023-ж.

Кара-Суу району

2

Отуз-Адыр айылдык

Жумаев Талантбек Аскаралиевич

Убактылуу иштебейт

Кара-Суу АШК, № 17, 14.09.2023-ж.

Жалал-Абад облусу

Аксы району

3

Кара-Суу айылдык

Акмырза уулу Мэлис

Жеке ишкер

Аксы АШК, № 7, 12.09.2023-ж.

Базар-Коргон району

4

Базар-Коргон шаардык

Далбаев Кубанычбек Каныбекович (46) "Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясы

Жеке ишкер

Базар-Коргон АШК, № 8, 14.09.2023-ж.

Нарын облусу

Ат-Башы району

5

Ача-Кайынды айылдык

Турдукожо уулу Өмүр

Убактылуу иштебейт

Ат-Башы АШК, № 8, 14.09.2023-ж.

Ысык-Көл облусу

Түп району

6

Арал айылдык

Байсеитов Эмилбек Асаманбетович

Карасаев атындагы мектептин директору

Түп АШК, № 15, 13.09.2023-ж.