Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2023-жылдын 24-сентябры № 91
2023-жылдын 8-октябрына дайындалган Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодогу шайлоо бюллетендери жөнүндө
(КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 27-сентябрындагы № 94 токтомунун редакциясына ылайык)
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Жети-Өгүз АШКнын 2023-жылдын 16-сентябрындагы № 10 чечими менен 2023-жылдын 8-октябрына дайындалган Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо бюллетендердин тексттери бекитилген.
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, шайлоо бюллетендеринин формасы жана аны сактоо даражасы Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталат.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 85 токтому менен 2023-жылдын 8-октябрына дайындалган Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүү формасы жана шайлоо участкаларында шайлоочуларды идентификациялоонун мультифункционалдык жабдуулары пилоттук режимде апробациялоо жөнүндө чечим кабыл алынган.
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 85 токтому менен бекитилген убактылуу жобонун 16-пунктуна ылайык:
"Аралыктагы формада добуш берүү үчүн электрондук шайлоо бюллетени пайдаланылат. Талапкерлердин сүрөтү менен электрондук бюллетендин формасын жана текстин мамлекеттик жана расмий тилдерде КР БШК бекитет, мында талапкерлерди жайгаштыруу тартиби кагаз түрүндөгү шайлоо бюллетенинин текстине дал келтирилет".
"Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 8-августундагы ПЖ № 183 Жарлыгына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 22-январындагы № 13 токтому менен бекитилген "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо бюллетендерин даярдоо, өткөрүп берүү жана сактоо тартиби жөнүндө" Жобону, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 85 токтому менен бекитилген Пилоттук режимде аралыктан добуш берүүнүн тартиби жөнүндө Убактылуу жобону жетекчиликке алып, шайлоо процессинде колдонулуучу технологияларды өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2023-жылдын 8-октябрына дайындалган Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо Саруу айылындагы шайлоо участкаларында добуш берүү үчүн шайлоо бюллетенинин формасы жана коргоо даражасы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
(КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 27-сентябрындагы № 94 токтомунун редакциясына ылайык)
2. 2023-жылдын 8-октябрына дайындалган Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүү үчүн электрондук шайлоо бюллетенинин формасы 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн шайлоо бюллетендерин даярдоо Бишкек шаары, Ибраимов көчөсү, 24 дареги боюнча жайгашкан "Учкун" ААКсында ишке ашырылсын.
(КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 27-сентябрындагы № 94 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппараты:
- мыйзам белгиленген тартибинде шайлоо бюллетендерин Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясына жеткирүүнү жана өткөрүп берүүнү камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн;
- Кыргыз Республикасынын аймагында пилоттук режимде колдонулуучу жабдууларды киргизүүгө жана алып чыгууга байланышкан уюштуруучулук-укуктук мүнөздөгү маселелерди чечсин;
- шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгы жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгы бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн шайлоо бюллетендерин даярдоо процессинде шайлоо бюллетендеринин формасынын жана коргоо даражасынын талаптарын камсыздоо максатында алдын-ала тестирлөөнү ишке ашырсын.
(КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 27-сентябрындагы № 94 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын (тиркемесиз).
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.Шайназаровго жүктөлсүн.
Төрага |
| Н. Шайлдабекова |