Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2023-жылдын 24-сентябры № 92
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Сүлүктү, Баткен, Кемин жана Аламүдүн аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү чечимдери келип түштү:
- Сүлүктү аймактык шайлоо комиссиясынын (20.09.2023-ж. № 3) - Баткен облусунун Сүлүктү шаардык кеңеши боюнча;
- Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын (20.09.2023-ж. № 18) - Баткен облусунун Баткен районундагы Кыштут айылдык кеңеши боюнча;
- Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын (22.09.2023-ж. № 62, 63) - Чүй облусунун Кемин районундагы Кемин шаардык кеңеши боюнча;
Бош калган мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндө:
- Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын (22.09.2023-ж. № 30) - Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ленин айылдык кеңеши боюнча;
Ошондой эле депутаттыкка талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерлерди чыгаруу жөнүндө Сүлүктү аймактык шайлоо комиссиясынын (20.09.2023-ж. № 3) - Баткен облусунун Сүлүктү шаардык кеңеши боюнча чечими келип түштү.
Аталган чечимдер "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык кабыл алынган.
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, "Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет".
Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдеринин "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүлүктү, Баткен жана Кемин аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Сүлүктү аймактык шайлоо комиссиясынын талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерлерди чыгаруу боюнча чечими 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Сүлүктү, Баткен, Кемин жана Аламүдүн аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды талапкерлерге жана саясий партиялардын талапкерлеринин катталган тизмесиндеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
5. Сүлүктү, Баткен, Кемин жана Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 3-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
6. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.
Төрага |
| Н. Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 24-сентябрындагы № 92 токтомунун 1-тиркемеси |
Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз |
Баткен облусу | |||
Сүлүктү шаары | |||
1 | Сүлүктү шаардык | Убаев Муратбек Алимбайевич (4) "Өнүгүү Прогресс" депутаттык фракциясы | Сүлүктү АШК, № 3, 20.09.2023-ж. (08.09.2023-ж. - өз арызы) |
2 | Досов Гайназар Сулайманович (4) "Жаңы Доор" депутаттык фракциясы | Сүлүктү АШК, № 3, 20.09.2023-ж. (ЖААКтын 03-05 региондор аралык бөлүмү тарабынан 2023-жылдын 20-июлундагы берилген Өлгөндүгү тууралуу № KGZ07 0229129 күбөлүгү) | |
Баткен району | |||
3 | Кыштут айылдык | Сейитмуратов Алибай Садыкович | Баткен АШК, № 18, 20.09.2023-ж. (08.09.2023-ж. - өз арызы) |
Чүй облусу | |||
Кемин району | |||
4 | Кемин шаардык | Жумакадыров Алишер Асанканович (2) "Социал-Демократы" депутаттык фракциясы | Кемин АШК, № 62, 22.09.2023-ж. (13.09.2023-ж. - өз арызы) |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 24-сентябрындагы № 92 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгарылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин Ф.А.А. | Тизмеден чыгаруу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз |
Баткен облусу | |||
Сүлүктү шаары | |||
1 | Сүлүктү шаардык | Болдубаев Алмаз Юсуфалиевич (16) "Өнүгүү Прогресс" депутаттык фракциясы | Сүлүктү АШК, № 3, 20.09.2023-ж. (26.06.2023-ж. - өз арызы) |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 24-сентябрындагы № 92 токтомунун 3-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Баткен облусу | ||||
Сүлүктү шаары | ||||
1 | Сүлүктү шаардык | Сарымсаков Медербек Ашымбекович (17) "Өнүгүү Прогресс" саясий партиясы | "Рио Групп" ЖЧКнын кызматкери | Сүлүктү АШК, № 3, 20.09.2023-ж. |
2 | Акимов Уланбек Акылбекович (10) "Жаңы Доор" саясий партиясы | "Таш-Короо" ЖЧКнын кызматкери | Сүлүктү АШК, № 3, 20.09.2023-ж. | |
Баткен району | ||||
3 | Кыштут айылдык | Кочкорбай уулу Максатбек | Убактылуу иштебейт | Баткен АШК, № 18, 20.09.2023-ж. |
Чүй облусу | ||||
Кемин району | ||||
4 | Кемин шаардык | Самыйбеков Жыргал Самыйбекович (4) "Социал-Демократы" саясий партиясы | Жеке ишкер | Кемин АШК, № 63, 22.09.2023-ж. |
Аламүдүн району | ||||
5 | Ленин айылдык | Беспалова Светлана Николаевна | Убактылуу иштебейт | Аламүдүн АШК, № 30, 22.09.2023-ж. |