Сравнение редакций…
|
| 4-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июлундагы № 390 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу "Инновациялык борбор" мамлекеттик мекемеси жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу "Инновациялык борбор" мамлекеттик мекемесинин (мындан ары - Инновациялык борбор) ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. Инновациялык борбор Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Инновациялык борбор" мамлекеттик мекемесинин укук улантуучусу болуп саналат.
3. Инновациялык борбор Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук уюму болуп саналат.
4. Инновациялык борбор өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги жөнүндө жобону, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Министрликтин буйруктарын жана тескемелерин, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Инновациялык борбор мамлекеттик менчикте турган обочолонгон мүлктү ыкчам башкаруу укугу берилген мекеменин уюштуруу-укуктук формасында иштеген юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык өз алдынча балансы, казыналык өздүк эсеби, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мамлекеттик жана расмий тилдерде аталышы менен мөөрү, башка мөөрлөрү жана штамптары, белгиленген үлгүдөгү фирмалык бланктары бар. Инновациялык борбордун уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат.
6. Инновациялык борбордун толук фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу "Инновациялык борбор" мамлекеттик мекемеси";
- расмий тилде: "Государственное учреждение "Инновационный центр" при Министерстве науки, высшего образования и инноваций Кыргызской Республики".
Кыскартылган фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Инновациялык борбор" ММ;
- расмий тилде: ГУ "Инновационный центр".
7. Инновациялык борбордун юридикалык дареги: 720021, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 58а.
2-глава. Инновациялык борбордун максаты
8. Инновациялык борбордун ишинин максаты болуп Кыргыз Республикасында тиешелүү инновациялык экосистеманы калыптандыруу үчүн Кыргыз Республикасында инновациялык инфраструктураны өнүктүрүү жана илгерилетүү саналат.
3-глава. Инновациялык борбордун милдеттери
9. Инновациялык борбордун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- инновациялык долбоорлорду ишке ашырууну колдоо;
- инновациялык, жаштар жана социалдык ишкердикти өнүктүрүү жана популярдаштыруу;
- инновациялык долбоорлорду жана стартаптарды иштеп чыгуу жана коммерциялаштыруу үчүн тиешелүү инновациялык инфраструктураны өнүктүрүү;
- инновацияларды жана интеллектуалдык менчикти өнүктүрүү маселелери боюнча маалымдуулукту жогорулатуу;
- балдардын жана жаштардын инновациялык иш жаатында билим деңгээлин жогорулатуу боюнча окутуучу курстарды коштоо жана колдоо;
- мамлекеттик патенттик жана илимий-техникалык маалымат фондун калыптандыруу жана пайдалануучулардын суроо-талаптарын тейлөө;
- маалымдама-библиографиялык аппаратты жана маалыматтык базаларды уюштуруу жана аларды автоматташтырылган режимде жүргүзүү;
- пайдалануучуларды ыкчам жана толук китепканалык, маалыматтык-библиографиялык жактан тейлөө;
- интеллектуалдык менчик жана инновациялар жаатында иш-чараларды (көргөзмөлөрдү, конкурстарды, семинарларды, илимий-теориялык жана практикалык конференцияларды жана башка иш-чараларды) уюштуруу жана өткөрүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка милдеттерди жүзөгө ашыруу.
4-глава. Инновациялык борбордун функциялары
10. Инновациялык борбордун функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:
- инновациялар чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча абалды талдоо жана сунуштарды иштеп чыгуу;
- инновациялык экосистеманын катышуучуларынын маалыматтык базаларды түзүү жана инновациялык экосистеманын абалына талдоо жүргүзүү;
- жеке жана юридикалык жактарга келишимдин негизинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү;
- интеллектуалдык менчик объекттерин түзүү, укуктук коргоо жана пайдалануу жаатында консультациялык жана маалымдама-маалыматтык колдоо көрсөтүү;
- акысыз жана/же коммерциялык патенттик/патенттик эмес маалыматтык базаларды, техникалык журналдарды пайдалануу менен техникалык маалыматтарды издөөгө көмөктөшүү, ошондой эле маалыматтык базалардын эл аралык системалары боюнча издөөнү окутуу;
- Инновациялык борбордун инфраструктурасын пайдалануу менен иштелмелерди жаратууну колдоо жана коммерциялаштыруу жана аларды андан ары ишке киргизүү аркылуу ата мекендик инновациялык ишканаларды жана ойлоп табуучуларды илгерилетүү;
- Инновациялык борбордун инфраструктурасын пайдалануу менен Кыргыз Республикасынын креативдүү индустриясынын жана инновациялык ишканаларынын өкүлдөрүн колдоо;
- Кыргыз Республикасынын региондорунда инновациялык ишти колдоо үчүн инновациялык аянтчаларды өнүктүрүү жана илгерилетүү;
- инновациялык экосистеманын субъекттерин колдоо программаларын иштеп чыгуу;
- патенттик, илимий-техникалык адабияттарды жана документтерди, ошондой эле лицензиялык маалыматтык базаларды, электрондук алып жүрүүчүлөрдөгү маалымат булактарын сатып алуу;
- сатып алуу жана эл аралык уюмдар жана чет өлкөлүк патенттик ведомстволор менен алмашуу аркылуу мамлекеттик патенттик фондду ата мекендик жана чет өлкөлүк патенттик документтер, адабияттар менен комплекттөө;
- интеллектуалдык жана инновациялык иштин артыкчылыктуу багыттары боюнча библиографиялык жана рефераттык маалыматтык базаларды түзүү жана жүргүзүү;
- китепканалык-маалыматтык, интеллектуалдык жана инновациялык иш маселелери боюнча маалыматтык, окуу жана жарнамалык материалдарды иштеп чыгуу жана жайылтуу;
- кызыкдар мамлекеттик органдарды, юридикалык жана жеке жактарды патенттик-техникалык маалымат чөйрөсүндөгү маалымдама жана аналитикалык материалдар менен камсыздоону уюштуруу;
- башка китепканалар, илимий-техникалык маалымат органдары жана башка мекемелер менен ишти координациялоо жана бириктирүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка функцияларды жүзөгө ашыруу.
5-глава. Инновациялык борбордун укуктары
11. Инновациялык борбор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ушул Жобо менен аныкталган милдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- Кыргыз Республикасында инновациялык ишке өбөлгө түзүү максатында уюштуруучулук, маалыматтык-консультациялык колдоо жана башка жардам көрсөтүүгө;
- Инновациялык борбордун берилген жумушчу аянтчасын жана техникалык жабдууларын максаттуу жана натыйжалуу пайдаланылышын контролдоого;
- Инновациялык борбордун мүлкүн пайдалануу эрежелерине ылайык пайдалануучулар тарабынан келтирилген зыянды компенсациялоонун өлчөмүн аныктоого;
- Инновациялык борборго жүктөлгөн милдеттерди чечүү үчүн юридикалык жана жеке жактар менен келишимдерди жана макулдашууларды түзүүгө;
- шарттары Инновациялык борбордун максаттарына жана милдеттерине каршы келбеген жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган ар түрдүү гранттарды алууга конкурстарга катышууга;
- Инновациялык борборду өнүктүрүүгө ар түрдүү фонддордон гранттарды, юридикалык жана жеке, анын ичинде чет өлкөлүк жактардан Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында тыюу салынбаган ыктыярдуу кайрымдуулуктарды жана максаттуу төгүмдөрдү тартууга жана алууга;
- инновациялык иш жаатындагы маалыматтык материалдарды, методикалык окуу куралдарын, ошондой эле башка адабияттарды иштеп чыгууга;
- Инновациялык борбор тарабынан көрсөтүлүүчү иштердин жана кызматтардын бааларын жана тарифтерин белгилөө, өзгөртүү боюнча Министрликке сунуш киргизүүгө;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде министрликтерден, мамлекеттик комитеттен, административдик ведомстволордон жана башка уюмдардан зарыл болгон маалыматтарды, документтерди, материалдарды жана башка маалыматтарды сурап алууга;
- консультация берүү, кызматкерлерди окутуу үчүн келишимдин негизинде белгиленген тартипте адистерди жана эксперттерди тартууга;
- инновациялар экосистемасынын субъекттери үчүн колдоо программаларын иштеп чыгууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
6-глава. Инновациялык борбордун ишин уюштуруу
12. Инновациялык борбордун ишине жалпы жетекчиликти Министрлик жүзөгө ашырат.
13. Инновациялык борборду директор жетектейт, ал Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин (мындан ары - министр) сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Инновациялык борбордун директору түздөн-түз министрге баш иет жана ага жүктөлгөн милдеттердин чегинде Инновациялык борбордун ишин уюштурат.
14. Инновациялык борбордун директору:
- Инновациялык борбордун ишине жетекчиликти жүзөгө ашырат жана Инновациялык борборго жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Инновациялык борбордун компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик, коомдук, эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүдө Инновациялык борбордун атынан чыгат;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында белгиленген тартипте Инновациялык борбордун кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана бошотот;
- Инновациялык борбордун түзүмүн, штаттык расписаниесин, чыгымдар сметасын бекитүүгө киргизет;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде Инновациялык борбордун ишин регламенттөөчү буйруктарды жана тескемелерди чыгарат, документтерди бекитет;
- банк документтерине биринчи кол коюу укугу менен бекитилген сметага ылайык Инновациялык борбордун мүлкүн, анын ичинде Инновациялык борбордун акча каражаттарын Министрлик менен макулдашуу боюнча тескейт;
- Инновациялык борбордун кызматкерлеринин өкүлчүлүктүү органы менен жамааттык келишимге кол коёт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
15. Директордун бир орун басары болот, ал министр тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Директордун орун басары ага жүктөлгөн милдеттердин чегинде Инновациялык борбордун ишин уюштурат.
16. Директор жок болгон учурда анын милдеттерин аткаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кол коюу укугу менен директордун орун басарына жүктөлөт.
Инновациялык борборду каржылоо булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
- республикалык бюджеттин каражаттары;
- атайын казыналык эсепте топтолгон каражаттар;
- Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына каршы келбеген башка каражаттар.
17. Инновациялык борбордун каражаттары ушул Жободо каралган максаттарга жана милдеттерге пайдаланылат.
7-глава. Корутунду жоболор
18. Инновациялык борбор өзүнүн ишинде Министрликке отчет берет.
19. Инновациялык борборду жоюу жана кайра уюштуруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
20. Инновациялык борбордун иши токтотулган учурда анын мүлкү Министрликке өтөт. Анын ишинин жүрүшүндө келип чыккан документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.
|
| 4-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июлундагы № 390 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу "Инновациялык борбор" мамлекеттик мекемеси жөнүндө ЖОБО
(В редакции постановления Кабинета Министров КР от 11 февраля 2026 года № 85)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу "Инновациялык борбор" мамлекеттик мекемесинин (мындан ары - Инновациялык борбор) ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. Инновациялык борбор Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Инновациялык борбор" мамлекеттик мекемесинин укук улантуучусу болуп саналат.
3. Инновациялык борбор Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук уюму болуп саналат.
4. Инновациялык борбор өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги жөнүндө жобону, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Министрликтин буйруктарын жана тескемелерин, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Инновациялык борбор мамлекеттик менчикте турган обочолонгон мүлктү ыкчам башкаруу укугу берилген мекеменин уюштуруу-укуктук формасында иштеген юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык өз алдынча балансы, казыналык өздүк эсеби, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мамлекеттик жана расмий тилдерде аталышы менен мөөрү, башка мөөрлөрү жана штамптары, белгиленген үлгүдөгү фирмалык бланктары бар. Инновациялык борбордун уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат.
6. Инновациялык борбордун толук фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу "Инновациялык борбор" мамлекеттик мекемеси";
- расмий тилде: "Государственное учреждение "Инновационный центр" при Министерстве науки, высшего образования и инноваций Кыргызской Республики".
Кыскартылган фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Инновациялык борбор" ММ;
- расмий тилде: ГУ "Инновационный центр".
7. Инновациялык борбордун юридикалык дареги: 720021, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 58а.
2-глава. Инновациялык борбордун максаты
8. Инновациялык борбордун ишинин максаты болуп Кыргыз Республикасында тиешелүү инновациялык экосистеманы калыптандыруу үчүн Кыргыз Республикасында инновациялык инфраструктураны өнүктүрүү жана илгерилетүү саналат.
3-глава. Инновациялык борбордун милдеттери
9. Инновациялык борбордун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- инновациялык долбоорлорду ишке ашырууну колдоо;
- инновациялык, жаштар жана социалдык ишкердикти өнүктүрүү жана популярдаштыруу;
- инновациялык долбоорлорду жана стартаптарды иштеп чыгуу жана коммерциялаштыруу үчүн тиешелүү инновациялык инфраструктураны өнүктүрүү;
- инновацияларды жана интеллектуалдык менчикти өнүктүрүү маселелери боюнча маалымдуулукту жогорулатуу;
- балдардын жана жаштардын инновациялык иш жаатында билим деңгээлин жогорулатуу боюнча окутуучу курстарды коштоо жана колдоо;
- мамлекеттик патенттик жана илимий-техникалык маалымат фондун калыптандыруу жана пайдалануучулардын суроо-талаптарын тейлөө;
- маалымдама-библиографиялык аппаратты жана маалыматтык базаларды уюштуруу жана аларды автоматташтырылган режимде жүргүзүү;
- пайдалануучуларды ыкчам жана толук китепканалык, маалыматтык-библиографиялык жактан тейлөө;
- интеллектуалдык менчик жана инновациялар жаатында иш-чараларды (көргөзмөлөрдү, конкурстарды, семинарларды, илимий-теориялык жана практикалык конференцияларды жана башка иш-чараларды) уюштуруу жана өткөрүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка милдеттерди жүзөгө ашыруу.
4-глава. Инновациялык борбордун функциялары
10. Инновациялык борбордун функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:
- инновациялар чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча абалды талдоо жана сунуштарды иштеп чыгуу;
- инновациялык экосистеманын катышуучуларынын маалыматтык базаларды түзүү жана инновациялык экосистеманын абалына талдоо жүргүзүү;
- жеке жана юридикалык жактарга келишимдин негизинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү;
- интеллектуалдык менчик объекттерин түзүү, укуктук коргоо жана пайдалануу жаатында консультациялык жана маалымдама-маалыматтык колдоо көрсөтүү;
- акысыз жана/же коммерциялык патенттик/патенттик эмес маалыматтык базаларды, техникалык журналдарды пайдалануу менен техникалык маалыматтарды издөөгө көмөктөшүү, ошондой эле маалыматтык базалардын эл аралык системалары боюнча издөөнү окутуу;
- Инновациялык борбордун инфраструктурасын пайдалануу менен иштелмелерди жаратууну колдоо жана коммерциялаштыруу жана аларды андан ары ишке киргизүү аркылуу ата мекендик инновациялык ишканаларды жана ойлоп табуучуларды илгерилетүү;
- Инновациялык борбордун инфраструктурасын пайдалануу менен Кыргыз Республикасынын креативдүү индустриясынын жана инновациялык ишканаларынын өкүлдөрүн колдоо;
- Кыргыз Республикасынын региондорунда инновациялык ишти колдоо үчүн инновациялык аянтчаларды өнүктүрүү жана илгерилетүү;
- инновациялык экосистеманын субъекттерин колдоо программаларын иштеп чыгуу;
- патенттик, илимий-техникалык адабияттарды жана документтерди, ошондой эле лицензиялык маалыматтык базаларды, электрондук алып жүрүүчүлөрдөгү маалымат булактарын сатып алуу;
- сатып алуу жана эл аралык уюмдар жана чет өлкөлүк патенттик ведомстволор менен алмашуу аркылуу мамлекеттик патенттик фондду ата мекендик жана чет өлкөлүк патенттик документтер, адабияттар менен комплекттөө;
- интеллектуалдык жана инновациялык иштин артыкчылыктуу багыттары боюнча библиографиялык жана рефераттык маалыматтык базаларды түзүү жана жүргүзүү;
- китепканалык-маалыматтык, интеллектуалдык жана инновациялык иш маселелери боюнча маалыматтык, окуу жана жарнамалык материалдарды иштеп чыгуу жана жайылтуу;
- кызыкдар мамлекеттик органдарды, юридикалык жана жеке жактарды патенттик-техникалык маалымат чөйрөсүндөгү маалымдама жана аналитикалык материалдар менен камсыздоону уюштуруу;
- башка китепканалар, илимий-техникалык маалымат органдары жана башка мекемелер менен ишти координациялоо жана бириктирүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка функцияларды жүзөгө ашыруу.
5-глава. Инновациялык борбордун укуктары
11. Инновациялык борбор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ушул Жобо менен аныкталган милдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- Кыргыз Республикасында инновациялык ишке өбөлгө түзүү максатында уюштуруучулук, маалыматтык-консультациялык колдоо жана башка жардам көрсөтүүгө;
- Инновациялык борбордун берилген жумушчу аянтчасын жана техникалык жабдууларын максаттуу жана натыйжалуу пайдаланылышын контролдоого;
- Инновациялык борбордун мүлкүн пайдалануу эрежелерине ылайык пайдалануучулар тарабынан келтирилген зыянды компенсациялоонун өлчөмүн аныктоого;
- Инновациялык борборго жүктөлгөн милдеттерди чечүү үчүн юридикалык жана жеке жактар менен келишимдерди жана макулдашууларды түзүүгө;
- шарттары Инновациялык борбордун максаттарына жана милдеттерине каршы келбеген жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган ар түрдүү гранттарды алууга конкурстарга катышууга;
- Инновациялык борборду өнүктүрүүгө ар түрдүү фонддордон гранттарды, юридикалык жана жеке, анын ичинде чет өлкөлүк жактардан Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында тыюу салынбаган ыктыярдуу кайрымдуулуктарды жана максаттуу төгүмдөрдү тартууга жана алууга;
- инновациялык иш жаатындагы маалыматтык материалдарды, методикалык окуу куралдарын, ошондой эле башка адабияттарды иштеп чыгууга;
- Инновациялык борбор тарабынан көрсөтүлүүчү иштердин жана кызматтардын бааларын жана тарифтерин белгилөө, өзгөртүү боюнча Министрликке сунуш киргизүүгө;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде министрликтерден, мамлекеттик комитеттен, административдик ведомстволордон жана башка уюмдардан зарыл болгон маалыматтарды, документтерди, материалдарды жана башка маалыматтарды сурап алууга;
- консультация берүү, кызматкерлерди окутуу үчүн келишимдин негизинде белгиленген тартипте адистерди жана эксперттерди тартууга;
- инновациялар экосистемасынын субъекттери үчүн колдоо программаларын иштеп чыгууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
6-глава. Инновациялык борбордун ишин уюштуруу
12. Инновациялык борбордун ишине жалпы жетекчиликти Министрлик жүзөгө ашырат.
13. Инновациялык борборду директор жетектейт, ал Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин (мындан ары - министр) сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Инновациялык борбордун директору түздөн-түз министрге баш иет жана ага жүктөлгөн милдеттердин чегинде Инновациялык борбордун ишин уюштурат.
14. Директор Инновационного центра:
- осуществляет руководство работой Инновационного центра и несет персональную ответственность за выполнение возложенных на Инновационный центр задач;
- представляет Инновационный центр во взаимоотношениях с государственными, общественными, международными организациями по вопросам, относящимся к компетенции Инновационного центра;
- назначает и освобождает от должности работников Инновационного центра в порядке, установленном трудовым законодательством Кыргызской Республики;
- вносит на утверждение структуру, штатное расписание, смету расходов Инновационного центра;
- издает приказы и распоряжения, утверждает документы, регламентирующие деятельность Инновационного центра, в пределах своей компетенции;
- принимает меры, направленные на предупреждение и профилактику коррупции, в том числе при реализации инновационных, инвестиционных и грантовых проектов;
- несет персональную ответственность за создание и обеспечение функционирования внутренней системы предупреждения коррупции, включая оценку коррупционных рисков при взаимодействии с иностранными и частными организациями;
- по согласованию с Министерством распоряжается имуществом Инновационного центра, включая денежные средства Инновационного центра в соответствии с утвержденной сметой, с правом первой подписи в банковских документах;
- подписывает коллективный договор с представительным органом работников Инновационного центра;
- осуществляет иные полномочия в соответствии с законодательством Кыргызской Республики.