Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги V сессиясынын
2024-жыл 30-декабры №22
Өнүгүү программаларын жана пландарын (СЭӨП, КСКП,
иш-чаралар Планы) эсепке алуу менен 2025-жылга жергиликтүү бюджеттин такталган долбоорун бекитүү
Каргалык айылдык кеңешинин алдындагы «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы А.К.Атыкановдун маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык, Каргалык айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү жалпы 110918,5 миң сом суммасында, мунун ичинен бюджеттин киреше бөлүгүнө 106818,5 миң сом, ал эми атайын каражатка 4100,0 миң сом, жалпы чыгашалар боюнча 110918,5 миң сом суммасында №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. 2025-2027-жылдарга Каргалык айыл өкмөтүнүн консолидацияланган бюджетинин болжолу №2-тиркемеге ылайык жактырылсын.
2025-жылга 110918,5 миң сом суммасында,
2026-жылга 120426,0 миң сом суммасында,
2027-жылга 132414,8 миң сом суммасында.
3. Каргалык айыл өкмөтүнүн 2025-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү №3-тиркемеге ылайык салык жана салык эмес төлөмдөрү, трансферттер жана башка кирешелер боюнча түшүүлөрдүн эсебинен түзүлсүн.
4. Каргалык айыл өкмөтүнүн 2025-жылга жергиликтүү бюджеттин чыгашаларын каржылоого каражаттары тармактар жана мекемелер боюнча ведомстволук жана экономикалык классификацияларга 106818,5 миң сом, атайын каражат 4100,0 миң сом суммасында такталган №4-тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Каргалык айыл өкмөтүнө караштуу башкаруу тармагынын 2025-жылга карата 11 (он бир) муниципалдык кызматкер штаттык бирдик түзүмү, техникалык жана кенже тейлечүү персонал 4(төрт) штаттык бирдик түзүмү,айылдык кеңештин жооптуу катчы 1(бир) штаттык бирдик түзүмү, ыйгарым укуктуу экономист-статист 1 (бир) штаттык бирдик түзүмү, (контракт) 6 (алты) штаттык бирдик түзүмү, маданият тармагынын клуб кызматкерлеринин 6 (алты) штаттык бирдик түзүмү, китепкана кызматкерлеринин 7 (жети) штаттык бирдик түзүмү №5-тиркемеге ылайык бекитилсин.
6. 2025-жылдын бюджетинен айылдык кеңешке жана айыл өкмөткө келип түшкөн кайрылуулардын негизинде № 6-тиркемеге ылайык 26566,9 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилгендиги белгиленсин.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 16.05.2016-жылдагы №60 «Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси» жөнүндөгү мыйзамдын 1-бөлүмүнүн 24-беренесине ылайык бир пайыз өлчөмүндө 1068,0 миң сом айыл өкмөт башчысынын учурдагы бюджеттик жылда кечиктирилгис каржылоону талап кылган күтүлбөгөн чыгашаларды каржылоо үчүн резервдик фондуна бекитилсин.
8. Кыргыз Республикасынын «Жарандык коргонуу жөнүндөгү» 24.05.2018-жылдагы №54 Мыйзамынын 18-беренесинин 2-пунктуна ылайык, 500,0 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаты өзгөчө кырдаалдардын алдын - алуу боюнча иш-чараларды координациялоого жана жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу боюнча чыгымдарды каржылоо үчүн каралсын.
9. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси А.У. Жапаровдун 2024-жылдын 12-февралындагы №31-5 жана 2024-жылдын 27-февралындагы №20-02 протоколдорун аткаруу максатында, жергиликтүү кирешелерди эки эсеге көбөйтүүнү максатында инвестицияларды (демөөрчүлөрдү, ишкерлерди ) жана гранттарларды тартуу, жергиликтүү мекеме - ишканалар менен иш алып баруу, айыл өкмөттүн карамагындагы жер кен байлыктарынан (кум, шагыл, туз ж.б ) кошумча киреше түшүрүү жагы тиешелүү адистерге жана айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
10. 2025-жылга кабыл алууда көрсөтүлгөн курулуш иштерине тиешелүү долбоорлорду (ички жолдорго ысык асфальт төшөө, Э. Касымалиев атындагы орто мектебинин спорт залы, Чет-Булак айылындагы эс алуу паркы ж.б ) сметалык баалары жогору баа менен эсептелип калгандыгы аныкталгандыктан, 2025- жылдын 1- кварталына кайрадан даярдап бүткөрүлүшү милдеттендирилсин.
11. “Сармат” Жоопкерчилиги Чектелген Коому тарабынан райондун аймагында айыл кыштактарда жолго басылып жаткан ысык асфальттын баасы бир чакырымга 7100 - 7300,0 миң сом өлчөмүндө басылып жаткандыгын билдирген, ал эми Каргалык айыл өкмөтү тарабынан бир чакырым ысык асфальт жолдун сметалык баасы 8700,0 - 10000,0 миң сомго чейин түзүлүп жаткандыгына байланыштуу, 2025-жылга карата түзүлгөн ысык асфальтка болгон долбооорлордун сметалык бааларын 01.02.2025-жылга чейин кайра карап чыгуу жагы З.Э.Акуновага тапшырылсын.
12. Бүгүнкү күндө курулуш иштери бүткөрүлгөн объектилер ар кандай белгисиз себептерден улам кабыл алынбай токтоп турат, кабыл алуу кечеңдеп жүргүзүлбөй токтоп турган иштерди 01.02.2025-жылга чейин (парк, спорт зал, хоккей аянтчасы, музыкалык залы ж.б.) кабыл алуу жагы айыл өкмөт башчысы З.Э.Акуновага тапшырылсын.
13. Коомчулуктан жана айыл өкмөттүн аппаратынан келип түшкөн кайрылуулар жана областтык, райондук фонддор аркылуу ар кандай долбоорлорду өткөрүүгө керектелүүчү өздүк салымдар өз убагында каржыланып туруусу ФЭБ башчысы Г.Э.Өзүкановага жана айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
14. 2025- жылдын бюджетинин долбоорунда көрсөтүлгөн Ы.Кадыркулов көчөсүнүн аллеясы, Чет-Булак айылындагы парк, Кара-Суу айылындагы таза суусун, Казарман айылындагы борбордук парктын айланасын тосууга керектүү долбоорлор 2025- жылдын 1-кварталына даярдалып, 2025-жылдын 1-сентябрына чейин куруп бүткөрүү жагы жана ошондой эле Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагына курулуучу жаңы имараттарды, жолдордун тротуарлардын жана башка долбоорлордун даярдалышы айыл өкмөтүнүн башчысы З.Э.Акуновага милдеттендирилстн.
15. Чыгашаларды каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер (эмгек акы, соц. фондуна чегерүүлөр, дары-дармектер, тамактануу) жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча (көмүр, суу, телефон байланышы ж.б.) жүргүзүлсүн.
16. Муниципалдык менчикти камсыздандыруу жана тизмеден чыгарып салуу тартиби, муниципалдык менчиктеги объектилерди пайдалануу жана ижарага берүү жөнүндөгү жоболорду аткаруу жана муниципалдык ишканалар тарабынан көрсөтүлүүчү коммуналдык кызматтарга тарифтерди бекитүү тиешелүү адистерге тапшырылсын жана айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
17. Каргалык айыл аймагындагы (Чарабай, Водхоз) жашоочулардын суу пайдалануучу кардарларына суу пайдаланып жаткандыгы үчүн, суу эсептегичти 2025- жылдын 1- июлуна чейин койдуртуу жагы З.Э.Акуновага милдеттендирилсин.
18. Каргалык айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджеттин бекитүүгө долбоорлорду түзүүдө (смета, проект,экспертиза) кайдыгер мамиле жасаган адистерге 2025- жылдын 1- февралына чейин чара көрүү жагы каралсын.
19. Бул токтомду аткаруу жагы ФЭБ башчысы Г.Э.Өзүкановага жана айыл өкмөт башчысы З.Э.Акуновага милдеттендирилсин.
20. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
21. Бул токтомду көзөмөлдөө «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы А.К.Атыкановго тапшырылсын.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы: |
Т.И. Токтоболотов |
1 тиркеме
Каргалык айылдык кеңешинин
I чакырылышынын кезектеги V сессиясынын
2024-жыл 30-декабры
№22 токтомуна
Каргалык айыл өкмөтүнүн 2025-жылга жергиликтүү бюджети
(мин. сом) | ||
Бюджеттик | Кирешелердин аталышы | 2025-жыл |
классификация |
|
|
1 | Кирешелер | 110 918,5 |
| Салыктык кирешелер | 90 633,7 |
11 | Кирешеге пайда салык | 90493,3 |
1146 | Жер астындагы суулар | 140,4 |
133 | Мамлекеттик башкаруу секторунун трансферттери | 0 |
1331 | Жергиликтүү бюджеттерге гранттар | 0 |
13311 | Жергиликтүү бюджеттерге гранттар | 0 |
14 | Салыктык эмес кирешелер | 20284,8 |
141 | Менчиктен жана пайыздардан кирешелер |
|
Бюджет | 106818,5 | |
| Атайын каражат | 4100,0 |
2 | Чыгашалар | 110918,5 |
701 | Айыл өкмөттүн аппараты | 91344,7 |
| бюджеттик каражат | 91344,7 |
| атайын каражат | 0,0 |
706 | Жайыт комитетти | 750,0 |
| бюджеттик каражат | 750,0 |
| атайын каражат | 0,0 |
708 | Маданият тармагы боюнча | 4187,4 |
| бюджеттик каражат | 4187,4 |
| атайын каражат | 0,0 |
708 | Клуб | 1873,6 |
| бюджеттик каражат | 1873,6 |
| атайын каражат | 0,0 |
708 | Китепкана | 2313,8 |
| бюджеттик каражат | 2313,8 |
| атайын каражат | 0,0 |
709 | Билим беруу тармагы боюнча | 14636,4 |
| бюджеттик каражат | 10536,4 |
| атайын каражат | 4100,0 |
709 | Мектептер боюнча | 4587,9 |
| бюджеттик каражат | 4587,9 |
| атайын каражат | 0,0 |
709 | Бала-Бакча | 10048,5 |
| бюджеттик каражат | 5948,5 |
| атайын каражат | 4100,0 |
Каргалык айылдык кеңешинин экономика ж/а бюджет комитетинин төрагасы | А.К.Атыканов | |
Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы | З.Э.Акунова | |
ФЭБ башчысы |
Г.Э.Өзуканова | |
2 тиркеме
Каргалык айылдык кеңешинин
I чакырылышынын кезектеги V сессиясынын
2024-жыл 30-декабры
№22 токтомуна
Каргалык айыл өкмөтүнүн - 2025-2026-2027-жыл консолидацияланган бюджетинин болжолу (мин. сом)
(мин. сом)
Бюджетик | Кирешелердин аталышы | 2025 | 2026 | 2027 |
классификация |
| жыл | жыл | жыл |
1 | Кирешелер | 90633,7 | 100141,2 | 112130,0 |
11 | Салыктык кирешелер | 90 633,7 | 100 141,2 | 112 130,0 |
111 | Кирешеге жана пайдага салык | 82 114,9 | 91 615,7 | 103 588,7 |
1111 | Кирешеге жана пайдага салык | 82 114,9 | 91 615,7 | 103 588,7 |
11111 | Кыргыз Республикасынын резиденттери-жеке жактардан алынуучу киреше салыгы |
|
|
|
11111100 | Салык агенти төлөөчү киреше салыгы | 81 205,2 | 90 706,0 | 102 679,0 |
11121100 | Бирдиктүү салык декларациясы боюнча киреше салыгы | 0,0 | 0,0 | 0,0 |
11112100 | Кыргыз Республикасынын резидент эмес жактарынын кирешесине салык |
|
|
|
11122 | Патенттин негизинде салык | 909,7 | 909,7 | 909,7 |
11311 | Кыймылсыз мүлккө салык | 86,0 | 86,0 | 86,0 |
11311200 | 2-топтогу ишкердик иши үчүн пайдаланылган кыймылсыз мүлккө салык | 86,0 | 86,0 | 86,0 |
113121 | Транспорттук каражаттарга салык | 1856,1 | 1856,1 | 1856,1 |
11312110 | Юридикалык жактардын транспорттук каражаттарына салык | 256,1 | 256,1 | 256,1 |
11312120 | Жеке жактардын транспорттук каражаттарына салык | 1600,0 | 1600,0 | 1600,0 |
11321 | Жер салыгы | 6436,3 | 6436,3 | 6436,3 |
11321100 | Короо жанындагы жана дачалык жер участокторун пайдалануу үчүн жер салыгы | 280,1 | 280,1 | 280,1 |
11321200 | Айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн жер салыгы | 612,0 | 612,0 | 612,0 |
11321300 | Айыл чарба жерлерине арналбаган салык | 5544,2 | 5544,2 | 5544,2 |
114 | Жер астындагы суулар | 140,4 | 147,1 | 162,9 |
11462440 | Ичуучу суулар жана технический | 140,4 | 147,1 | 162,9 |
14 | Салык эмес киреше | 20284,8 | 20284,8 | 20284,8 |
1415 | Ресустарды пай-уу ж/а чалгындоо у/н ижара акы ж/а жыйымдар | 8687,3 | 8687,3 | 8687,3 |
14151200 | Жер казынасын пайдалануу укугуна салыксалыксалыклицензияны кармоо үчүн акы | 7510,0 | 7510,0 | 7510,0 |
14152 | Жаратылыш ресурстарын пайдалануу үчүн акы | 1177,3 | 1177,3 | 1177,3 |
| Ижара акы учун акы | 792,5 | 792,5 | 792,5 |
14152100 | Жеке менчик пайдалануучу төлөм | 42,5 | 42,5 | 42,5 |
14152200 | Жайыт ижарасы учун акы | 750,0 | 750,0 | 750,0 |
14152200 | Кайра бөлуш.фонд.ижара акы | 384,8 | 384,8 | 384,8 |
14239 | Дагы башка тушуулор | 4420,0 | 4420,0 | 4420,0 |
14152100 | Таштанды чыгаруудан төлөм | 60,0 | 60,0 | 60,0 |
14244100 | Алкоголдук продукция сатуу, жүргүтүү боюнча лицензия | 260,0 | 260,0 | 260,0 |
1423 | Кызмат көрсөтүүдөн алынуучу төлөм | 4100,0 | 4100,0 | 4100,0 |
14232400 | Мектепке чейинки жана мектеп мекемелерине | 4100,0 | 4100,0 | 4100,0 |
14511400 | Инфраструктура у-н тушкөн фонд | 7177,5 | 7177,5 | 7177,5 |
2 | Чыгашалар | 110918,5 | 120426,0 | 132414,8 |
1441 | Бюджеттик каражаттар | 106818,5 | 116326,0 | 128314,8 |
14412100 | Атайын каражаттар | 4100,0 | 4100,0 | 4100,0 |
Каргалык айылдык кенешинин экономика ж/а бюджет комитетинин төрагасы | А.Атыканов | |||
Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы | З.Акунова | |||
ФЭБбашчысы | Г.Өзүканова | |||
3 тиркеме
Каргалык айылдык кеңешинин
I чакырылышынын кезектеги V сессиясынын
2024-жыл 30-декабры
№22 токтомуна
Каргалык айыл өкмөтунун 2025-жылга жергиликтүү бюджети
(КИРЕШЕ БӨЛҮГҮ БОЮНЧА)
| Бюджеттик классификация | 2025-жыл |
| Кирешелердин аталышы | 110 918,5 |
1 | Кирешелер | 110 918,5 |
11 | Салыктык кирешелер | 90 633,7 |
111 | Кирешеге жана пайдага салык | 82114,9 |
1111 | Кирешеге жана пайдага салык | 82114,9 |
11111 | Кыргыз Республикасынын резиденттери-жеке жактардан алынуучу киреше салыгы | 81 205,2 |
11111100 | Салык агенти төлөөчү киреше салыгы | 81 205,2 |
11111200 | Бирдиктүү салык декларациясы боюнча киреше салыгы |
|
11122 | Патенттин негизинде салык | 909,7 |
11311 | Кыймылсыз мүлккө салык | 86,0 |
11311200 | 2-топтогу ишкердик иши үчүн пайдаланылган кыймылсыз мүлккө салык | 86,0 |
113121 | Транспорттук каражаттарга салык | 1856,1 |
11312110 | Юридикалык жактардын транспорттук каражаттарына салык | 256,1 |
11312120 | Жеке жактардын транспорттук каражаттарына салык | 1600,0 |
11321 | Жер салыгы | 6436,3 |
11321100 | Короо жанындагы жана дачалык жер участокторун пайдалануу үчүн жер салыгы | 280,1 |
11321200 | Айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн жер салыгы | 612 |
11321300 | Айыл чарбага арналбаган жер салык | 5544,2 |
14 | Жер казынасын пайдалануу учун салык | 140,4 |
11462440 | Ичуучу суулар жана технический | 101,2 |
| Жер алдындагы суулар | 39,2 |
14 | Салык эмес киреше | 20284,8 |
1415 | Ресурстарды пайд-уу ж/а чалгындоо у/н ижара акы ж/а жыйымдар |
|
14151200 | Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн акы | 7510,0 |
14152 | Жаратылыш ресурстарын пайдалануу үчүн акы | 1177,3 |
| Ижара жерлер учун акы | 1177,3 |
14152100 | Жеке менчик пайдалануучу төлөм | 42,5 |
14152200 | Жайыт ижарасы үчүн акы | 750 |
14152200 | Кайра болуштуруу.фонд ижара акы | 384,8 |
142 | Дагы башка түшүүлөр | 4420,0 |
14152100 | Таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйым | 60,0 |
14244100 | Алкоголдук продукция сатуу, жүргүтүү боюнча лицензия | 260,0 |
14232400 | Мектепке чейинки жана мектеп мекемелерине кошумча кызмат көрсөтүү акысы | 4100 |
14511400 | Инфраструктура у-н түшкөн фонд | 7177,5 |
Каргалык айылдык кеңешинин экономика ж/а бюджет комитетинин төрагасы | А.Атыканов | |
Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы | З.Акунова | |
ФЭБ бөлүмүнүн башчысы | Г.Өзүканова | |