Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги V сессиясынын
2024-жыл 30-декабры №24
Айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын 2025-жылга карата иш пландарын бекитүү жөнүндө
Каргалык айылдык кеңешинин алдында түзүлгөн «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча», «Мыйзамдуулук, укук, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча», «Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча», «Өнөр жай, курулуш, транспорт, жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш, экология, архитектура боюнча» туруктуу комиссияларынын маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык, Каргалык айылдык кеңешинин ( I чакырылышынын ) кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айылдык кеңешинин алдында түзүлгөн «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча», «Мыйзамдуулук, укук, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча», «Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча», «Өнөр жай, курулуш, транспорт, жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш, экология, архитектура боюнча» туруктуу комиссияларынын 2025 - жылга карата түзүлгөн иш пландары бекитилсин.
2. Каргалык айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларына айылдык кеңештин Регламентиндеги 8-бөлүмдүн 8.1-8.3кө чейинки главаларында көрсөтүлгөндөр боюнча иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Каргалык айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларына иш планында коюлган маселелерди отурумга, сессияга алып чыгууда Каргалык айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери, мектептин директорлору, мектепке чейинки билим берүү уюмунун директорлору жана тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте даярдап алып чыгуу жагы милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каргалык айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Курманбаева Индира Акматовнага тапшырылсын.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы: |
Т.И. Токтоболотов |