Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги V сессиясынын
2024-жыл 30-декабры №25
Каргалык айылдык кеңешинин 2025-жылга карата иш планын бекитүү
Каргалык айылдык кеңешинин 2025-жылга карата түзүлгөн иш планы боюнча Каргалык айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Курманбаева Индира Акматовнанын маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык, Каргалык айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айылдык кеңешинин 2025-жылга карата түзүлгөн иш планы бекитилсин.
2. Айылдык кеңештин 2025-жылга карата түзүлгөн иш планы боюнча Каргалык айылдык кеңешинин алдында түзүлгөн туруктуу комиссиялардын төрагаларына жана мүчөлөрүнө айылдык кеңештин Регламентиндеги туруктуу комиссиялардын ыйгарым укуктары жөнүндөгү бөлүмдө көрсөтүлгөндөргө ылайык иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Айылдык кеңештин иш планында коюлган маселелерди даярдап, сессияга алып чыгуу жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына, Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысына жана жооптуу кызматкерлерине, мектептин директорлоруна, мектепке чейинки билим берүү уюмунун директорлоруна жана тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилерине жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы: |
Т.И. Токтоболотов |