Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги V сессиясынын
2024-жыл 30-декабры №28
Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын резервдик курамына сунушталган талапкерлерди сунуштоо жөнүндө
Каргалык айылдык кеңешинин “Мыйзамдуулук, укук, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымы Атамкулова Назгүл Токтоналиевнанын маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү” Мыйзамынын 19-беренесине ылайык Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын резервдик курамына сунушталган талапкерлердин тизмеси бекитилсин.
2. Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын резервине төмөнкү талапкерлер сунушталсын:
1) Атыканова Чынара Кадыкеевна
2) Акматбекова Айгерим Жолоевна
3) Базаркулов Бактыбек Дербишалиевич
4) Жунусалиева Саламат Токоновна
5) Калыбеков Илимбек Сарилдинович
6) Керезалиев Мыйзамбек Максатбеквич
7) Кулубаева Забида Жамшитбековна
8) Мамбеталиева Нуркан Болотбековна
9) Моңолова Светлана Темиралиевна
10) Ормонкулова Рита Бекбоевна
11) Өмүралиева Жанаркүл Мейманжановна
12) Рыспай кызы Жанаркүл
13) Салиманов Бексултан Жолчубекович
14) Сулайманова Батма Даткабаевна
15) Сулайманова Рысбүбү Карыпбаевна
16) Тойгонбай уулу Билимбай
17) Токтогонова Дамира Жолоевна
18) Токтосунов Жайлообек Иманбаевич
19) Шейшеналиев Кутман Сүйүнбекович
20) Эшматов Нурланбек Болотович
3. Жогорудагы сунушталган талапкерлерди бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынан суралсын.
4. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду көзөмөлдөө “Мыйзамдуулук, укук, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымы Атамкулова Назгүл Токтоналиевнага жүктөлсүн.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы: |
Т.И. Токтоболотов |