Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 28-марты № 4/11
Баетов айылдык кеңешинин 7-чакырылыштын депутаттарынын кезектүү 2-сессиясынын 2023-жылдын 12-июль №2-4 токтому менен бекитилген ЖОБОго толуктоо киргизүү жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баетов айыл аймагынан эл аралык аренага чыккан ар тармактуу жеңүүчүлөрүнө берилүүчү сый акы жөнүндө ЖОБОго тиркемеге ылайык толуктоо киргизилсин. Тиркеме тиркелет 1 баракта
2. Сый акыга берилүүчү акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жаштар спорт маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага: | Ч. Азимжанов |
VIII–чакырылыштагы депутаттардын Баетов айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 28-март
№ 4-11 токтомуна тиркеме
Баетов айыл аймагынан эл аралык аренага чыккан ар тармактуу жеңүүчүлөрүнө берилүүчү сый акы жөнүндө
ЖОБО
Максаты
1.1. Ушул ЖОБО Баетов айыл аймагынын спорттун олимпиадалык түрлөрү, маданият, билим берүү тармактарынан эл аралык аренага чыгып алдынкы орунду ээлеген жеңүүчүлөргө акчалай сыйлык өлчөмүн аны дайындоонун жана төлөп берүүнүн тартибин аныктайт.
1.2. Баетов айыл аймагынан эл аралык аренага чыгып жеңүүчү аталган жеңүүчүгө сый акы жергиликтүү бюджеттен төлөнөт.
1.3. Спорттун олимпиадалык түрлөрү, маданият, билим берүү тармактары боюнча Баетов айыл аймагынан чыккан жеңүүчүлөрү сый акыга ээ боло алышат.
1.4 Жаш спортчу, ырчы, таланттуу, билимдүү жарандарыбызды колдоо, стимул берүү, шыктандыруу
1.5 Айылдын социалдык маданий өнүгүүсүнө жакшы шарт түзүү
1.6 Баетов айыл аймагында жайагашкан мектеп окуучулары райондук, облустук, республикалык спорттук мелдештерде алдынкы орунду камсыз кылса сый акыга ээ боло алышат.
2. Сый акынын өлчөмү жана төлөп берүүнүн тартиби
2.1 Сый акынын өлчөмү жеңүүчүлөр көрсөткөн натыйжаларга жараша Баетов айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен каржыланат.
2.2. Биринчи орунду камсыз кылган жеңүүчүгө 100000 (бир жүз миң ) сом.
2.3. Экинчи орунду камсыз кылган жеңүүчүгө 70000 (элүү миң) сом.
2.4. Үчүнчү орунду камсыз кылган жеңүүчүгө 50000 (отуз миң) сом.
3. Сый акыны төлөө төмөнкү учурларда токтотулат.
3.1. Эл аралык мелдештерде чет мамлекет үчүн чыкканда
3.2. Тийиштүү документтер так болбогондо.
3.3. Баетов айыл аймагында туулуп өспөгөн, туруктуу жашабаган жаран болгондо.