Редакцияот 29.07.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ДЕПУТАТТАРДЫН УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

IX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН VIII СЕССИЯСЫ

 

Т О К Т О М

10-июнь 2025-ж. № 44                    

 

 

КР Президентин 24.02.2022-ж. №54 Жарлыгына ылайык Улахол айыл өкмөтүнүн 20.05.2025-жылдагы №35 тескемесинин №1 тиркемесине ылайык жобону бекитүү жөнүндө.

 

КР Президентин 24.02.2022-ж. №54 Жарлыгына ылайык,

Улахол айыл өкмөтүнүн 20.05.2025-жылдагы №35 тескемесинин №1 тиркемесине ылайык жобону бекитүү боюнча  айыл өкмөт башчысы Т.Калыковдун билдирүүсүн жана укук депутаттык этика, жаштар иштери жана маданият боюнча  туруктуу комиссиясынын корутундусун  угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    КР Президентин 24.02.2022-ж. №54 Жарлыгына ылайык «КР

үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү чаралары» жөнүндө жарлыгын ишке ашыруу  боюнча Улахол айыл өкмөтүнүн 20.05.2025-жылдагы №35 тескемесинин №1 тиркемесине ылайык  жобо бекитилсин.

 

2.    Маркумду акыркы сапарга узатуу мал сойбостон же бир

бододон (уй, топоз, жылкы, төөдөн) ашык мал союлбай өткөрүлсүн.

 

3.    Улахол айылдык Кеңешинин 2025-жылдын 10-июнундагы

№44 токтомун Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү, ченемдик укуктук актылардын Реестрине кошуу үчүн Юстиция министрлигинин Ысык-Көл областтык бөлүмүнө жөнөтүү жагы Улахол айылдык кеңешинин жооптуу катчысы И.Жээнтаевге милдеттендирилсин.

4.    Ушул токтомду көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

Төрага        К.Б.Бейшеев