Редакцияот 03.06.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кеңештин VIII чакырылышынын кезексиз V сессиясы

 

2025-жылдын 3-июну  № 5/5

 

Баетов айыл аймагынын Кайыңды-Булак айылынын Камаев көчөсүндөгү муниципалдык менчиктеги 23092м2 жер тилкесин жана эски жүк ташуучу автоунааларды оңдоочу жайдын ордун курулушу менен баланска алуу жөнүндө

 

Кыргыз Републикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы № 37 Мыйзамынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” №19-беренесине ылайык, депутаттардын Баетов айылдык кеңешинин кезексиз V сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Баетов айыл аймагынын Кайыңды-Булак  айылынын Камаев  көчөсү №1 дарегиндеги 4-01-06-1002-0257 бирдейлештирилген кодундагы  муниципалдык менчиктеги (мурунку автобаза)  23092м2  жер тилкесинин түндүк тарабындагы туурасы 12 метр, узуну 120 метр  болгон  эски жүк ташуучу автоунааларды оңдоочу (токтотулуучу) жайдын  ордун курулушу менен Баетов айыл өкмөтүнүн балансына алынсын.

 

2. Токтомду аткарууга алуу Баетов айыл аймагынын айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарба, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

 

Тѳрага:

Ч. Азимжанов