Редакцияот 03.06.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кеңештин VIII чакырылышынын кезексиз V сессиясы

 

2025-жылдын 3-июну  № 5/14 

Ак-Талаа РИИБ жол кыймылынын коопсуздук тобуна кызматтык имарат салуу үчүн 500 м2 жер тилкесин бөлүп берүү  жөнүндө

 

Кыргыз Републикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы № 37 Мыйзамынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” №19-беренесине ылайык, депутаттардын Баетов айылдык кеңешинин кезексиз V сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.   Ак-Талаа РИИБ жол кыймылынын коопсуздук тобуна кызматтык имарат салуу үчүн 500м2 жер тилкесин муниципалдык жер аянтынан караштырып берүү жагы Баетов айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

2. Бош жер аянты такталгандан кийин Ак-Талаа РИИБ жол кыймылынын коопсуздук тобуна кызматтык имарат салуу үчүн 500м2 жер аянты бөлүнүп, пайдалануусуна берилсин.

3. Токтомду аткарууга алуу жана мыйзам чегинде иш алып баруу Баетов айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарба, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Тѳрага:

Ч.Азимжанов