Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 22-июлу № 437
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарында
медициналык калдыктарды колдонуу жана сымап камтылган буюмдар менен иштөө боюнча маселелер жөнүндө
“Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 59, 61-беренелерин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Медициналык калдыктарды колдонуу тартиби 1-тиркемеге ылайык;
2) Сымап камтылган медициналык буюмдар менен иштөө жана колдонуу тартиби 2-тиркемеге ылайык.
2. Бул токтомду республикалык бюджеттен каржылануучу саламаттык сактоо уюмдары тарабынан ишке ашыруу тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-декабрындагы № 719 “Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарында медициналык калдыктар жана сымаптуу буюмдар менен иштөө боюнча маселелер жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 25-июлундагы № 55 (3711) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |