Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Моюн айылдык кеңешинин депутаттарынын X чакырылыштын 5-сессиясынын 3-кезексиз сессиясы
2025-жылдын 20-февралы №9
Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн Ак-Моюн Тазалык муниципалдык ишканасынын 2024-жылдан калган калдык акча каражатын карап бекитүү жөнүндө.
X чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык кеңешинин 5-сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык кеңеши карап чыгып.
токтом кылат:
1. Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн Ак-Моюн Тазалык муниципалдык ишканасынын 2024- жылдан калган калдык акча каражаты төмөндөгүдөй бекитилсин.
КИРЕШЕ БӨЛҮГҮ:
Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн Ак-Моюн Тазалык муниципалдык ишканасынын 2024- жылдан калган калдык акча каражаты т - 421,4 миң сом.
Баардыгы: 421,4 (төрт жүз жыйырма бир миӊ төрт жүз) сом.
ЧЫГАША БӨЛҮГҮ:
Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн Ак-Моюн Тазалык муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин 2024-жылдан калган эмгек акысы үчүн - 120,0 00 сом.
Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн Ак-Моюн Тазалык муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин 2024-жылдан калган эмгек акысынын соц чегерүүсүнө- 20,700 миң сом.
Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн Ак-Моюн, Бирлик айылдарына мусорный бактарды коюу жана ишин жакшыртуу үчүн – 100,000 сом
Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн Ак-Моюн Тазалык муниципалдык ишканасынын техникаларынын тетиктерин алуу үчүн 100 000 сом.
Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн Ак-Моюн, Бирлик айылдарынын таштандыларын тазалап чыгаруу үчүн 80 7 00сом.
Жалпысы: 421,4 миң сом.
Жалпы 421,4 (төрт жүз жыйырма бир миӊ төрт жүз) сом.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн Ак-Моюн тазалык муниципалдык ишкананын бухгалтери Т.Байматовага милдеттендирилсин .
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп ak-moyun.gov.kg веб-сайтка жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Каражаттарды өз убагында көрсөтүлгөн багытка которуу боюнча кыймылдарды жүргүзүп берүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Ат-Башы финансы башкармалыгынан суралсын.
5. Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Алакуновго тапшырылсын жана өзүмө калтырам.
Төрага: | Б. Султангазы уулу |