Загрузка документа…
|
| Тиркеме 1 |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-июлундагы № 437 токтомуна) |
Медициналык калдыктарды колдонуу тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Медициналык калдыктарды колдонуу тартиби (мындан ары – Тартип) саламаттык сактоо уюмдарында медициналык калдыктарды колдонуу тартибин регламенттейт, ошондой эле медициналык калдыктардын бардык түрлөрүн бөлүүгө, чогултууга, таңгактоого, маркалоого, эсепке алууга, сактоого, ташууга, жугушсуздандырууга/зыянсыздандырууга, көмүүгө карата талаптарды аныктайт.
2. Бул Тартиптин колдонулушу менчигинин түрүнө карабастан төмөнкү типтеги жана түрдөгү саламаттык сактоо уюмдарына жайылтылат:
- дарылоо-профилактикалык;
- коомдук саламаттык сактоо уюмдары;
- илимий-изилдөө;
- саламаттык сактоонун билим берүү уюмдары;
- медициналык-социалдык;
- реабилитациялык;
- медициналык тез жардам станциялары, кан куюучу станциялар, стоматологиялык клиникалар;
- ден соолукту чыңдоочу уюмдар (санаторийлер, профилакторийлер, эс алуу үйлөрү, пансионаттар);
- жеке жана аралаш менчик формасына негизделген саламаттык сактоо уюмдары.
3. Радиоактивдүү калдыктарды колдонуу Кыргыз Республикасынын радиациялык коопсуздук чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
4. Сымап камтылган калдыктарды колдонуу Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына жана Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2017-жылдын 3-мартындагы № 19 чечими менен кабыл алынган Евразия экономикалык бирлигинин “Химиялык продукциянын коопсуздугу жөнүндө” (ЕАЭБ ТР 041/2017) техникалык регламентине ылайык жүзөгө ашырылат.
5. Бул Тартипте төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) калдыктардын кооптуулук классы – кооптуу калдыктардын түздөн-түз же кыйыр таасиринде адамдын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө мүмкүн болуучу зыяндын таасиринин даражасы;
2) контаминацияланган медициналык калдыктар – адамдын каны жана/же организминин башка суюктуктары же лабораториялардагы инфекциялык агенттердин культуралары менен аралашкан калдыктар;
3) медициналык калдыктар – калдыктардын бардык түрлөрү, анын ичинде медициналык ишти, ошондой эле медициналык максатта инфекциялык оорулардын козгогучтарын жана гендик-инженердик-модификацияланган организмдерди колдонуу жаатындагы ишти жүзөгө ашыруу процессинде пайда болгон анатомиялык, патологоанатомиялык, биохимиялык, микробиологиялык жана физиологиялык калдыктар;
4) медициналык калдыктарды тазалоо – милдеттүү жугушсуздандырууну жана/же дезинтоксикациялоону, ошондой эле көлөмүн азайтууну жана/же алардын түрүн өзгөртүүнү караган кооптуу медициналык калдыктардын тобокелдиктерин төмөндөтүү боюнча чаралардын комплекси;
5) медициналык калдыктарды колдонуу – медициналык калдыктарды идентификациялоо жана бөлүү, чогултуу, жугушсуздандыруу/зыянсыздандыруу, эсепке алуу, сактоо, ташуу жана көмүү менен байланышкан иштин бардык түрлөрү;
6) жугушсуздандыруу – объектти/терди микробдордон арылтуу, ал адамдар жана жаныбарлар үчүн коопсуз кылынат. Стерилдөө (автоклавдан өткөрүү) же дезинфекциялоо менен жетишилет;
7) зыянсыздандыруу (калдыктарды зыянсыздандыруу) – калдыктарды адамдар, жаныбарлар, өсүмдүктөр, айлана-чөйрө үчүн зыянсыз болгон концентрацияга чейин тазалоо же болбосо тазалоого мүмкүн болбогон калдыктарды жылчыксыз көмүү;
8) калдыктарды өз-өзүнчө чогултуу – калдыктарды белгиленген кооптуулук классына, физикалык касиеттерине жана алардын агрегаттык абалына ылайык чогултуу, убактылуу сактоо боюнча иш;
9) атайын кийим – жумуш ордунда кызматкердин ден соолугуна зыяндуу жана кооптуу факторлордон коргоо үчүн багытталган денени, колдун терисин, көздүн былжыр челин, мурундун жана ооздун көңдөйүн, дем алуу жана ашказан-ичеги органдарын жеке коргоо каражаты;
10) калдыктарды ташуу – калдыктарды алар пайда болгон, сорттолгон, сакталган, кайра иштетилген, жугушсуздандырылган/зыянсыздандырылган, көмүлгөн жана жок кылынган объекттердин ортосунда ташуу;
11) калдыктарды жок кылуу (чыгаруу) – калдыктарды дээрлик толук жок кылуу максатында тазалоо;
12) калдыктарды сактоо – калдыктарды көмүү, жугушсуздандыруу/зыянсыздандыруу максатында аларды алып чыкканга чейин атайын жабдылган топтогучтарда кармоо;
13) күтүлбөгөн кырсык – күтүүсүз окуялар, алардын натыйжасында ден соолукка, жабдууларга жана жабдыктарга зыян келтирилиши мүмкүн же келтирилген, ошондой эле зыяндын башка түрлөрү;
14) калдыктарды утилдештирүү – калдыктарды жаңы технологиялык циклдерге тартуу, пайдалуу максаттарда колдонуу; калдыктарды кайра пайдалануучу чийки зат катары жана башка максаттар үчүн пайдалануу.
2-глава. Медициналык калдыктар менен иштөө тартиби
6. Саламаттык сактоо уюмдарында медициналык калдыктарды колдонуу процесси төмөнкү этаптарды камтыйт:
1) саламаттык сактоо уюмдарынын ичинде калдыктарды идентификациялоо жана бөлүү;
2) саламаттык сактоо уюмдарынын ичинде калдыктарды чогултуу, таңгактоо жана маркалоо;
3) кооптуу калдыктарды жана көп жолку колдонулуучу инвентарды тазалоо;
4) калдыктарды бөлүмдөрдөн ташуу жана калдыктарды пайда кылуучу саламаттык сактоо уюмдарынын аймагында калдыктарды убактылуу сактоо;
5) медициналык калдыктарды эсепке алуу;
6) медициналык калдыктарды жугушсуздандыруу/ зыянсыздандыруу;
7) калдыктарды пайда кылуучу саламаттык сактоо уюмдарынын аймагынан медициналык калдыктарды ташуу;
8) медициналык калдыктарды көмүү же жок кылуу.
7. Медициналык калдыктарды чогултууну, убактылуу сактоону, жугушсуздандырууну/зыянсыздандырууну жана ташып чыгарууну саламаттык сактоо уюмдары үчүн медициналык калдыктарды колдонуунун бекитилген схемасына ылайык аткаруу керек.
8. Медициналык калдыктарды колдонуу схемасында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) пайда болгон медициналык калдыктардын сапаты жана саны;
2) медициналык калдыктарды чогултуу үчүн чыгымдалуучу материалдарга жана тараларга керектөөлөр;
3) медициналык калдыктарды чогултуу тартиби;
4) медициналык калдыктарды убактылуу сактоо (топтоо) тартиби, аларды ташып чыгаруунун мезгилдүүлүгү;
5) инвентарь жана көп жолу колдонулуучу контейнерлер;
6) медициналык калдыктарды жок кылуунун же жугушсуздандыруунун/зыянсыздандыруунун жана чыгаруунун колдонулуучу ыкмалары;
7) медициналык калдыктар менен тери катмары кокустан сайылганда/кесилгенде, медициналык калдыктар былжыр челге же тери катмарына түшкөндө жана таңгактын бүтүндүгү бузулганда (медициналык калдыктар чачылганда, төгүлгөндө) медициналык калдыктарды колдонуу процессине тартылган персоналдын иш-аракеттеринин тартиби;
8) персоналды медициналык калдыктарды колдонуудагы эпидемиологиялык коопсуздук эрежелерине окутууну уюштуруу.
9. Медициналык калдыктарды колдонуу системасын уюштуруу максатында:
1) саламаттык сактоо уюмунун жетекчисинин буйругу менен төмөнкүлөр дайындалат:
– медициналык калдыктарды колдонууну уюштуруучу жана ушул Тартиптин талаптарынын сакталышын контролдоочу адам;
– медициналык калдыктарды колдонуу боюнча инструктаж өтүп жаткан саламаттык сактоо уюмунун ар бир бөлүмүндө медициналык калдыктарды колдонууга жооптуу адамдар;
2) пайда болуучу медициналык калдыктардын көлөмү жана класстары эсепке алынат, жылына бир жолудан кем эмес инвентаризация жүргүзүлөт;
3) саламаттык сактоо уюмунун жетекчисинин буйругу менен пайда болуучу медициналык калдыктарга инвентаризация жүргүзүү боюнча комиссиянын курамы аныкталат, инвентаризация башталуучу жана аяктоочу дата белгиленет, ошондой эле инвентаризацияланууга тийиш болгон түзүмдүк бөлүмдөр аныкталат;
4) медициналык калдыктарды колдонуу жаатында өндүрүштүк контроль жүргүзүлөт;
5) саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте ведомстволук статистикалык отчет толтурулат жана берилет;
6) авариялык кырдаалдардын алдын алуу боюнча талаптар сакталат;
7) адамдын ден соолугу жана айлана-чөйрө үчүн терс кесепеттер менен авариялык кырдаал келип чыкканда өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана элге токтоосуз маалымдалат.
3-глава. Медициналык калдыктардын түрлөрү
10. Саламаттык сактоо уюмдарында пайда болуучу бардык медициналык калдыктар алардын адамдын каны жана/же организминдеги башка суюктуктар же инфекциялык агенттердин культуралары менен аралашуусуна жараша эки түргө бөлүнөт: контаминацияланган (инфекцияланган) жана контаминацияланбаган.
Медициналык калдыктардын ар бир түрүн колдонуу алардын келип чыгышына, агрегаттык абалына, физикалык-химиялык касиеттерине, компоненттери менен калктын ден соолугу жана адамдардын жашоо чөйрөсү үчүн кооптуулук классынын сандык катышына жараша болот.
11. Медициналык калдыктар кооптуулук классына жараша төмөнкүлөргө бөлүнөт:
1) А классы – курамы боюнча катуу тиричилик калдыктарына жакын эпидемиологиялык коопсуз медициналык калдыктар;
2) Б классы – эпидемиологиялык кооптуу медициналык калдыктар;
3) В классы – эпидемиологиялык өзгөчө кооптуу медициналык калдыктар;
4) Г классы – I–IV кооптуулук класстарындагы токсикологиялык кооптуу медициналык калдыктар;
5) Д классы – радиоактивдүү медициналык калдыктар.
12. Медициналык калдыктардын кооптуулук классы бул Тартиптин тиркемесине ылайык медициналык калдыктардын морфологиялык курамына жараша аныкталат.
4-глава. Медициналык калдыктар менен иштөөнүн коопсуздугу
13. Медициналык калдыктар төмөнкү объекттерге жайгаштырылат:
1) саламаттык сактоо уюмунун аймагында медициналык калдыктарды убактылуу сактоо жана жыюу объекттерине;
2) калдыктарды стационардык жайгаштыруу, сактоо жана көмүү үчүн багытталган, атайын жабдылган курулма болуп саналган медициналык калдыктары стационардык жыюу жана көмүү объекттерине, көмүү полигондоруна.
14. Медициналык калдыктарды трансчек аралык ташуу Кооптуу калдыктарды трансчек аралык ташууну жана аларды чыгарууну контролдоо жөнүндө Базель конвенциясынын талаптарына жана “Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ишке ашырылат.
15. Медициналык калдыктарды колдонууда коопсуздук чараларын камсыз кылуу зарыл, алар төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) медициналык калдыктардын адамдын жашоосуна жана ден соолугуна, айлана-чөйрөгө таасир тийгизүү тобокелдигин жокко чыгаруучу эмгекти коргоо ыкмаларын жана методдорун пайдалануу;
2) персоналга зарыл болгон өздүк гигиена каражаттарын, жеке коргонуу каражаттарын жана атайын кийимди толук көлөмдө берүү;
3) персоналды медициналык калдыктар менен коопсуз иштөө чараларына окутуу жана инструктаж өтүү;
4) медициналык калдыктарды чогултууда идиштерди маркалоо үчүн кооптуулукка карата эскертүүчү белгилердин болушу;
5) медициналык калдыктарды тиешелүү уруксаты (лицензиясы) бар адистештирилген ишканаларда жок кылуу же утилдештирүү;
6) авариялык кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу.
16. Медициналык калдыктарды убактылуу сактоодо жана жайгаштырууда өрт коопсуздугун жана өзүнөн өзү бузулушун, анын ичинде кооптуу продукттардын пайда болушун жана алардын төмөнкүлөргө алып келиши мүмкүн болгон кооптуу реакцияга киришин болтурбоочу атайын чаралар сакталууга тийиш:
1) күйүп кетүүгө жана/же чоң көлөмдөгү жылуулуктун бөлүнүп чыгуусуна;
2) тез күйүүчү, уулуу же ууктуруучу газдын бөлүнүп чыгуусуна;
3) башка химиялык активдүү жана кооптуу, анын ичинде коррозиялоочу заттардын пайда болуусуна;
4) эпидемиологиялык булгануунун жайылуусуна.
17. Жугушсуздандырылган/зыянсыздандырылган медициналык калдыктарды жайгаштыруу жана жыюу ушул максаттар үчүн атайын жабдылган жана тосулган бастырмасы бар участоктордо/аянтчаларда жүргүзүлүшү керек.
18. Ар түрдүү кооптуулук классындагы медициналык калдыктарды алар пайда болгон жерде жалпы идиште аралаштырууга тыюу салынат.
Кооптуу медициналык калдыктар менен кооптуу эмес калдыктар аралашып калган учурда бардык аралашкан калдыктар кооптуу медициналык калдыктардын категориясына кирет жана тиешелүү жугушсуздандырылууга / зыянсыздандырылууга тийиш.
19. Медициналык калдыктарды алар пайда болгон жерлерден убактылуу сактоо, жок кылуу, же жугушсуздандыруу/зыянсыздандыруу жерлерине которуу, көп жолу колдонулуучу контейнерлерди түшүрүү жана жүктөө процесстери механизацияланууга тийиш.
20. Саламаттык сактоо уюмунда жугушсуздандыруу/ зыянсыздандыруу пункттары жок болгон учурда саламаттык сактоо уюмдарынын аймагынан калдыктарды ташуу кооптуу жүктөрдү ташууга тиешелүү уруксаты бар ишканаларда жакынкы жок кылуучу же жугушсуздандыруучу/зыянсыздандыруучу жерге атайын транспорт менен жүргүзүлөт.
5-глава. Медициналык калдыктар менен иштеген персоналга коюлуучу талаптар
21. Медициналык калдыктар менен иштөөгө 18 жашка чейинки адамдарга жол берилбейт. Персонал эмгек мыйзамдарында жана коомдук саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган учурларда алдын ала (ишке кабыл алууда) жана мезгилдүү медициналык кароолордон өтөт.
22. Персонал улуттук профилактикалык эмдөө календарына ылайык эмделүүгө тийиш. В гепатитине жана сенекке каршы иммундаштырылбаган персоналга Б жана В классындагы медициналык калдыктарды колдонуу боюнча ишке жол берилбейт.
23. Персонал ишке кабыл алууда жана андан кийин жыл сайын медициналык калдыктарды коопсуз колдонуу эрежелерине милдеттүү түрдө окутулат жана инструктаждан өтөт.
24. Персонал атайын кийимдин комплекти (халаттар/ комбинезондор, коргоочу фартуктар, кол каптар, бет каптар/респираторлор, коргоочу калкамалар/көз айнектер, атайын ным өткөрбөгөн жана тешилбеген бут кийим, жең каптар жана башкалар) менен камсыздалат.
25. Персонал атайын кийимде иштөөгө тийиш, аны менен жумушчу орундан сырткары чыгууга жол берилбейт. Өздүк кийимди жана атайын кийимди ар башка шкафтарда сактоо зарыл.
26. Атайын кийим саламаттык сактоо уюмунда борборлоштурулуп жуулат. Атайын кийимди үйдө жууганга тыюу салынат.
6-глава. Медициналык калдыктарды топтоо, таңгактоо жана маркировкалоо
27. Эпидемиологиялык коопсуз медициналык калдыктар (мындан ары – А классындагы калдыктар) көп жолу колдонулуучу контейнерлерге же бир жолку пакеттерге чогултулат.
28. Талап кылынуучу таңгак: бир жолку пластик пакеттер (полиэтилен) же жакшы сапаттагы жана жетиштүү көлөмдөгү көп жолу колдонулуучу контейнерлер. Бир жолку пакеттер атайын арабаларга же көп жолу колдонулуучу контейнерлерге жайгаштырылат.
29. Толтурулган көп жолу колдонулуучу контейнерлер же бир жолку пакеттер аталган класстагы калдыктарды чогултуу үчүн атайын багытталган, аянтчада (жайда) орнотулган маркаланган контейнерлерге жеткирилет жана жүктөлөт. Калдыктарды чогултуу үчүн контейнерлер “Медициналык калдыктар. А классы” деген жазуу менен маркаланууга тийиш. Көп жолу колдонулуучу контейнерлер бошотулгандан кийин жуулууга жана дезинфекцияланууга тийиш. Көп жолу колдонулуучу контейнерлерди жуу жана дезинфекциялоо тартиби ар бир конкреттүү саламаттык сактоо уюмунун калдыктарды колдонуу схемасына ылайык аныкталат.
30. А классындагы калдыктарды ташуу экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарына ылайык бул аймак үчүн кабыл алынган санитардык тазалоо схемасын эске алуу менен уюштурулат.
31. А классындагы ири габариттүү калдыктар ири габариттүү калдыктар үчүн атайын контейнерлерге чогултулат. Инфекцияланган материал же бейтаптар менен байланышта болгон ири габариттүү калдыктардын үстүнкү беттери жана агрегаттары аларды топтолуучу контейнерге жайгаштыруунун алдында милдеттүү түрдө жугушсуздандырылат/зыянсыздандырылат.
32. Эпидемиологиялык кооптуу медициналык калдыктар (мындан ары – Б классындагы калдыктар) медициналык калдыктарды башкаруунун кабыл алынган системасына жараша (борборлоштурулган жана борборлоштурулбаган) жугушсуздандырылууга/зыянсыздандырылууга жана андан кийин жок кылынууга тийиш. Медициналык калдыктарды башкаруу системасын тандоо медициналык калдыктарды колдонуу схемасын иштеп чыгууда саламаттык сактоо уюмунун мүмкүндүгүнө жараша аныкталат.
33. Саламаттык сактоо уюмунда Б классындагы калдыктарды жугушсуздандыруу/зыянсыздандыруу боюнча пункт же медициналык калдыктарды жугушсуздандыруунун/зыянсыздандыруунун борборлоштурулган системасы жок болгон учурда Б классындагы калдыктар ошол уюмдун персоналы тарабынан алар пайда болгон жерде химиялык методдор менен жугушсуздандырылат.
34. Б классындагы калдыктар бир жолку пластик пакеттерде жана/же контейнерлерде чогултулат. Пакет жана/же контейнер калдыктардын морфологиялык курамына жараша тандалат.
35. Б классындагы калдыктарды чогултуу, убактылуу сактоо, жугушсуздандыруу жана ташуу үчүн талап кылынуучу таңгак:
1) механикалык таасирге, курч предметтер менен тешилүүгө, жогорку жана төмөнкү температуранын, жуучу жана дезинфекциялоочу каражаттардын таасирине туруктуу, суу өткөрбөгөн материалдардан жасалган, алардын өзүнөн өзү ачылуусуна жол бербеген тыгыз жабылган капкактары бар контейнерлер;
2) Б классындагы калдыктарды коопсуз сактоону жана ташууну камсыз кылуучу атайын бир жолку пластик (полипропилен) пакеттер.
36. Медициналык иш жүргүзгөн уюмдардын жумуш орундарында жугушсуздандыруунун аппараттык методдорун колдонуу учурунда ийнесин алдын ала өзүнчө бөлүү менен (ийнелерди бөлүү үчүн ийне чечкичтерди, ийне чогулткучтарды, ийне кескичтерди пайдалануу зарыл) пайдаланылган шприцтерди ажыратылбаган түрдө, кол каптарды, жара таңгыч материалдарды жана башка колдонулган медициналык буюмдарды бир идишке (контейнерге, пакетке) чогултууга жол берилет.
37. Б классындагы калдыктарды чогултуу үчүн пакеттер атайын тирөөч-арабаларга же педаль капкактуу контейнерлерге бекитилүүгө тийиш.
38. Пакет 3/4төн ашык эмес көлөмгө толтурулгандан кийин саламаттык сактоо уюмунун аталган бөлүмүндө калдыктарды чогултууга жооптуу кызматкер пакетти биркалуу боо же Б классындагы калдыктарды төкпөй турган башка шаймандар менен байлайт. Б классындагы калдыктарды бөлүмдүн чегинен тышкары ачык контейнерлерде сактоого жана ташууга жол берилбейт.
39. Б классындагы калдыктарды акыркы таңгактоодо аларды бөлүмдөн (уюмдан) чыгаруу үчүн Б классындагы калдыктар бар контейнерлер бөлүмдүн аталышын, датаны жана калдыктарды чогултууга жооптуу адамдын фамилиясын түшүрүү менен “Кооптуу! Инфекцияланган калдыктар. Медициналык калдыктар. Б классы” деген жазуу менен маркаланат. Кодировкалоо түсү: сары.
40. Б классындагы калдыктарды чогултуу үчүн көп жолу колдонулуучу транспорттук контейнерлерди дезинфекциялоо жугушсуздандыруу/зыянсыздандыруу пунктунда күн сайын жүргүзүлөт.
41. Пакеттерге чогултулган жана транспорттук контейнерлерге жайгаштырылган же көп жолу колдонулуучу контейнерлерге чогултулган Б классындагы калдыктар саламаттык сактоо уюмунун бөлүмдөрүнөн саламаттык сактоо уюмунун жугушсуздандыруу жана/же зыянсыздандыруу пунктуна же медициналык калдыктарды убактылуу сактоо жайына которулат, андан кийин тиешелүү уруксаты бар ишканага андан ары жок кылуучу же жугушсуздандыруучу/зыянсыздандыруучу жерге адистештирилген транспорт менен ташып чыгарылат. Б классындагы калдыктарды сактоочу жайга бөтөн адамдардын киришине тыюу салынат. Аппараттык методдорду пайдалануу менен медициналык калдыктарды жугушсуздандыруу/зыянсыздандыруу пункттарын уюштурууда эпидемиологиялык коопсуздуктун зарыл болгон талаптары камсыздалган шартта Б классындагы калдыктарды пайда болгон жеринде алдын ала жугушсуздандыруусуз чогултууга, убактылуу сактоого, ташууга уруксат берилет.
42. Мында саламаттык сактоо уюмдары бардык зарыл болгон чыгымдалуучу каражаттар, анын ичинде талап кылынган таңгак менен камсыз болууга тийиш.
43. Б классындагы патологоанатомиялык жана органикалык операциялык калдыктар кремацияланууга же башка жогорку температурадагы физикалык метод менен жок кылынууга, же биологиялык калдыктар үчүн атайын чуңкурларда же болбосо көрүстөндөрдөгү атайын мүрзөлөрдө атайын бөлүнгөн участокто көмүлүүгө тийиш. Саламаттык сактоо уюмдарынын алыс жайгашкан түзүмдүк бөлүмдөрүнөн жана башка медициналык жардам көрсөтүүчү жерлеринен атайын контейнерлерде таңгакталган Б классындагы жугушсуздандырылбаган калдыктарды саламаттык сактоо уюмдарынын адистештирилген пункттарында андан ары жугушсуздандырууну/зыянсыздандырууну камсыз кылуу үчүн которууга жол берилет.
44. Б классындагы калдыктарды чогултууда төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) жугушсуздандыруу максатында калдыктарды, анын ичинде венага инфузия үчүн пайдаланылган системаларды кол менен бузууга, кесүүгө;
2) пайдаланылгандан кийин шприцтен ийнени кол менен чыгаруу, инъекциядан кийин ийнеге калпакчасын кийгизүүгө;
3) таңгакталбаган калдыктарды бир бактан экинчисине салууга (жүктөөгө);
4) калдыктарды тыгыздоого;
5) калдыктар менен кандай болбосун операцияларды кол капсыз же зарыл болгон жеке коргонуу каражаттарысыз жана атайын кийимсиз жүргүзүүгө;
6) учтуу медициналык инструменттерди жана башка курч предметтерди чогултуу үчүн бир жолку жумшак таңгакты пайдаланууга;
7) калдыктарды чогултуу үчүн бир жолу жана көп жолу колдонулуучу идиштерди жылытуучу приборлордон 1 метрге жетпеген аралыкта орнотууга.
45. Эпидемиологиялык өзгөчө кооптуу медициналык калдыктар (мындан ары – В классындагы калдыктар) милдеттүү түрдө жугушсуздандырылууга/зыянсыздандырылууга тийиш.
46. В классындагы калдыктарды колдонуу боюнча иш 1 жана 2-топтогу патогендүү козгогучтар менен иштөөгө, аймакты санитардык коргоого карата талаптарга ылайык уюштурулат.
47. В классындагы калдыктар бир жолку пластик пакеттерде жана/же контейнерлерде чогултулат. Таңгак калдыктардын морфологиялык курамына жараша тандалат. В классындагы калдыктарды чогултуу, убактылуу сактоо, жугушсуздандыруу жана ташуу үчүн талап кылынуучу таңгак:
1) механикалык таасирге, курч предметтер менен тешилүүгө, жогорку жана төмөнкү температуранын, жуучу жана дезинфекциялоочу каражаттардын таасирине карата туруктуу, суу өткөрбөс материалдардан даярдалган, капкактары тыгыз жабылган, алардын өзүнөн өзү ачылуусуна жол бербеген контейнерлер;
2) В классындагы калдыктарды коопсуз сактоону жана ташууну камсыз кылуучу атайын бир жолку пластик (полипропилен) пакеттер.
48. В классындагы калдыктар физикалык (аппараттык) методдор менен милдеттүү түрдө жугушсуздандырылат (дезинфекцияланат). Дезинфекциялоонун химиялык методдорун тамак-аш калдыктарын жана бейтаптардын бөлүп чыгарууларын зыянсыздандыруу үчүн гана, ошондой эле эпидемия очокторунда баштапкы эпидемияга каршы иш-чараларды уюштурууда колдонууга уруксат берилет. Жугушсуздандыруу (дезинфекциялоо) методун тандоо калдыктарды чогултуу жана чыгаруу схемасын иштеп чыгууда жүзөгө ашырылат. Жугушсуздандырылбаган В классындагы калдыктарды саламаттык сактоо уюмдарынын аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга тыюу салынат.
49. В классындагы калдыктарды чогултуу үчүн пакеттер атайын тирөөч-арабаларга же педаль капкактуу контейнерлерге бекитилүүгө тийиш.
50. Пакеттин көлөмү 3/4 ашык эмес толтурулгандан кийин саламаттык сактоо уюмунун ошол бөлүмүндө калдыктарды чогултууга жооптуу кызматкер пакетти биркалуу боо же В классындагы калдыктарды төкпөй турган башка ылайыктуу нерсе менен байлайт. В классындагы калдыктарды бөлүмдүн чегинен тышкары ачык контейнерлерде сактоого жана которууга жол берилбейт.
51. Мында саламаттык сактоо уюмдары бардык керектүү чыгымдоо каражаттары, анын ичинде талап кылынган таңгак менен камсыз болууга тийиш.
52. В классындагы калдыктарды акыркы таңгактоодо аларды бөлүмдөн чыгаруу үчүн В классындагы калдыктары бар идиштер (пакеттер, контейнерлер) бөлүмдүн аталышы, датасы жана калдыктарды чогултууга жооптуу адамдын фамилиясы жазылган “Кооптуу! Инфекцияланган калдыктар. Медициналык калдыктар В классы” деген жазуу менен маркаланат. Кодировкалоо түсү: сары.
53. В классындагы калдыктарды чогултууда төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) жугушсуздандыруу максатында калдыктарды, анын ичинде вена ичине инфузиялар үчүн пайдаланылган системаларды кол менен бузууга, кесүүгө;
2) пайдаланылгандан кийин шприцтен ийнени кол менен чыгарууга, инъекциядан кийин ийнеге капкакчасын кийгизүүгө;
3) таңгакталбаган калдыктарды бир бактан экинчисине салууга (жүктөөгө);
4) калдыктарды тыгыздоого;
5) калдыктар менен кандай гана операциялар болбосун кол капсыз же зарыл болгон жеке коргонуу каражаттарысыз жана атайын кийимсиз жүргүзүүгө;
6) учтуу медициналык инструменттерди жана башка курч предметтерди чогултуу үчүн бир жолку жумшак таңгакты пайдаланууга;
7) калдыктарды чогултуу үчүн бир жолку жана көп жолку идиштерди жылытуучу приборлордон 1 метрге жетпеген аралыкта орнотууга.
54. I–IV кооптуулук классындагы токсикологиялык кооптуу медициналык калдыктарга (мындан ары – Г классындагы медициналык калдыктар) тиешелүү болгон пайдаланылган сымап камтылган приборлор, лампалар, жабдуулар маркаланган, капкагы тыгыз жабылган контейнерлерге чогултулуп, атайын бөлүнгөн жайларда сакталат.
55. Талап кылынуучу таңгак: калдыктардын мүнөзүнө жана алар менен байланышкан тобокелдиктерге жараша атайын контейнерлер же Г классындагы калдыктарды коопсуз сактоону жана ташууну камсыз кылуучу башка таңгак колдонулат.
56. Пайдаланууга тийиш болбогон дары-дармек, диагностикалык, дезинфекциялык каражаттар маркаланган таңгакка чогултулат.
57. Г классындагы калдыктар ченемдик документтердин талаптарына ылайык калдыктардын кооптуулук классына жараша маркаланган идиштерде (уюмдун, бөлүмдүн аталышы, датасы жана калдыктарды чогултууга жооптуу адамдын фамилиясы жазылган “Кооптуу! Сымап камтылган калдыктар. Г классы”, “Кооптуу! Кооптуу фармацевттик калдыктар. Г классы”, “Кооптуу! Цитоуулуу калдыктар. Г классы”, “Кооптуу! Тез жалындоочу калдыктар. Г классы”, “Кооптуу! Жарылуу коркунучу бар калдыктар. Г классы”) чогултулат жана убактылуу сакталат. Кодировкалоо түсү: күрөң.
58. Сымап камтылган бардык медициналык калдыктар жана иштен чыккан медициналык багыттагы приборлор чогултулууга жана сымапты кийинки регенерациялоо үчүн тиешелүү уруксаты (лицензиясы) бар адистештирилген ишканаларга кайтарылууга тийиш.
59. Тазаланган сымап камтылган лампаларды алмаштыруу жана чогултуу иштерине билими боюнча текшерүүдөн жана мындай иштин түрүн аткарууда коопсуздук чаралары жөнүндө инструктаждан өткөн электр монтёрлоруна, электр слесарларына уруксат берилет.
60. Сымап камтылган медициналык калдыктарды өндүрүш жайларынан өзүнчө жайгашкан атайын жабдылган жайда чогултуу жана сактоо зарыл. Сымап камтылган калдыктарды сактоо коопсуздук техникасынын эрежелерин жана санитардык ченемдерди сактоо менен жүзөгө ашырылууга тийиш.
61. Тазаланган сымап камтылган лампалардын жылчыксыздыгын сактоо аларды алмаштыруудагы жана чогултуудагы башкы шарт болуп эсептелет.
62. Люминесценттүү лампалардын бүтүн картон кутулары, картон, фанера кутулар, жыгач-таарынды такта кутулары, полиэтилен жана кагаз пакеттер лампаларды чогултуу жана сактоо үчүн таңгак болуп саналат.
63. Таңгакталган тазаланган лампаларды жана башка сымап камтылган медициналык калдыктарды таңгактардын бузулушуна жол бербеген текчелерде сактоо керек.
64. Сынган сымап камтылган лампалар “Сынган сымап камтылган калдыктар үчүн” маркасы менен жана ташуу үчүн кармагычы бар жылчыксыз болот идиштерде чогултулат жана сакталат.
65. Сымап камтылган медициналык калдыктарды сындырууга, таштандылар жаткан жерге жана кооптуу калдыктарды жайгаштыруу үчүн арналбаган башка жерлерге чыгарып салууга тыюу салынат.
66. Сынган сымап камтылган медициналык калдыктар үчүн металл идиштерден сымапты бөлүп алуу тиешелүү уруксаты (лицензиясы) бар сымап өндүрүүчү жана колдонуучу ишканалар, уюмдар жана мекемелер тарабынан жүзөгө ашырылат.
67. Сымап камтылган медициналык калдыктарды ташууда жолдо таңгактын бузулушуна, сымаптын жоголушуна, транспорт каражаттарынын жана жердин сымап менен булганышына жол бербей тургандай сөзсүз түрдө катары менен туура жыюу зарыл.
68. Сынган сымап камтылган лампалар ташуу үчүн кармагычы бар жылчыксыз контейнерлерде ташылышы керек.
69. Сымап камтылган медициналык калдыктарды жүктөө, ташуу жана түшүрүү ишкананын жоопкерчиликтүү адамынын катышуусунда жүргүзүлүүгө тийиш. Жүктөө убагында таңгактарды ыргытууга тыюу салынат. Таңгактарды жыюуда кыйла бекем таңгак төмөнкү катарларда тургандай кылып жайгаштыруу керек.
70. Саламаттык сактоо уюмдарында тазаланган сымап камтылган лампалардын, термометрлердин жана башка медициналык багыттагы сымап камтылган буюмдардын пайда болушунун жана чогултулушунун сандык эсеби жүргүзүлүүгө тийиш.
71. Радиоактивдүү медициналык калдыктарды (мындан ары – Д классындагы калдыктар) чогултуу, сактоо, чыгаруу “Радиациялык коопсуздук жөнүндө” техникалык регламент” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат.
7-глава. Медициналык калдыктарды жугушсуздандыруу/зыянсыздандыруу
72. Д классындагы калдыктарды ташып чыгаруу жана зыянсыздандыруу иштин бул түрүнө лицензиясы бар радиоактивдүү калдыктарды колдонуу боюнча адистештирилген ишканалар тарабынан жүргүзүлөт.
73. Б классындагы калдыктарды жок кылуу же жугушсуздандыруу/зыянсыздандыруу борборлоштурулган же борборлоштурулбаган ыкмалар менен жүргүзүлүшү мүмкүн.
74. Борборлоштурулбаган ыкмада медициналык калдыктарды жугушсуздандыруу/зыянсыздандыруу боюнча пункт саламаттык сактоо уюмунун аймагынын чегинде жайгашат.
75. Борборлоштурулган ыкмада медициналык калдыктарды жугушсуздандыруу/зыянсыздандыруу боюнча пункттар же жок кылуу же жугушсуздандыруу/зыянсыздандыруу боюнча ишканалар саламаттык сактоо уюмунун аймагынын чегинен тышкары жайгашат, мында кооптуу жүктөрдү автомобиль транспорту менен ташуу эрежелерине ылайык калдыктарды адистештирилген транспорт менен ташуу уюштурулат.
76. Б классындагы калдыктарды коопсуз жок кылуу же жугушсуздандыруу/зыянсыздандыруу методдору саламаттык сактоо уюмунун кубаттуулугуна жана профилине, медициналык калдыктарды аппараттык жугушсуздандыруу/зыянсыздандыруу боюнча орнотмолордун жана жок кылуу же жугушсуздандыруу/ зыянсыздандыруу боюнча ишканалардын болушуна жараша тандалат. Медициналык калдыктарды коопсуз жок кылуу же жугушсуздандыруу/зыянсыздандыруу методдорун тандоодо тийиштүү уруксаты бар ишканаларда көлөмүн алдын ала жугушсуздандыруусуз/зыянсыздандыруусуз олуттуу азайтуу менен Б классындагы медициналык калдыктарды толугу менен жок кылууга мүмкүндүк берүүчү экологиялык жактан коопсуз жогорку температурадагы жок кылуу методу артыкчылыктуу болуп саналат.
77. В классындагы калдыктар борборлоштурулбаган ыкма менен гана жугушсуздандырылат, жугушсуздандырылбаган В классындагы калдыктарды сактоого жана ташууга жол берилбейт.
78. Б жана В класстарындагы медициналык калдыктарды ашыкча басымды, температураны, радиациялык, электромагниттик нурланууну колдонуп, каныккан суу буусунун таасири менен физикалык (аппараттык) жугушсуздандыруу же жок кылуу методу тиешелүү экологиялык экспертизадан өткөн медициналык калдыктарды жугушсуздандыруу үчүн орнотмолор – атайын жабдуу болгондо колдонулат.
Б жана В класстарындагы калдыктарды тийиштүү режимдердеги бактерициддик, вирулициддик, фунгициддик жана спороциддик (зарылдыгына жараша) таасирге ээ болгон дезинфекциялоочу каражаттардын эритмелеринин таасири менен химиялык жугушсуздандыруу методу медициналык калдыктарды дезинфекциялоочу эритмеси бар маркаланган идиштерге салуу ыкмасы менен алар пайда болгон жерлерде жүргүзүлөт.
79. Б классындагы калдыктарды алар пайда болгон жерлерде химиялык жугушсуздандыруу саламаттык сактоо уюмунда калдыктарды жугушсуздандыруу/зыянсыздандыруу боюнча пункт жок болгон учурда же медициналык калдыктарды борборлоштурулган зыянсыздандыруу системасы жок болгон учурда милдеттүү түрдөгү убактылуу чара катары пайдаланылат.
80. Б классындагы суюк калдыктарды жана ушул сыяктуу биологиялык суюктуктарды алдын ала жугушсуздандырбай туруп борборлоштурулган канализация системасына төгүүгө жол берилбейт.
81. Б жана В класстарындагы медициналык калдыктарды жугушсуздандыруунун кайсы методунда болбосун Кыргыз Республикасында катталган дезинфекциялоочу каражаттар жана жабдуулар аларды колдонуу боюнча нускамаларга ылайык колдонулат.
82. Б жана В класстарындагы медициналык калдыктарды борборлоштурулбаган жугушсуздандыруу/зыянсыздандыруу ыкмасында атайын орнотмолор саламаттык сактоо уюмунун аймагында жайгаштырылат.
83. Б жана В класстарындагы калдыктарды физикалык методдор менен алдын ала аппараттык жугушсуздандыруудан/ зыянсыздандыруудан кийин гана утилдештирүү, анын ичинде калдыктарды сорттоо менен утилдештирүү технологияларын колдонууга болот.
84. Б жана В класстарындагы зыянсыздандырылган калдыктарды, алардын тышкы түрүн өзгөрткөн учурда (майдалоо, ысытып эритүү, пресстөө) жана аларды идентификациялоого жана кайталап колдонууга мүмкүн болбогондо гана катуу тиричилик калдыктар полигонуна көмүүгө жол берилет.
8-глава. Медициналык калдыктарды жугушсуздандыруу/зыянсыздандыруу пунктуна коюлучу талаптар
86. Медициналык калдыктарды жугушсуздандыруу/ зыянсыздандыруу пункту саламаттык сактоо уюмунун атайын жабдылган жайларында же өз алдынча аймакта жайгашат жана Б жана В класстарындагы калдыктарды чогултууну, топтоону аппараттык жугушсуздандырууну/зыянсыздандырууну жүзөгө ашырат.
87. Медициналык калдыктарды жугушсуздандыруу/ зыянсыздандыруу боюнча пункт кирүүчү жолдору бар чарба зонасындагы өзүнчө турган имаратта, ошондой эле корпустун курамында, анын ичинде автономдуу тарткыч-сордурма желдетүүсү менен жертөлө жайларында жайгашуусу мүмкүн.
88. Медициналык калдыктарды жугушсуздандыруу/ зыянсыздандыруу боюнча пункт канализация, суу түтүктөрү, электр, жылуулук жана автономдуу тарткыч-сордурма желдетүү менен камсыздалышы керек.
89. Пункттун жайынын көлөмдүк-пландоо жана конструктивдүү чечимдери технологиялык процесстин үзгүлтүксүз иштешин жана “таза” жана “булганыч” зоналарга бөлүштүрүү принцибин сактоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш.
90. Медициналык калдыктарды жугушсуздандыруу/ зыянсыздандыруу боюнча пункттун аймагында калдыктарды кабыл алуу, тазалоо (жугушсуздандыруу/зыянсыздандыруу), убактылуу сактоо (топтоо), тирөөч-арабаларды, транспорттук контейнерлерди жана калдыктарды которуу үчүн колдонулуучу башка жабдууларды жууп-тазалоо жана дезинфекциялоо жүзөгө ашырылат.
91. Медициналык калдыктарды жугушсуздандыруу/ зыянсыздандыруу боюнча пункттун жайы төмөнкү зоналарга бөлүүнү карайт:
1) “булганыч”, ага келип түшкөн медициналык калдыктарды кабыл алуу жана убактылуу сактоо жайы, Б жана В класстарындагы калдыктарды жугушсуздандыруу/зыянсыздандыруу боюнча орнотмолор менен жабдылган калдыктарды тазалоо жайы, жууп-тазалоо жана дезинфекциялоо жайы кирет. Анча чоң эмес көлөмдөрдө келип түшкөн калдыктарды убактылуу сактоого жана аларды бир жайда жугушсуздандырууга/зыянсыздандырууга болот. Б жана В класстарындагы жугушсуздандырылбаган медициналык калдыктар 24 сааттан ашык сакталса, муздаткыч жабдуулары каралат;
2) “таза”, ага жугушсуздандырылган/зыянсыздандырылган калдыктарды, жууп-тазаланган жана жугушсуздандырылган калдыктарды которуу каражаттарын (бир жайда убактылуу бирге сактоого мүмкүн) сактоо жайлары, чыгымдалуучу материалдардын кампасы, персоналдын бөлмөсү, санитардык түйүн, душка түшүүчү жай кирет.
92. Медициналык калдыктарды жугушсуздандыруу/ зыянсыздандыруу боюнча пункттун дубалынын, полунун жана шыбынын бети жылмакай, нымдын, жуучу жана дезинфекциялоочу каражаттардын таасирине туруктуу болушу керек. Полдор нымга туруктуу, сыйгаланбаган жана механикалык таасирге туруктуу материал менен жабылат.
93. Медициналык калдыктарды жугушсуздандыруу/ зыянсыздандыруу боюнча пункттун бардык жайларында турак жай жана коомдук имараттарды табигый, жасалма жана айкалыштырылган жарыктандырууга карата гигиеналык талаптарга ылайык айкалыштырылган же жасалма жарыктандыруу каралат.
94. Медициналык калдыктарды жугушсуздандыруу/ зыянсыздандыруу боюнча пункттун жайларынын аба алмашуусу микроклиматтын жол берилген параметрлеринин сакталышын, жумушчу зонанын абасындагы булгоочу заттарды кармоонун гигиеналык ченемдеринин сакталышын камсыздоого тийиш.
95. Медициналык калдыктарды жугушсуздандыруу/ зыянсыздандыруу боюнча пункттун жайларында механикалык иштөөчү автономдуу тарткыч-сордурма желдетүү каралат. Аба алмашуу схемасы технологиялык тапшырма менен аныкталат. Тарткыч боюнча аба алмашуунун эселүүлүгү жана жергиликтүү сордурмаларды орнотуунун зарылдыгы технологиялык жабдуунун түрүнө, санына жана кубаттуулугуна жараша эсептөөлөр боюнча аныкталат.
96. Өндүрүштүк жайларда абанын температурасы жана нымдуулугу гигиеналык ченемдерге ылайык келүүгө жана жумушчу зонанын микроклиматынын жол берилген параметрлерин камсыз кылууга тийиш.
97. Негизги өндүрүштүк жайлар (калдыктарды кабыл алуу жана убактылуу сактоо, жугушсуздандыруу, инвентарды жана жабдууларды жууп-тазалоо жана дезинфекциялоо үчүн) суу чачуучу кран, полдогу траптар (поддондор) менен жабдылууга тийиш. Калдыктарды жугушсуздандыруу жана/же зыянсыздандыруу жайында колду жууш үчүн раковина каралат.
98. Жабдууларды жайгаштыруу бардык жабдууларга эркин жетүү мүмкүндүгүн камсыз кылууну эске алуу менен жүргүзүлүүгө жана гигиеналык ченемдерге ылайык келүүгө тийиш.
99. Калдыктарды кабыл алуу жана убактылуу сактоо үчүн жайлар таразалар менен жабдылат.
100. Калдыктар жумуш кезметинде алар пайда болгон жерлерде чогултулат. Учтуу жана/же саюучу инструменттер үчүн контейнерлерди бөлүмдө 24 сааттан ашык сактоого болбойт.
101. Саламаттык сактоо уюмдарында муздаткыч жана тоңдургуч орнотмолор бар болсо, жугушсуздандырылбаган Б классындагы калдыктарды муздаткыч жана тоңдургуч камераларында 24 сааттан ашык сактоого (топтоого) жол берилет.
102. Б жана В класстарындагы калдыктарды чогултуу үчүн колдонулуучу бир жолку полипропилен пакеттер 10 кгдан ашык калдыктарды аларга коопсуз чогултуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш.
103. Б жана В класстарындагы жугушсуздандырылбаган калдыктар башка класстардагы калдыктардан өзүнчө, бөтөн адамдар кирбеген атайын жайларда топтолот жана убактылуу сакталат. Анча чоң эмес саламаттык сактоо уюмдарында Б жана В класстарындагы калдыктарды көмөкчү жайларда жайгашкан идиштерде убактылуу сактоого жана топтоого жол берилет.
104. Калдыктарды топтоо үчүн арналган муздаткыч жабдууларын башка максаттар үчүн колдонууга жол берилбейт.
105. А классындагы калдыктар бар контейнерлер атайын аянтчада сакталат. Контейнер аянтчасы чарба зонасынын аймагында дарылоо корпустарынан жана тамак-аш блогунан 25 метрден кем эмес аралыкта жайгашып, катуу төшөлмөгө ээ болушу керек. Контейнер аянтчасынын көлөмү контейнерлердин түпкү аянтынын бардык тараптарынан 1,5 метрден ашык болууга тийиш. Аянтча тосулууга жана анын бастырмасы болууга тийиш.
106. Сымап камтылган калдыктарды убактылуу сактоо үчүн өзүнчө жабык жай бөлүнүп берилүүгө тийиш, ага бөтөн адамдар кирбеши керек. Сактоочу жер сымаптын агып кетишин, сынып калган контейнерлердин бар же жоктугун, колдонулуучу сактоо методдорун, иштеген желдеткичтердин бар же жоктугун, персоналдын атайын кийимдерин, сымаптын агып кетишин жоюу үчүн комплекттин курамын, эсептик жазууларды контролдоо үчүн ай сайын текшерип туруу керек.
107. Сымап камтылган калдыктарды сактоо үчүн жай сымап камтылган калдыктарды сактоо жерлеринен абаны сыртка чыгаруу, ошондой эле сымап камтылган калдыктар сакталган жерлерден абанын имараттын ички жайларына кирип кетишин болтурбоо үчүн активдүү желдетүү системасы болууга тийиш.
108. Сактоо үчүн жай салкын жана кургак болууга тийиш (калдыктардын абага тарашын минималдаштыруу үчүн температура 25 °Cтан ашпоого, эгерде сактоо үчүн контейнерлер жана текчелер пайдаланылса, дат басууну минималдаштыруу үчүн нымдуулук 40 %дан төмөн болууга тийиш).
9-глава. Медициналык калдыктарды каттоо жана көзөмөлдөө
109. Медициналык калдыктардын кыймылын эсепке алуу жана контролдоо төмөнкү документтердин негизинде жүзөгө ашырылат:
1) уюмдун бардык медициналык калдыктарын эсепке алуу журналы. Журналда ташып чыгарылуучу таңгактын бирдиктеринин саны жана/же калдыктардын салмагы, ошондой эле ташып чыгаруучу уюмду көрсөтүү менен аларды ташып чыгаруу жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт;
2) калдыктарды ташууну жана зыянсыздандырууну жүзөгө ашырган адистештирилген уюмдарга берилген медициналык калдыктарды ташып чыгарууга жана зыянсыздандырууга жана/же жугушсуздандырууга уруксатты ырастаган документтер;
3) медициналык калдыктарды жугушсуздандыруу жана/же зыянсыздандыруу пунктунда медициналык калдыктарды эсепке алуу журналы, ал ошол пункттун негизги эсептик жана отчеттук документи болуп саналат. Журналда келип түшкөн медициналык калдыктардын салмагы, алар саламаттык сактоо уюмунун кайсы бөлүмүнөн келип түшкөндүгү, калдыктардын классы, медициналык калдыктарды жеткирген жак жөнүндө маалыматтар (аты-жөнү) көрсөтүлөт.
110. Саламаттык сактоо уюмдары экологиялык жана санитардык-эпидемиологиялык контролдоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын сакталышына өндүрүштүк контролду уюштурат жана жүзөгө ашырат.
111. Медициналык калдыктарды чогултууну, убактылуу сактоону, зыянсыздандырууну өндүрүштүк контролдоо төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) визуалдык жана документтик текшерүүнү (айына 1 жолудан кем эмес):
- чыгымдалуучу материалдардын (пакеттердин, контейнерлердин запасы жана башка), чакан механизация каражаттарынын, дезинфекциялоочу каражаттардын санын;
- персоналдын жеке коргонуу каражаттары менен камсыз болушун, атайын кийимди борборлоштуруп жууну жана аны үзгүлтүксүз алмаштырууну уюштурууну;
- медициналык калдыктарды, контейнерлерди, контейнер аянтчаларын колдонуу боюнча участокторду жана/же убактылуу сактоо жайларынын санитардык абалын жана дезинфекциялоо режимин;
- жугушсуздандыруу жана/же зыянсыздандыруу режимдеринин сакталышын;
- калдыктардын үзгүлтүксүз чыгарылышын;
2) лабораториялык-инструменттик текшерүүнү:
- орнотмолордогу калдыктарды жугушсуздандыруунун жана/же зыянсыздандыруунун натыйжалуулугун микробиологиялык контролдоону (жылына 1 жолудан кем эмес);
- микроклиматтын параметрлерин контролдоону (жылына 1 жолудан кем эмес);
- калдыктарды жугушсуздандыруу жана/же зыянсыздандыруу пункттарында жумушчу зонанын абасын, анда учуучу уулуу заттар бар же жоктугун контролдоону (жабдуулардын технологиялык регламентине ылайык жүргүзүлөт).
Мамлекеттик контроль экологиялык коопсуздукту жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү камсыз кылуу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдар тарабынан өз компетенциясынын чегинде жүргүзүлөт.
10-глава. Медициналык калдыктарды ташуу
112. Калдыктарды чогултуу системалары мезгилдүүлүгү боюнча төмөнкү категорияларга бөлүнөт:
1) контаминацияланган медициналык калдыктар жана/же чоң көлөмдөрдө чыгарылуучу калдыктар үчүн калдыктарды үзгүлтүксүз чогултуу системасы. Мындай системаларда калдыктарды үзгүлтүксүз чогултуу графиктери жана аларды жугушсуздандыруу жана убактылуу сактоо пункттарына ташуу каралган;
2) анча чоң эмес көлөмдөрдө чыгарылуучу калдыктар, ошондой эле өзгөчө кооптуу калдыктар үчүн талап боюнча калдыктарды чогултуу системасы. Мындай системаларда зарылдыгы (талап) боюнча калдыктарды чогултуу жана ташуу каралган.
113. Калдыктар ташуу системалары ыкмасы боюнча төмөнкү категорияларга бөлүнөт:
1) калдыктарды түз ташуу системалары. Калдыктар саламаттык сактоо уюмунун персоналы аркылуу түздөн-түз төмөнкү пункттарга ташылат:
- А классындагы калдыктарды убактылуу сактоо пунктуна (калдыктар үчүн контейнерлери бар аянтчаларына), бардык бөлүмдөрдөн кооптуу эмес жалпы калдыктар;
- бөлүмдөрдөн Б жана В класстарындагы калдыктарды жугушсуздандыруу/зыянсыздандыруу пунктуна;
2) санитардык транспорт (автомобиль же атайын араба) менен калдыктарды ташуу системалары. Саламаттык сактоо уюмдарынын бөлүмдөрүнөн Б классындагы калдыктар санитардык транспорт менен атайын транспорттук контейнерлерге жайгаштырылган пакеттерде ташылат. Б классындагы медициналык калдыктар бөлүмдөн санитардык транспортко графикке ылайык бөлүмдүн персоналы тарабынан чыгарылат.
114. Калк жыш жайгашкан конуштардагы (шаарлардагы) саламаттык сактоо уюмдарында кооптуу жана кооптуу эмес медициналык калдыктарды саламаттык сактоо уюмунун аймагында жок кылууга (көмүүгө, өрттөөгө) уруксат берилбейт.
115. А классындагы кооптуу эмес калдыктар Кыргыз Республикасынын өндүрүш жана керектөө калдыктары менен иштөө чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык саламаттык сактоо уюмунун чегинен тышкары жердеги катуу тиричилик калдыктары менен бирге алып чыгарылат жана/же жок кылынат.
116. Саламаттыкты сактоо уюмунун аймагында жагымсыз жыттардын жайылышын алдын алуу үчүн кооптуу эмес калдыктарды жумасына эки жолудан кем эмес чыгаруу керек.
117. Эгерде бул адистештирилген ишкана тарабынан Б жана В классындагы кооптуу калдыктарды чыгарууда жана жок кылууда пайдаланылуучу методдор жөнүндө толук маалымат болсо, ошондой эле бул методдор Кыргыз Республикасынын аймагындагы экологиялык жана санитардык талаптарга толугу менен ылайык келсе, эки класстагы суюк калдыктардан тышкары Б классындагы кооптуу калдыктар алдын ала жугушсуздандыруусуз/зыянсыздандыруусуз, ал эми В классындагы калдыктар алдын ала химиялык дезинфекциялоодон кийин адистештирилген ишканаларды тартуу менен алып чыгарылышы жана жок кылынышы мүмкүн.
118. Борборлоштурулбаган системада Б жана В класстарындагы кооптуу калдыктар жугушсуздандыруудан/ зыянсыздандыруудан кийин А классынын кооптуу эмес калдыктарынын жалпы агымына жайгаштырылат жана саламаттык сактоо уюмдарынын аймагынан муниципалдык коммуналдык кызматтар же башка ишканалар тарабынан жок кылынат. Б классындагы жугушсуздандырылган калдыктардын агымынан кайра иштетүү үчүн калдыктардын агымы бөлүнүп чыгат – бул пластик буюмдарды кайра иштетүүнү жүргүзгөн адистештирилген ишкана менен келишим боюнча ташылып чыгуучу шприцтердин колдонулган жана жугушсуздандырылган/зыянсыздандырылган пластик бөлүктөрү. Шприцтердин кайра иштетилген бөлүктөрүн оюнчуктарды жана тамак-аш үчүн буюмдарды өндүрүү үчүн колдонууга тыюу салынат.
119. Б жана В класстарындагы суюк калдыктар жеринде дезинфекциялык каражаттар менен аралаштырып зыянсыздандырылат жана талап кылынган экспозициядан кийин кан жана анын компоненттерин кошпогондо канализациялык тармакка куюлат.
120. Б жана В класстарындагы кооптуу медициналык калдыктарды кайра иштетүү жана жок кылуу технологияларын тандоодо калк, персонал жана айлана-чөйрө үчүн коопсуздук, кайра иштетүүнүн жана жок кылуунун ишенимдүүлүгү, жеткиликтүүлүк жана натыйжалуулук принциптерине негизденүү зарыл. Тиешелүү уруксаты бар ишканаларда алдын ала жугушсуздандыруусуз/зыянсыздандыруусуз көлөмүн олуттуу азайтуу менен Б жана В класстарындагы кооптуу медициналык калдыктарды толук жок кылууга мүмкүндүк берүүчү жогорку температурада жок кылуунун (бөлүнүүнүн) экологиялык жана эпидемиологиялык коопсуз технологиялары артыкчылыктуу болуп саналат. Б жана В класстарындагы медициналык калдыктарды жок кылуу үчүн алардын айлана-чөйрөгө жана калкка экологиялык коркунучтуулугун эске алуу менен абаны мажбурлап берүүчү бир же эки камералуу күйгүзүү технологияларын колдонууга жол берилбейт.
121. Медициналык калдыктарды чыгаруучу медициналык калдыктарды чыгаруунун жана жок кылуунун тартибин, тиешелүү уруксаты бар жана медициналык калдыктарды чыгарууну жана жок кылууну жүргүзгөн адистештирилген ишкананын пайдаланылуучу транспорт каражаттарынын жана жабдууларынын санитардык-эпидемиологиялык талаптарга шайкештигин контролдоого милдеттүү.
122. А классындагы калдыктарды ташуу өндүрүш жана керектөө калдыктары менен иштөө чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык уюштурулат.
123. А классындагы калдыктарды ташууда катуу тиричилик калдыктарын ташуу үчүн пайдаланылуучу транспортту колдонууга уруксат берилет.
124. А классындагы калдыктарды ташуу үчүн көп жолу колдонулуучу контейнерлер жумасына 1 жолудан кем эмес, Б классындагы калдыктар үчүн – ар бир бошогондон кийин жуулат жана дезинфекцияланат.
125. Калдыктарды ташууну жүзөгө ашыруучу уюмдун контейнерлерди жана транспорт каражаттарын жуу, дезинфекциялоо жана дезинсекциялоо үчүн участогу болууга тийиш.
126. Б классындагы жугушсуз калдыктарды ташуу үчүн адистештирилген транспорт каражаттары пайдаланылат, аларды башка максаттар үчүн пайдаланууга жол берилбейт.
127. Б классындагы жугушсуз калдыктарды ташуу үчүн арналган транспорт каражаттарына коюлуучу санитардык-эпидемиологиялык талаптар:
1) айдоочунун кабинасы автомобилдин кузовунан өзүнчө болушу керек;
2) автомобилдин кузову жуучу жана дезинфекциялоочу каражаттар менен иштетүүгө, механикалык таасирге туруктуу материалдардан жасалып, ички бети жылмакай жана сырт жагында “Медициналык калдыктар” деген жазуусу, “Биологиялык кооптуулук” эл аралык белгиси түрүндө жакшы айырмалануучу маркалоосу болушу керек;
3) тоңдуруучу камераларда сакталган калдыктарды ташуунун узактыгы 4 сааттан ашса, муздатылган транспорт каралат;
4) кузовдо контейнерлерди фиксациялоо, аларды жүктөө жана түшүрүү үчүн шаймандар каралышы керек;
5) медициналык калдыктар чачылган, төгүлгөн учурларда транспорт каражаты шашылыш дезинфекция жүргүзүү үчүн каражаттардын комплекти менен камсыздалышы керек (пакеттер, кол каптар, суу, дезинфекциялоочу каражаттар, чүпүрөктөр);
6) калдыктарды ташыган транспорт жумасына 1 жолудан кем эмес жуулууга жана дезинфекцияланууга тийиш. Жугушсуздандыруу гидропульттан, чачкычтардан чачуу ыкмасы менен же чүпүрөктөрдү, щеткаларды колдонуп дезинфекциялык каражаттардын эритмелери менен сүртүү ыкмасы менен жүргүзүлөт. Мында конкреттүү дезинфекциялоочу каражатты (коргоочу кийим, респиратор, коргоочу көз айнек, резина кол кабы) колдонуу боюнча нускамада/методикалык көрсөтмөлөрдө каралган сактык чараларын сактоо зарыл;
7) транспорт каражаты мобилдик байланыш каражаттары менен жабдылат.
128. Г классындагы калдыктарды ташуу, зыянсыздандыруу жана көмүү уулуу өнөр жай калдыктарын топтоо, ташуу, зыянсыздандыруу жана көмүү тартибине коюлуучу гигиеналык талаптарга ылайык жүзөгө ашырылат.
129. Сымап толтурулган приборлорду ташуу адистештирилген транспорт менен жүргүзүлүүгө тийиш. Ал жок болгон учурда авариялык кырдаалдарды түзүү, адамдардын ден соолугуна, айлана-чөйрөгө зыян келтирүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган тиешелүү маркалоосу бар башка транспорт каражаттары менен ташууга жол берилет.
130. Сымап толтурулган калдыктарды ташуу материалдын сакталышын камсыздоочу жылчыксыз таңгакта жүргүзүлүүгө тийиш. Идиштин материалы калдыктардын курамына карата инерттүү болушу керек.
131. Люминесценттик лампаларды ташуу алардын сынышына жол бербөө үчүн орундарды туура катарларда милдеттүү түрдө тизүү менен 100 даанадан ашпаган заводдук таңгакта же атайын идиште жүргүзүлүшү керек.
132. Сымап камтылган калдыктарды жана металл сымапты ташыган машинанын ар бир рейсине продукциянын түрүн көрсөткөн коштоочу документ берилүүгө тийиш. Сымап камтылган калдыктарды жүктөө жана түшүрүү жооптуу адамдын катышуусу менен жүргүзүлүүгө тийиш.
133. Сымап камтылган калдыктарды жана металл сымапты утилдештирүү жана кайра иштетүү боюнча адистештирилген ишкана кабыл алганда кайра иштетүүгө берүү фактысын ырастаган документтер берилиши керек.
134. Д классындагы калдыктарды ташуу радиациялык коопсуздук чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
135. Медициналык калдыктарды ташууну жүзөгө ашыруучу персонал алдын ала (ишке кабыл алууда) жана мезгил-мезгили менен медициналык кароодон өтүп турушу керек, ошондой эле профилактикалык иммунизацияланууга тийиш.
136. Транспорт каражатынын айдоочусу коопсуздук боюнча инструктаждан өтүшү керек.
137. Медициналык калдыктарды ташууну жүзөгө ашыруучу персонал атайын кийимдердин комплекттери жана жеке коргонуу каражаттары (кол каптар, маскалар/респираторлор/коргоочу тосмолор, атайын бут кийимдер, фартуктар) менен камсыз кылынат.
11-глава. Авариялык кырдаалдарды каттоо жана эсепке алуу
138. Кесиптик ишке байланыштуу инфекциялык оорулардын козгогучтары тарабынан персоналга инфекция жуккан учурларды кабарлоо, эсепке алуу жана териштирүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-октябрындагы № 650 “Кыргыз Республикасынын аймагында жугуштуу ооруларды эсепке алуунун, каттоонун, алар жөнүндө билдирүүнүн жана коомдук саламаттык сактоо жаатындагы өзгөчө кырдаалдарды эрте аныктоонун тартибин бекитүү тууралуу” токтомуна ылайык жүргүзүлөт.
139. Саламаттык сактоо уюмунда төмөнкүдөй инциденттерде жана күтүлбөгөн кырсыктарда коопсуздукту камсыз кылуу жана жүргүзүү тартиби иштелип чыгууга тийиш:
1) кан жана суюк биологиялык субстанциялар төгүлгөндө;
2) сайып жана кесип алганда;
3) инфекциялуу калдыктарды ташууда төгүлгөндө/чачылганда.
140. Инциденттерди жана күтүлбөгөн кырсыктарды каттоо жана эсепке алуу үчүн саламаттык сактоо уюмдарынын ар бир бөлүмүндө авариялык кырдаалдарды эсепке алуунун атайын журналы болот. Ар бир кокустук (кооптуу калдыктардын төгүлүшү/чачылышы, кандын жана суюк биологиялык субстанциялардын сайылышы, кесилиши жана төгүлүшү) бул журналда тиешелүү жазуу түрүндө чагылдырылат. Журналда күтүлбөгөн кырсык жөнүндө бардык зарыл маалыматтар көрсөтүлүүгө тийиш: бул окуя менен байланышкан медицина кызматкеринин орду, убактысы, аты-жөнү, травманын мүнөзү, кырдаалды толук баяндоо, жеке коргонуу каражаттарын колдонуу, коопсуздук техникасынын эрежелерин сактоо, травма болгон жерде болгон адамдарды көрсөтүү, ошондой эле шашылыш профилактиканын колдонулган методу.
141. Кесепеттүү жана кесепетсиз инциденттер жана күтүлбөгөн кырсыктар тууралуу маалыматтар келечекте мындай учурларга жол бербөө үчүн алардын себептерин талдоо жана чара көрүү менен инциденттерди жана күтүлбөгөн кырсыктарды териштирүү отчетторунда чагылдырылууга тийиш. Саламаттык сактоо уюмунун бардык кызматкерлери мындай учурлар жөнүндө өзүнүн жетекчилерине жана саламаттык сактоо уюмунун инфекциялык контролдоо адисине билдирүүгө милдеттүү. Отчет каттоо жана андан ары талдоо үчүн медициналык калдыктар менен иштөө үчүн жооптуу кызматкерге берилет.
142. Ийнелер жана башка учтуу медициналык буюмдар менен жабыркаган учурда мүмкүн болгон инфекциянын булагын табууга жана жабырлануучунун инфекция жуктуруп алуу ыктымалдыгын баалоого өзгөчө көңүл буруу керек.
12-глава. Авариялык кырдаалда иш-аракеттердин тартиби
143. Авариялык кырдаал келип чыкканда (медициналык калдыктардын төгүлүшү, кооптуу калдыктардын пакетинин жылчыксыздыгынын бузулушу) аны жоюу боюнча төмөнкү принциптерди жетекчиликке алуу зарыл:
1) өзгөчө кырдаал болгон аймактан адамдарды чыгаруу, аларды коопсуз жерге алып баруу;
2) эгерде төгүлгөн калдыктарды өз алдынча алып салууга мүмкүн болбосо, анда бул жайды/зонаны обочолонтуу, эскертүүчү белгини илүү;
3) жеке коргонуу каражаттарын колдонуу;
4) медициналык калдыктар менен иштөө үчүн жооптуу кызматкерге же башка жооптуу адамга (жетекчиге) маалымдоо;
5) бул учурду атайын эсепке алуу журналында каттоо.
144. Адамдардын катышуусундагы инциденттерде, уколдун, кесилүүнүн, чийилүүнүн, кооптуу субстанциялар менен дем алуунун натыйжасында сырткы тери, ички органдар жабыркаган учурдагы иш-аракеттердин тартиби:
1) жеңил жаракат алган учурда биринчи медициналык жардам көрсөтүү;
2) эгерде олуттуу зыян жана жаракат алса, анда врачка кайрылуу;
3) оор учурларда жабырлануучуну дарылоо үчүн тиешелүү деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмуна жеткирүү;
4) күтүлбөгөн кырсык жөнүндө отчет түзүү;
5) ийне сайылганда жана медициналык шаймандар менен кесилгенде медициналык жардам ВИЧ/СПИДдин жана вирустук гепатиттин алдын алуу жана дарылоо боюнча талаптарга, саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын клиникалык протоколдоруна ылайык көрсөтүлүшү керек;
6) ВИЧ/СПИДдин жана вирустук гепатиттин алдын алуу жана дарылоо боюнча талаптарга, саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын клиникалык протоколдоруна ылайык жабыркаган адамдарга мезгил-мезгили менен медициналык байкоо жүргүзүлөт.
145. Кан жана биологиялык суюктуктар төгүлгөн учурда саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык калдыктарын ташууну жүргүзгөн медициналык кызматкердин, персоналдын иш-аракеттери:
1) жеке коргонуу каражаттарын кийүү: техникалык кол кап, фартук, коргоочу бет калкан же көз айнек;
2) биологиялык калдыктарды атайын арналган жана маркаланган, капкагы бекем жабылган идишке же медициналык калдыктар үчүн полипропилен баштыкка этияттык менен чогултуу;
3) төгүлгөн жерди ным сиңирүүчү материал (кагаз салфеткалар же кебез) менен жаап, 1 % гипохлорит кальций эритмеси (20 мүнөткө) же ушул максаттарга арналган жана Кыргыз Республикасында колдонууга уруксат берилген башка дезинфекциялоочу каражат менен дезинфекциялоо;
4) андан кийин ошол эле идишке же жуккан калдыктар үчүн полипропилен баштыкка чыланган салфетканы же пахтаны алып, стерилизацияга жиберүү керек;
5) бул учурду атайын журналга каттоо, инфекциялык контролдун адисине билдирүү.
146. Курч нерсе (ийне, скальпель ж.б.) менен сайып/кесип алгандагы иш-аракеттер:
1) жабыркаган жерди дароо самын менен жуу;
2) кандын жарадан тоскоолсуз агышы үчүн жаракат алган жерди суунун агымына кармап туруу (бир нече минут же кан токтогонго чейин);
3) таасири күчтүү каражаттарды: спиртти, агартуучу суюктуктарды жана йодду колдонууга болбойт, анткени алар жаралуу жерди дүүлүктүрүп, жаранын абалын начарлатышы мүмкүн;
4) жабыркаган жерди күч менен басууга же сүртүүгө болбойт;
5) бул учурду атайын журналда каттоо, инфекциялык контролдоо адисине билдирүү.
147. Биологиялык суюктуктар жабыркаган териге, көздүн былжыр чел кабыгына киргенде жасалуучу иш-аракеттер:
1) көздү же жабыркаган терини дароо суу же физиологиялык эритме менен жуу;
2) отуруп, башты артка карай чалкалатып, суу же физиологиялык эритме сурманын алдына агып кириши үчүн, аны мезгил-мезгили менен акырын тартып, көзгө этияттык менен сууну же эритмени куюу;
3) контакт линзалары болгон учурда жууп жаткан мезгилде аларды чечпөө керек, анткени алар коргоо тосмосун түзөт;
4) көздү жуугандан кийин контакт линзаларын чечип, кадимкидей тазалоо;
5) бул учурду атайын журналда каттоо, инфекциялык контролдоо адисине билдирүү.
148. Биологиялык суюктуктар жабыркабаган териге тийгендеги иш-аракеттер:
1) булганган жерди ошол замат жуу;
2) бул учурду атайын журналда каттоо, инфекциялык контролдоо адисине билдирүү.
149. Биологиялык суюктуктар ооз көңдөйүнүн былжыр челине киргендеги иш-аракеттер:
1) оозго кирген суюктукту ошол замат түкүрүү;
2) оозду суу же физиологиялык эритме менен жакшылап чайкап, кайрадан түкүрүү керек. Чайкоону бир нече жолу кайталоо;
3) бул учурду атайын журналда каттоо, инфекциялык контролдоо адисине билдирүү.
150. Ташуу учурунда инфекцияланган калдыктар төгүлгөндөгү/чачырагандагы иш-аракеттер:
1) жеке коргонуу каражаттарын кийүү: техникалык кол кап, фартук, бет калкан же көз айнек;
2) чачыраган инфекция жуккан калдыктарды атайын арналган жана маркаланган капкагы бекем жабылган идишке же инфекция жуккан калдыктар үчүн баштыкка кылдаттык менен чогултуу (идиш бүтүн болгон шартта калдык төгүлгөн/чачыраган ошол идишке салса болот);
3) төгүлгөн участокту химиялык дезинфекциялоо;
4) төгүлгөн участокту сиңирүүчү материал менен жабуу;
5) “Кооптуу медициналык калдыктарды” чогултуу үчүн идишке шыпыргы менен калакты колдонуп, сиңирүүчү материалдын сиңирген катмарын, ошондой эле сынган айнекти алып салуу;
6) бул учурду атайын журналга каттоого, инфекциялык контролдун адисине билдирүү.
151. Сымап камтылган медициналык калдыктарды иштетүүгө байланышкан авариялык (авария) кырдаалдардагы иш-аракеттер:
1) сымаптын агып кеткен көлөмүн жана өлчөмүн визуалдык аныктоо;
2) сымаптын канализацияга же дубалдардын жаракаларына киришине жол бербөө боюнча чараларды көрүү;
3) жайдын ичиндеги адамдардын терисин, бут кийимин же кийимдерин карап чыгуу. Кийим жана/же бут кийим булганган учурда, кийимди жана/же бут кийимди алып салуу керек. Сымап тийген терини щелочтуу самын менен жуу;
4) сымап агып кеткен жерден адамдарды жана персоналды эвакуациялоо, сымап аккан жердин борборунан 2м радиуста жайылып кетүү мүмкүнчүлүгүн алдын алуу;
5) сымаптын агышын кездеме же тыгыз материал колдонуу менен токтотуу;
6) ички жайларда буулардын таралышын азайтуу, башка ички жайларга алып баруучу бардык ички эшиктерди жабуу, көрсөтүлгөн жайдын терезе тешиктери аркылуу желдетилишин күчөтүүнү камсыз кылуу. Борбордук желдетүү системасын, жылытуу же кондиционер системасын өчүрүү;
7) сымаптын агып кетишин чогултуучу комплектти даярдоо, зер буюмдарын, саатты, уюлдук телефонду жана металл камтыган башка нерселерди алып салуу;
8) сымап агып кеткен жерге кирердин алдында атайын кийим кийүү, алжапкыч же кепка, бир жолку пайдалануудагы бут кийим үчүн чехол, нитрил же резина кол кап, коргоочу көз айнек жана бет маскасын кийүү. Көз айнектин алкагы сыяктуу металл буюмдар жеке коргонуу каражаттары менен жабылганын текшерүү;
9) көзгө көрүнгөн сымаптын тамчыларын, айнектин сыныктарын чогултуу. Идиш жана контейнерди желим подностун үстүнө коюу. Сымап төгүлгөн жердин сырткы четинен ортосун көздөй жылып көзгө көрүнгөн сымаптын тамчыларын, айнектин сыныктарын кылдаттык менен чогултуу. Подноско коюлган идиш же оозу кенен контейнердин ичине айнектин сыныктарын чогултуу үчүн пинцет колдонуу керек. Чогултканда кыймыл-аракет жай, кыска жана шыпырган өңдүү болушу керек. Сымаптын тамчыларын этияттык менен жарым-жартылай суу же бууларды бириктирүүчү зат менен толтурулган желим идишке салуу керек. Сымап агып кетпеши үчүн подностун үстүндө иштөө керек. Майда тамчыларды чогултуу үчүн пипетка же шприц колдонулат. Пипетканы же щприцти полго параллелдүү кармап тамчыны тартып алып, сымап түшүп кетпеши үчүн пипетка же щприцти горизонталдуу кармоо менен пластмасса контейнерге салуу керек;
10) сымаптын майда тамчылары же айнектин майда сыныктары калбагандыгын текшерүү. Тамчылар өтө майда болгон учурда чогултууну жабышкак тасма менен жеңилдетүүгө болот. Колдонгондон кийин жабышкак тасманы жабыла турган желим баштыкка салуу;
11) сымап менен контактта болгон жылчыктарга жана жаракаларга, ошондой эле катуу тегиздик беттерине (плитка, линолеум, жыгач ж.б.) күкүрттүн порошогун себүү керек. Эгерде порошоктун түсү сарыдан күрөңгө өзгөрсө, чогултууну улантуу керек. Калган сымапты бириктирүү үчүн цинк же жез кебегин төгүү керек. Порошокту жана/же кебектерди чогултуу үчүн щетканы колдонуп, аларды жабыла турган желим баштыкка салуу керек;
12) сымап менен булганган жумшак материалдарды: килемдерди, төшөмөлөрдү, жабууларды, паластарды, килемчелерди, жууркандарды, шейшептерди жана оңой тазалоого болбой турган башка жумшак материалдарды алып салуу. Килемден, астардан жана сымап менен булганган башка жумшак материалдардан кесимдерди кесүү үчүн бычакты колдонуу керек. Булганган материалдарды жабыла турган желим баштыкка салуу;
13) булганган канализацияны тазалоо. Эгерде сымап канализацияга, раковинага же ваннага агып кетсе, мекеменин инженери менен биргеликте сифонду чыгарып, алмаштыруу керек. Агып кете турган сымапты кармап калуу үчүн иштөө зонасына желим планкасын же желим подносту коюу керек. Сымапты жылчыксыз контейнерге которуу учурунда эски сифонду подностун үстүндө кармайт. Эски сифонду кооптуу калдык катары жок кылуу;
14) сымапты чогултууда колдонулган материалдарды тазалоо. Колдонулган материалдар (анын ичинде желим планкаларын, картон, кагаз, сүрткүч каражаттар, кебез (кагаз) шыпыргылар, кагаз сүлгүлөр, жабышкак тасма, самын, щетка же шыпыргы) эч нерсе өткөрбөс жабыла турган желим баштыкка салынат. Башка буюмдарды (пинцет, желим калак, поднос, пипетка, бычак) булганган буюмдар менен бирге жабыла турган желим баштыкта сактоо үчүн чогултулат же тазалоочу эритме менен кылдат тазаланат;
15) булганган материалдарды маркалоо жана жабуу. Жылчыксыз идиште жана контейнерлерде сымапты жана сынган айнек идиштерди жапкан суу жетиштүү экендигин текшерүү, идиш жана контейнер бекем жабылып, маркаланып, ар бири жабыла турган желим баштыкка салынат. Идиш жана контейнер кийинчерээк колдонуу үчүн коопсуз сакталышы керек. Сымап калдыктары бар жабык желим баштыктар экинчи желим баштыкка салынып, сырткы баштык кенен жабышкак тасма менен жабылып, ал ылайыктуу маркаланып, ичинде камтылгандар кыскача сүрөттөлүшү керек. Сымаптуу калдыктарды жеринде, дарылоо мекемесинде, атайын убактылуу сактоочу жайда убактылуу сактоого болот;
16) башка жабылуучу мүшөккө салуу зарыл болгон бут кийимдин чехолунан баштап жеке коргонуу каражаттарын алып салуу керек. Бир колу менен экинчи колундагы кол капты чечип, андан кийин бош колунун манжаларын билектин жанындагы экинчи кол капка салып, экинчи кол капты чечип, эки кол капты жабыла турган желим баштыкка салуу керек. Андан кийин көз айнекти тасмасын же алкагын кармоо менен чечүү керек. Фартук же алжапкычтын өйдө жагына тийбей ичинен сыртын карай чечүү керек. Андан соң сырт жагына тийбей беттин маскасын же респираторду чечүү керек. Кол каптарды, бут кийимдин чехолдорун, фартукту (эгерде ал атайын масканын ордуна колдонулса, беттин маскасын) сымаптуу калдыктар менен бирге сакталуучу жабыла турган желим баштыкка жайгаштыруу керек. Көз айнек жана респираторлорду же беттин атайын маскасын тазалоочу суюктукту колдонуу менен тазалоо керек;
17) колду жана теринин бардык кооптуу жерлерин самын жана суу менен жуу;
18) сымап агып чыккан жерди тазалагандан кийин жайды желдетүү. Эгерде бул борбордук жылытуудан же кондиционерден улам мүмкүн болбосо, сымап буусунун концентрациясын азайтуу үчүн имараттын аба алмашуу деңгээлин бир нече күнгө жогорулатуу.
152. Эгерде сымаптын агып кетишинин кесепетинен пациенттин же медициналык кызматкердин курч уулануусу пайда болсо, анда кан же заара анализин тапшырып, дем алуу жана жүрөк-кан тамыр системаларынын иштешине колдоо көрсөтүп, керек болсо оор металлдарды тазалоо үчүн терапияны баштоо керек.
153. Сымаптан катуу ууланууну саламаттык сактоо уюмдарынын жол-жоболоруна ылайык документтештирүү. Отчет уюмдун коопсуздугун жакшыртуу үчүн колдонулушу керек.
154. Сымап агып кеткен учурда төмөнкүлөргө катуу тыюу салынат:
1) сымапты жана сымап менен булганган бирдиктерди чогултуу үчүн тиричилик чаң соргучун колдонууга;
2) сымап менен булганган кийимдерди, кездемеден жасалган буюмдарды тиричилик кир жуугуч машинада жууга;
3) сымапты чогултуу үчүн шыпыргыны колдонууга;
4) сымапты канализацияга же жергиликтүү суу тазалоочу жайга төгүүгө;
5) бут кийимди атайын тазалоочу суюктукту колдонбостон тазалоого.