Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 17-июлу № 422
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 375 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин ведомстволук ишканаларынын айрым маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы “Мамлекеттик лотереялык компания” мамлекеттик ишканасынын ишин өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 375 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин ведомстволук ишканаларынын айрым маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы “Мамлекеттик лотереялык компания” мамлекеттик ишканасынын уставында:
– 9-пунктта “мекемелеринде” деген сөз “уюмдарында” деген сөзгө алмаштырылсын;
– 11-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“11. Ишкананын ишинин предмети Кыргыз Республикасында кесиптик лотереялык ишти жүзөгө ашыруу болуп саналат.”;
– 13-пунктта “лицензиянын негизинде” деген сөздөр “кесиптик” деген сөзгө алмаштырылсын;
– 14, 15-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“14. Ишкананын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
– кесиптик лотереялык ишти уюштуруу жана жүзөгө ашыруу;
– дене тарбияны, спортту, билим берүүнү жана маданиятты өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү;
– балдарды, жаштарды, улгайган жарандарды, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү коргоо жаатындагы комплекстүү социалдык иш-чараларды ишке ашырууга финансылык колдоо көрсөтүү;
– лотереялык ишке байланышкан жумушчу кадрлардын квалификациясын жогорулатуу;
– кесиптик лотереялык ишти уюштуруу жана жүзөгө ашыруу үчүн алдынкы технологияларды киргизүү;
– лотерея рыногунун абалын жана өнүгүү келечегин талдоо.
15. Ишкана төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:
– лотереялык оюндарды уюштуруу;
– лотереялык кызмат көрсөтүүлөр рыногун өнүктүрүү иш-чараларын жана программаларын иштеп чыгууга катышуу, аларды андан ары аткаруу;
– спорттук жана маданий иш-чараларды өткөрүүдө, балдардын эс алуусун уюштурууда юридикалык жана жеке жактарга финансылык колдоо көрсөтүү, улгайган жарандарга, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берүү;
– кесиптик лотереялык ишти уюштуруу жана жүзөгө ашыруу боюнча өз функцияларын ишке ашыруунун алкагында кызыкдар жеке жана/же юридикалык жактар менен кызматташуу;
– ушул Уставда каралбаган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген жана Ишкананын максаттарына ылайык келген башка функциялар.”;
– 16-пункттун жетинчи абзацында “мөөнөттүү эмгек келишимдерин, башка” деген сөздөр “жана башка” деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 30-пунктта:
экинчи абзац “жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында” деген сөздөрдөн кийин “, уюмдарында” деген сөздөр менен толукталсын;
тогузунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“– Ишкананын түзүмдүк бөлүмдөрү, иштөө режими, Ишкананын кызматкерлерине эмгек акы төлөө жана сыйлоо шарттары жөнүндө жоболорду, ошондой эле алардын кызматтык нускамаларын бекитет;”;
он төртүнчү абзацта “мекемелерде” деген сөз “уюмдарда” деген сөзгө алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 22-июлундагы № 54 (3710) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |