Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Моюн айылдык кеңешинин депутаттарынын X чакырылыштын 6-сессиясынын 4-кезексиз сессиясы
2025-жылдын 28-марты №2
2025-жылга Бирлик айылы боюнча жазгы айдап-себүү, оруп-жыюу бааларын жана малчылардын мал жандыктарын багуу баалары, жайыт акылардын баалары ошондой эле ички ортоңку жана сыртка жайлоого көчүп конунун күнүн аныктап бекитүү жөнүндө.
X чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык кеңешинин 6-сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык кеңеши карап чыгып.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 .Бирлик айылы боюнча жазгы айдап-себүү, оруп-жыюу бааларын 2025- жылга карата төмөнкүдөй бекитилсин.
техникалардын элге кызмат кылуу тарифи
-Аңыз жерди айдоо 1 га 500 сом 25 литр солярка.
- Дың жерди айдоо 1 га 1800 сом 30 литр солярка.
- Тырмоо 1 га 800 сом 10 литр солярка.
- Тырмоо ДТ 75 1 га 1000 сом 10 литр солярка.
- Арык тартуу 1 га 200 сом 3 литр солярка
- Сеялка 1 га 800 сом 10 литр солярка.
- Ешка эспарцет 1 га 1300 сом 10 литр солярка.
- Ешка ак-суулу 1 га 1200 сом 10 литр солярка.
- Косилка 1 га 800 сом 10 литр солярка.
- Бир боо пресс чөп 1 га 10 сом 10 литр солярка.
- Чөп тырмоо 1 га 600 сом 5 литр солярка
- Жер таптоо 1 га 500 сом 5 литр солярка.
- Өстөн арык 1метр жерге 1 сом майы ичинде
2. Бирлик айылында 2025-жылга малчылардын ички ,ортоңку жана сырткы жайлоого көчү грфигин ошондой эле малчылардын мал жандыктарын багуу баалары, жайыт акылардын баалары төмөндөгүдөй бекитилсин.
1. Мал баккан малчыларды ички, алыскы жана ортоңку жайытка көчүүсү 1-майдан ,ортоңку жана сырткы жайлоого көчүү 1-июндан калбай көчүрүлсүн. Алыскы жайлоодон, ички жана ортоңку жайлоого 1-октябрдан кийин көчүп келсин. Эгерде 1-октябрга чейин көчүп келген малчыларга же мал айдап келген мал ээлерине бодо малга 500 сомдон, майда кой, эчкиге 60 сомдон мал башына айып төлөнүп кайра Ак Сай өрөөнүнө айдатылсын.
2. Баданы уюштуруу 1-майдан калбай колго алынсын. Саан уйдун саны 3 уйдан ашпасын арасында субай мал калтырууга жол берилбесин жана бадачынын эмгек акысы бир уйга айына 500 сомдон бааланып, бадачыга төлөнүп берилсин.
3. Ички жайыттагы жана сарайдагы калган малдын саны 1 (бир) ат, 2 (эки) уйдан ашпасын. 1 (бир) ат, 2 (эки) уйдан ашык алып калган мал элерине жана мал тыштаган жарандарга кой эчкиге башына 60 сомдон , бодо малга ( жылкы уй , топоз ) башына 500 сомдон айып пул салынсын .
4. Мал баккан малчыларга майда жандыктын башына айына 70 сом, бодо малдын башына айына 500 сомдон төлөнүп берилсин . Эгерде ушул көрсөтүлгөн баадан ашык ала турган болсо, патент, соц.төлөмдөрүн төлөсүн. Жайыт акы төлөмдөрү мал баккан малчыдан майда малдын туягына 20 сом, бодо малга 100 сом, кулун музоого 70 сомдон төлөнсүн.
5. Кочкор теке баккан малчы бир айга 250 сомдон бал башына төлөнүп берилсин Кочкор текенин мал ээси өзү алмайынча 1-октябрга чейин таратылбасын.
6. Айыл өкмөтүнүн каттоосунда жок сырттан келген малга жайкы жайыт акыга 3 эсе көбөйтүлүп төлөнсүн , майда малдын туягына 60сом. Бодо малга 300 сомдон, кулун, музоо, мамалака 210 сомдон жайыт акы төлөнсүн. Жайыт акысы мал баккан малчыдан же мал ээлеринен өндүрүлсүн.
7. Бирлик айылында айыл чарба жерин коруу 2025-жылдын 1- майынан 1-октябрына чейин корулсун.Ошондой эле 1- майдан 1-октябрга чейин айыл чарба жерине түшкөн бодо малдын башына 500 сом,майда малга 50 сом айып пул төлөнсүн
8. Ички жана алыскы жайытка көрсөтүлгөн мөөнөттө көчпөй тартип бузган чабандардын , бодо малдын башына күнүнө 300 сомдон ,майда жандыктын (кой эчки ) башына 50 сомдон айып салынып күнөлү адамдан өндүрүлсүн .
4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп ak-moyun.gov.kg веб-сайтка жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн тиешелүү кызматкерлерине милдеттендирилсин .
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Алакуновго жана өзүмө калтырам.
Төрага: | Б. Султангазы уулу |