Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 24-июну № 361
"Укук бузуулардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасын жүргүзүү маселелери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 15-майындагы № 153 "Укук бузуулардын бирдиктүү реестрин жүргүзүү маселелери жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Укук бузуулардын бирдиктүү реестринин кармоочусу (ээси) болуп аныкталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемеси "Укук бузуулардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасынын техникалык оператору болуп саналат деп белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги белгиленген тартипте:
1) кабыл алуу-өткөрүп берүү актысынын негизинде аны андан ары бекитүү менен "Укук бузуулардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасын (мындан ары - "УБР" АМС) материалдык-техникалык каражаттары, күтүүгө каралган финансылык ресурстары менен аны андан ары эксплуатациялоо жана жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынан өзүнүн карамагына кабыл алсын;
2) өзүнүн чечими менен "УБР" АМСин кабыл алуу, ошондой эле ушул токтомду ишке ашырууга байланышкан уюштуруу иш-чараларын жүргүзүү боюнча ведомстволор аралык комиссияны түзсүн;
3) ушул токтомдон келип чыгуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизсин;
4) ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу жоболорду эске алуу менен белгиленген тартипте "Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
6. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирүү жана өткөрүп берүү боюнча иш-чаралар толук аяктаганга чейин "УБР" АМСинин толук жана үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу сунушталсын.
7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-июлундагы № 88 "Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Укук" мамлекеттик ишканасын кайра түзүү жана аны Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын карамагына өткөрүп берүү маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 3-пункттун үчүнчү абзацындагы "жана жоруктардын бирдиктүү реестринин, Бузуулардын" деген сөздөр алып салынсын.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
9. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |