Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Моюн айылдык кеңешинин депутаттарынын X чакырылыштын 6-сессиясынын 4-кезексиз сессиясы
2025-жылдын 28-марты №2/2
2025-жылга Ак-Муз айылы боюнча жазгы айдап-себүү, оруп-жыюу бааларын жана малчылардын мал жандыктарын багуу баалары, жайыт акылардын баалары ошондой эле ички ортоңку жана сыртка жайлоого көчүп конунун күнүн аныктап бекитүү жөнүндө.
X чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык кеңешинин 6-сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык кеңеши карап чыгып.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак Муз айылы боюнча жазгы айдап-себүү, оруп-жыюу бааларын 2025- жылга карата төмөнкүдөй бекитилсин.
техникалардын элге кызмат кылуу тарифи.
№ | Техника, шаймандарынын аталышы | Гектар, рейс, шт, сааты | Күйүүчү май | Эмгек акысы |
1 | Соко дың жерге | 1 га | 30л | 2000 сом |
2 | Соко айдоо жерге | 1 га | 25 л | 1500 сом |
3 | Жер тырмоо | 1 га | 10 л | 800 сом |
4 | Жер себүү | 1 га | 8 л | 800 сом |
5 | Косилка | 1 га | 10 л | 1000 сом |
6 | Герман эспарцет,табигый | 1 га | 8 л | 1300 сом |
7 | Герман ак сулуу,арпа | 1 га | 8 л | 1500 сом |
8 | Бакабой тырмоо | 1 га | 8 л | 800 сом |
9 | Чөп тартуу КАМАС менен айыл чети | 1 рейс | 20 л | 1200 сом |
10 | Чөп тартуу КАМАС прицеби менен айыл чети | 1 рейс | 30 л | 2400 сом |
11 | Чөп пресстетүү | 1 га | 10 л | 10 сом |
12 | Арык тартуу | 1 га | 3 л | 200 сом |
13 | Арык көмүү | 1 га | 3 л | 200 сом |
14 | Жер сугаруу дың жер | 1 га |
| 1500 сом |
15 | Жер сугаруу айдоо жер | 1 га |
| 2000 сом |
2. Ак-Муз айылында 2025-жылга малчылардын ички ,ортоңку жана сырткы жайлоого көчү грфигин ошондой эле малчылардын мал жандыктарын багуу баалары, жайыт акылардын баалары төмөндөгүдөй бекитилсин.
1. Мал баккан малчыларды ички, алыскы жана ортоңку жайытка көчүүсү 1-майдан калбай көчүрүлсүн.
2. Алыскы жайытка көчүү 10- июндан кечиктирилбестен көчүү, кайра көчүп келүү ички жана ортоңку жайлоого 1-октябрдан кийин көчүп келсин. Эгерде 1-октябрга чейин көчүп келген малчыларга же мал айдап келген мал ээлерине бодо малга 500 сомдон, майда кой, эчкиге 60 сомдон мал башына айып төлөнүп кайра Ак Сай өрөөнүнө айдатылсын.
2. Баданы уюштуруу 1-майдан калбай колго алынсын. Саан уйдун арасында субай мал калтырууга жол берилбесин.
3. Ички жайыттагы жана сарайдагы жайлап кыштаган сарай элерине калган малдын саны сарайда 2 (эки ) ат,5 (беш ) уйдан ашпасын жана майда жандык (кочкор теке чабыр кой эчки )алынып калбасын .Ошондой эле ички сарайларга калган малдын саны 2 (эки ) ат, 5 (беш ) уйдан ашык алып калган мал элерине жана мал тыштаган жарандарга кой эчкиге башына 70 сомдон , бодо малга ( жылкы уй , топоз ) башына 600 сомдон айып пул салынсын күнөлү адамдан өндүрүлүп сырткы жайлоого 3 күндөн калтырылбай айдаттылсын. Ошондой эле жайкысын сарай элеринен бөлөк жарандар көчүп барып уй багып саганга жана майда жандык алып калганга уруксат берилбесин .
4. Кочкор теке баккан малчы бир айга 300 сомдон бал башына төлөнүп берилсин Кочкор текенин мал ээси өзү алмайынча 1-октябрга чейин таратылбасын.Ошондой эле кочкор теке Көкүмбөз аймагына багылсын .
5. . Мал баккан малчыларга майда жандыктын башына айына 70 сом, бодо малдын башына айына 600 сомдон төлөнүп алынсын . Эгерде ушул көрсөтүлгөн баадан ашык ала турган болсо, патент, соц.төлөмдөрүн төлөсүн. Жайыт акы төлөмдөрү мал баккан малчыдан майда малдын туягына 20 сом, бодо малга 100 сом, кулун музоого 70 сомдон төлөнсүн.
6. Айыл өкмөтүнүн каттоосунда жок сырттан келген малга жайкы жайыт акыга 3 эсе жайыт акы төлөнсүн , майда малдын туягына 60сом. Бодо малга 300 сомдон, кулун, музоо, мамалака 210 сомдон жайыт акы төлөнсүн. Жайыт акысы мал баккан малчыдан же мал ээлеринен өндүрүлсүн.
7. Ак-Муз айылында айыл чарба жерин коруу 2025-жылдын 20- апрелинен 1-октябрына чейин корулсун.Ошондой эле 20-апрелден 1- октябрга чейин айыл чарба жерине түшкөн бодо малдын башына 500 сом,майда малга 50 сом айып пул салынып күнөлү адамдан өндүрүлсүн .
8. Ички жана алыскы жайытка көрсөтүлгөн мөөнөттө көчпөй тартип бузган чабандардын , бодо малдын башына күнүнө 300 сомдон ,майда жандыктын (кой эчки ) башына 50 сомдон айып пул салынып күнөлү адамдан өндүрүлсүн .
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп ak-moyun.gov.kg веб-сайтка жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн тиешелүү кызматкерлерине милдеттендирилсин .
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Алакуновго жана өзүмө калтырам.
Төрага: | Б. Султангазы уулу |