Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 25-июну № 3254-VII
"Кыргыз Республикасынын интернет мейкиндигинде порнографиялык мүнөздөгү элементтери бар контентти камтыган сайттарга кирүүгө тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.А.Маматалиев, Д.А.Ашимова, Ж.П.Нурбаев, Т.Т.Мамытов, К.Л.Ханджеза, А.А.Козуев, А.Т.Маткеримов, К.А.Талиева, Т.А.Масабиров, Ы.Ы.Атажанов, А.Алтынбеков, С.А.Омурзаков, С.Рустамбек уулу, Б.А.Эргешов, А.Т.Бердиев, Б.К.Чойбеков, Э.Ш.Айдаралиев, Э.К.Абакиров, Б.Э.Тентишев, Б.З.Түлөбаев, А.Исатбек кызы, Э.К.Кокулов, Л.Х.Лурова, Ш.Мажитова, М.Ж.Сыдыков, Ж.М.Салымбеков, А.А.Исираилов тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын интернет мейкиндигинде порнографиялык мүнөздөгү элементтери бар контентти камтыган сайттарга кирүүгө тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
Төраганын орун басары |
| Н.О. Сыдыгалиев |