Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 18-июлу № 150
Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Жер кодекси 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү 13-берененин 3-бөлүгүн жана 127-беренени кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин колдонууга киргизилсин.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык келтирилгенге чейин жер мамилелеринин маселелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары Кыргыз Республикасынын Жер кодексине карама-каршы келбеген бөлүгүндө колдонулат.
3-берене.
1. Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин жоболору ал колдонууга киргизилгенден кийин келип чыккан мамилелерге жайылтылат.
2. "Жайыттар жөнүндө", "Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө", "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын күчүн жоготту деп таануу алар күчүн жоготту деп таанылганга чейин пайда болгон жер укуктук мамилелери үчүн кандайдыр бир юридикалык кесепеттерге алып келбейт.
Белгиленген тартипте даярдалган, ыйгарым укуктуу органдын кароосунда турган жерге жайгаштыруу иштери боюнча жерлерди которуу (трансформациялоо) жөнүндө чечимдер жерлерди которуу (трансформациялоо) жөнүндө чечим кабыл алынган датага карата ошол мезгилдеги колдонуудагы мыйзамдардын ченемдерине ылайык кабыл алынат.
3. Жер тилкелери бекитилип берилген имараттар жана курулмалар менен жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзгөн чет өлкөлүк жактар мурда колдонулуп келген укук күбөлөндүрүүчү документтерди кадастрдык планга алмаштыруу менен жер тилкесин убактылуу пайдалануу укугуна ээ болушат.
4-берене.
1. Чарба жүргүзүү жана ыкчам башкаруу укугуна негизделген мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларга, мекемелерге, коомдук бирикмелерге, фонддорго жана диний уюмдарга мөөнөтсүз пайдаланууга акысыз берилген жер тилкелери алар жоюлганда тиешелүүлүгүнө жараша мамлекеттик же муниципалдык менчикке өтөт.
Жер тилкеси бекитилип берилген жер тилкесинде имараттар жана/же курулмалар жайгашкан учурда, жер тилкесинин келечеги имараттын жана/же курулманын келечегине жараша болот.
2. Мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларды менчиктештирүүдө жер тилкесинин наркы мүлк комплексинин наркына кирет. Менчиктештирилүүчү мүлк комплексине жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө укук белгилөөчү документ жок болгон учурда, аны бекитип берүү жергиликтүү мамлекеттик администрация же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан жүргүзүлөт.
5-берене.
1. 1999-жылдын 16-июнуна чейин туруктуу, убактылуу пайдаланууга же өмүр бою мураска алынган ээлик кылууга белгиленген тартипте жер тилкесине болгон укугун алган Кыргыз Республикасынын жарандарынын жер тилкесине болгон жеке менчик укугу документтерди эч кандай кайра тариздебестен таанылат, атап айтканда:
- жер үлүшүнө болгон укук;
- короо-жай, багбанчылык-дача жер тилкелерине болгон укук;
- турак жана дача үйлөрүнө бекитилип берилген жер тилкелерине болгон укук;
- менчиктештирилген турак үйлөрдүн жер тилкелерине болгон укук.
2. Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин күчүнө кириши менен системалуу же ыктыярдуу тартипте мамлекеттик каттоодон өткөн жер тилкелерине болгон укук жеке турак жайды же көп батирлүү үйлөрдү куруу үчүн жер тилкелерине болгон укуктар катары катталган укуктун негизинде жарактуу деп таанылат жана бул жер тилкелери калктуу конуштардын жерлери болуп эсептелет.
6-берене.
Айыл өкмөтүнүн карамагында турган айыл чарба багытындагы жер тилкелери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте пайдаланууга берилген тиешелүү айыл аймагынын Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлери болуп эсептелет.
7-берене.
1. Суу фондунун жерлеринин категориясына туура келген багбанчылык-дача жер тилкелерин кошпогондо, ушул Мыйзамдын күчүнө кириши менен жеке жактардын жеке менчигинде турган багбанчылык-дача жер тилкелери жана тиешелүү инфратүзүмү бар аймактар "турак жай курулушу" максаттуу багыты менен калктуу конуштардын жерлери деп таанылат.
Калктуу конуштардын жерлери деп таанылууга тийиш болгон аймактардын чек аралары 1999-жылдын 16-июнуна чейин кабыл алынган дача курулушуна же жамааттык багбанчылыкка жер тилкелерин бөлүп берүү жөнүндө ыйгарым укуктуу органдардын алгачкы чечимдерине ылайык аныкталат.
2. Турак жай курулушу үчүн арналган калктуу конуштардын жерлери деп таанылган жерлерди пайдалануунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
3. Багбанчылык-дача жер тилкелерин пайдалануунун тартиби жана багбанчылык-дача уюмдарынын ишинин тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
8-берене.
1. Кыргыз Республикасынын Жер кодекси колдонууга киргизилгенге чейин менчик ээлери, Кыргыз Республикасынын жарандары жана жер тилкелерди пайдалануучулар тарабынан белгиленген тартипте алынган укук күбөлөндүрүүчү документтер (жер тилкесине болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт, жер тилкесин мөөнөтсүз (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) пайдалануу укугу жөнүндө мамлекеттик акт, жер тилкесин убактылуу пайдалануу укугуна ырастама, жер тилкесине болгон жеке менчик укугу жөнүндө күбөлүк, жер тилкесине (үлүшүнө) болгон жеке менчик укугу жөнүндө күбөлүк) укук белгилөөчү документтер бар болгондо кайра таризделбестен жарактуу деп эсептелет.
2. Алдын ала каттоо боюнча катталган укук күбөлөндүрүүчү документтерди кошпогондо, жер тилкесине болгон укук менен жарандык-укуктук бүтүмдөрдү жасоодо мурда алынган укук күбөлөндүрүүчү документтер кадастрдык планга алмаштырылууга тийиш. Бул учурда сатып алуучу укук күбөлөндүрүүчү документти кадастрдык планга алмаштырууну жүзөгө ашырат.
9-берене.
Жер мунапысынын объекттерине жарандардын менчик укуктарын бекитүү боюнча мамлекет тарабынан жерге мунапыс берүү "Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган негизде жана тартипте жүзөгө ашырылат.
Жерге мунапыс берүүнү жүзөгө ашырууда "Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына каршы келбеген бөлүгүндө башка ченемдик укуктук актылар колдонулушу мүмкүн.
10-берене.
1. Юридикалык жана жеке жактардын пайдалануу укугунда турган жана Кыргыз Республикасынын Жер кодекси күчүнө киргенге чейин көп батирлүү үйлөрдү куруу үчүн берилген муниципалдык менчиктеги жер тилкелери көп батирлүү үйдү пайдаланууга берген күндөн тартып 5 жылдын ичинде тиешелүү юридикалык жана жеке жактар тарабынан менчикке сатып алынууга тийиш, андан кийин жер тилкесине болгон укуктар көп батирлүү үйдүн жашоочуларынын жалпы үлүштүк менчигине акысыз өткөрүлүп берилет. Юридикалык жана жеке жактар менчикке сатып алууну көп батирлүү үйдү пайдаланууга берүү мөөнөтүн эске алуу менен колдонулуучу Муниципалдык менчиктеги жер тилкелеринин наркын эсептөө методикасына ылайык жер тилкесин түз сатуу жолу менен жүзөгө ашырышат.
Көп батирлүү үйдү пайдаланууга берүү мөөнөтүн эске алуу менен колдонулуучу Муниципалдык менчиктеги жер тилкелеринин наркын эсептөө методикасы тиешелүү шаардык кеңеш тарабынан бекитилет.
2. Юридикалык жана жеке жактар жер тилкесин сатып алуу боюнча милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына күрөө берүүгө милдеттүү. Күрөө сатылып алынуучу жер тилкесинин наркына өлчөмдөш аныкталат жана ар бир жыл ичинде төлөнгөн сатып алуу төлөмдөрүнүн суммасына пропорционалдуу түрдө азайтылышы мүмкүн. Күрөөнүн түрү, берүүнүн шарттары жана күрөөгө коюлган мүлктүн наркын азайтуу тартиби тиешелүү шаардык кеңеш тарабынан аныкталат.
11-берене.
Кыргыз Республикасынын Жер кодекси колдонууга киргизилген күндөн тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) 1999-жылдын 2-июнундагы № 45 Кыргыз Республикасынын Жер кодекси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 9, 440-ст.);
2) "Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июнундагы № 46 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 9, 441-ст.);
3) "Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 28-декабрындагы № 93 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 11, 689-ст.);
4) "Кыргыз Республикасынын Жер кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 4-январындагы № 2 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 11, 676-ст.);
5) "Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 4-январындагы № 3 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 11, 677-ст.);
6) "Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 11-январындагы № 4 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 11, 678-ст.);
7) "Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 12-мартындагы № 30 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2001-ж., № 2, 48-ст.);
8) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 11-майындагы № 78 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 6, 275-ст.);
9) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 17-февралындагы № 36 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 4, 187-ст.);
10) "Кыргыз Республикасынын Жер кодексине толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 9-июлундагы № 123 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 10, 443-ст.);
11) "Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 5-декабрындагы № 227 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 2, 77-ст.);
12) "Кыргыз Республикасынын Жер кодексине толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 23-июнундагы № 77 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 10, 443-ст.);
13) "Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-статьясынын 7-пунктунун чечмелөө тууралу" Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 13-августундагы № 122 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 12, 527-ст.);
14) "Транспорт жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексине толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 7-февралындагы № 15 Мыйзамынын 3-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 4, 246-ст.);
15) "Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 28-февралындагы № 40 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 5, 315-ст.);
16) "Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 4-июнундагы № 67 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 9, 625-ст.);
17) "Кыргыз Республикасынын Жер кодексине толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 20-январындагы № 7 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 1, 9-ст.);
18) "Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 25-июлундагы № 126 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 7, 598-ст.);
19) "Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 25-июлундагы № 129 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 7, 601-ст.);
20) "Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 24-ноябрындагы № 189 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 11, 957-ст.);
21) "Кыргыз Республикасынын Жер кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 28-декабрындагы № 217 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 11, 985-ст.);
22) "Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 26-февралындагы № 22 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 2, 148-ст.);
23) "Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 26-февралындагы № 23 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 2, 149-ст.);
24) "Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 12-июнундагы № 83 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 6, 518-ст.);
25) "Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-январындагы № 28 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 1, 28-ст.);
26) "Кыргыз Республикасынын Жер кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-январындагы № 29 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 1, 29-ст.);
27) "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-январындагы № 30 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 1, 30-ст.);
28) "Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 11-мартындагы № 79 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 3, 210-ст.);
29) "Кыргыз Республикасынын Жер кодексине толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-майындагы № 171 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 5, 488-ст.);
30) "Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-майындагы № 174 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 5, 491-ст.);
31) "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 11-июлундагы № 91 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 994-ст.);
32) "Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 22-июлундагы № 117 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1020-ст.);
33) "Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 22-июлундагы № 119 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1022-ст.);
34) "Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 22-июлундагы № 120 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1023-ст.);
35) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 16-ноябрындагы № 213 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 10, 1504-ст.);
36) "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 28-декабрындагы № 254 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж.,№ 11, 1694-ст.);
37) "Кыргыз Республикасынын Жер кодексине толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 7-майындагы № 46 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 5, 2270-ст.);
38) "Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 14-майындагы № 50 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 5, 2274-ст.);
39) "Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-июнундагы № 80 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 6, 2391-ст.);
40) "Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 19-июнундагы № 88 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 6, 2399-ст.);
41) "Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-августундагы № 159 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 7, 2770-ст.);
42) "Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 6-майындагы № 65 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 5, 494-ст.);
43) "Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 16-майындагы № 73 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 5, 502-ст.);
44) "Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 9-июлундагы № 120 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 7, 906-ст.);
45) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы № 143 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 7, 929-ст.);
46) "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы № 145 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 7, 931 -ст.);
47) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-ноябрындагы № 201 Мыйзамынын 1-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 10, 1125-ст);
48) "Кыргыз Республикасынын Жер кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 14-июлундагы № 134 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 7, 710-ст.);
49) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 18-июлундагы № 144 Мыйзамынын 1-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 7, 720-ст.);
50) "Кыргыз Республикасынын Жер кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 17-июнундагы № 131 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 6, 649-ст.);
51) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 17-июнундагы № 132 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 6, 650-ст.);
52) "Кыргыз Республикасынын Жер кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 17-июнундагы № 134 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 6, 652-ст.);
53) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 2-июлундагы № 142 Мыйзамынын 1-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 7, 977-ст.);
54) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 20-июлундагы № 181 Мыйзамынын 1-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 7, 1016-ст.);
55) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 28-июлундагы № 198 Мыйзамынын 1 жана 4-беренелери (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 7, 1033-ст.);
56) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 28-июлундагы № 199 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 7, 1034-ст.);
57) "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 19-мартындагы № 21 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 3, 173-ст.);
58) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 7-майындагы № 56 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 5, 395-ст.);
59) "Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 14-июнундагы № 80 Мыйзамынын 1-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 6, 529-ст.);
60) "Тооруктарды, аукциондорду өткөрүү маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 22-июнундагы № 84 Мыйзамынын 1-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 6, 533-ст.);
61) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, "Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 25-июлундагы № 137 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 7, 855-ст.);
62) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, "Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 30-июлундагы № 156 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 57, 874-ст.);
63) "Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 18-мартындагы № 48 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 3, 180-ст.);
64) "Жерди пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 1-июнундагы № 95 Мыйзамынын 1 жана 3-беренелери (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 6, 498-ст.);
65) "Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-июлундагы № 139 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 7-8, 741-ст.);
66) "Жерди пайдалануу жаатындагы айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 12-декабрындагы № 207 (12) Мыйзамынын 1-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 12, 1023-ст.);
67) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, "Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 24-январындагы № 12 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 1, 12-ст.);
68) "Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 30-июнундагы № 64 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 6, 347-ст.);
69) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө", "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 2-августундагы № 79 Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 7-8, 479-ст.);
70) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 7-мартындагы № 33 Мыйзамынын 1-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2019-ж., № 3, 140-ст.);
71) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 19-апрелиндеги № 49 Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2019-ж., № 4, 191-ст.);
72) "Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-июлундагы № 99 Мыйзамынын 4-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2019-ж., № 7-8, 487-ст.);
73) "Жерди пайдалануу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 30-июлундагы № 107 Мыйзамынын 2, 5 жана 6-беренелери (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2019-ж., № 7-8, 495-ст.);
74) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 10-июлундагы № 76 Мыйзамы ("Эркин-Тоо" гезити, 2020-жылдын 17-июлу, № 56);
75) "Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештердин укуктук абалы маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 24-июлундагы № 89 Мыйзамынын 1 жана 5-беренелери ("Эркин-Тоо" гезити, 2020-жылдын 4-августу, № 61);
76) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, "Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 14-августундагы № 126 Мыйзамы ("Эркин-Тоо" гезити, 2020-жылдын 18-августу, № 65);
77) "Жер пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына ("Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө", "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 3 Мыйзамынын 2-беренеси ("Эркин-Тоо" гезити, 2020-жылдын 17-ноябры, № 94);
78) "Инвестицияларды колдоо маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 26-декабрындагы № 12 Мыйзамынын 1 жана 2-беренелери ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 5-январы, № 1);
79) Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 6-январындагы № 3 Мыйзамынын 3-беренеси ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 15-январы, № 3);
80) "Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 17-мартындагы № 33 Мыйзамы ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 19-марты, № 21-22);
81) "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 13-августундагы № 100 Мыйзамы ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 17-августу, № 88);
82) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Токой кодексине, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 20-январындагы № 6 Мыйзамынын 1 жана 2-беренелери ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 25-январы, № 11);
83) "Жерди пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-апрелиндеги № 22 Мыйзамынын 1 жана 6-беренелери ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 5-апрели, № 32);
84) "Жерди пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 5-августундагы № 84 Мыйзамынын 1-беренеси ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 9-августу, № 69);
85) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 5-августундагы № 85 Мыйзамы ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 9-августу, № 69);
86) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө", "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 21-июлундагы № 143 Мыйзамынын 2-беренеси ("Эркин-Тоо" гезити, 2023-жылдын 25-июлу, № 59);
87) "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 13-июнундагы № 95 Мыйзамынын 1 жана 4-беренелери ("Эркин-Тоо" гезити, 2024-жылдын 21-июну, № 46);
88) "Административдик-аймактык реформанын алкагында Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 Мыйзамынын 2 жана 8-беренелери ("Эркин-Тоо" гезити, 2024-жылдын 20-августу, № 63);
89) Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө", "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 21-октябрындагы № 169 Мыйзамынын 1-беренеси ("Эркин-Тоо" гезити, 2024-жылдын 25-октябры, № 83).
12-берене.
"Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 5-апрели, № 32) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
преамбула күчүн жоготту деп таанылсын.
13-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 25-июлундагы № 55 (3711) жарыяланды
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө:
1) өзүнүн чечимдерин Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык келтирсин;
2) Кыргыз Республикасынын Жер кодексинен келип чыгуучу ченемдик укуктук актыларды иштеп чыксын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 4-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |