Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Моюн айылдык кеңешинин депутаттарынын X чакырылыштын 6-сессиясынын 4-кезексиз сессиясы
2025-жылдын 28-марты №4
Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн Ак-Моюн , Ак-Муз жана Бирлик айылдарын КРнын Президендинин 2024-жылдын 14- октябрындагы №296 Жарлыгын аткаруу максатында , КРнын 1024-жылдын 22-февралындагы Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө №53 Мыйзамы боюнча иш алыпбаруу жөнүндө.
X чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык кеңешинин 6-сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык кеңеши карап чыгып.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. КРнын Президендинин 2024-жылдын 14-октябрындагы №296 Жарлыгын аткаруу максатында , КРнын 1024-жылдын 22-февралындагы Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө №53 Мыйзамы боюнча иш алып барылып мүрзөдөгү эстеликтерди моло же болбосо жыгач менен коюлуп бийиктиги 0,70 метирден ашырылбасын жана Ак-Моюн Ак- Муз айылдарындагы көрүстөндөрдүн айланасы элдин жардамы менен тосулсун .
2. КРнын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы КР нын үй бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча 1 бодо же 2 кой менен мурда бекитилген чечим калтырылсын .
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп ak-moyun.gov.kg веб-сайтка жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн соц адиси Ж. Тилегеновага жана тиешелүү кызматкерлерине милдеттендирилсин .
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Алакуновго жана өзүмө калтырам.
Төрага: | Б. Султангазы уулу |