Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Моюн айылдык кеңешинин депутаттарынын X чакырылыштын 6-сессиясынын 4-кезексиз сессиясы
2025-жылдын 28-марты №5
Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн Май-Бука аймагындагы өмүкө каналындагы жаңы салынган көпүрөгө Ак-Муз айылынын тургуну Оторбаев Айткулу Мусаевичтин ысымын берүү жөнүндө.
X чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык кеңешинин 6-сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык кеңеши карап чыгып.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ак-Моюн айылынын Май-Бука өрөнүнө баруучу жолдогу,Өмүкө каналындагы жаңы салынган көпүрөгө Ак-Муз айылынын тургуну Оторбаев Айткулу Мусаевичтин ысымы ыйгарылсын .
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп ak-moyun.gov.kg веб-сайтка жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн Ак-Муз айыл башчысы Б Аляскаровко жана тиешелүү кызматкерлерине милдеттендирилсин .
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Алакуновго жана өзүмө калтырам.
Төрага: | Б. Султангазы уулу |