Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ИШ БАШКАРМАСЫНЫН БУЙРУГУ
2025-жылдын 30-июну № 163
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жана
ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик
кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жана анын ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-сентябрындагы № 603 “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү стандарты жөнүндө” токтомунун 1, 2-пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 2-пунктуна ылайык буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестрине (мындан ары – Бирдиктүү реестр) киргизилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн төмөнкү стандарттары бекитилсин:
1) мамлекет, өкмөт башчыларынын, эл аралык уюмдардын, башка расмий делегациялардын жана жеке жактардын деңгээлинде расмий визиттер форматында протоколдук иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү (Бирдиктүү реестрдин 10-главасынын 15-пункту);
2) мамлекет, өкмөт башчыларынын, эл аралык уюмдардын, башка расмий делегациялардын жана жеке жактардын деңгээлинде расмий визиттер форматынан тышкары иш-чараларды, ошондой эле маданий-массалык иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү (Бирдиктүү реестрдин 10-главасынын 16-пункту) тиркемеге ылайык.
2. Маалыматташтыруу жана телекоммуникациялар бөлүмү ушул буйруктун “Эркин-Тоо” гезитинде жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын расмий веб-сайтында расмий жарыяланышын камсыз кылсын.
3. Документтик камсыздоо жана контролдоо бөлүмү:
1) ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде анын көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук алып жүрүүчүдө жарыяланган булагын көрсөтүү менен эки нускада Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
2) ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде анын көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жөнөтсүн;
3) ушул буйрукту түзүмдүк жана ведомстволук мекемелердин жетекчилерине жеткирсин.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын 2024-жылдын 2-августундагы № 199 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестрине киргизилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө” буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумуш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
Кыргыз Республикасынын
Президентинин
иш башкаруучусунун
биринчи орун басары Б.Э. Салимжанов
Кыргыз Республикасынын
Президентинин Иш башкармасынын
2025-жылдын 30-июнундагы
№ 163 буйругуна тиркеме
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жана
ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын
СтандартТАРЫ
1. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Мамлекет, өкмөт башчыларынын, эл аралык уюмдардын, башка расмий делегациялардын жана жеке жактардын деңгээлинде расмий сапарлар форматында протоколдук иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү – Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 10-главасынын 15-пункту |
2 | Кызматтарды көрсөтүүчү мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын ведомстволук уюмдары |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Чет мамлекеттердин башчылары, парламенттердин төрагалары жана аларга теңештирилген адамдар, чет мамлекеттердин өкмөт башчылары, чет мамлекеттердин тышкы иштер министрлери, чет мамлекеттердин атайын өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын жетекчилери жана аларга теңештирилген адамдар, тактынын мураскерлери жана падышалык үй-бүлөлөрдүн башка мүчөлөрү, өкмөттөр аралык жана парламенттер аралык комиссиялардын тең төрагалары, “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык чакырылган башка кызмат адамдары |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-майындагы № 155 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө жобо |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Бекитилген иш сапардын программасына ылайык расмий иш сапарларда протоколдук, уюштуруучулук, материалдык-техникалык жана башка иш-чараларды өткөрүү |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулар төмөнкүлөр менен камсыз кылынат: - белгиленген коопсуздук жана санитардык нормаларга жооп берген байланыш, интернет жана телекөрсөтүү, ошондой эле кондиционер жана желдетүү системасы менен жабдылган жашоо үчүн жайлар; - расмий иш-чараларды өткөрүү үчүн керектүү аппаратура, жабдуулар жана кеңсе техникасы менен камсыздалган жайлар; - бекитилген меню боюнча тамактануу; - “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык меймандостук форматына негизделген коопсуздук стандарттарына жооп берген транспорт; - экскурсиялык кызмат көрсөтүүлөр (теплоходдо сейилдөө, “Рух Ордо” МБ аймагына кирүү); - медициналык процедураларды камсыз кылуу; - дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо кызматтары (сауна, бассейн, футбол, волейбол аянтчасы); - меймандостук форматына негизделген башка шарттар. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын ведомстволук уюмдарынын аймагында көзөмөлдөп өткөрүү режими киргизилген, өткөрүү пункту (күзөт посту) бар аймак жана анда жайгашкан объекттер күнү-түнү күзөт менен камсыз кылынат. Кызмат алуучулардын ыңгайлуулугу үчүн объекттердин (Конгресс-холл, конок үйлөрү, бассейн, теннис корту жана башка объектилер) жайгашкан жерин көрсөтүүчү маалымат белгилери (белгилери) коюлат. |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Мамлекеттик кызматты алуу үчүн арызды (иш сапардын программасы менен тапшырманы) кабыл алуу жана тариздөө 1 календардык күндүн ичинде ишке ашырылат. Кызмат көрсөтүүнүн узактыгы: иш сапардын программасына ылайык |
Алуучуларга мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымдоо | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр (керектүү маалыматтардын тизмеги) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымдоо | Мамлекеттик кызмат жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынан, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын ведомстволук уюмдарынан алууга болот. Байланыш маалыматтары, мамлекеттик кызмат көрсөтүүчү уюмдардын жайгашкан жери жана алардын иш тартиби жөнүндө маалыматтар www.ud.gov.kg, http://residence.kg, http://residence2.kg, https://atp.gov.kg сайттарында жайгаштырылган. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат берүүнүн алкагында алуучуларга төмөнкү маалыматтар жеткирилет: - кызматты алуунун шарттары жана тартиби жөнүндө; - мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартынын бар экендиги жана аны менен таанышуунун жолдору жөнүндө. Бул мамлекеттик кызматты стандартташтыруу үчүн жооптуу мамлекеттик орган болуп Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы саналат |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же тизмелөө) | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат берилет: - жазуу жүзүндө, мамлекеттик жана расмий тилдерде, анын ичинде факс жана электрондук почта аркылуу; - оозеки (жеке байланышта, электрондук кызматтардын мамлекеттик порталында жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын ведомстволук уюмдарынын веб-сайттарында көрсөтүлгөн телефондор аркылуу); - www.ud.gov.kg, http://residence.kg, http://residence2.kg, https://atp.gov.kg сайттарында. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалымат акысыз негизде берилет |
Тейлөө жана мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен баарлашуу | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын жана ведомстволук уюмдарынын кызматкерлери келүүчүлөр менен баарлашууда кесиптик-этикалык жүрүм-турум нормаларын жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколунун талаптарын сактоого милдеттүү. |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат купуялуу болуп саналат жана тиешелүү мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн. |
12 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүсүнөн талап кылынган тийиштүү документтердин жана/же иш-аракеттердин тизмеги | Кызматты алуу үчүн негиз болуп “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык бекитилген иш сапардын программасы же Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан визиттин форматына жараша бекитилген тиешелүү иш-чаралардын планы саналат |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Кызмат акысыз көрсөтүлөт |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер боюнча аныкталат: - ушул стандартта баяндалган кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө, иш сапарынын бекитилген программасына ылайык өз убагында болушу; - коопсуздук талаптарын сактоо; - кызматкерлер тарабынан кесиптик-этикалык нормаларды сакталышы; - жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, улуту, дини, жаш курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - акыркы натыйжанын (алынган кызматтын) өтүнмө ээсинин күтүүсүнө ылайык келиши |
15 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн ыкмалары, аны электрондук форматта көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрү | Кызмат кызмат көрсөтүүчү тарабынан купуялуулуктун талаптарын сактоо менен, анын ичинде факс жана электрондук почта аркылуу жөнөтүлүшү мүмкүн болгон бекитилген баруу программасы менен жазуу жүзүндөгү арыз (тапшырма) алынгандан кийин көрсөтүлөт. Кызмат көрсөтүү белгиленген тартипте бекитилген сапардын программасына ылайык жүргүзүлөт. Кызмат электрондук форматта арызды кабыл алуу, маалымат алмашуу жана натыйжанын даярдыгы жөнүндө билдирүү стадиясында (жашоо жана расмий иш-чараларды өткөрүү үчүн жайларды берүү, транспорт менен камсыздоо бөлүгүндө) көрсөтүлөт, белгиленген тартипте бекитилген визиттин программасы болсо |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиз | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартылышы мүмкүн: - кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүсү Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын ведомстволук уюмдарынын объектилеринде болгон жана/же жашаган мезгилинде коопсуздукту жана санитардык нормаларды сактоону камсыз кылууга мүмкүндүк бербеген форс-мажордук жагдайлар, анын ичинде табигый мүнөздөгү жагдайлар боюнча; - эгерде өтүнмө ээси ушул стандарттын 3-пунктунда көрсөтүлгөн керектөөчүлөрдүн категорияларына кирбесе; - кабыл алуучу мамлекет менен макулдашылган визиттин бекитилген программасы жок болсо |
17 | Даттануу тартиби | Эгерде кызмат көрсөтүү талаптагыдай эмес көрсөтүлсө, алуучу өзүнө ыңгайлуу формада (оозеки же жазуу жүзүндө) Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын жана анын ведомстволук уюмдарынын жетекчилигине бар болгон фактыларды же жоюуга кемчиликтерди көрсөтүү менен кайрылууга укуктуу. Кызмат көрсөтүүнү алуучудан же анын мыйзамдуу өкүлдөрүнөн даттануулар жана кайрылуулар болгон учурда Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын, анын ведомстволук уюмдарынын жетекчилери жана кызматкерлери өздөрүнүн компетенциясынын чегинде даттанууну карайт жана даттанууда көтөрүлгөн маселелерди чечүү боюнча шашылыш чараларды көрүшөт. Эгерде объективдүү себептер боюнча даттанууда же кайрылууда көрсөтүлгөн маселелерди чечүү мүмкүн болбосо, кызматты алуучуга же анын мыйзамдуу өкүлүнө тиешелүү түшүндүрмөлөр берилет. Арыз ээси даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык Мамлекеттик протоколду ишке ашыруучу мамлекеттик органдарга кайрылууга укуктуу. |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес каралып жана оңдолуп турат. |
2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Мамлекет, өкмөт башчыларынын, эл аралык уюмдардын, башка расмий делегациялардын жана жеке жактардын деңгээлинде расмий сапарлар форматынан тышкары иш-чараларды, ошондой эле маданий иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү – Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 10-главасынын 16-пункту |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын ведомстволук уюмдары |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин юридикалык жана жеке жактары |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-майындагы № 155 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө жобо |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы болуп керектөөчүнүн суроо-талабына жараша турак жай, тамак-аш менен камсыз кылуу, санитардык-гигиеналык кызматтарды, саламаттыкты сактоо кызматтарын көрсөтүү, залдарды күтүү, иш-чараларды өткөрүү үчүн жайларды берүү, транспорттук жана техникалык кызмат көрсөтүү, автотранспорт каражаттары үчүн унаа токтотуучу жай берүү, түзүлгөн келишимдин шарттарына ылайык маданий иш-чараларды тейлөө саналат. Кызмат көрсөтүүлөр көрсөтүлгөн кызматтардын акты менен ырасталат |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулар суроо-талапка жана түзүлгөн келишимдин шарттарына жараша төмөнкүлөр менен камсыздалат: - белгиленген санитардык нормаларга жооп берген, байланыш, интернет жана телекөрсөтүү, ошондой эле кондиционер жана желдетүү системасы менен жабдылган жашоо үчүн жайлар; - расмий иш-чараларды өткөрүү үчүн керектүү аппаратура, жабдуулар жана кеңсе техникасы менен камсыздалган жайлар; - бекитилген меню боюнча тамак-аш; - дарылоо-ден соолукту чыңдоо процедуралары (дарылоо ванналары, баткак менен дарылоо, парафин менен дарылоо, массаж, радон бассейни); - таштанды чыгаруу үчүн жабдылган жерлер; - берилүүчү жайга жанаша жайгашкан аймактарды тышкы жарыктандыруу; - коопсуздук стандарттарына жооп берген транспорт; - транспорт каражаттарын токтотуучу жайлар; - экскурсиялык кызмат көрсөтүүлөр (теплоходдо сейилдөө, “Рух Ордо” МБ аймагына кирүү); - медициналык процедураларды камсыз кылуу; - дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо кызматтары (сауна, бассейн, футбол, волейбол аянтчасы); - кызмат көрсөтүүчүнүн – ведомстволук уюмдун өзгөчөлүктөрүнө жараша башка кызматтар менен. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын ведомстволук уюмдарынын аймагында көзөмөлдөп өткөрүү пункту (күзөт посту) орнотулуп, күнү-түнү күзөт камсыз кылынат. Кызмат алуучунун ыңгайлуулугу үчүн объекттердин (Конгресс-холл, конок үйлөрү, бассейн, дарылоо ванналары, баткак менен дарылоо, парафин менен дарылоо, массаж, теннис корту жана башка объекттер) жайгашкан жерин көрсөтүүчү маалымат тактачалары (белгилери) коюлат. Жүрүм-турум эрежелери, өрт жана жеке коопсуздук эрежелери жөнүндө маалыматтар Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын ведомстволук уюмдарынын аймагында жана имараттарында орнотулган маалымат такталарында жайгаштырылат. |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү, анын ичинде электрондук форматта алууга арызды (катты) кабыл алуу, тариздөө жана кароо 1 календардык күндүн ичинде ишке ашырылат. Кызмат көрсөтүүнүн узактыгы: түзүлгөн келишимге ылайык же иш жүзүндө |
Алуучуларды мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымдоо | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр (керектүү маалыматтардын тизмеги) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымдоо | Мамлекеттик кызмат жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынан, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын ведомстволук уюмдарынан алууга болот. Байланыш маалыматтары, мамлекеттик кызмат көрсөтүүчү уюмдардын жайгашкан жери жана алардын иш тартиби жөнүндө маалыматтар www.ud.gov.kg, http://residence.kg, http://residence2.kg, https://alaarchapark.kg, https://atp.gov.kg сайттарында жайгаштырылган. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымдоо алкагында алуучуларга төмөнкү маалыматтар жеткирилет: - кызматты алуунун шарттары жана жол-жоболору жөнүндө; - арызды толтуруунун тартиби жөнүндө (бекитилген үлгүгө ылайык); - мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы жана төлөө тартиби жөнүндө; - мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартынын бар экендиги жана аны менен таанышуу жолдору жөнүндө. Бул мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү стандартташтыруу үчүн жооптуу мамлекеттик орган болуп Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы саналат |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүчө берилет: - жазуу жүзүндө, мамлекеттик жана расмий тилдерде, анын ичинде факсимилдик байланыш жана электрондук почта аркылуу; - оозеки түрүндө (жеке жолугушууда, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын ведомстволук уюмдарынын веб-сайттарында көрсөтүлгөн телефондор боюнча); - электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында; - www.ud.gov.kg, http://residence.kg, http://residence2.kg, https://alaarchapark.kg, https://atp.gov.kg, http://residence2.gov.kg сайттарында; - Инстаграмда: residence2_issykkul, rukh_ordo.ik; - Фейсбукта: Госрезиденция Санаторий, Ruh Ordo; - маалымат стенддеринде, буклеттерде жана брошюраларда. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалымат акысыз берилет |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен баарлашуу | Келүүчүлөр менен баарлашууда Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын кызматкерлери жалпы кабыл алынган этика нормаларын сактоого тийиш: сылык, сыпаа, сабырдуу, принципиалдуу болуп, маектешти уга билүүсү зарыл. Келүүчүлөр менен баарлашуу мамлекеттик же расмий тилде жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалыматтар купуялуу болуп саналат жана тиешелүү мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн. |
12 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүсүнөн талап кылынган тийиштүү документтердин жана/же иш-аракеттердин тизмеги | Мамлекеттик кызматты алуу үчүн төмөнкүлөр керек: - арыз (расмий кат, электрондук форматтагы суроо-талап) берүү; - кызмат көрсөтүүчү менен келишимдин шарттарын макулдашуу; - кызматтарды көрсөтүү боюнча макулдашылган келишимге кол коюу; - келишимдин шарттарына ылайык алдын ала төлөм жүргүзүү жана алдын ала төлөө фактысын ырастоочу документти берүү |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Кызматтын наркы керектөөчү сураган кызмат көрсөтүүлөргө жараша болот жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте монополияга каршы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган прейскурантка ылайык аныкталат. Бекитилген прейскурант Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын жана анын ведомстволук уюмдарынын стенддеринде жана веб-сайттарында жайгаштырылат. Жайгаштырылган прейскурант жаңыланып турат жана өз убагында жаңыртылып турат. Кызматтын акыркы наркы иштин аяктагандыгы жөнүндө актта көрсөтүлгөн иштин иш жүзүндөгү көлөмүн эске алуу менен аныкталат. |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - өз убагында, ушул стандартта көрсөтүлгөн кызматтарды көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөтүнө ылайык аткарылышы; - кызматкерлер тарабынан кесиптик-этикалык нормалардын сакталышы; - жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, улуту, дини, жашы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - акыркы натыйжанын (алынган кызматтын) өтүнмө ээсинин күтүүлөрүнө шайкештиги; - келүүчүлөрдүн даттанууларынын жана сунуштарынын китебинин жеткиликтүү жерде болушу, көрсөтүлгөн мамлекеттик кызмат жөнүндө терс пикирлердин жоктугу. |
15 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн ыкмалары, аны электрондук форматта көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрү | Кызмат электрондук форматта электрондук документтердин форматында белгиленген формада арызды кабыл алуу, маалымат алмашуу жана арызды кароонун натыйжалары жөнүндө кабарлоо баскычында электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу көрсөтүлөт. Кызмат электрондук формат менен бирге жазуу жүзүндө, анын ичинде факсимилдик байланыш жана электрондук почта аркылуу арыз берилгенде көрсөтүлөт. Арызды кароонун жыйынтыгы боюнча арыз ээсине арыз кандай кабыл алынган болсо, арыз боюнча кабыл алынган чечим, кызматты толук көлөмдө алуу үчүн зарыл болгон мындан аркы иш-аракеттер жөнүндө маалыматты камтыган, ал эми кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу болсо – бул чечимге даттануунун тартиби жөнүндө маалымат менен билдирүү жөнөтүлөт. Кызмат керектөөчү менен кызмат көрсөтүүчүнүн ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык көрсөтүлөт |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиз | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат: - суралган датада турак жай жана иш-чараларды өткөрүү үчүн бош жайлардын, транспорт каражаттарынын жоктугу (башка кызмат алуучулар тарабынан брондолгон, мамлекеттик иш-чараларды өткөрүү үчүн пайдаланылган, оңдоодо); - Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын ведомстволук уюмдарынын объектилеринде кызмат көрсөтүүнү керектөөчү болгон жана/же жашаган мезгилде коопсуздукту жана санитардык нормаларды сактоону камсыз кылууга мүмкүндүк бербеген форс-мажордук жагдайлар, анын ичинде табигый жагдайлар; - эгерде өтүнмө ээси иш-чаранын катышуучуларынын тизмесинде болбосо (бул негиз мамлекеттик маанидеги иш-чараларга катышууга арыз бергенде гана колдонулат); - керектөөчүнүн кызмат көрсөтүүнүн наркын төлөөдөн баш тартуусу |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат талаптагыдай эмес көрсөтүлсө, алуучу Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын жана анын ведомстволук уюмдарынын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө даттанууга укуктуу. Кызматты керектөөчүнүн атынан анын мыйзамдуу өкүлдөрү тарабынан даттануу болушу мүмкүн. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин формада берилет жана анда кызматты алуучунун аты-жөнү, дареги, телефон номери, ошондой эле даттануунун маңызы, колу жана датасы камтылууга тийиш. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууларды 1 (бир) жумушчу күндүн ичинде каттайт жана аларды жетекчиликке кароого жөнөтөт. Даттанууларды жана дооматтарды кароо белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын жана анын ведомстволук уюмдарынын жетекчилиги тарабынан жүзөгө ашырылат. Жазуу жүзүндөгү арызды кароо жана арыз ээсине жоопторду жөнөтүү мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 (он төрт) жумушчу күндөн ашпоого тийиш. Арыз ээси даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын жана анын ведомстволук уюмдарынын чечимине сотко даттанууга укуктуу. |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес каралууга жана оңдолууга тийиш. |