Загрузка документа…
ШЕКЕР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шекер айыл аймагынын айылдык кеңешинин II-чакырылышындагы депутаттарынын кезексиз № 4- сессиясы
2025-жылдын 28-январы № 10
Жерлерди транцформациядан өткөрүү жөнүндө
(Шекер айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 17-июлундагы № 50 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 “Жер участокторун которуу (транформациялоо жөнүндө” мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартында №169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформацилоо) тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү туурасындагы токтомун жетекчилике алып;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шекер айыл аймагынын Көк-сай айылынын №868-869 - чөйрө сызыгында жайгашкан 5.0га жер аянтын ок атуу майданына, №513-чөйрө сызыгынан 0.20га, №515- чөйрө сызыгынан 0.20га таштанды таштоочу жайга жана №2017 (0.20), №2545 (0.30), №2546 (0.07), №2547 (0.06), №2549 (0.04), №2551, №2552, №2566, №2567, №2568 (0.30), №2609 (0.15), №2875 (0.30), №2879 (0.30), №2880 (0.02) –чөйрө сызыктагы жалпы аянты 1.98га жерге кичи Суу электро чордонун курууга которулсун.
(Шекер айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 17-июлундагы № 50 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Айтматов райондук мамлекеттик администрациясынан жогоруда көрсөтүлгөн жер аянттарына уруксат берүү жагы суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мураталиевага жүктөлсүн.
Төрага |
| К. Э. Иманалиев |