Загрузка документа…
ШЕКЕР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шекер айыл аймагынын айылдык кеңешинин II-чакырылышындагы депутаттарынын кезексиз № 4- сессиясы
2025-жылдын 28-январы № 11
Жерлерди транцформациядан өткөрүү жөнүндө
2025-жылдын 14-январындагы №56 чыгыш катынын кайрылуусунун негизинде “ХАЛИЧА” коомдуук кайрымдуулук фонду социалдык коргоого алынган жакыр үй-бүлөөлөргө, жетим балдарга, жалгыз бой энелерге жалпы 400 үй бүлөөгө турак жай куруу максатында жер бөлүп берүү боюнча 10 га жер сурап кайрылгандыгын эске алып Шекер айыл аймагынын айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шекер айыл аймагынын Көк-Сай айылында жайгашкан К-847-845-чөйрө сызыгынан 10 га жана К-466-467-чөйрө сызыгынан 10 га жер аянты такталып. Турак жай курууга ылайыктуу жери аныкталып ”Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясындагы жакынкы жайыт жерлери түрунөн турак жай курууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Айтматов райондук мамлекеттик администрациясынан жогоруда көрсөтүлгөн жер аянттарына уруксат берүү жагы суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мураталиевага жүктөлсүн.
Төрага |
| К. Э. Иманалиев |