Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 29-июлу № 456
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-апрелиндеги № 227 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022–2025-жылдарга Кыргыз Республикасында адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча программасы жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү максатында, “Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 7-статьяларына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-апрелиндеги № 227 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022–2025-жылдарга Кыргыз Республикасында адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча программасы жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022–2025-жылдарга Кыргыз Республикасында адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планында:
- 1.1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“
1.1 | Адамдар-ды сатууга каршы аракет-тенүү чөйрөсүн-дөгү ишти коорди-нация-лоону күчөтүү | 1.1.1. “Адам-дарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө” Кыргыз Республикасы-нын Мыйзамынын 8-беренесин ишке ашыруу максатында чараларды координация-лоо боюнча иш тартибин ыйгарым укуктуу органдын жобосуна киргизүү | 2025-жылдын IV кварталы | ЭСКММ | Тиешелүү министр-ликтер-дин жана ведом-стволор-дун бюдже-тинин чегинде
| КР Министр-лер Кабине-тинин ыйгарым укуктуу органдын жобосунаөзгөртүү-лөрдү киргизүүжөнүндө токтому кабыл алынды |
”;
- 1.3-пункттагы “2023-жылдын II кварталы”, “2023-жылдын III кварталы” деген сөздөр “2025-жылдын IV кварталы ” деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 1.4-пункттагы “2022-жылдын IV кварталы” деген сөздөр “2025-жылдын IV кварталы ” деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 4.3-пункттагы “2023-жылдын IV кварталы” деген сөздөр “2025-жылдын IV кварталы ” деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 5.1-пункттагы “2023-жылдын IV кварталы” деген сөздөр “2025-жылдын IV кварталы ” деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |