Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 29-июлу № 454
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын
2-сентябрындагы № 446 “Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу чаралары тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Өлчөө каражаттарына текшерүү жүргүзүү процессин өркүндөтүү максатында, “Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 446 “Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу чаралары тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында өлчөө каражаттарына текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
– жогоруда аталган Жобонун 1-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Текшерүүгө тийиш өлчөө каражаттарынын тизмесинде жана өлчөө каражаттарын текшерүүнүн мезгилдүүлүгүндө:
– 53, 60, 62–64, 81, 94, 104, 142-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
Тиркеме
« Кыргыз Республикасында өлчөө каражаттарына текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобонун 1-тиркемеси
| ||||||||||||
Форма
ӨЛЧӨӨ КАРАЖАТЫН ТЕКШЕРҮҮ ЖӨНΥНДӨ № ___ КΥБӨЛҮК СВИДЕТЕЛЬСТВО № ___ О ПОВЕРКЕ СРЕДСТВА ИЗМЕРЕНИЙ Срок действия до 20___ж/г. «___» ________ чейин жарактуу
_________________________________________________________________________ Өлчөө каражатынын аталышы/наименование средства измерения Тиби/Тип Өлчөөнүн чектери/Пределы измерений _______________________________________ Таандык/Принадлежит: _________________________________________________________________________ Жасалган/Изготовлено: _________________________________________________________________________ Өлчөө каражаттарын текшерүүнүн жыйынтыктарынын негизинде классы боюнча колдонууга жарактуу деп таанылат/На основании результатов поверки средство измерений признается годным к применению по классу: _________________________________________________________________________ Эталондордун жардамы менен текшерилген/Поверен с помощью эталонов: _________________________________________________________________________ (Эталондордун аталышы, тиби, разряды, каталыгы/аныксыздыгы/ наименование, тип, разряд, погрешность/неопределенность эталонов) Калибрлөө сертификаты/текшерүү жөнүндө күбөлүк (Текшерүү датасы, калибрлөө сертификатынын же текшерүү жөнүндө күбөлүктүн №/ дата поверки, № сертификата калибровки или свидетельства о поверке) ______________________________________________________________________ Текшерүүдөгү тамга салуу оттискасынын орду/ Место оттиска поверительного клейма Текшерүүчү/Поверитель _________________________________________________________________________Колу/Подпись Аты-жөнү/Ф.И.О.
20____ж/г.«____»___________
Эскертүү: Кыргызстандарттын аймактык борборлору өлчөө каражаттарынын сактыгы жана бүтүндүгү үчүн текшерүү жүргүзүү мезгилинде гана жоопкерчилик тартат. Примечание: Территориальные центры Кыргызстандарта несут ответственность за сохранность и целостность средства измерений только в период проведения поверки. |
».