Загрузка документа…
|
| 2- Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-июлундагы № 437 токтомуна) |
Сымап камтылган медициналык буюмдар менен иштөө жана колдонуу тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Сымап камтылган медициналык буюмдар менен иштөө жана колдонуу тартиби (мындан ары – Тартип) сымап камтылган медициналык буюмдар, анын кошулмалары жана сымап толтурулган приборлор менен иштөө тартибин аныктайт жана менчигинин түрүнө карабастан төмөнкүдөй саламаттык сактоо уюмдарынын (мындан ары – саламаттык сактоо уюмдары) ишинде колдонулат:
1) дарылоо-профилактикалык;
2) коомдук саламаттык сактоо уюмдары;
3) илимий-изилдөө;
4) саламаттык сактоонун билим берүү уюмдары;
5) медициналык-социалдык;
6) реабилитациялык;
7) медициналык тез жардам станциялары, кан куюучу станциялар, стоматологиялык клиникалар;
8) жеке жана аралаш менчиктеги саламаттык сактоо уюмдары.
2. Сымап камтылган медициналык буюмдарга (мындан ары – сымап камтылган буюмдар) металл сымабын же анын кошулмаларын камтыган төмөнкүдөй буюмдар жана түзүлүштөр кирет:
1) өлчөөчү приборлор;
2) терморегуляторлор;
3) сымаптуу барометрлер жана манометрлер;
4) лабораториялык, техникалык жана медициналык сымаптуу термометрлер;
5) тонометрлер;
6) чыгым ченегичтер;
7) деңгээл ченегичтер;
8) игнитрондор – кубаттуу түздөөчү түзүлүштөрдө колдонулуучу атайын приборлор;
9) сымап камтылган гальваникалык элементтер;
10) сымап толтурулган жогорку жана төмөнкү басымдагы люминесценттүү лампалар;
11) стоматологиялык амальгама.
3. Бул Тартипте төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) демеркуризация – адамдардын жана жаныбарлардын уулануусуна жол бербөө максатында сымапты жана анын кошулмаларын физикалык-химиялык же механикалык ыкмалар менен чыгаруу;
2) киришүү инструктажы – саламаттык сактоо уюмуна ишке кабыл алынып жаткан бардык кызматкерлерге, саламаттык сактоо уюмуна иш сапарга келген кызматкерлерге, өндүрүштүк практикага уюмга жөнөтүлгөн окуу жайларынын студенттерине өткөрүлө турган сымап камтылган буюмдар менен иштөөдөгү коопсуздук боюнча инструктаж;
3) атайын кийим – иш ордунда кызматкердин ден соолугу үчүн зыяндуу жана кооптуу факторлордон коргоо үчүн арналган дененин, колдун терилерин, көздүн былжыр челин, мурундун жана ооздун ичин, дем алуу органдарын жана ичеги-карын жолдорун жеке коргоочу каражат;
4) күтүлбөгөн кырсыктар – ден соолукка, жабдууларга жана шаймандарга, ошондой эле зыяндын башка түрлөрүн келтириши мүмкүн болгон же келтирген күтүүсүз окуялар;
5) утилизациялоо – сымаптын калдыктарын жаңы технологиялык циклдерге колдонуу, пайдалуу максаттарга, кайра пайдалануучу чийки зат катары жана башка максаттарда пайдалануу.
4. Сымап камтылган буюмдар менен иштөөгө медициналык күбөлөндүрүүдөн, киришүү инструктажынан, жумуш орунда окуудан жана стажировкадан, эмгекти коргоо талаптарын билүүсү текшерүүдөн өткөн 18 жаштан ашкан адамдарга уруксат берилет.
5. Саламаттык сактоо уюмдары менчигинин түрүнө карабастан сымап менен ууланууну алдын алуу боюнча иш-чараларга персоналды окутуу боюнча семинарларды жылына эки жолудан кем эмес өткөрүүгө милдеттүү.
2-глава. Сымап камтылган буюмдар менен иштөө жана сактоо эрежелери
6. Сымап камтылган буюмдар менен иштөөдө саламаттык сактоо уюмдарынын персоналы төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) ушул Тартипке ылайык сымап камтылган буюмдар менен иштөө тартибин сактоого;
2) ички эмгек тартибинин эрежелерин аткарууга;
3) жеке жана жамааттык коргонуу каражаттарын туура колдонууга;
4) эмгекти коргоо талаптарын сактоого;
5) өзүнүн түздөн-түз же жогору турган жетекчисине адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирген ар кандай кырдаал жөнүндө, өндүрүштө болгон ар бир кырсыктуу окуя тууралуу же өзүнүн ден соолугунун начарлагандыгы жөнүндө, анын ичинде курч кесиптик оорунун (уулануунун) белгилери байкалганы тууралуу токтоосуз кабарлоого;
6) жумуштарды аткаруунун коопсуз методдоруна жана ыкмаларына, өндүрүштө жабыр тарткандарга биринчи жардам көрсөтүү боюнча окуудан, эмгекти коргоо боюнча инструктаждан, эмгекти коргоо талаптарын билүүсүн текшерүүдөн өтүүгө;
7) мезгил-мезгили менен милдеттүү (эмгектик иштин ичинде) медициналык кароодон (текшерүүдөн) өтүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында жана коомдук саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган учурларда иш берүүчүнүн жолдомосу боюнча кезексиз медициналык кароодон (текшерүүдөн) өтүүгө;
8) электр тогунан жабыр тарткандарга жана башка күтүлбөгөн кырсыктарда биринчи жардам көрсөтүүнү билүүгө;
9) өрт өчүрүүнүн баштапкы каражаттарын колдонууну билүүгө.
7. Сымап камтылган буюмдар менен иштөөдө саламаттык сактоо уюмунун персоналына төмөнкүдөй кооптуу жана зыяндуу өндүрүштүк факторлор таасир этүүсү мүмкүн:
1) жумуш зонасында уулуу чөйрөлөрдүн пайда болушу;
2) зыяндуу заттар (сымап);
3) жумуш орундарына жарыктын жетишсиз берилиши.
8. Сымап камтылган буюмдар менен иштөөдө саламаттык сактоо уюмунун персоналы атайын кийим (резина кол кап, фартук, сымаптын буусу өтпөй турган бут кийим) жана жеке коргонуу каражаттары (экрандар, маскалар, респираторлор) менен камсыз кылынышы керек.
9. Авария келип чыккан учурда же аварияларга жана күтүлбөгөн кырсыктарга алып келиши мүмкүн болгон кырдаалдарда:
- ишти дароо токтотуу керек;
- авариялардын себептерин же аварияларга жана күтүлбөгөн кырсыктарга алып келиши мүмкүн болгон кырдаалдарды четтетүү боюнча чараларды көрүү зарыл.
Стоматологиялык амальгама жасоо үчүн сымапты суунун астында, жылмаланган тыгындуу айнек банкада гана сактоого жол берилет.
Аба сордуруучу шкафтарсыз жана атайын поддондорсуз стоматологиялык амальгама жасоо боюнча иштерге тыюу салынат.
Стоматологиялык жабдуулар шилекей соргуч системасы аркылуу өткөн стоматологиялык амальгама калдыктарын чогултуу үчүн атайын чыпкалар менен жабдылышы керек. Амальгама чогултуу үчүн чыпкалар тазаланат, ал эми сымап камтылган калдыктар атайын контейнерлерге жайгаштырылат жана сакталат.
Стоматологиялык амальгаманы кол менен жасоого тыюу салынат.
10. Сымап камтылган буюмдарды сактоочу жана иштөөчү жайларда тамак-ашты, сууну ичүүгө, тамеки тартууга болбойт жана сымаптын буулануусуна, тегиздиктин бетине топтолушуна же адамдын организмине кирип кетишине алып келиши мүмкүн болгон ар кандай аракеттерге тыюу салынат.
11. Сымап камтылган буюмдарды чогултуу жана сактоо жабык жана бекитиле турган, тарткыч-сордурма же сордурма желдетүү менен жабдылган жайларда гана жол берилет. Мындай мүмкүнчүлүк болбогон учурда аталган жайларда табигый шамалдатуу мүмкүнчүлүгү камсыз кылынууга тийиш.
12. Саламаттык сактоо уюмдарынын жайларынын конструкциясы жана жасалгалары, ошондой эле эмеректери алардын беттерине сымаптын сиңип кетпөөсүн (сорбция) жана демеркуризация жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыздашы керек.
13. Сымап камтылган буюмдарды сактоо үчүн металл капкак же тыгыз материалдан жасалган жумшак чехол менен жабдылган стандарттуу конструкциядагы атайын металл контейнерлерди колдонууга уруксат берилет. Металл корпусунун, металл капкактын (жумшак чехолдун) бүтүндүгү бузулган контейнерлерди пайдаланууга жол берилбейт. Ошондой эле конструкциясы стандарттуу үлгүгө ылайык келбеген контейнерлерди пайдаланууга жол берилбейт.
14. Сымап камтылган буюмдардын сыныктарын чогултууда иш-аракеттердин тартиби:
15. персоналды жана башка адамдарды жайдан токтоосуз эвакуациялоо;
16. ички жайларда буулардын тарашын азайтуу, башка жайларга кетүүчү бардык ички эшиктерди жабуу;
17. көрсөтүлгөн жайда терезе аркылуу күчөтүлгөн желдетүүнү, механикалык желдеткич болсо, аны иштетүүнү камсыз кылуу;
18. жайды жабуу жана эшигине мөөр басуу;
19. эгер сымап камтылган буюмдар ачык аянтта лампаларды ташуу процессинде сынган учурда, булганган участоктун айланасына тосмо коюу жана персоналды жана башка адамдарды аталган участокто калууга болбой тургандыгы жөнүндө кабарлоо зарыл;
20. авариялык кырдаал орун алган жайда же ачык аянтта адистер тарабынан демеркуризацияны камсыз кылуу максатында өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык башкармалыгына кабарлоо;
21. авариялык кырдаал болгон учурда (лампалардын корпустары бузулганда) булганган участокту калийдин марганец кычкылдуу 1 % эритмеси менен тазалоо жолу аркылуу аварияны өз күчү менен жоюуга жол берилет.
22. Сынган жана бүтүн сымап камтылган буюмдарды бир эле контейнерге бирге чогултууга жана сактоого жол берилбейт. Сынган сымап камтылган буюмдарды чогултуу үчүн жабыла турган өзүнчө контейнерлер колдонулушу керек.
23. Лампалардын корпустары бузулгандан кийин пайда болгон айнек сыныктар жана металл деталдар пайдаланылган сымап камтылган буюмдар менен бирдикте утилизацияга берилет.
3-глава. Демеркуризациялоо
24. Учурдагы демеркуризациялоону жүзөгө ашыруучу адамдар атайын окуудан өтүшү керек, ошондой эле коопсуздук техникасы боюнча журналга кол коюуга тийиш.
25. Учурдагы демеркуризациялоону жүзөгө ашыруучу адамдар атайын кийимдер (резина кол кап, фартук, сымаптын буулары өтпөй турган жабык бут кийим) жана жеке коргонуу каражаттары (экрандар, маскалар, респираторлор) менен камсыз болууга тийиш.
26. Учурдагы демеркуризациялоону жүзөгө ашыруучу адамдар ал аяктагандан кийин жеке гигиена эрежелерин сактоого тийиш: душта жуунуп, ооз көңдөйүн 0,025 %дуу перманганат калий эритмеси менен чайкап, тиштерин тазалашы зарыл.
27. Жайларды учурдагы демеркуризациялоо комплекси өзүнө төмөнкүдөй этаптарды милдеттүү түрдө камтыйт:
1) жайлардын сымап менен булгануу булагын жана даражасын аныктоо;
2) фазадагы (суюк) сымапты чыгаруу жана тегиздиктерди химиялык тазалоо үчүн даярдоо.
28. Механикалык тазалоо приборлордун жылчыксыздыгы бузулуп, сымап камтыган түзүлүштөрдөн анча көп эмес сымап төгүлүп кеткен учурда жүзөгө ашырылат.
29. Төгүлүп калган сымап механикалык ыкмалар (суу менен жуу, вакуумдун жардамы менен сордуруу, амальгамаланган жез пластинкасы менен чогултуу ж.б.) аркылуу ошол төгүлгөн жерди милдеттүү түрдө кийин химиялык тазалоо менен чогултулушу керек.
30. Чогултулган сымап тамчылары суусу бар, тыгыз капкак менен жабылуучу банкага салынат.
31. Булганган жерлерди химиялык тазалоо механикалык тазалоого жатпаган булганууларды жок кылуу үчүн аткарылат. Химиялык тазалоо үчүн калий перманганатынын (марганцовка) жана туз кислотасынын эритмеси (1 литр сууга – 2 грамм калий перманганаты жана 5 грамм туз кислотасы) же 20 % хлордуу темир эритмеси (800 грамм сууга 200 грамм темир хлориди) колдонулат.
32. Сымап менен булганган тегиздиктерди тазалоо учурунда химиялык демеркуризациялоо жүргүзүү сымапты андан ары жок кылууну жеңилдетүүчү көп активдүү эмес же активдүү эмес абалга которуучу препараттардын жардамы менен жүргүзүлөт.
33. Сымап менен булганган жайларды демеркуризациялоо өткөргөндөн кийин тазалоо керек.
34. Булганган жайларды тазалаган учурда пайдаланылган каражаттар менен башка жайларды тазалоого тыюу салынат. Тазалоо жана инвентарды демеркуризатордун эритмелери менен тазалоо аяктагандан кийин инвентарь тиешелүү маркировкасы менен бекем жабылуучу темир ящикке жайгаштырылат.
35. Эгерде демеркуризация аяктагандан кийин жайда сымап бууларынын камтылышы 0,0003 мг/м3 жол берилген чектеги концентрациядан ашпаса, демеркуризация натыйжалуу болуп таанылышы мүмкүн.
36. Сымап менен иштөөдө, сымаптын жана анын химиялык кошулмаларынын анализинде колдонулуучу айнек жана фарфор идиш-аяк, айнек приборлор демеркуризацияланууга тийиш.
37. Сымапты, ампулаларды, сымаптуу түзүлүштөрдүн айрым деталдарын, сымап менен булганган башка приборлорду тазалоо үчүн колонкаларды бооруна жармашкан сымап тамчыларын кетирүү үчүн алгач суу же суюлтулган азот кислотасы менен жууйт.
Мында сымап прибордун түбүнө чогулат жана суюктук менен бирге химиялык стаканга куюлат, ал эми приборго азыраак көлөмдөгү концентрацияланган азот кислотасы куюлат, аны бир аз ысытып жана ысык кислота менен бүт приборду жууйт.
Мындан кийин приборду дистирленген суу менен кылдат чайкап, 30 %дуу калийдин йоду эритмесиндеги 2–3 %дуу йод эритмеси, йоддуу сымапты эритүү үчүн азыраак көлөмдөгү эфир жана спирт менен жууйт жана кайра суу менен чайкайт.
Эгерде айнек прибордун сырты сымап менен өтө булганса, аны адегенде нымдуу кагаз менен сүртөт, жогоруда жазылгандай, соода эритмеси менен чоң фарфор чөйчөк үстүндө жууйт, мында чөйчөктүн түбүнө прибордун сырткы капталына жармашкан сымап тамчылары чогулат. Чөйчөктөгү сууну куюп жиберип, сымапты химиялык стаканга өткөрүшөт жана андан ары тазалап же туздарды алуу үчүн кайра иштетишет.
38. Приборлорду раковина үстүндө фарфор чөйчөксүз же башка идишсиз жууганга тыюу салынат.
39. Сымап менен бирге силикондуу майлоочулар болгон учурда тазалана турган айнек деталдарын метанолдун (литрге 20 грамм) жегич натр камтыган 50 % эритмесинде 24 саат калтырышат, андан кийин жууйт, перманганат калий менен тазалап чыгат, кайра аккан сууга жууйт жана дистирленген суу менен чайкайт. Бардык операцияларды абасы сордурулуучу шкафта гана жүргүзүү керек.
40. Дат баспас болоттон, ошондой оңой амальгамалануучу металлдардан (жез, латунь же коло) жасалган приборлордун бетин демеркуризациялоо үчүн күкүрттүн порошогун пайдалануу сунуш кылынат. Сымап менен булганган тегиздиктерди күкүрт менен сүрткөндө кагаз менен оңой сүрүлүүчү сымаптын сульфидин пайда кылууга жетиштүү жылуулук бөлүнүп чыгат.
41. Сымап менен булганган металл тегиздиктерди кислоталардын эритмелери менен демеркуризациялоого болбойт, анткени мында пайда болуучу туздар металл тегиздиктер менен цементтешип, сымап кайра майда дисперстүү компоненттер түрүндө түшүп калат.
42. Сактоочу противендерди, аба термостаттарын, кургатуучу шкафтарды жана башка ушул сыяктуу жабдууларды демеркуризациялоо болуп абасы сордурулуучу шкафта мүмкүн болушунча жогорку температурада узакка ысытуучу термикалык ыкма саналат.
43. Атайын кийимди демеркуризациялоо чоң көлөмдөгү сымапты чыгаруу зарыл болгон учурда колдонулат же болбосо чоң көлөмдөгү сымап жана сымап камтылган калдыктар менен иштегенден кийин жүргүзүлөт.
44. Атайын кийимди жумасына бир жолудан кем эмес алмаштыруу жана жуу керек. Үй шарттарында атайын кийимди жууганга тыюу салынат.
45. Сымап менен иштөөдө атайын кийимди жуу эрежелерине ылайык:
46. булганган атайын кийимди чаңдан арылтат жана 30 мүнөт бою муздак суу менен жууйт, мында идиштин түбүндө сымаптын калдыктары калат;
47. идиштеги сууну төгүп, сымапты химиялык стаканга куюп жана андан кийин тазалашат же туздарды алуу үчүн кайра иштетишет;
48. атайын кийимди 1 килограмм кийимге 4 литр эсебинде самын-сода эритмесин куюп, 30 мүнөт ичинде 70–80 °C жууйт;
49. жуулган атайын кийимди щелочту кетирүү үчүн барабанда алгач ысык, андан кийин муздак суу менен жууйт;
50. андан кийин атайын кийим 30 мүнөт бою туз кислотасынын 1–2 %дуу эритмеси менен тазаланат;
51. таза суу менен чайкагандан кийин атайын кийимди кургатат жана үтүктөйт.
52. Саламаттык сактоо уюмдары сымап камтылган буюмдар менен ишке өндүрүштүк контролду уюштурат жана жүзөгө ашырат.
Өндүрүштүк контролго төмөнкүлөрдү визуалдык жана документтик текшерүү кирет (айына бир жолу):
- демеркуризациялык каражаттардын болушун;
- персоналдын жекече коргонуу каражаттары менен камсыздалуусун, атайын кийимди борборлоштуруп жууп тазалоосун жана анын тез-тез алмаштырылып туруусун уюштурууну.
Мамлекеттик контролдоону экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар өз компетенцияларынын чегинде ишке ашырышат.