Загрузка документа…
ШЕКЕР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шекер айыл аймагынын айылдык кеңешинин II-чакырылышындагы депутаттарынын кезексиз № 4- сессиясы
2025-жылдын 28-январы № 12
Шекер айылына Чынгыз Айтматовдун үй музейин куруу долбоору жөнүндө
Шекер айыл аймагынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында, Шекер айыл аймагынын айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шекер айыл өкмөтүндөгү Шекер айылына Чынгыз Айтматовдун үй музейин куруу долбоорунун өтүнмөсү бекитилсин.
2. Жалпы наркы 4081464 (төрт миллион сексен бир миң төрт жүз алтымыш төрт) сом Талас облусунун өнүктүрүү фондуна долбоор жазылсын.
3. Долбоорго тиешелүү иш кагаздар даярдалып, Талас облусунун өнүктүрүү фондусуна жөнөтүлсүн.
4. Долбоорго тиешелүү иш кагаздарды даярдоо жагы демилгелүү топко жана айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзумө калтырам.
Төрага |
| К. Э. Иманалиев |