Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 23-июну № 124
Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 7-8, 490-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 93-берененин биринчи абзацы "жыйымдар алынат" деген сөздөрдөн кийин "жана коргонуу муктаждыктарына жиберилет" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 99-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"99-берене. Төлөөчү
Мамлекеттик жана/же муниципалдык мүлккө ээлик кылуу же пайдалануу укугу бар, анын ичинде мамлекеттик же муниципалдык мүлк чарба жүргүзүү же оперативдүү башкаруу укугунда бекитип берилген субъект төлөөчү болуп саналат, аларга төмөнкүлөр кирбейт:
1) мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо органдары;
2) өзгөчө статуска ээ болгон баштапкы жана жогорку кесиптик билим берүүчү мамлекеттик билим берүү уюмдары.";
3) 101-103-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"101-берене. Төлөөнүн тартиби
1. Мамлекеттик жана муниципалдык мүлктү ижарага берүүдөгү ижара акысы ижарачы тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык мүлктү ижаралоо жөнүндө мыйзамдардын талаптарына ылайык түзүлгөн ижара келишиминде каралган тартипте жана шарттарда чегерилет.
2. Мамлекеттик мүлктү ижаралоодон түшкөн киреше Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте бөлүштүрүлөт.
3. Муниципалдык мүлктү ижаралоодон түшкөн киреше ушул берененин 5-бөлүгүндө көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, жергиликтүү бюджеттерге чегерилет.
4. Өзгөчө статуска ээ болгон баштапкы жана жогорку кесиптик билим берүүчү мамлекеттик билим берүү уюмдарынын мамлекеттик мүлкүнүн ижарасынан түшкөн каражаттар республикалык бюджеттин кирешесине чегерилбейт.
5. Республикалык маанидеги шаарлардын муниципалдык ишканаларына бекитип берилген муниципалдык мүлктү ижаралоодон түшкөн каражаттар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте аны күтүүгө жана оңдоого, муниципалдык ишканалардын материалдык-техникалык базасын чыңдоого багытталат.
Муниципалдык мүлктү ижаралоодон түшкөн каражатты бекитип берилген мүлктү күтүүгө жана оңдоого, материалдын-техникалык базасын чыңдоого сарптоого укуктуу муниципалдык ишканалардын тизмеги жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын чечими менен бекитилет.
102-берене. Төлөөчү
Жер пайдалануучу, анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык, ошондой эле жер участокторун ижарага берүүнү жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу органдар төлөөчү болуп саналат.
103-берене. Төлөөнүн тартиби
1. Мамлекеттин менчигинде турган жер участогун пайдалангандыгы үчүн ижара төлөө өлчөмүн аныктоо тартиби, ижара акысынын төлөө шарттары жана мөөнөттөрү жер мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
2. Республикалык маанидеги шаарлардын муниципалдык менчигинде турган жер участокторун кошпогондо, муниципалдык менчикте турган жер участогун пайдалангандыгы үчүн ижара төлөө өлчөмүн аныктоо тартиби, ижара акысынын төлөө шарттары жана мөөнөттөрү жер мыйзамдарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан белгиленет.
3. Республикалык маанидеги шаарлардын муниципалдык менчигинде турган жер участогун пайдалангандыгы үчүн ижара төлөө өлчөмүн аныктоо тартиби, ижара акысынын төлөө шарттары жана мөөнөттөрү жер мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
4. Мамлекеттин менчигинде турган жана мамлекеттик жер пайдалануучуларга бекитилген жер участокторун ижаралоодон түшкөн кирешелер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгилеген тартипте бөлүштүрүлөт.
5. Калктуу конуштардын чегинен тышкары жайгашкан жана үчүнчү жактардын укуктарынан эркин турган жер участокторун ижаралоодон түшкөн кирешелер толук өлчөмдө республикалык бюджетке чегерилет.
6. Калктуу конуштардын чегинде жайгашкан жана үчүнчү жактардын укуктарынан эркин турган жер участокторун ижаралоодон түшкөн киреше толук өлчөмдө жергиликтүү бюджеттерге чегерилет.
7. Республикалык маанидеги шаарлардын муниципалдык ишканаларына бекитилген мүлктүк комплекстердин курамына кирген жер участокторун кошпогондо, муниципалдык менчикте турган жер участокторун ижаралоодон түшкөн кирешелер жергиликтүү бюджеттерге чегерилет.";
4) 104-берене күчүн жоготту деп таанылсын;
5) 153-берененин 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5) эркин экономикалык зонанын аймагында жайгашкан мүлктү ижарага берүүдөн, өзгөчө статуска ээ болгон баштапкы жана жогорку кесиптик билим берүүчү мамлекеттик билим берүү уюмдарынын мамлекеттик мүлкүн ижарага берүүдөн алынган ижара акысын кошпогондо, мамлекеттин менчигинде турган мүлктү ижарага берүүдөн алынган ижара акысы;".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 27-июнундагы № 47 (3703) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 21-майында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |