Редакцияот 18.07.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 18-июлу № 427

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2025-жылдын 24-апрелиндеги № 227 “Кыргыз Республикасынын

2025–2030-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө” токтомуна

өзгөртүү киргизүү тууралуу

 

 

         Кыргыз Республикасында дене тарбияны жана спортту андан ары өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 227 “Кыргыз Республикасынын 2025–2030-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын 2025–2030-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатында:

жогоруда аталган Орто мөөнөттүү тарифтик саясаттын 4-тиркемесинде:

– 6-главанын 36-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 10-пунктча менен толукталсын:

“10) төмөнкүдөй мүнөздөмөлөрдүн бирине ылайык келген футбол мекемелери жана уюмдары:

– “Кыргыз футбол биримдиги” юридикалык жактардын бирикмесинде аккредитациядан өткөн, ошондой эле Кыргыз футбол биримдигинин Футбол клубдарын лицензиялоо боюнча регламентине ылайык клубдук лицензиялоонун бардык милдеттүү талаптарына жооп берген кесипкөй футбол клубдары (менчигинин түрүнө карабастан);

– “Кыргыз футбол биримдиги” юридикалык жактардын бирикмесинде аккредитациядан өткөн, анын ичинде Эл аралык футбол ассоциацияларынын федерациясынын (FIFA) жана/же Азия футбол конфедерациясынын (АFC) академияларынын баалоо (рейтинг) системасына ылайык келген футбол академиялары (менчигинин түрүнө карабастан).”.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 22-июлундагы № 54 (3710) жарыяланды

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

 

 

А.А. Касымалиев