Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2025-жылдын 28-июлундагы ПЖ № 218
Мамлекеттик компанияларды натыйжалуу башкарууну уюштуруу жана Кыргыз Республикасынын санариптик жана телекоммуникациялык инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө
Натыйжалуу башкарууну уюштурууга, туруктуу технологиялык өзгөрүүлөрдү эске алуу менен санариптик трансформациялоону андан ары өркүндөтүү жана мамлекеттик катышуу үлүшү бар айрым чарбакер субъекттердин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, электр байланышын өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча өткөн эл аралык транзит боюнча маалыматтарды берүү, байланыш каналдары боюнча трафик жаатындагы ишти тартипке келтирүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган коомдук мамилелерди апробациялоо максатында, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 311-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. 2025-жылдын 15-августунан тартып 2026-жылдын 14-августуна чейин Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык интернет-трафикти жеткирүүгө жана берүүгө убактылуу 100 пайыздык мамлекеттик монополияны орнотуу боюнча апробациялык режим киргизилсин.
2. Апробациялык режим колдонулган мезгилге:
1) “ЭлКат” жоопкерчилиги чектелген коомуна эл аралык интернет-трафикти жеткирүүгө жана берүүгө эксклюзивдүү укук берилсин;
2) “ЭлКат” жоопкерчилиги чектелген коому төмөнкүлөр боюнча жалгыз оператор болуп аныкталсын:
- Кыргыз Республикасынын аймагына эл аралык интернет- трафикти жеткирүү жана берүү;
- Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча интернет-трафиктин эл аралык транзитин өткөрүү.
3. Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча эл аралык интернет-трафикти жеткирүүнү жана/же транзитти жүзөгө ашыруучу электр байланыш операторлору жана/же маалыматтарды берүү операторлору эки айлык мөөнөттө “ЭлКат” жоопкерчилиги чектелген коомуна кызматташуу шарттарын түзүү үчүн эл аралык интернет-трафикти сатып алууга бардык колдонуудагы контракттарды өткөрүп берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) белгиленген тартипте “Акнет” жоопкерчилиги чектелген коомунун уставдык капиталындагы 100 пайыздык катышуу үлүшүн “ЭлКат” жоопкерчилиги чектелген коомуна өткөрүп берсин;
2) бул Жарлыктан келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 29-июлундагы № 56 (3712) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |