Загрузка документа…
БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Кайынды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын I сессиясы
2024-жылдын 28-ноябры №1/3
Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча Баш-Кайыңды айыл аймагынын жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүктүү жыйынды чакыруу жана өтүүчү жерин аныктоо,өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучу өкүлдөрдүн санын бекитүү,өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүү боюнча жергиликтүү жамааттарды тиешелүү аймактык бөлүктөргө бөлүү ченемдери,жыйналыштарды өткөрүү графигин бекитүү , өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүүгө жооптуу жергиликтүү кеңештин депутаттарынын тизмесин бекитүү жана жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамын бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча айылдык кеңештин жооптуу катчысы А.Чукулуковдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык
кеңешинин сессиясы токтом кылат :
1. 2024-жылдын 7-декабрында ишемби күнү саат 11-00 гө Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча Баш-Кайыңды айыл аймагынын жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүктүү жыйыны Баш-Кайыңды айылындагы айыл өкмөтүнүн жыйындар залында чакырылсын.
2. Өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүү боюнча Баш-Кайыңды айыл аймагынын жергиликтүү жамааттары төмөндөгүдөй аймактык бөлүктөргө бөлүнсүн: Өзгөрүш айылы,Талды-Суу айылы,1-Май айылы,Большевик айылы,Баш-Кайыңды айылы
3. Баш-Кайыңды айыл аймагынын жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучу өкүлдөрдүн саны 100 адам деп бекитилсин,анын ичинде
- Өзгөрүш айылынан- 9 адам
- Талды-Суу айылынан- 18 адам
- 1-Май айылынан- 12 адам
- Большевик айылынан- 11 адам
- Баш-Кайыңды айылынан- 50 адам
4. Баш-Кайыңды айыл аймагынын жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүктүү жыйынына катышуучу өкүлдөрдү шайлоо боюнча аймактардагы чогулуштарды өткөрүү графиги жана чогулуштарды өткөрүүгө жооптуу айылдык кещештин депутаттары бекитилсин:
– Өзгөрүш айылында -04.12.2024-жылы саат: 11-00, жооптуулар Бердигулов Уланбек,Маматбаева Айсулуу-айылдык кещештин депутаттары;
- Талды-Суу айылында- 04.12.2024-жылы саат: 13-00, жооптуулар Назаров Нурлан,Мурсаматова Махабат,Жумукова Бүбүайша,Темиркул уулу Жанузак-айылдык кещештин депутаттары;
- 1-Май айылында- 04.12.2024-жылы саат: 15-00, жооптуулар Жумабай
уулу Азамат,Байматов Ишеналы,Жусупова Айнур-айылдык
кещештин депутаттары;
- Болшевик айылында-05.12.2024-жылы саат:11-00,жооптуулар
Солтобаев Аман,Султанова Гүлнаш-айылдык кещештин депутаттары;
- Баш-Кайыңды айылында-05.12.2024-жылы саат:14-00,жооптуулар-
Асеков Жолдошбек,Абдыкадырова Перизат,Бакелова Нурзат,
Исаев Өмүрбек,Бектурсун уулу Азамат,Тайжанова Айсулуу,Кубак
уулу Жыргалбек-айылдык кещештин депутаттары;
5. Өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча төмөндөгүдөй курамда жумушчу тобу бекитилсин:
- Бокоев Абдылдабек-айылдык кеңештин төрагасы,жумушчу тобунун төрагасы;
- Чукулуков Абдыкадыр-айылдык кещештин жооптуу катчысы,жумушчу тобунун катчысы;
- Дүйшөбаев Элхан- 1-Май айылынын айыл башчысы,жумушчу тобунун мүчөсү;
- Абдыкеримов Нурбек- Өзгөрүш айылынын айыл башчысы,жумушчу тобунун мүчөсү;
- Орозакунов Жолдошбек-Талды-Суу айылынын айыл башчысы,жумушчу тобунун мүчөсү;
- Солтобаев Бакы-Большевик айылынын айыл башчысы,жумушчу тобунун мүчөсү;
- Сулайманов Талант- милициянын Баш-Кайыңды аймактык бөлүмчөсүнүн башчысы,жумушчу тобунун мүчөсү;
- Акылбеков Алыбек-айыл өкмөтүнүн юристи,жумушчу тобунун мүчөсү;
- Эсенов Мирбек-айыл өкмөтүнүн адиси,жумушчу тобунун мүчөсү;
- Итибакунов Ырысбек-айыл өкмөтүнүн башкы адиси,жумушчу тобунун мүчөсү;
- Каналиев Жаныбек-айыл өкмөтүнүн адиси,жумушчу тобунун мүчөсү;
- Курманбек кызы Чолпон-айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы,жумушчу тобунун мүчөсү;
- Шаршенаалы уулу Айбек-коомдук уюмдардан,жумушчу тобунун мүчөсү;
6. Элдик Курултайдын делегатын шайлоо боюнча жыйындар жана чогулуштар өткөрүлө турган күн,убакыт жана жай жөнүндө жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнө маалымат жеткирүү жана айылдык жыйындарды,өкүлчүлүктүү жыйынды уюшкандыкта өткөрүү айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине жана жумушчу тобуна тапшырылсын.
7. Бул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап, ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жооптуу катчы А.Чукулуковго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Бокоев |