Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 25-июлу № 157
Кыргыз Республикасынын интернет мейкиндигинде порнографиялык мүнөздөгү элементтери бар контентти камтыган сайттарга кирүүгө тыюу салуу жөнүндө
1-берене. Жөнгө салуу предмети
1. Ушул Мыйзам коомдун моралдык жана адеп-ахлактык баалуулуктарын коргоо максатында интернет мейкиндигинде порнографиялык мүнөздөгү элементтерди камтыган контентти таратууга тыюу салууну, интернет мейкиндигинде порнографиялык мүнөздөгү элементтерди камтыган контентти таратууга жол берген адамдардын жоопкерчилигин белгилейт.
2. Кыргыз Республикасынын интернет мейкиндигинде таратылган маалымат коомдук, жарандык-укуктук мамилелердин объектиси катары таанылат.
3. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети болуп саналган жоболорду жана маселелерди башка мыйзамдарга киргизүүгө жол берилбейт. Эгерде башка мыйзамдарда бул Мыйзам менен жөнгө салууга байланышкан жоболор жана маселелер камтылса, анда алар бул Мыйзамга карама-каршы келбеген ченде колдонулат.
4. Ушул Мыйзам менен жөнгө салынуучу укуктук мамилелердин субъектилери төмөнкүлөр:
1) интернет-провайдерлер, хостинг-провайдерлер, сайт ээлери, Интернет тармагындагы сайт баракчаларынын ээлери;
2) Интернет тармагын колдонуучулар.
2-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу терминдер жана түшүнүктөр
1) Кыргыз Республикасынын интернет мейкиндигиндеги сайт - Кыргыз Республикасынын интернет мейкиндигинде жеткиликтүү болгон маалыматтардын жыйындысы болгон Интернет тармагындагы контент;
2) Кыргыз Республикасынын интернет мейкиндигиндеги сайттын баракчасы - Кыргыз Республикасынын интернет мейкиндигинде жеткиликтүү болгон Интернет тармагындагы сайттын бөлүгү;
3) Интернет тармагындагы сайттын ээси - сайт менчик укугунда таандык болгон жеке же юридикалык жак;
4) Интернет тармагындагы сайттын баракчасынын ээси - сайттын баракчасы пайдалануу укугунда таандык болгон жеке же юридикалык жак;
5) порнографиялык мүнөздөгү элементтерди камтыган контент - моралдык баалуулуктарга ылайык келбеген, адамдын ар-намысын жана кадыр-баркын мазактаган, сексуалдык тартылууну козгоого же сексуалдык муктаждыкты канааттандырууга өбөлгө түзүүчү жыныстык катнаштын табийгый, кеңири көрсөтүүлүүсүн же болбосо сексуалдык байланыш процессиндеги жылаңач гениталийдин көрсөтүлүүсүн камтыган сайттын маалыматтык мазмуну;
6) Интернет тармагынын пайдалануучусу (абонент) - Интернет кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануучу адам;
7) интернет-провайдер - электр байланыш операторлору жана мобилдик уюлдук байланыш операторлору;
8) Интернет тармагына ачык жеткиликтүү пункттар - Интернет тармагына чыгууга мүмкүнчүлүк берген коомдук жайлар, ошондой эле интернет-кафе;
9) хостинг-провайдер - Интернет тармагына кошулуу менен өзүнүн техникалык аянтчаларында жабдууларды, Интернет тармагындагы маалыматтарды жана сайттарды берүү жана жайгаштыруу боюнча кызмат көрсөтүүчү жак;
10) маалыматтык ресурстун ээси - көрсөтүлгөн маалымат ресурсуна ээлик кылуучу жана пайдалануучу, ресурсту тескөөгө ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруучу жак;
11) порнографиялык мүнөздөгү элементтерди камтуучу бөгөттөлгөн сайттардын реестри - порнографиялык мүнөздөгү элементтери бар контентти таратууга тыюу салууну камтуучу бөгөттөлгөн сайттардын маалымат базасы;
12) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - маданият жана маалымат чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы.
3-берене. Порнографиялык мүнөздөгү элементтерди камтыган контентти таратууга тыюу салуу
1. Кыргыз Республикасынын интернет мейкиндигинде порнографиялык мүнөздөгү элементтерди камтыган контентти таратууга жол берилбейт.
2. Порнографиялык мүнөздөгү элементтерди камтыган контентти таратуу учуру катары мындай контент Кыргыз Республикасынын интернет мейкиндигинде биринчи жолу жеткиликтүү болгон же болбосо бул контент жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга белгилүү болгон учур эсептелет.
3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган порнографиялык мүнөздөгү элементтерди камтыган контентти таратуу фактысы аныкталган учурдан тартып Интернет маалыматтык-телекоммуникациялык тармагында сайттын (же анын айрым баракчасынын) иштешин мындай факты аныкталган учурдан тартып эки айга чейинки мөөнөткө токтотуу жөнүндө чечим кабыл алат.
4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими Интернет-провайдер, хостинг-провайдерлер, сайттардын ээлери, Интернет тармагындагы сайт баракчаларынын ээлери тарабынан аткарылууга милдеттүү болуп саналат.
5. Сайттын контенти же сайт баракчасы порнографиялык мүнөздөгү элементтерди камтыйт деп эсептеген адам ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга мындай контентти андан ары жайылтпоо боюнча чараларды көрүү жөнүндө арыз менен кайрылууга укуктуу.
6. Ушул берененин жоболорун колдонуу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
4-берене. Маалыматтык ресурстардын ээлеринин укуктары жана милдеттери
1. Кыргыз Республикасынын интернет мейкиндигинде жайгашкан сайттын жана (же) сайт баракчасынын ээси төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Кыргыз Республикасынын интернет мейкиндигинде порнографиялык мүнөздөгү элементтерди камтыган контентти таратуу үчүн сайтты жана (же) сайт баракчасын колдонууга жол бербөөгө;
2) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тиешелүү талап койгон учурдан тартып 24 сааттан кечиктирбестен мыйзам бузууларды четтетүүгө.
2. Сайттын жана (же) сайт баракчасынын ээси жана пайдалануучу Кыргыз Республикасынын интернет мейкиндигинде төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Интернет тармагындагы сайттын жана (же) сайт баракчасынын ишин убактылуу токтотууга же бөгөт коюуга багытталган аракеттерге соттук тартипте каршы чыгууга;
2) порнографиялык элементтерди камтыбаган контентти эркин издөөгө, алууга, сактоого, керектөөгө жана аны кандай жол менен болсо да таратууга;
3) Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында тыюу салынбаган жана порнографиялык мүнөздөгү элементтерди камтыбаган кандай контент болбосун Интернет тармагындагы өзүнүн сайтына жана (же) сайт баракчасына жайгаштырууга же жайгашуусуна жол берүүгө.
5-берене. Провайдерлердин, сайттардын жана ачык жеткиликтүү пункттардын ээлеринин милдеттери
Кыргыз Республикасынын интернет мейкиндигинде интернет-провайдер, хостинг-провайдер, сайттын жана (же) сайт баракчасынын ээси ушул Мыйзамда каралган тартипте порнографиялык мүнөздөгү элементтерди камтыган контентке кирүүгө бөгөт коёт.
6-берене. Ушул Мыйзамды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
Ушул Мыйзамдын талаптарын бузуу Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке алып келет.
7-берене. Корутунду жоболор
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
- Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында кирүү бөгөттөлүүгө тийиш болгон, порнографиялык мүнөздөгү элементтерди камтыган бөгөттөлгөн интернет-сайттардын реестрин түзсүн;
- алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 25-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |