Редакцияот 17.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 17-марты №20/1

“Ала-Бука Техкызмат” муниципалдык ишканасынын 2022-жылдын 12 айында

аткарган бардык иштеринин маалыматы жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”мыйзамынын 34-беренсинин 6-пунктуна ылайык “Ала-Бука Техкызмат” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Т.Турсуналиевдин 2022-жылдын 12 айында аткарган бардык иштери боюнча маалыматын жана айылдык кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 14-мартында өткөрүлгөн отурумун угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык кенешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XX-сессиясы токтом кылат:

 

1. Ала-Бука техкызмат муниципалдык ишканасынын 2022-жылдын 12 айында аткарган иштеринин маалыматы кабыл алынсын.

 

2. 2023-жылга карата киреше жана чыгаша булактары сметанын негизинде бекитилсин.

 

3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү, айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Умаров А.