АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 17-марты №20/4
Ала-Бука “СИТИ ПАРК” муниципалдык ишканасынын
2021-2022-жылдары аткарган бардык иштеринин маалыматы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”мыйзамынын 34-беренсинин 6-пунктуна ылайык Ала-Бука “СИТИ ПАРК” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Б.Бөрүбаевдин 2021-2022-жылдары аткарган бардык иштери боюнча маалыматын жана айылдык кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 14-мартында өткөрүлгөн отурумун угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык кенешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XX-сессиясы токтом кылат:
1. Ала-Бука “СИТИ ПАРК” муниципалдык ишканасынын 2021-2022-жылдары аткарган бардык иштеринин аткарылышы жактырылсын.
2. Мындан ары жергиликтүү бюджеттин чыгашаларын оптималдаштыруу жана бюджеттик каражаттарды пайдалануусунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Ала-Бука “СИТИ ПАРК” муниципалдык ишканасынын иши токтотулсун.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү, айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы |
Умаров А. |