АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 17-марты №20/7
Ала-Бука айылынын С.Ибраимов көчөсүндөгү ээсиз мүлктү (трибунаны)
Ала-Бука айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “ Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”мыйзамына ылайык Ала-Бука айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси К.Юлдашевдин билдирүүсүн жана айылдык кеңешинин агрардык маселелер, СПА суу канал маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 15-мартында өткөрүлгөн отурумун угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык кенешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XX-сессиясы токтом кылат:
1. Ала-Бука айылынын С.Ибраимов көчөсүндөгү ээсиз мүлктү (трибунаны) Ала-Бука айыл өкмөтүнүн балансына комиссиялардын түзгөн актысынын негизинде өткөрүп алууга макулдук берилсин.
2. Өткөрүлүп алынган ээсиз мүлктү (трибунаны) мамлекеттик каттоодон өткөрүү жогоруда аталган мыйзамдын 7-беренесине ылайык “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Ала-Бука филиалынын адистеринин катышуусу менен жүргүзүлсүн.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү, айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеңешинин агрардык маселелер, СПА суу канал маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы |
Умаров А. |