АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 17-марты №20/8
Ала-Бука айыл аймагындагы Чүйткол сай участогуна щебень иштеп чыгаруучу
цехтин курулмасына жер аянтын ижарага берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” , Жер Кодексине жана Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдарына ылайык Ала-Бука айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси К.Юлдашевдин билдирүүсүн жана айылдык кеңешинин агрардык маселелер, СПА суу канал маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 15-мартында өткөрүлгөн отурумун угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык кенешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XX-сессиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун «Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө» жарлыгынын негизинде жеке ишкерлерге Чүйткол сай участогунан щебень чыгаруучу цех курууга жалпы 0,80га жер тилкеси ижарага берилсин.
2. Щебень чыгаруучу цехтин курулмасын архитектуралык талаптардын жана нормалардын эрежелерине ылайыктап куруу жеке ишкерлерге милдеттендирилсин.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү, айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеңешинин агрардык маселелер, СПА суу канал маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы |
Умаров А. |