Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2025-жылдын 16-июну № 32
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Жалал-Абад, Чүй, Москва, Ак-Суу жана Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү чечимдери келип түштү:
1. "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-пунктунун жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергендигине байланыштуу жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери:
- Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 5-июнундагы № 4 Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык кеңеши боюнча;
- Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 9-июнундагы № 5 Чүй облусунун Чүй районунун Онбир-Жылга айылдык кеңеши боюнча;
- Москва аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 9-июнундагы № 6 Чүй облусунун Москва районунун Ак-Суу айылдык кеңеши боюнча;
- Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 9-июнундагы № 5 Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Хан-Теңири айылдык кеңеши боюнча;
- Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 9-июнундагы № 8 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Жаргылчак айылдык кеңеши боюнча.
2) "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, бош калган мандаттарды тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган шайланган депутаттан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери:
- Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 9-июнундагы № 6 Чүй облусунун Чүй районунун Онбир-Жылга айылдык кеңеши боюнча;
- Москва аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 9-июнундагы № 6 Чүй облусунун Москва районунун Ак-Суу айылдык кеңеши боюнча;
- Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 9-июнундагы № 6 Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Хан-Теңири айылдык кеңеши боюнча;
- Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 9-июнундагы № 8 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Жаргылчак айылдык кеңеши боюнча.
3) "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун жана 11-бөлүгүнүн негизинде, бош калган мандаттарды саясий партиянын тизмесинде шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 5-июнундагы № 4 Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык кеңеши боюнча чечими.
Аймактык шайлоо комиссияларынын кабыл алынган чечимдери "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин талаптарына ылайык келет.
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, "Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет".
Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдеринин "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Жалал-Абад, Чүй, Москва, Ак-Суу жана Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык.
- Жалал-Абад, Чүй, Москва, Ак-Суу жана Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарын тизмеде катталган талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 2-тиркемеге ылайык.
2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
3. Жалал-Абад, Чүй, Москва, Ак-Суу жана Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 2-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жана "Эркин-Тоо" гезитине жарыялансын.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 20-июнундагы № 45 (3701) саны менен жарыяланды
5. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С.Жупуевага жүктөлсүн.
Төрага |
| Т. Шайназаров |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 16-июнундагы № 32 токтомуна 1-тиркеме |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгы жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери
№ | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. |
Жалал-Абад облусу | |||
Жалал-Абад шаары | |||
1 | Жалал-Абад АШК, № 4, 05.06.2025-ж. (30.05.2025-ж., өз арызы) | Жалал-Абад шаардык | Пулатов Саиб Сабирович (10) "Жаңы Кыргызстан" депутаттык фракциясы |
Чүй облусу | |||
Чүй району | |||
2 | Чүй АШК, № 5, 09.06.2025-ж. (05.06.2025-ж., өз арызы) | Онбир-Жылга айылдык (№ 2 Прогресс шайлоо округу) | Таалайбеков Сталбек Таалайбекович |
Москва району | |||
3 | Москва АШК, № 6, 09.06.2025-ж. (02.06.2025-ж., өз арызы) | Ак-Суу айылдык (№ 6 шайлоо округу) | Сарбагишев Капар Бактыярович |
Ысык-Көл облусу | |||
Ак-Суу району | |||
4 | Ак-Суу АШК, № 5, 09.06.2025-ж. (05.06.2025-ж., өз арызы) | Хан-Теңири айылдык (№ 3 Нововознесеновка - Боз-Учук-Ичке-Жергез шайлоо округу) | Мирбек уулу Бекжигит |
Жети-Өгүз району | |||
5 | Жети-Өгүз АШК, № 8, 09.06.2025-ж. (04.06.2025-ж., өз арызы) | Жаргылчак айылдык (№ 1 Даркан шайлоо округу) | Жусупов Нурдин Мукашевич |
Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы |
| М.Кожокеева |
|
|
|
Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы |
| К.Берикбаева |
|
|
|
Аткаруучу: Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси |
| У.Темирбеков |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 16-июнундагы № 32 токтомуна 2-тиркеме |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылгандыгы жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери
№ | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы |
Жалал-Абад облусу | ||||
Жалал-Абад шаары | ||||
1 | Жалал-Абад АШК, № 4, 05.06.2025-ж. (04.06.2025-ж., өз арызы) | Жалал-Абад шаардык | Узакбай уулу Бек (22) "Жаңы Кыргызстан" саясий партиясы | "Бренд-Бизнес" ЖЧКнын жетекчиси |
Чүй облусу | ||||
Чүй району | ||||
2 | Чүй АШК, № 6, 09.06.2025-ж. (09.06.2025-ж. өз арызы) | Онбир-Жылга айылдык (№ 2 Прогресс шайлоо округу) | Качкынбеков Байызбек Качкынбекович | Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын жетектөөчү адиси |
Москва району | ||||
3 | Москва АШК, № 6, 09.06.2025-ж. (09.06.2025-ж. өз арызы) | Ак-Суу айылдык (№ 6 шайлоо округу) | Данияров Калмырза Даниярович | Убактылуу иштебейт |
Ысык-Көл облусу | ||||
Ак-Суу району | ||||
4 | Ак-Суу АШК, № 6, 09.06.2025-ж. (05.06.2025-ж., өз арызы) | Хан-Теңири айылдык (№ 3 Нововознесеновка - Боз-Учук-Ичке-Жергез шайлоо округу) | Мустапаев Эмилбек | Убактылуу иштебейт |
Жети-Өгүз району | ||||
5 | Жети-Өгүз АШК, № 8, 09.06.2025-ж. (04.06.2025-ж., өз арызы) | Жаргылчак айылдык (№ 1 Даркан шайлоо округу) | Абыкеева Бакыт Анарбековна | "Дархан транс Кен-Мир" ЖЧКнын жетекчиси |
Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы |
| М.Кожокеева |
|
|
|
Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы |
| К.Берикбаева |
|
|
|
Аткаруучу: Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси |
| У.Темирбеков |