Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2025-жылдын 3-июлу № 34
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Базар-Коргон, Ноокен, Кара-Кулжа, Чүй, Ысык-Ата, Жайыл, Кант, Ат-Башы, Бакай-Ата, Баткен шаардык жана Баткен аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү чечимдери келип түштү:
1) "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-пунктунун жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергендигине байланыштуу жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери:
- Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 13-июнундагы № 5 жана № 6 Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Базар-Коргон шаардык кеңеши боюнча;
- Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 27-июнундагы № 6 жана № 7 Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Э.Алиев жана Бургөндү-Достук айылдык кеңештери боюнча;
- Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 18-июнундагы № 8 Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Р.Абдыкадыров айылдык кеңеши боюнча;
- Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 25-июнундагы № 9 Чүй облусунун Чүй районунун Бурана айылдык кеңеши боюнча;
- Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 27-июнундагы № 6 жана № 7 Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ак-Кудук айылдык кеңеши боюнча;
- Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 27-июнундагы № 15 Чүй облусунун Жайыл районунун Талды-Булак айылдык кеңеши боюнча;
- Кант аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 12-июнундагы № 1 Чүй облусунун Кант шаардык кеңеши боюнча;
- Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 20-июнундагы № 4 Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ат-Башы айылдык кеңеши боюнча;
- Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 26-июнундагы № 5 Талас облусунун Бакай-Ата районунун Бакай-Ата айылдык кеңеши боюнча;
- Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 30-июнундагы № 6 Баткен облусунун Баткен шаардык кеңеши боюнча;
- Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 23-июнундагы № 9 Баткен облусунун Баткен районунун Суу-Башы айылдык кеңеши боюнча.
2) "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 11-пунктунун жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 9-пунктунун негизинде, Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Баш-Кайыңды айылдык кеңеши боюнча депутат каза болгондугуна байланыштуу жергиликтүү кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 20-июнундагы № 5 чечими.
3) Жеке арызынын негизинде депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерди чыгаруу жөнүндө чечимдери
- Кант аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 12-июнундагы № 1 Чүй облусунун Кант шаардык кеңеши боюнча;
- Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 20-июнундагы № 5 Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Баш-Кайыңды айылдык кеңеши боюнча.
4) "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, бош калган мандаттарды тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган шайланган депутаттан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери:
- Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 27-июнундагы № 6 жана № 7 Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Э.Алиев жана Бүргөндү-Достук айылдык кеңештери боюнча;
- Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 18-июнундагы № 9 Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Р.Абдыкадыров айылдык кеңеши боюнча;
- Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 25-июнундагы № 10 Чүй облусунун Чүй районунун Бурана айылдык кеңеши боюнча;
- Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 27-июнундагы № 6 жана № 7 Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ак-Кудук айылдык кеңеши боюнча;
- Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 27-июнундагы № 16 Чүй облусунун Жайыл районунун Талды-Булак айылдык кеңеши боюнча;
- Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 20-июнундагы № 4 жана № 5 Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ат-Башы, Баш-Кайыңды айылдык кеңештери боюнча;
- Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 26-июнундагы № 5 Талас облусунун Бакай-Ата районунун Бакай-Ата айылдык кеңеши боюнча;
- Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 23-июнундагы № 9 Баткен облусунун Баткен районунун Суу-Башы айылдык кеңеши боюнча.
5) "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун жана 1-1-бөлүгүнүн негизинде, бош калган мандаттарды саясий партиянын тизмесинде шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери:
- Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 13-июнундагы № 5 жана № 6 Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Базар-Коргон шаардык кенеши боюнча;
- Кант аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 12-июнундагы № 1 Чүй облусунун Кант шаардык кенеши боюнча;
- Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 30-июнундагы № 6 Баткен облусунун Баткен шаардык кенеши боюнча.
Аймактык шайлоо комиссияларынын кабыл алынган чечимдери "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин талаптарына ылайык келет.
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, "Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет".
Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдеринин "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Базар-Коргон, Ноокен, Кара-Кулжа, Чүй, Ысык-Ата, Жайыл, Кант, Ат-Башы, Бакай-Ата, Баткен шаардык жана Баткен аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык;
- Кант жана Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерди чыгаруу боюнча чечими 2-тиркемеге ылайык;
- Базар-Коргон, Ноокен, Кара-Кулжа, Чүй, Ысык-Ата, Жайыл, Кант, Ат-Башы, Бакай-Ата, Баткен шаардык жана Баткен аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарын тизмеде катталган талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык.
2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
3. Базар-Коргон, Ноокен, Кара-Кулжа, Чүй, Ысык-Ата, Жайыл, Кант, Ат-Башы, Бакай-Ата, Баткен шаардык жана Баткен аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 3-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
4. Бул токтом "Эркин-Тоо" гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 8-июлундагы № 50 (3706) саны менен жарыяланды
5. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С.Жупуевага жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
| Т. Шайназаров |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 3-июлундагы № 34 токтомуна 1-тиркеме |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгы жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери
№ | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. |
Жалал-Абад облусу | |||
Базар-Коргон району | |||
1 | Базар-Коргон АШК, № 5, 13.06.2025-ж. (11.06.2025-ж., өз арызы) | Базар-Коргон шаардык | Хусанбаев Хайбатулла Рахматиллаевич (2) "Ынтымак" депутаттык фракциясы |
2 | Базар-Коргон АШК, № 6, 13.06.2025-ж. (10.06.2025-ж., өз арызы) | Базар-Коргон шаардык | Жамалов Салохиддин Хуснидинович (4) "Адилет" депутаттык фракциясы |
Ноокен району | |||
3 | Ноокен АШК, № 6, 27.06.2025-ж. (23.06.2025-ж., өз арызы) | Э.Алиев айылдык (№ 6 Кыргызстан шайлоо округу) | Масиров Шайырбек Маматкулович |
4 | Ноокен АШК, № 7, 27.06.2025-ж. (24.06.2025-ж., өз арызы) | Бүргөндү-Достук айылдык (№ 2 Жаңы-Арык-Акбата шайлоо округу) | Кубатов Болотбек Усупбекович |
Ош облусу | |||
Кара-Кулжа району | |||
5 | Кара-Кулжа АШК, № 8, 18.06.2025-ж. (13.06.2025-ж., өз арызы) | Р.Абдыкадыров айылдык (№ 1 Кылоожун шайлоо округу) | Абдыманап уулу Анвар |
Чүй облусу | |||
Чүй району | |||
6 | Чүй АШК, № 9, 25.06.2025-ж. (25.06.2025-ж., өз арызы) | Бурана айылдык (№ 1 Дөң-Арык шайлоо округу) | Макеев Мурат Калыбекович |
Ысык-Ата району | |||
7 | Ысык-Ата АШК, № 6, 27.06.2025-ж. (16.06.2025-ж., өз арызы) | Ак-Кудук айылдык (№ 4 шайлоо округу) | Чинва Бера Хасаваевич |
8 | Ысык-Ата АШК, № 7, 27.06.2025-ж. (16.06.2025-ж., өз арызы) | Ак-Кудук айылдык (№ 2 шайлоо округу) | Сулайманова Бактыгуль Джолдогуловна |
Жайыл району | |||
9 | Жайыл АШК, № 15, 27.06.2025-ж. (23.06.2025-ж., өз арызы) | Талды-Булак айылдык (№ 5 Бекитай шайлоо округу) | Мыктарбеков Кайрат Мыктарбекович |
Кант шаары | |||
10 | Кант АШК, № 1, 12.06.2025-ж. (09.06.2025-ж., өз арызы) | Кант шаардык | Сейталиев Алмаз Ишеналиевич (5) "Калк Ынтымагы" депутаттык фракциясы |
Нарын облусу | |||
Ат-Башы району | |||
11 | Ат-Башы АШК, № 4, 20.06.2025-ж. (04.06.2025-ж., өз арызы) | Ат-Башы айылдык (№ 4 Таш-Рабат шайлоо округу) | Толубаев Эрмек Толубаевич |
12 | Ат-Башы АШК, № 5, 20.06.2025-ж. (Каза болгондугу тууралуу № KGZ07 0308378 күбөлүгү Ат-Башы райондук ЖААК бөлүмү тарабынан 2025-жылдын 15-апрелинде берилген) | Баш-Кайыңды айылдык (№ 5 Таалды-Суу шайлоо округу) | Мурсаматова Махабат Жолдошбековна |
Талас облусу | |||
Бакай-Ата району | |||
13 | Бакай-Ата АШК, № 5, 26.06.2025-ж. (24.06.2025-ж., өз арызы) | Бакай-Ата айылдык (№ 3 Борбордук шайлоо округу) | Исабеков Мирлан Тынымбекович |
Баткен облусу | |||
Баткен шаары | |||
14 | Баткен шаардык АШК, № 6, 30.06.2025-ж. (20.06.2025-ж., өз арызы) | Баткен шаардык | Козубаев Бактияр Талипович (4) "Эмгек" депутаттык фракциясы |
Баткен району | |||
15 | Баткен АШК, № 9, 23.06.2025-ж. (11.06.2025-ж., өз арызы) | Суу-Башы айылдык (№ 2 Апкан шайлоо округу) | Масалиев Кубатбек Махматович |
Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы |
| М.Кожокеева |
|
|
|
Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы |
| К.Берикбаева |
|
|
|
Аткаруучу: Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси |
| У.Темирбеков |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 3-июлундагы № 34 токтомуна 2-тиркеме |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссиясынын чечими
№ | Тизмеден чыгаруу боюнча АШКнын чечиминин №, датасы жана чечимге негиз | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин Ф.А.А. |
Чүй облусу | |||
Кант шаары | |||
1 | Кант АШК, № 1, 12.06.2025-ж. (09.06.2025-ж., өз арызы) | Кант шаардык | Саламов Бахтиёр Хашимжанович (10) "Калк Ынтымагы" саясий партиясы |
2 | Кант АШК, № 1, 12.06.2025-ж. (09.06.2025-ж., өз арызы) | Кант шаардык | Шайлозов Акылбек Турдубекович (11) "Калк Ынтымагы" саясий партиясы |
3 | Кант АШК, № 1, 12.06.2025-ж. (09.06.2025-ж., өз арызы) | Кант шаардык | Аскаров Элдар Рижалович (13) "Калк Ынтымагы" саясий партиясы |
Нарын облусу | |||
Ат-Башы району | |||
4 | Ат-Башы АШК, № 5, 20.06.2025-ж. (20.06.2025-ж., өз арызы) | Баш-Кайыңды айылдык (№ 5 Таалды-Суу шайлоо округу) | Турдиева Кульбайра Осмоновна |
Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы |
| М.Кожокеева |
|
|
|
Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы |
| К.Берикбаева |
|
|
|
Аткаруучу: Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси |
| У.Темирбеков |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 3-июлундагы № 34 токтомуна 3-тиркеме |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылгандыгы жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери
№ | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы |
Жалал-Абад облусу | ||||
Базар-Коргон району | ||||
1 | Базар-Коргон АШК, № 5, 13.06.2025-ж. (13.06.2025-ж., өз арызы) | Базар-Коргон шаардык | Сайдуллаев Зухриддин Мухидинович (4) "Ынтымак" саясий партиясы | Жеке ишкер |
2 | Базар-Коргон АШК, № 6, 13.06.2025-ж. (13.06.2025-ж., өз арызы) | Базар-Коргон шаардык | Ахмадалиев Абдылкадыр Усмоналиевич (5) "Адилет" саясий партиясы | Жеке ишкер |
Ноокен району | ||||
3 | Ноокен АШК, № 6, 27.06.2025-ж. (25.06.2025-ж., өз арызы) | Э.Алиев айылдык (№ 6 Кыргызстан шайлоо округу) | Мурашев Дилшатбек Мурпазылжанович | "Дыйкан Ордо" ЖЧКсында директору |
4 | Ноокен АШК, № 7, 27.06.2025-ж. (25.06.2025-ж., өз арызы) | Бүргөндү-Достук айылдык (№ 2 Жаңы-Арык-Акбата шайлоо округу) | Сабыржан уулу Өмүрбек | Ноокен райондук электр тармактар ишканасынын Бүргөндү бөлүмүндө ага инспектору |
Ош облусу | ||||
Кара-Кулжа району | ||||
4 | Кара-Кулжа АШК, № 9, 18.06.2025-ж. (16.06.2025-ж., өз арызы) | Р.Абдыкадыров айылдык (№ 1 Кылоожун шайлоо округу) | Шербек уулу Нурсултан | Жеке ишкер |
Чүй облусу | ||||
Чүй району | ||||
5 | Чүй АШК, № 10, 25.06.2025-ж. (25.06.2025-ж., өз арызы) | Бурана айылдык (№ 1 Дөң-Арык шайлоо округу) | Ашымов Канатбек Бусурманкулович | Токмок МПТПТ Жылуулук тармагынын участогунун жетекчиси |
Ысык-Ата району | ||||
6 | Ысык-Ата АШК, № 6, 27.06.2025-ж. (16.06.2025-ж., өз арызы) | Ак-Кудук айылдык (№ 4 шайлоо округу) | Молода Нурсултан Ахматович | Убактылуу иштебейт |
7 | Ысык-Ата АШК, № 7, 27.06.2025-ж. (17.06.2025-ж., өз арызы) | Ак-Кудук айылдык (№ 2 шайлоо округу) | Сооронбаева Наргиза Кылычбековна | Чүй облустук жалпы даарыгердик практика борборунда медайым |
Жайыл району | ||||
8 | Жайыл АШК, № 16, 27.06.2025-ж. (27.06.2025-ж., өз арызы) | Талды-Булак айылдык (№ 5 Бекитай шайлоо округу) | Куренкеев Таалайбек Джусупбекович | Убактылуу иштебейт |
Кант шаары | ||||
9 | Кант АШК, № 1, 12.06.2025-ж. (09.06.2025-ж., өз арызы) | Кант шаардык | Джалазов Салим Харбиевич (14) "Калк Ынтымагы" саясий партиясы | Жеке ишкер |
Нарын облусу | ||||
Ат-Башы району | ||||
10 | Ат-Башы АШК, № 4, 20.06.2025-ж. (04.06.2025-ж., өз арызы) | Ат-Башы айылдык (№ 4 Таш-Рабат шайлоо округу) | Жаныгулова Назира Мамбеталиевна | Пенсионер |
11 | Ат-Башы АШК, № 5, 20.06.2025-ж. (16.06.2025-ж., өз арызы) | Баш-Кайыңды айылдык (№ 5 Таалды-Суу шайлоо округу) | Турдумамбетов Азамат Канатбекович | Ат-Башы райондук жалпы дарыгердик практикалык борборунда сатып алуулар адиси |
Талас облусу | ||||
Бакай-Ата району | ||||
12 | Бакай-Ата АШК, № 5, 26.06.2025-ж. (26.06.2025-ж., өз арызы) | Бакай-Ата айылдык (№ 3 Борбордук шайлоо округу) | Каработоев Азамат Шайлообекович | С.Сооронкулов атындагы Райондук китепкананын китепканачысы |
Баткен облусу | ||||
Баткен шаары | ||||
14 | Баткен шаардык АШК, № 6, 30.06.2025-ж. (30.06.2025-ж., өз арызы) | Баткен шаардык | Нишанов Улукбек Абдыманабович (10) "Эмгек" саясий партиясы | Жеке ишкер |
Баткен району | ||||
15 | Баткен АШК, № 9, 23.06.2025-ж. (19.06.2025-ж., өз арызы) | Суу-Башы айылдык (№ 2 Апкан шайлоо округу) | Тилеков Базарбай Ысмаилович | Убактылуу иштебейт |
Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы |
| М.Кожокеева |
|
|
|
Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы |
| К.Берикбаева |
|
|
|
Аткаруучу: Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси |
| У.Темирбеков |