Загрузка документа…
БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Кайынды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын I сессиясы
2024-жылдын 28-ноябры №1/4
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебиндеги каражаттан 2025-жылдын планына ылайык пайдалануу багытын аныктоо жөнүндө
1. Баш-Кайыңды айыл өкмөтү тарабынан даярдалып сунушталган төмөндөгү долбоорлор жактырылсын.
- 1-Май айылындагы Т. Тынымбаев атындагы орто мектепке балдар ойноочу кичи футбол аянтчасын куруу. Жалпы сметалык наркы 5 462 046 (беш миллион төрт жүз алтымыш эки миң кырк алты ) сом
- Баш-Кайыңды айылындагы А. Сабитакунов көчөсүнө түнкү жарыктандыруу чырактардын материалдардын сатып алуу . Жалпы сметалык наркы 900 000 (тогуз жүз миң) сом.
- Талды-Суу айылындагы борбордук ички көчөсүнө түнкү жарыктандыруу чырактардын материалдардын сатып алуу . Жалпы сметалык наркы 1 000 000 (бир миллион) сом.
- Ак-Сай жайлоосундагы Күйөө- Суу аймагына мал дарылоочу жана мал кармоочу Расколдун материалдарын сатып алуу. Жалпы сметалык наркы 375000 (үч жүз жетимиш беш мин) сом.
- Большевик айылынын ички көчөлөрүнө шагыл төгүү. Жалпы сметалык наркы 1200 000 (Бир миллион эки жүз миң) сом
- Өзгөрүш айылындагы “Үмүт- Өзгөрүш” балдар бакчасынын сыртын жылуулап ремонттоо сметалык наркы 2 104 342 (Эки миллион бир жүз төрт миң үч жүз кырк эки) сом.
- Өзгөрүш айылындагы дан эгин сактоочу кампанын ичин капиталдык ремонттон өткөрүү, жалпы сметалык наркы 874 828 (сегиз жүз жетимиш төрт миң жегиз жүз жыйырма сегиз) сом.
- Баш-Кайыңда айылындагы К. Сопакунов атындагы маданият имаратынын жылуулук системасын алмаштыруу, жалпы сметалык наркы 2 500 000 (эки миллион беш жүз миң ) сом
2. Тиешелүү акча каражатынын өздүк салым катары 2025-жылдын жергиликтүү бюджеттинен акча каражатын артыкчылыктуу негизде бөлүнүп берилсин.
Теңир-Тоо өнүктүрүү фондунун эсебинен:
- 1-Май айылындагы Т. Тынымбаев атындагы орто мектепке балдар ойноочу кичи футбол аянтчасын куруу үчүн- 115 000 (бир жүз он беш миң) сом
- Баш-Кайыңды айылындагы А. Сабитакунов көчөсүнө түнкү жарыктандыруу чырактардын материалдардын сатып алуу үчүн -40 000 (кырк миң) сом.
- Талды-Суу айылындагы борбордук ички көчөсүнө түнкү жарыктандыруу чырактардын материалдардын сатып алуу үчүн -60 000 (алтымыш миң) сом.
- Ак-Сай жайлоосундагы Күйөө-Суу аймагына мал дарылоочу жана мал кармоочу Расколдун материалдарын сатып алуу, жалпы сметалык наркы- 75 000 (жетимиш беш миң) сом.
- Большевик айылдын ички көчөлөрүнө шагыл төгүү үчүн- 247017 (эки жүз кырк жети миң он жети ) сом
Ат-Башы өнүктүрүү фондунун эсебинен:
- Баш-Кайыңды айылындагы К. Сопакунов атындагы маданият имаратынын жыуулук системасын алмаштыруу үчүн- 300 000 (үч жүз миң) сом.
Үлуштүк дем берүүчү гранттын эсебинен ишке ашырыла турган долбоорлорго:
- Өзгөрүш айылындагы “Үмүт-Өзгөрүш” балдар бакчасынын сыртын жылуулап ремонттоо үчүн -315670 (үч жүз он беш миң алты жүз жетимиш) сом.
- Өзгөрүш айылындагы дан эгин сактоочу кампанын ичин капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн -127860 (бир жүз жыйырма жети сом сегиз жүз алтымыш) сом.
3. Долбоорду тиешелүү талаптарга ылайык ишке ашыруу жагы Баш-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланбекке тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышынын жетекчиликке алуу жагы Баш-Кайыңды айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Дайыргазы уулу Нурланга тапшырылсын.
5. Ушул токтом катоодон өткөрүлүп веп сайтка жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик- укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы А. Чукулуковго тапшырылсын.
Төрага | А. Бокоев |