Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 10-июлу № 141
"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 2-ноябры, № 113-114) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 7-беренеде:
а) 1-бөлүктүн 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) мыйзамдарда каралган учурларда кызматчынын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө санариптик сабаттуулугунун болушуна карата.";
б) 3-бөлүктүн 1 жана 2-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) кенже кызмат орундары - атайын билим каралган кызмат орундарын кошпогондо, мамлекеттик жарандык кызматчылар үчүн жогорку билим, атайын билим каралган кызмат орундарын кошпогондо, муниципалдык кызматчылар үчүн жогорку же болбосо орто кесиптик билим;
2) улук, башкы жана жогорку кызмат орундары - атайын билим каралган кызмат орундарын кошпогондо, жогорку билим.";
2) 10-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кенже кызмат орундарына кадрлар резерви Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталуучу тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлөт. Улук жана башкы кызмат орундарына кадрлар резерви ар бир мамлекеттик орган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан өз алдынча түзүлөт.";
3) 11-берененин 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
4) 17-беренеде:
а) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын айрым административдик кызмат орундарына өзгөчө (конкурстан тышкары) тартипте кирүү эрежелери ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"4. Министрликтерде мамлекеттик жарандык кызматтын бош кызмат орундарын министрликтин борбордук аппаратынын белгиленген штаттык санынын он пайызынан ашпаган санда өзгөчө (конкурстан тышкары) тартипте ээлөөгө жол берилет.";
5) 24-берененин 8 жана 9-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. Тартиптик жаза колдонулганга чейин кызматчыдан жазуу жүзүндөгү түшүндүрмө талап кылынууга тийиш. Мындай түшүндүрмө берүүдөн баш тартылган учурда электрондук документ жүгүртүү тутуму аркылуу бир нече адам тарабынан түзүлгөн кызматтык кат (акт) таризделет. Түшүндүрмө берүүдөн баш тартуу жазаны колдонуу үчүн тоскоолдук боло албайт.
9. Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын тартиптик жаза колдонуу жөнүндө чечими ал чыккан күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде кызматчыга кол койдуруу менен жарыяланат же таанышуу үчүн ага электрондук документ жүгүртүү тутуму аркылуу жиберилет. Кызматчы аталган чечим менен таанышуудан баш тарткан учурда, электрондук документ жүгүртүү тутуму аркылуу бир нече адам тарабынан түзүлгөн тиешелүү кызматтык кат (акт) таризделет.";
6) 37-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 14 жана 15-пункттар менен толукталсын:
"14) кызматтык териштирүү жүргүзүү боюнча комиссия тарабынан кызматчынын ишин кароонун жыйынтыктары боюнча аныкталган кызматтык милдеттерин талаптагыдай эмес аткарганда;
15) саясий жетекчиликтин ишенимин жоготкондо.";
б) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Кызмат орунга өзгөчө тартипте дайындалган адамдар да алардын иши кабыл алынган чечимдерге жана саясий жетекчилик тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясатка шайкеш келбеген учурда кызмат ордунан бошотулушу мүмкүн.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 15-июлундагы № 52 (3708) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 18-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |