Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 28-марты № 5-1
С.Юсупова айыл аймагынын шайлоо участкаларындагы участкалык шайлоо комиссияларынын резервдик курамын бекитип берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги С.Юсупова айыл аймагындагы 9 участкалык шайлоо комиссияларынын резервдик курамын бекитип берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси С.Холматовдун маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнү жетекчиликке алып, С. Юсупова айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.С.Юсупова айыл аймагындагы 9 (тогуз) участкалык шайлоо комиссияларынын резервдик курамына сунушталган талапкерлер №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.С.Юсупова айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын резервдик курамына сунушталган талапкерлердин тийиштүү документтерин тактоо жана даярдоо айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси С.Холматовго жана айыл башчыларына тапшырылсын.
3.Айыл өкмөтүнө участкалык шайлоо комиссияларынын резервдик курамына сунушталган талапкерлердин тийиштүү документтери Араван АШКна жөнөтүлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин социалдык- маданий, укук тартип, депутаттык этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы С.Дүмүровго жүктөлсүн.
Төрага: | М.И. Мамитов |